Билал Хабаши


Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын муаззини (азанчысы).

Билал Хабаши хазреттери - биринчилерден болуп ыйман келтирген жана мушриктерге каршы мусулман экенин ачык айткан жети адамдын бири. Ал мусулман болгонго чейин Мекке мүшриктеринин атактууларынан Умаййанын кулу эле.

Ал убакта башка бардык жердегидей эле Арабстанда да коркунучтуу жахилдик (караңгылык) өкүм сүрчү. Ичкилик, кумар, зина, уурулук, алсыздарга зулумдук кылуу, зулумдук жана акылсыздык сыяктуу бардык жамандыктар кылынчу.

Күчтүүлөр алсыздарды кул катары колдонушчу. Бул кулдардын бири Билал Хабаши эле. Бирок, ал башкаларынан айырмаланып турчу. Ал абдан март жана чынчыл эле. Ушул себептен Умаййа аны кербенинин башына коюп, жүктөрүн ал аркылуу алыскы жерлерге жөнөтчү.

Билал Хабаши хазреттеринин дагы бир өзгөчөлүгү болсо абдан мукам үндүү болушу эле. Ошол себептен тойлордо, оюн-тамашаларда изделген адам эле. 

Эркин адамдай жашады 

Соода-сатык үчүн узак жолго барган кербен чарчап баса албай калганда анын үн салуусу менен жанданчу, анын мукам үнүн укканда төөлөр да толкундангандай жолго түшүшчү. Анын бул өзгөчөлүктөрүн билген кожоюну Умаййа ага башка кулдардан башкача мамиле кылчу. Ал кул эмес, куду эркин адамдай жашачу.

Билал Хабаши дагы бир күнү бир кербен менен Шамга барган эле. Бул кербенде Хазрети Абу Бакр да бар эле. Экөөнүн ортосундагы достук ушул жолчулукта калыптанган эле. Бул арада меккеликтердин жалгыз киреше булагы соода эле.

Исламдын күнү чыгып, ааламга жарык чачуусуна өтө аз убакыт калганда мына ушул жолчулук жасалган эле. Хазрети Абу Бакр бул жолчулукта көргөн түшүнөн улам сапардан кайтып келгенде ыйман нуруна ээ болгон эле.

Түндөрдүн биринде Билал Хабаши хазреттеринин эшиги кагылды. Ойгонгондо эшиктен шыбыраган үн укту:

- Билал! Билал!

"Түндүн бул маалында бул эмне үн болду экен?” деп ойлонуп турганда, баягы үн кайталанды:

- Билал! Билал!

Караңгыда коркуп үн чыккан тарапка бурулду. Үн чыккан жерден жакындап келип:

- Сен кимсиң? – деп сурады.

- Мен Абу Бакрмын.

- Түнкүсүн ушул маалда эмне каалайсың? Айта тургандарыңды эртең менен айтсаң болбойт беле? Бул эмне деген шашылыш?

- Таңды күтпөй, кожоюнуң уга электе айтышым керек болчу, ошон үчүн келдим.

- Мени кызыктырдың! Айта турганыңды дароо айт!

- Эй, Билал! Бул үммөттүн пайгамбары келди.

- Ал ким?

- Абул-Касым.

- Макул, пайгамбар экенин кайдан билдиң?

Ошондо Хазрети Абу Бакр мындай деп жооп берди:

- Шамга сапарымда көргөн түшүмдү айтып бергенден кийин, мен андан: "Эй, Абал Касым, сен Аллахтын Расулумун деп айтып, ыйманга чакырып жаткан экеңсиң, ушундайбы?” – деп сурадым. Ал: "Ооба, эй, Аба Бакр! Раббим адамдарга сүйүнчүлөөчү жана коркутуучу катары Хазрети Ибрахимди жибергендей эле, мени да бардык адамдарга пайгамбар кылып жиберди”, - деди. Мен болсо: "Сен ушул күнгө чейин калп айткан жоксуң. Мен сенин Аллахтын Расулу экениңе ишенем”, - деп алдында мусулман болдум. Сенин дагы мусулман болуп, түбөлүк бакытка жетүүңдү каалайм.

Хазрети Абу Бакрдын бул жообунан кийин аны жакындан тааныган, анын ыкластуулугунан эч күмөн санабаган Билал Хабаши хазреттери Келиме-и шахадатты айтып, мусулман болду.

Билал Хабаши мусулман болгондон кийин жашоосунда таптакыр башкача кадам башталды. Эми ал чындык менен жалгандын ортосунда боло турган айыгышкан күрөштүн чечкиндүү баатырына, жалгыз мужахидине айланган эле.

Заалым Умаййа Анын мусулман экенин түшүнгөндө ого бетер зулумдук кылды.

Алсыз кулун чалкасынан же көмкөрөсүнөн ыссык чөлгө жаткырчу. Анан жылаңач денесине чоң таштарды коюп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламды четке кагуусун буйрук кылчу. 

Таш жүрөк 

Бирок, ал хабаштык момун чекесиндеги мончок-мончок тер менен онтоп, минтип сүйлөчү:

- Аллах бир, Аллах бир. Мухаммед Анын элчиси. Эй, топурактар, эй, таштар, эй, таш жүрөктөр! Аллах бир жана Андан улуу жок.

Бул кыйноолордон ачуусун чыгара албаган Умаййа аны абдан чарчаткандан кийин мойнуна жип байлап, балдардын колуна берип, Меккенин көчөлөрүндө сүйрөтүп жүрчү. Мушриктер аны шылдыңдашчу.

Билал Хабаши карып жана эч кимиси жок болгондуктан башка мушриктер тарабынан да кыйноого алынчу. Абу Жахил аны катуу кыйнагандардын бири эле. Билал Хабаши анын катуу кыйноолорунан кийин да "Аллах бир, Аллах бир” деп дининдеги сабырдуулугун көрсөтчү.

Бир күнү Умаййа бин Халаф Билал Хабашини кыйноо үчүн сыртка алып чыккан эле. Үстүндөгү кийимдерин чечип, бир гана ич кийими менен куйкалаган ысыкта кайнап турган кумдардын үстүнө жаткырып, үстүнө таштарды үйүп койгон эле. Мүшриктер чогулуп, катуу кыйнап жатышкан эле жана: "Же диниңен кайтасың же сени өлтүрөбүз”, - деп жатышты.

Билал Хабаши бул чыдагыс кыйноолор астында дагы бир жолу "Аллах бир, Аллах бир” деген сөздөн башка эч нерсе айтпай жаткан эле. Ошол учурда сүйүктүү Пайгамбарыбыз ал жерден өтүп бара жаткан. Билал Хабашинин абалын көрүп капаланып мындай деди:

- Аллаху тааланын атын айтуу сени куткарат.

Үйүнө кайтып келгенден бираз убакыт өтүп Хазрети Абу Бакр жанына келди. Пайгамбарыбыз Билал Хабаши тарткан азаптарды Хазрети Абу Бакрга айтып: "Абдан капаландым”, -  деди.

Хазрети Абу Бакр дароо Билал Хабаши кыйноого алынган жерге барды. Мүшриктерге мындай деди:

- Билалга ушундай кылуудан эмне тапмак элеңер? Муну мага саткыла!

Мүшриктер мындай деп жооп беришти:

- Дүнүйөгө толо алтын берсең да сатпайбыз. Бирок, кулуң Амир менен алмашабыз. 

Билал үчүн силерге бердим 

Хазрети Абу Бакрдын кулу Амир анын соода иштерин жүргүзчү. Көп акча тапчу. Анын жанында жеке мүлкүнөн башка он миң алтыны бар эле. Абу Бакр Сыддыктын маанилүү жардамчысы болуп, анын бардык иштерин жүргүзчү. Бирок, ал капыр эле. Ыйман келтирбей жаткан эле. Ошондо Хазрети Абу Бакр мындай деди:

- Амирди бүт мал-мүлкү жана акчасы менен Билал үчүн силерге бердим.

Умаййа бин Халаф жана башка мүшриктер абдан кубанып: "Биз Абу Бакрды алдадык”, - дешти.

Хазрети Абу Бакр  ошол замат Билал Хабашинин үстүнө коюлган оор таштарды алып салып, ордунан тургузду. Катуу кыйноолордон улам абдан алсырап калган эле. Аны колунан кармап, түз сүйүктүү Пайгамбарыбыздын алдына алып келип:

- Йа, Расулаллах! Билалды бүгүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн азат кылдым.

Расулуллах алейхиссалам абдан кубанды. Абу Бакр Сыддыкка көп дуба кылды.

Эркиндигине жеткен Билал Хабаши хазреттери дароо Аллаху тааланын Расулуна кызмат кылууга шашылды. Өлүмүнө чейин кызматынан кеткен жок. Ага уруксат берилгени менен Хабашстанга кеткен жок. Бирок, сүйүктүү Пайгамбарыбыз менен бирге Мединага хижрат кылышты.

Хижраттан кийин Билал Хабаши хазреттери бир күнү Масжид-и Набиде абдан кубанып, шаңданып, ордунда тура албайбай ойноп жаткан эле. Хазрети Омар анын мындай абалын көргөндө сурады:

- Эй, Билал, сага эмне болду? Бул жердин мечит экенин унутуп калдыңбы?

- Мага эмне болуптур? Кааласаң барып, абалымды Расулуллахка да айтып берели. Эгер жаңылышым бар болсо тообо кылам, экинчи кылбайм. 

Мен ойнобоюн да...

Экөө бирге Расулуллахтын алдына барышты. Хазрети Омар абалды Пайгамбарыбыз алейхиссаламга айтып берди:

- Йа, Расулаллах! Билал мечиттин хушусун (тынчын) бузуп жатат. Ал жерде шаттанып, толкунданып ойноп жатат.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Билалдан сурады:

- Эй, Билал, мынча жайдарылыгыңдын себеби эмнеде?

- Йа, Расулаллах! Аллаху таала мага хидаятты (туура жолду) насип кылды. Мен бир кул элем. Меккенин атактууларынын көбү бул бакытка жете алышкан жок. Түбөлүк бакыттан куру калышты. Аларга хидаят насип болгон жок. Мен кубанмайын да, ким кубансын? Мен ойнобоюн да, ким ойносун?

- Билалга тийбегиле! Кубанып шаттансын. 

Азанды жактырбаган яхудилер 

Хазрети Билалдын окуган азанын уккан мусулмандардын сүйүүлөрү, эңсөөлөрү канчалык арткан сайын, Мединадагы яхудилер да ошончолук жактырбай жатышкан эле. Азанды укпоо үчүн өздөрүн мажбурлап жатышты. Бирок, ийгиликтүү боло албай жатышкан эле. Кааласа каалабаса да туруп угуп жатышкан эле. Уккан сайын жактырбай жатышкан эле. Буга жолтоо болуу жолдорун издей башташты.

Бир күнү бир яхуди Хазрети Билалдын кыйналып турганын көрүп мындай деди:

- Эй, Билал! Мен сага канча кааласаң, ошончо акча берем, сен кыйналбасаң болду.

Анын максаты башка болчу. Хазрети Билал да кыйналып тургандыктан андан көп карыз алды. Яхуди акчаны берип жатып мындай деп кошумчалады:

- Эгер бул акчаны төлөй албасаң, сени кул кылып алам.

Бираз убакыт өткөндөн кийин яхуди келип, акчасын сурады. Билал Хабаши хазреттери кечирим сурап мындай деди:

- Мага дагы бир ай мөөнөт бер. Эгер дагы төлөй албасам, мени кул кылып алып кетесиң.

Акыркы күнү келсе да карызын төлөй албаган Хазрети Билал мажбур болуп, Расулуллахтын алдына барып, абалды айтып берди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эч нерсе деген жок. Үмүтсүз абалда үйгө кайткан Хазрети Билал ал түнү уктай алган жок. 

Мындан ары азан айта албайм 

Өзүнө-өзү "Мындан ары азан айта албайм” деп ичинен терең ойлонуп жатты. Ушул ойлор менен эс-учун жоготуп жатканда, эшик тыкылдады. Келген киши мындай деди:

- Расулуллах сени чакырып жатат, тез кел!

Ал дароо баш-аягын жыйнап, даргейди көздөй жөнөдү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Эй, Билал, соодадан кайтып келген бир кербен бар. Кербенге бар, алардын арасында жүктөрү менен бирге мага белекке берилген үч төө бар. Аларды ал, сеники болсун! Карызыңды төлө!

Хазрети Билал айтылганды дароо аткарды. Көңүлү жай болуп жана кубанып, барып  багымдат намазын окуду. Намаздан кийин мечиттин четинде аны кул кылып алып кетүү үчүн күтүп турган яхудини көрдү. Намаздан чыкканда катуу үн менен сүйлөдү:

- Менде карызы барлар келсин, карызымды төлөйм!

Ошондо яхудинин бардык кыялдары кыйрады, шору катты. Акчасын алаары менен кетип калды.

Билал Хабаши хазреттери Пайгамбарыбыз алелейхиссалам каза болгондон кийин Андан ажыроо азабына чыдай албады. Расулуллахка болгон сүйүүсүнөн күйүп, тынымсыз көз жашын төгүп жатты.

Ал Мединада турганда бул азаптын күчөй турганын билген эле. Себеби, көргөн нерселеринин баары ага Расулуллахты эстеткендиктен, өзүн кармай албай ыйлап жаткан эле. Ушул себептен ал Шамга барууну чечти. Хазрети Абу Бакрдан уруксат алды. Мединадан чыгып, Шамга барып отурукташты. Ал жерде Хазрети Омардын халифалыгына чейин калды. Хазрети Омар аскери менен Шамга келгенде, аларга кошулуп, аскер менен Куддуска барды. 

Ажыроо жетпедиби? 

Бир түнү түшүндө Расулуллах алейхиссаламды көрдү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аны жемелеп:

- Ушунча ажыроо жетпедиби эй, Билал? Сен дагы эле менин кабырымды зыярат кылбайсыңбы?

Бечара жүрөгү токтоп кала жаздады. Ал толкунданып, тердеп ойгонду. Дароо даярдана баштады. Таңга маал арык, узун жана карып төөсү менен куттуу Мединаны көздөй сапар тартты. Жалгыз Кожоюнуна жакындаган сайын абаны жыттап, таштарды, топурактарды сылап, көз жашын төгүп жатты. Ээн чөлдөрдү жарып өтүп, Мединага жетти...

Ага жолуккандар салам берип жатышты. Анан жанындагыларга мындай деп жатышты:

- Мына Билал, Билал Хабаши хазреттери. Пайгамбардын азанчысы. Ал сыяктуу азан айткан адам бул дүнүйөгө келген эмес.

Бирок, Ал алардын бирин да уккан жана көргөн да жок. Аны куду абдан күчтүү магнит өзүнө тартып жаткандай болду. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мубарек кабырларын көздөй жөнөдү. Ыйык жерге жеткенде, Курани карим окуду, окуду, окуду... Акыры сүйүктүүсүнүн мазарына жыгылып, эсинен танды.

Катмардуу роза жыттарынан ойгонгон кезде, баш жагында сүйүктүүсүнүн сүйгөндөрүн көрбөйбү? Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын неберелери Хасан менен Хусейн хазреттери анын чачтарын сылап жатышты. Дүнүйөлөр куду аныкыдай болду. Бири-бирин кучакташышты.

- Ах, балдарым! Канчалык Чоң Атаңардай жыттанасыңар э! – деп муңданды.

Анан бираз өзүнө келди:

- Атаңар (Хазрети Али) кандай?

– Атабыз сени көргүсү келет, - дешти.

Андай кийин Хазрети Хасан сурады:

- Чоң Атабыз да сени абдан жакшы көрчү. Анын урматына бир нерсе сурансак аткарасыңбы?

Хазрети Билал абдан таң калды:

- Бул кандай сөз! Бул кулуңарга эмнени буюрсаңар баарын аткарам!

- Миң жолу астагфируллах! Бирок, бардык мединалыктар сыяктуу биз да сенден бир жолу болсо да азан уккубуз келет. Биздин өтүнүчүбүз жалгыз ушул эле.

- Эне-атам силер үчүн курман болсун! Чын жүрөктөн аткарам! 

Мединалыктар ордунан турду 

Эртеси күнү таңда Билал Хабаши акыркы азанын Масжид-и Набавиде айтты. Муңдуу жана сагынган үнү менен:

"Аллаху акбар! Аллаху акбар!” деген кезде мадиналыктардын баары ордунан турду.

"Ашхаду ан ла илаха иллаллах!” жана "Ашхаду анна Мухаммеден Расулуллах!” дегенде аял-эркек, жаш-кары, бала-чака, ал тургай ооруп жаткандар да көчөлөргө чуркап чыгышты. Куду Пайгамбарыбыз алейхиссалам тирүү деп ойлоп калышты.

Ошол күндөн бери дүнүйөдө бир да жолу андай азан айтылган жок. Билал Хабаши хазреттери да башка азан айткан жок. 641-жылы Шамда көз жумду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш