Абдуллах бин Масуд


Курани каримди ашкере окуган алгачкы сахаба.

Абдуллах бин Масуд хазреттери кутман сахабалардын атактууларынын бири болуп, эң биринчи ыйманга келгендерден.

Ал жаш кезинде кедей эле. Ошон үчүн чабандык кылчу эле. Бир күнү кой жайып жүрүп Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен Хазрети Абу Бакрга жолукту. Расулуллах алейхиссалам:

- Эй, жигит! Бизге ичүүгө сүтүң барбы? – деп сурады. Ал болсо:

Жок, мырзам, - дегенде, Пайгамбарыбыз алейхиссалам эч качан туубаган бир койдун желинин колу менен сылап, дуба кылды. Койдун желини дароо сүткө толду. Хазрети Абу Бакр чоң идиш алып келип, аны толтурду. Алар бул сүттөн ичишти. Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Тартыл, кичирей”, - деди. Койдун желини эски абалына кайтты. 

Кантип саадыңар? 

Абдуллах бин Масуд болуп өткөн нерселерге таң калып карап турду. Чыдап тура албай сурады:

- Бул кантип болду? Сүтү боло элек койдон мынча көп сүттү кантип саадыңыз? Суранам, окуган дубаңызды мага да үйрөтсөңүз.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын башын сылап:

- Аллаху таала сага ырайым кылсын! Сен Хакты үйрөнө ала турган баласың, - деди.

Бул мужизаны көргөн жана сүйлөшүлгөндөрдү уккан жигит:

- Сиз катардагы адам эмессиз. Сиздин Аллаху тааланын Пайгамбары экениңизге ишендим, - деп шахадат келимесин айтып мусулман болду. 

Эч ким жокпу? 

Абдуллах бин Масуд хазреттери Меккеде биринчи жолу ашкере Курани каримди окуган сахаба.

Бир күнү кутман сахабалар бир жерде сүйлөшүп отурушкан эле. Алардын бирөөсү:

- Расулуллахтан башка эч ким чыгып, мүшриктерге каршы Курани каримди ашкере окуй алган жок. Муну кыла турган башка эч ким жокпу? – деди. Хазрети Ибн Масуд хазреттери ордунан дароо секирип туруп:

- Мен окуйм, - деди.

- Биз алардын сага кандайдыр бир залакасы тийүүсүн каалабайбыз. Уруусунан мүшриктер корккон бир адам окусун.

- Мени жибергиле, барайын! Силер дуба кылгыла! Аллаху таала мени сактайт!

Эртеси күнү Макам-и Ибрахимге барды. Ал жерде мүшриктер чогулган эле. Ибни Масуд хазреттери Бисмиллах-и шарифти окуп: "Аррахману алламал Курана...” деп Рахман сүрөсүн окуй баштады.

Мүшриктер биригип ага кол салышты. Аны ур-токмокко ала башташты. Катуу жаракат алып, бетинде бир да тамтык калбады. Бирок, ал куду эч нерсе болбой жаткандай жайбаракат Курани каримди окууну уланта берди. Окуп бүткөндөн кийин кутман сахабалардын алдына келгенде мындай дешти:

- Биз корккон нерсе башыбызга келди. Кайра барып алардын алдында экинчи окуба!

- Жок, мен дагы барып окуйм. Мүшриктерди мындай аянычтуу абалында биринчи жолу көрүшүм. Алардын алсыздыгы мени абдан кубантууда. Мага жасалган кыйноолордон эч кандай ооруну сезген жокмун.

Ал эртеси күнү дагы барып, кайра окуду. Дагы ага кол салышты. Ал тургай кайнап турган чөлгө жаткырып  кыйнашты. Ал ага карабай окуусун уланта берди. Акыры мүшриктер айласыз калышты.

Меккелик мүшриктер калган мусулмандарга жасагандай Абдуллах ибни Масудду да кыйнап, жабыр көргөзүштү. Кыйноолор жан чыдагыс даражага жеткенде уруксат алып Хабашстанга эки жолу хижрат кылды. Расулуллах алейхиссалам хижрат кылгандан кийин Хабашстандан Мединага хижрат кылды. Бул жерде алгач Муаз бин Жабалдын үйүнө конок болду. Андан кийин Масжид-и Набинин жанына үй салдырып, ошол жерге көчүп барды.

Ибни Масуд хазреттери күтүлбөгөн баатырдыктарды көрсөткөн эле. Согуштарда Расулуллахтын жанынан эч чыкпастан жанын аябастан согушкан. Бадр согушунда күфүрү жана ыймансыздыгы белгилүү болгон Абу Жахилдин башын ал алган эле.

Согушта кутман сахабалардан болгон Афра айымдын балдары Муаз жана Муаввиз менен Абу Жахилди кыймылдабай тургандай кылыч менен жарадар кылып, жерге кулатышты. Аны өлдү деп ойлоп, кетип калышты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абу Жахилдин абалы тууралуу кызыгып:

- Кызык, Абу Жахил эмне кылды, эмне болду экен? Ким карап келет? - деп анын абалын териштирүүнү буюрду. Алар издешти. Бирок, таба алышкан жок. Келип абалды билдиришкенде, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: 

Аллаху таала кор кылды 

- Издөөнү уланткыла! Эгер аны тааный албасаңар, тизесиндеги жаранын изин карагыла. Бир күнү ал экөөбүз Абдуллах бин Жудандын ашына барган элек. Экөөбүз тең жаш элек. Мен андан бираз улуу болчумун. Аны ошол жерде түрткөндө ал жыгылып, бир тизеси жаракат алды. Ошол из анын тизесинен кеткен жок, - деп сахабаларына оңой тааный алуулары үчүн белги берди.

Ошондо Ибни Масуд хазреттери ордунан атып чыгып, аны издеп жөнөдү. Көпкө издөөдөн кийин өлүктөрдүн арасында сүрөттөлгөнгө ылайык жарадар болгон адамды көрдү. Ага жакындап, сурады:

- Сен Абу Жахилсиңби?

- Ооба, мен Абу Жахилмин.

- Эй, Расулуллахтын душманы! Акыры Аллаху таала сени кор жана уят кылбадыбы?

Алган жаракаттарынан кыйналып, оор азап ичинде жаткан Исламдын душманы Абу Жахил дагы эле өжөрлүк менен душмандыгын улантып жаткан эле. Кымындай да өкүнүүнүн белгиси жок эле. Түбөлүк тозокто калуу үчүн дүнүйөдөн кетип баратканда да малъун дагы эле оозунан душмандыгын кусуп жаткан эле:

- Эмнеге мени басынтып, кор кылмак эле эй, чабан! Негизи силер кор болосуңар! Сен мага жеңиш тууралуу айт! Ким жеңди, ким жеңилди?

- Жеңиш Аллах жана Расулу тарабында эй, малъун. Бул сенин акырың. Уу кускан башыңды ушул жийиркеничтүү денеңен ажыратам.

- Чынын айтсам, мени сендей кишинин өлтүрүүсү абдан оор сезилет.

- Мына, Аллахка жана Расулуна каршы чыгып, аларга душмандык кылгандын акыры ушундай кор болуу. Сенин жана сага окшогондордун акыры ушундай болот. Бул жерде кор болгонуңардай акыретте дагы кор болосуңар! Тозок оту менен түбөлүк күйөсүңөр. Тозокто азыркы абалыңарды көп издейсиңер. Бирок, таба албайсыңар.

Ибни Масуд хазреттери башын кесүү үчүн Абу Жахилдин туулгасын чечип жатканда:

- Суранам, жок дегенде мойнумду денеме жакын кес, башым айбаттуу көрүнсүн, - деп, күфүрүнүн, текебердигинин канчалык даражага жеткенин көрсөттү. 

Үммөттүн фирауну 

Ибни Масуд Абу Жахилдин башын кылычы менен кесип алды. Кылычын жана туулгасын алды. Башына жип байлап, Расулуллахтын алдына сүйрөп барды. Кубанып:

- Йа, Расулаллах! Бул Аллаху тааланын душманы Абу Жахилдин башы, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо:

- Ал Аллах, Андан башка кудай жок, - деди.

Андан соң Ибни Масуд хазреттери менен бирге Абу Жахилдин сөөгүнө барды. Ага кайрылып:

- Аллаху таалага мактоолор болсун, сени кор жана уят кылды. Эй, Аллахтын душманы! Сен бул үммөттүн фирауну элең! – деди.

Хазрети Абдуллах бин Масуд Ухудга, Хендекке, Биат-и Рыдванга, Меккенин каратылышына жана Табук сапарларына катышкан. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Ярмук согушуна катышкан. Ал Куфага казы болуп дайындалган. Ал жерде казынага күсөтчү кызматын да аркалады. Хазрети Омар Куфанын элине жазган катында мындай дейт:

- Эй, мусулмандар! Мен силерге эки досумду жөнөтүп жатам. Аммар вали, Абдуллах казы болот. Аларды угуп, айтканын кылгыла. Анткени, экөө тең Расулуллахтын сахабаларынан болуп, Бадр баатырларынан. Мен Ибни Масудду жанымда калтырбай, силерди тандадым. Ушуну менен катар ал байтулмал эсептерине да карайт. 

Күнөө жөнүндө арыздануу 

Хазрети Османдын акыркы күндөрү Мединага кайтып келди. Ал 60 жаштан ашкан кезде ооруп калды. Халифа Хазрети Осман зыяратка келип, мындай деди:

- Кандайдыр бир каалооң барбы?

- Аллаху тааланын ырайымын каалайм.

- Табып алып келелиби?

- Кереги жок! Мени ооруткандын өзү табып.

Ал бул оорудан кайтыш болду. Жаназа намазын Хазрети Осман окутту. Анын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Жаннат-ул-Баки көрүстөнүнө коюлган эле.

Абдуллах бин Масуд Расулуллахтын алдында, жыйналыштарында көп болчу. Ушундай даражада эле, Расулуллахтын Ахли бейтинен  деп эсептелчү. Расулуллахтын буюмдарын көтөрүп жүрчү. Аларга карата урматынан өтө жакшы кийинчү.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абдуллах бин Масудду Курани каримди окуткандардын башында деп эсептечү жана: "Курани каримди Ибни Масуд, Салим, Убай бин Кааб жана Муаз бин Жабалдан үйрөнгүлө!” – дечү. 70 сүрөнү Расулуллахтын куттуу оозунан угуп, жаттап алган эле. Асым, Хамза, Кисаи, Халеф, Аъмеш сыяктуу атактуу кыраат имамдардын санжырасы Ибни Масуд менен аяктайт.

Расули акрам Курани каримди андан укканды абдан жакшы көрчү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү ага мындай деди:

- Ниса сүрөөсүн оку, угалы.

- Курани карим сизге түшүрүлдү. Биз аны Сизден окуп, сизден үйрөндүк. Ошондо Расули акрам мындай деди:

- Ооба, ушундай. Бирок, мен Курани каримди башка бирөөдөн укканды жакшы көрөм.

Ибни Масуд окуй баштады. Мааниси: "Абалдары кандай болот? Ар бир үммөттөн бир күбө келтире турган кезибизде...” (Ниса, 41) аяти каримасына келгенде, Расулуллахтын көздөрүнөн жаштар тегеренди. 

Ибни Масуд сыяктуу 

Ибни Масуд хазреттери Курани каримди өтө сонун окучу. Хазрети Омар баяндайт:

Бир күнү Расулуллах алейхиссалам Хазрети Абу Бакр менен мусулмандардын жагдайлары тууралуу сүйлөшүп турган эле. Мен дагы ошол жерде элем. Андан кийин чогуу сыртка чыктык. Карасак, биз тааныбаган бирөө мечитте Курани карим окуп жаткан эле. Расулуллах алейхиссалам уга баштады. Бираз убактан кийин бизди карап мындай деди:

- Кимде-ким Курани каримди түшүрүлгөн учурдагы жаңылыгы менен окууну жакшы көрсө аны Ибни Масуд сыяктуу окусун!

Ибни Масуд хазреттери дене жагынан арык эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү сахабаларына мындай деди:

- Ибни Масудду дене жагынан арык экенине карабагыла. Ал таразада баарыңардан салмактуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш