Абу Убайда бин Жаррах


Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн үммөттүн эмини (ишенимдүүсү).

Араптардын арасында сейрек сабаттуу кишилерден болгон Абу Убайда бин Жаррах жана достору Осман бин Мазъун, Убайда бин Харис, Абдуррахман бин Авф, Абу Салама Хазрети Абу Бакр аркылуу Расулуллахтын алдында мусулман болушту.

Хазрети Абу Убайда Хазрети Абу Бакр аркылуу ыйман келтиргендердин онунчусу. Ыйман келтиргенде 31 жашта эле. Ошол күндөн тартып өлгөнгө чейин мал-мүлкү, кызмат орду жана өмүрү менен Исламды жайылтуу үчүн аракет кылды. 

Эки жолу хижрат кылды

Меккеде капырлардын зордук-зомбулук жана кыйноолору күчөгөндөн кийин Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын уруксаты менен Хабашстанга (Эфиопияга) хижрат кылды. Кийин Мединага хижрат кылганда Пайгамбарыбыз аны Хазрети Саад бин Муазга бир тууган кылды.

Бадр казатында анын атасы да душмандын катарында эле. Бул казатка периштелер да катышып, адам кейпинде колдорунда кылычтары менен капырлар менен согушушкан эле. Бул согушта Абу Убайда чоң эрдик көрсөткөн эле.

Хазрети Убайда Ухуд согушунда да чоң эрдик көрсөттү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абу Убайда менен Саад бин Абу Ваккас хазреттерин алдыңкы сапта согушкандарга командачы кылып дайындады. Алар капырларды борбордо турган сүйүктүү Пайгамбарыбызга жакындатпоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап согушушчу.

Атүгүл Пайгамбарыбыз алейхиссалам да жаа, жебе, кылычы менен душманды артка сүрө тургандай кылып чабышып жаткан эле. Кутман сахабалар жандарын ябай Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын айланасында турушкан эле. Хазрети Хамза, Хазрети Али, Хазрети Абу Дужана, Хазрети Саад бин Абу Ваккас, Хазрети Мусъаб бин Умайр, Хазрети Убайда бин Жаррах, Хазрети Талха, Хазрети Зубайр сыяктуу кутман сахабалар Пайгамбарыбызды коргоого аракет кылып жатышкан эле.

Көптөгөн сахабалары согушуп шейит болушту. Душман артка чегинген эле. Жеңиш жакындап калды. Жеңиш кубанычы менен жайларын таштап кеткен кутман сахабалар турган жерден душмандын атчан аскерлери чабуулга өтүп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жакындап калышты.

Ибни Камия деген мүшрик Расулуллахтын куттуу башына кылыч менен чаап, туулганын темири анын куттуу жаагына кадалды. 

Тиштери менен жулуп алды

Кутман сахабалар кайрадан чогулуп, мүшриктерге кол салышты. Алар душманды Пайгамбарыбыздан алыстатышты. Хазрети Абу Убайданын эки алдыңкы тиши сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ыйык жаактарына кадалган темир алкаларды тиштери менен жулуп жатканда сынды.

Бул согуш кутман сахабалардын душманды кууп салуусу менен аяктады. 97 шейит берилди. Алардын ичинен шейиттердин сардары Хазрети Хамза, жээни Абдуллах бин Жахш менен бир кабырга коюлду. Бул согушта Мусъаб бин Умайр да шейит болгон эле.

Хазрети Абу Убайда Ухуд, Хендек, Хайбар казаттарында болуп көрбөгөндөй согушту. Меккенин алынышында да Пайгамбарыбыздын жанында болду.

Расулуллах алейхиссалам хижраттын онунчу жылынын Рабиул-аввал айынын 12-де, дүйшөмбү күнү түшкө жетпей дүнүйөдөн кайтты. Кутман сахабалар катуу кайгыга батышып, көз жаштарын төгүштү. Көпчүлүгүнүн тили тутулуп, бир топко чейин сүйлөй албай калышты. 

Башаламандык келип чыгышы мүмкүн

Хазрети Абу Убайда да көз жашын тыя алган жок. Кутман сахабалардын баары кан ыйлап, айыккыс азапка туш болушкан эле. Ичинде жаназа даярдыктары көрүлүп жатканда эшик тыкылдады. Келген адам мындай деди:

- Абу Бакр менен Омар бул жердеби?

Хазрети Абу Бакр жана Хазрети Омар жооп беришти:

- Ооба, биз бул жердебиз.

- Мединалыктар Бани Саида үйүндө чогулуп, ким халифа болот деп сүйлөшүп жатышат. Алар белгилүү бир адамды азырынча шайлай алышкан жок. Ар ким өзүнүн уруу башчысы шайланышын каалап жатат. Башаламандык келип чыгышы мүмкүн. Дароо барып, бул маселени чечиңиздер.

Мусулмандардын арасында чоң бөлүнүү пайда боло жаздаган эле. Мына ушундай учурда ал жерге Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар жана Хазрети Абу Убайда Хызыр сыяктуу жетип барышты. Ошол маалда ансар сахабалардын бири ордунан туруп, мындай деп жаткан эле:

- Биз Расулуллахка жардам бердик. Мухажирлер бизге баш калкалашты. Халифа бизден болушу керек.

Негизи Расулуллах алейхиссалам Хазрети Абу Бакрды оң жагына, Хазрети Омарды сол жагына алып, Абу Убайда тууралуу болсо: "Бул үммөттүн эмини”, - дечү.

Үчөө капысынан пайда болгондо ошол жерге куду Расулуллах ордунан туруп келгендей болду. Баары алардын эмне айтарын күтүп жатышты. Хазрети Абу Бакр узун сөз сүйлөдү. Андан кийин Хазрети Омар сөз сүйлөдү. Ошондо Хазрети Абу Убайда мындай деди:

- Эй, Ансарлар! Башында бул динге кызмат кылган силер элеңер. Абайлагыла, биринчи болуп ишти бузган да силер болуп калбагыла!

Андан кийин Хазрети Абу Бакр: "Силерге ушул эки затты талапкердикке көргөздүм. Бирөөсүн тандагыла”, - деп Хазрети Омар менен Хазрети Абу Убайданы көргөздү. Экөө тең тартынышты. "Хазрети Пайгамбар алдыга чыгарган бир адамдын алдына ким өтө алмак эле!” – дешти. Хазрети Омар мындай деди:

- Эй, Аба Бакр! Расулуллах сени баарыбыздын алдыбызга чыгарды, колуңду сун! Мен сени халифа кылып шайладым.

Биринчи баъат Хазрети Башир, андан кийин Хазрети Омар тарабынан болду. Андан соң Хазрети Абу Убайда жана башка кутман сахабалар Абу Бакрды халифа кылып шайлашты. 

Жүздөрү эң сулуу жүз

Эгерде Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар жана Хазрети Абу Убайда хазреттери жардамга жетип келбегенде, мусулмандар бөлүнмөк. Бул үч сахабанын кызматы кыяматка чейин унутулбайт.

Хазрети Омардын уулу Абдуллах мындай дейт:

- Курайш элинин арасында жүздөрү эң сулуу үч адам бар; алардын акылы эң салим (жакшы) акыл, жүрөктөрү эң тайбас жүрөк. Булар Хазрети Абу Бакр, Хазрети Осман жана Хазрети Абу Убайда.

Хазрети Абу Убайда бин Жаррах өмүрүн дайыма Исламга кызмат кылуу менен өткөргөн жана адамдардын түбөлүк бакытка жетиши үчүн эмгектенген. Куттуу кабыры Шамда.

Хазрети Абу Бакр халифа болгондон кийин Абу Убайданы кол башчы кылып дайындады. Аны Хомс, Шам, Иордания жана Палестинаны алуу жана ал жердеги адамдардын да Ислам динин кабылдоо сыймыгына ээ болуулары үчүн жиберди. Хазрети Абу Убайда Ярмукта Сирияны бошотуу үчүн византиялыктар чогулткан көп сандаган кресттүү аскерлерди тосуп алды. Халифа Абу Бакр Хазрети Халид бин Валидди Абу Убайдага жардамга жөнөттү.

Ислам колбашчылары бул согушка колбашчы кылып Халид бин Валидди дайындашты. Душман аскери 240 миңдин тегерегинде, Ислам аскери 40 миңдин тегерегинде эле. Халид бин Валид аскерди миңден турган полкторго бөлүп, алардын ар бирине бир полк командирин дайындады. Ортого Абу Убайданы, оң жана сол канаттарга башка командирлерди жайгаштырды. 

Жүз миң рум (византиялык) өлтүрүлдү

Византия аскерине чабуул башталды. Согуш кызуу жүрүп жаткан кезде Византия генералдарынан Йорги Хазрети Халид бин Велиддин "Аллахтын кылычы” деген лакап атын угуп, хидаятка келип мусулман болду.

Ал дагы мусулмандардын сабында византиялыктарка каршы согушту. Узакка созулган жана катаал согуштардын натыйжасында эбегейсиз зор рум аскери жеңилип, чачырап кетти. Жүз миң рум өлтүрүлдү. Ислам аскеринден болсо үч миң жигит шейит болду.

Бул согушта мусулман аялдар да согушкан. Бул жеңиш бүткүл Шам аймагынын каратылышына себеп болду. Жеңиш сүйүнчүсү халифага жеткирилди. Андан соң Хазрети Халид бин Валид менен Хазрети Абу Убайда "Фихл” деген жерде 80 миң румга каршы согушушту. Кечке чейин созулган согушта аларды да жеңишти.

Абу Бакр дүнүйөдөн кайтканда анын ордуна келген халифа Хазрети Омар Хазрети Абу Убайданы кол башчы катары дагы жеңиштерди улантуусун буюрду. Абу Убайда аскери менен Хомска карай жүрдү. Ал Хомсту да тынчтык жолу менен алды.

Хазрети Абу Убайда аскерин чогултуп, Антакияга жүрдү. Маарра, Лазикия, Антарий, Баньяс, Селимийе каратылып, жүрүш уланып жатты. Хазрети Халид бин Валидди Киннесринге жиберди. Өзү Алеппого кетти. Ал Алеппону каратып,  Антакияны курчоого алды. Антакия дагы каратылды.

Хазрети Абу Убайда халифага жагдайды билдирген кабар жөнөттү. Халифа каратылган жерлерге Ислам күчтөрүн жайгаштырууну буюрду. Бул буйрукту аткарган Хазрети Абу Убайда көптөгөн чеп жана шаарларды каратып, Фырат (Евфрат)  дарыясына чейин илгериледи.

Каратылган жерлерге милдеттүү кишилерди дайындап, Кудуска келди. Кудус курчоого алынды. Кудус калкы Абу Убайдага тынчтык келишимин каалагандыктарын, бирок, бул тынчтык келишиминде Хазрети Омардын да болушу керектигин, антпесе тынчтык келишимине барбай тургандыктарын кабарлашты. Жагдай Хазрети Омарга билдирилди. 

Хазрети Омар Кудуска келди 

Хазрети Омар ордуна Хазрети Алини өкүл кылып дайындап, Кудуска келди. Кудустуктар менен тынчтык келишими түзүлдү. Хазрети Омар келишимден кийин Мединага кайтып кетти.

Рум кайсери (өкүмдары) Ираклий жоготкон жерлерин кайтарып алуу үчүн аракетке өттү. Ал чоң кресттүү армиясын курады. Бул чечимден Хазрети Абу Убайда өз убагында кабардар болуп, абалды халифага кабарлап, анын кандай иш кыларын сурады.

Хазрети Омар Иран менен согушуп жаткан Хазрети Саадга буйрук жиберип, Абу Убайдага жардам берүүсүн билдирди. Хазрети Саад Каъка бин Амрды төрт миң мужахид менен жардамга жөнөттү. Башкы колбашчы Хазрети Абу Убайда Шамдын Жазира менен байланышын үзүп, кресттүү армиясына чабуул койду. Кыска убакыттын ичинде кресттүү армиясын талкалоо менен дагы бир чоң жеңишке жетишти.

639-жылы Шамда чума илдети эпидемияга айланып, көптөгөн мусулмандардын өлүмүнө себеп болгон эле. Бул ооруга Хазрети Абу Убайда да чалдыккан эле. Өлөөрүнө көзү жеткенде, бир керээзи бар экенин ошол жердегилерге билдирди. Керээзинде мындай деп айткан:

- Намазыңарды окугула! Орозоңорду кармагыла! Садакаңарды бергиле! Ажылыкты орундагыла! Бири-бириңерге жакшылык кылгыла! Аалымдарга жана улууларга баш ийгиле! Дүнүйөгө алданбагыла!

Адамдардын эң акылдуусу – Аллаху тааланын буйруктарын аткарган адам. Баарыңарга Аллаху тааланын саламын, ырайымын, лутуф жана берекесин тилейм. Кана эй, Муаз! Жамаатка имам болуп намаз окут! 

Ант берип айтам... 

Бул сөздөрдү айткан соң көздөрүн жумуп, өзүнүн ордуна Муаз бин Жабалды өкүл кылып дайындаган эле. Кайтыш болгондо 58 жашта эле.

Муаз бин Жабал хазреттери жамаатка хутба айтты. Бул жерде ал мындай деди:

- Ант берип айтам, Абу Убайдадай динине берилген, таза, мээримдүү адамдар өтө аз. Эч качан дүнүйөгө берилбеген, кол астындагыларды дайыма жакшылыкка, бири-бирин сүйүүгө буйруган бул куттуу Абу Убайда хазреттерине акыңарды халал кылгыла жана дуба кылгыла!

Хазрети Абу Убайда бин Жаррах пазилеттин үлгүсү болгон бир зат эле. Аллаху тааланын буйругунун сыртына чыкчу эмес. Анын Пайгамбарыбыз алейхиссаламга болгон сүйүүсү абдан жогору болчу. Расулуллах алейхиссаламдан алган бир буйругун аткаруу үчүн жанын курман кылууга даяр болчу. Зухд жана такыбаа ээси, абдан ырайымдуу болчу.

Ал жоокерлерине жана кол астындагыларга абдан боорукер эле. Хазрети Омар Шамга барганда аны тосуп алгандардан: "Боордошум Абу Убайда кайда?” – деп сураганда, "Келе жатат, мырзам” дешип, келе жаткан Хазрети Абу Убайданы көрсөтүштү.

Көзү тирүүсүндө Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн эки улуу сахаба саламдашышты. Хазрети Абу Убайда Хазрети Омарга:

- Кош келдиңиз, эй, Момундардын Эмири, - деп аны үйүнө алып барды.

Хазрети Омар Абу Убайданын үйүнүн ичин көргөндө:

- Сенин буюмдарың кайда? Бул жерде бир кийиз, бир камчы сыяктуу нерселерден башка эч нерсе жок го. Сен эмирсиң, бул жерде жегенге бир нерсең жокпу? 

Сени өзгөрткөн жок 

Хазрети Абу Убайда ага зенбил алып келип, андан бир канча тиштем тамак алып чыкканда, Хазрети Омар ыйлап баштады. Ошондо Абу Убайда мындай деди:

- Сен бизге: "Түшкө жуук эс алууга жете тургандай бир нерсе жетиштүү”, - деген элең. Ушунчалыгы болсо биз үчүн түшкү эс алууга жетиштүү.

Буга катуу таасирленген Хазрети Омар мындай деди:

- Эй, боордошум Абу Убайда! Дүнүйө баарын өзгөрттү, жалгыз сени гана өзгөртө алган жок.

Бир жолу Хазрети Омар Хазрети Абу Убайдага төрт миң дирхам жиберип, бул акчаны ага жеткире турган элчиге эскертип:

- Байкагын, көрөлүчү бул акчаны эмне кылат болду экен? – деди.

Хазрети Абу Убайда бул акчаны алган соң аны дароо жоокерлерине бөлүштүрүп берди. Элчи кайтып келип, окуяны айтып бергенде, Хазрети Омар мындай деди:

- Шүгүр, мусулмандардын арасында ушундай адамдар бар.

Пайгамбарыбызга 630-жылы Нажрандан бир христиан делегациясы келген эле. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин алар Расулуллах алейхиссаламдын пайгамбар экенин кабыл алышты. Жана мындай дешти:

- Йа, Расулаллах! Биз менен бирге сахабаларыңан ишенимдүү бирөөнү жибер, зекет жана салыктарыбызды ага берели!

Пайгамбарыбыз болсо ант берип, мындай деди:

- Өтө ишенимдүү бир адамды силер менен кошо жиберем. 

Тур, йа Убайда!

Кутман сахабалар ишенимдүү болуу сыймыгына кимдин ээ болорун кызыгып ойлонуп жатышты. Расулуллах алейхиссалам:

- Тур, Аба Убайда! Үммөтүмдүн ишенимдүүсү мына ушул!

Хазрети Абу Убайда бул сүйүнчүнү укканда кубанганынан ыйлап жиберди. Хазрети Абу Убайда өз милдетин абдан жакшы аткарып, кайтып келгенде казынаны алтынга толтурган эле. Ал кайтып келери менен кутман сахабалар аны тосуп чыгышты. Расулуллах алейхиссалам сахабаларынын мындай абалын көргөндө жылмайып аларга мындай деди:

- Менимче, силер Абу Убайданын мол дүнүйөлүк менен келгенин уктуңар. Аны кубанып тосуп алуудасыңар!

Алар дагы: "Ооба йа, Расулаллах!” – деп ырасташты.

Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Кубангыла жана силерди кубанта турган нематтарды мындан ары дайыма үмүт кылгыла! Аллахка касам, мындан ары кедей болуп каласыңар деп коркпойм. Бирок, мен силер үчүн корккон бир нерсе болсо, ал силерден мурун келип өткөн үммөттөрдүн алдына дүнүйөнүн нематтары жайылгандай, силердин жа алдыңарга жайылып, алар бири-бирине ичи тардык кылышкандай жана напсилерине берилип кетишкендей, силердин да бири-бириңерге душман болууңар жана алар куругандай силердин куруп жок болууңар.

Расулуллах алейхиссалам жээк жакка жортуул уюштуруп, Хазрети Абу Убайда бин Жаррахты эмир кылып дайындады. Бул жортуулга 300 сахаба катышкан эле. Хазрети Жабир айтат: "Биз бул жолго чыктык. Хазрети Абу Убайда мужахиддерге жанындагы азык-түлүктөрдүн баарын алып келүүнү буюрду. Алып келинген азык-түлүктөрдү чогултту. Чогултулган азык-түлүк эки тери баштыктагы хурма гана эле.

Абу Убайда бизге бул хурмадан күн сайын аз-аздан берип турду. Акыры хурма түгөнүп калганда анын жоктугунун азабын таттык. 

Бизге да бергиле!

Андан кийин деңиз жээгине келдик. Келип карасак деңиз жээгинде чоң балык бар экен. Деңиз аны жээкке ыргыткан эле. Абу Убайда бизге мындай деди:

- Бул деңиз жаныбарынын этинен жегиле! Биз да жедик. Мединага кайтып келип, Расулуллах алейхиссаламдын алдына келгенде болгон окуяны айтып бердик. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Урматтуу мужахиддер, жегиле! Аллаху таала аны ырыскыңар үчүн деңизден чыгарган экен. Эгер жаныңарда болсо бизге да бергиле!

Жана алып келинген эттен жешти.

Рум өкүмдары Гераклиустун чоң аскерлерин кыйраткан Ислам аскерлеринин башкы колбашчысы Абу Убайда бин Жаррах хазреттери жеңишке жеткен ар бир калаада адамдарына жар салдырып, халифа Хазрети Омардын буйруктарын румдарга билдирчү. Ал Хомс шаарын алганда:

Эй, румдар! Аллаху тааланын жардамы жана халифабыз Омардын буйругу менен бул шаарды да алдык. Баарыңар соодаңарда, иштериңерде жана ибадаттарыңарда эркинсиңер! Биз силерди коргойбуз!

Мал-мүлкүңөргө, жаныңарга, намысыңарга эч ким тийбейт! Силерге да Исламдын адилеттүүлүгү бирдей колдонулат, бардык укуктарыңар сакталат!

Сырткы душманга каршы мусулмандарды кандай коргосок, силерди да ошондой коргойбуз! Бул кызмат үчүн биз мусулмандардан мал зекетин жана үшүр алганыбыздай, жылына бир жолу жизя берүүңөрдү сурайбыз. Силерге кызмат кылууну жана силерден жизя алууну Аллаху таала буюрууда.

Хомс румдары сүйүнүп жизяларын чын жүрөктөн алып келип, Байтулмалдын башчысы Хабиб бин Муслимге тапшырышты. Бул арада Гераклиустун мамлекетинин бардык жеринен аскер чогултуп, Антакияга кол салууга даярданып жатканы кабарланганда Хомс калаасындагы аскерлердин да Йармуктагы күчтөргө кошулушуна чечим чыгарылды. 

Жизяларды кайтарып алгыла!

Ошондо Абу Убайда хазреттери калаадагыбашчылардын мындай деп жар салууларын буйруду:

Эй, христиандар! Мен силерге кызмат кылууга, силерди коргоого убада берген элем. Ал үчүн силерден жизя алган элем. Эми болсо халифанын буйругу менен Гераклиус менен казат кыла турган боордошторума жардам бергени бара жатам. Силерге берген убадамды аткара албайм. Ошол себептен баарыңар Байтулмага келип, жизяңарды кайтарып алгыла! Аты-жөнүңөр жана бергендериңер биздин дептерде жазылган.

Сириянын көпчүлүк шаарларында ушундай болду. Христиандар мусулмандардын мындай адилеттүүлүгүн жана мээримдүүлүгүн көргөндө көп жылдар бою рум императорлорунан көргөн зулумдуктардан жана кыйноолордон кутулгандыктары үчүн майрамдашты.

Алар кубангандыктарынан ыйлап жиберишти. Алардын көбү өз каалоосу менен мусулман болушту. Алар өз каалоолору менен рум аскерлерине каршы Ислам аскерлерине тыңчылык кылышты.

Хазрети Омар Абу Убайда хазреттерин абдан жакшы көрчү. Ал тургай, бир күнү Хазрети Омар досторунан:

- Аллаху тааланын динине кызмат кылуу үчүн эмне кааламак элеңер? – деп сурады.

Бири кызмат үчүн алтынга толгон үйдү, экинчиси болсо асыл таштарды каалады. Омардан алар дагы сурашты:

- Сен эмне кааламасың?

Хазрети Омар мындай деди:

- Мен Абу Убайда бин Жаррах сыяктуу ишенимдүү досторумдун болуусун кааламакмын. Алар менен диндин жайылышына кызмат кылмакмын.

Шамдын алынуусунда мусулмандардын тарыхтын ардак тактасынан өтүшүнө себеп болгон окуя орун алган эле. Исламды өзүлөрүнө түбөлүктүү душман катары көргөн батыш үчүн ибреттүү далилдердин бири болгон бул окуя төмөндөкүчө орун алган эле:

Шамды каратуу учурунда Халид бин Валид хазреттери шаардын бир тарабынан кирди. Ага каршылык көрсөтүлгөндүктөн кылыч колдонуп шаарда алдыга жылып жаткан эле. Анын максаты ошол кездеги шаардын эң чоң чиркөөсү болгон азыркы Жами-и Эмеви эле. 

Чиркөөгө бир убакта киришти

Шаардын башка тарабынан Абу Убайда бин Жаррах хазреттеринин кол башчылыгындагы аскерлер алдыга жылып баратышты. Бирок, бул жердеги калк ага каршы чыкпай жаткан эле. Бул үчүн алар кылыч колдонбостон жеңилдик менен алдыга жылып бара жатышты. Албетте, анын дагы биринчи максаты шаардын эң чоң чиркөөсү эле.

Мусулмандар Ислам шаары болуунун символу катары кылычтын жардамы менен алган шаардын эң чоң чиркөөсүн мечитке айлантып, башка чиркөөлөргө тийишчү эмес. Стамбулдун алынуусунда болгон сыяктуу.

Бул эки улуу кол башчы бул чиркөөгө бир убакта эки башка эшиктен киришти. Жана чиркөөнүн ортосунда жолугушту.

Бул улуу жеңиштен улам алар бири-бирин кучактап куттукташты. Халид бин Валид хазреттери чиркөөнүн мечитке айланышын каалады. Хазрети Абу Убайда бул сунушка каршы чыкты:

- Эй, Халид! Тынчтык келишими менен алынган шаардын чиркөөлөрүнө тийүүгө болбой турганын билбейсиңби!

- Бирок, мен бул жакка кылыч колдонуп келдим.

- А мен кылыч колдонгон жокмун, тынчтык жолу менен ушул жерге келдим.

- Макул, анда эмне кылабыз эй, Аба Убайда?

- Чиркөөнүн жарымы чиркөө бойдон калат, жарымы болсо мечитке айлантылат! Анткени, чиркөөнүн жарымы кылычтын жардамы менен, калган жарымы тынчтык жолу менен алынды.

Ошол атактуу византиялык генералдарды алдында улуулугунан титиреткен Халид бин Валид бул чечимге кымындай да реакция кылган жок. Ал тургай, Абу Убайда бин Жаррах хазреттерине ыраазычылык билдирди. 

Жарымы мечитке айлантылды

Бул окуядан кийин чиркөөнүн жарымы мечитке айлантылды. Малик ибн Марвандын дооруна чейин бул ушинтип уланды. Марван чиркөөнү толук мечитке айлантты. Христиандар буга аргасыз макул болушту.

Абу Убайда бин Жаррах хазреттери тирүү кезинде Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири. "Үммөттүн ишенимдүүсү” деген лакап аты менен макталган улуу сахабанын чыныгы аты Амир бин Абдуллах бин Жаррах. Ал бардык казаттарга катышты. Абдан баатыр зат эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жанында бардык казаттарда болду. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мына бул хадиси шарифинин сыймыгына ээ болду:

"Абу Бакр Бейиште. Омар Бейиште. Осман Бейиште. Али Бейиште. Талха Бейиште. Зубайр Бейиште. Абдуррахман ибн Авф Бейиште. Саад ибн Абу Ваккас Бейиште. Саид ибн Зайд Бейиште. Абу Убайда ибнил Жаррах Бейиште."


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш