Вахши


Жалганчы пайгамбар Мусайламаны өлтүргөн сахаба.

Вахши Хазрети Хамза Бадр согушунда өлтүргөн Туайманын бир тууганынын уулу болгон Жубайр бин Мутимдин кулу эле. Хабаштык болгондуктан, жебе, найзаларды кол менен ыргытканга чебер болгон. Ухуд согушунда Жубайр ага мындай деген эле:

- Эгер Хамзаны өлтүрсөң, сени бошотом!

Ошол убакта али мусулман болуу сыймыгына ээ болбогон Абу Суфяндын аялы Хинд да Вахшиге атасы менен агасынын өчү үчүн сыйлык убада кылган эле. 

Эмнеге каргабайсыз? 

Вахши Ухудда таштын артына буктурмага түшүп, бир гана Хазрети Хамзаны аңдып жүргөн эле. Хазрети Хамза сегиз капырды өлтүрүп, кол салып жаткан учурда Вахши найзасын ыргытып, аны шейит кылды. Андан кийин барып, абалды Хиндге билдирди. Хинд сүйүнүп, үстүндөгү бардык жасалгаларын Вахшиге берди. Ал дагы берерин айтты.

Ухуд согушунда Пайгамбарыбыз бир нече капырларга баддуба кылган (наалат айткан) эле. "Вахшини эмне үчүн каргабайсыз?” – дешкенде, мындай деген эле:

- Миражда Хамза менен Вахши колтукташып, чогуу Бейишке кирип жатышканын көрдүм эле!

Хижраттын сегизинчи жылы Мекке каратылган күнү Вахши Меккеден качып кетет. Бир нече убакытка чейин ал алыс жерлерде жүрдү. Андан кийин өкүнүп, Мединадагы мечитке келип, салам берди. Расулуллах алейхиссалам анын саламына жооп берди. Вахши мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Эгер бир адам Аллахка жана Расулуна душмандык кылган, эң жаман, эң жийиркеничтүү күнөө кылса, анан өкүнүп, таза ыйман келтирсе жана Расулуллахты өз жанынан да жакшы көргөн адам катары даргейине келсе, анын жазасы кандай болот?

Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Ыйман келтирген, өкүнгөн адам кечирилет. Биздин боордошубуз болот.

- Йа, Расулаллах! Мен ыйман келтирдим. Өкүндүм. Аллаху тааланы жана Анын Расулун бардык нерседен көп сүйөм. Мен Вахшимин.

Расулуллах алейхиссалам Вахшинин атын укканда, Хазрети Хамзанын шейит кылынган абалы көз алдына келди. Ыйлай баштады. 

Эмнеге кечирбейсиң?

 Өлтүрүлөөрүн түшүнгөн Вахши эшикти көздөй басты. Кутман сахабалар кылычтарын кармап, белгини күтүп жатышты. Вахши "акыркы демимди алып жатам” деп жатканда Жабраил алейхиссалам келди. Аллаху таала мындай деди:

- Эй, менин сүйүктүү Пайгамбарым! Бүт өмүрүн буттарга сыйынуу менен, пенделеримди мага каршы душман кылууга аракет менен өткөргөн бир капыр бир калима-и таухид окуганда, мен аны кечирем. Сен агамды өлтүрдү деп Вахшини неге кечирбейсиң? Ал өкүндү. Эми сага ишенди. Мен кечирем. Сен да кечир!

Баары "Өлтүргүлө!” буйругун күтүп жатканда, Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Боордошуңарды чакыргыла!

Боордош сөзүн укканда сый-урмат менен чакырышты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Вахшиге "кечирилгенин” сүйүнчүлөп, мындай деди:

- Бирок, сени көргөн кезимде чыдай албай, аргасыз капалануудамын.

Хазрети Вахши Расулуллахты капалантпоо үчүн кайра алдына келген жок. Уялып, башын төмөн салып жашады. Ошол эле жебе менен найза менен өзүн пайгамбармын деп жаткан Мусайламаны өлтүрүп, чоң кызмат кылган. Хазрети Османдын доорунда кайтыш болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш