Хузайфа бин Яман


Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын сырдашы.

Хузайфа бин Яман хазреттети мындай дейт:

"Хендек согушу эң катуу чегине жеткен кезде бир түн жарымында кутман сахабалардын бир тобу менен Расулуллахтын жанында элек. Биз ушундай түн ичинде элек, мындан да караңгы түндү көргөн эмеспиз. Бул катуу караңгылык менен кошо куду күн күркүрөгөндөй коркунучтуу бир шамал сого баштаган эле. 

Жебе, таш атпа 

Ал ортодо мүшриктердин кошууну чочулап, өз ара пикир келишпестикке кабылышкан эле. Бул абалды Пайгамбарыбыз алейхиссалам бизге кабарлады. Расулуллах алейхиссалам түндө бираз намаз окугандан кийин мага келди. Сууктан жана ачкалыктан эки тиземе чөгөлөп, бүрүшүп отурган элем. Мага колун тийгизип мындай деди:

- Барып көрүп келчи, бул коом эмне кылып жатат экен? Мага кайтып келмейинче аларга жебе, таш ыргытпа. Найза сайба жана кылыч  чаппа. Мага кайтып келгениңе чейин сууктан да, ысыктан да зыян тартпайсың, туткунга түшпөйсүң, кыйноого да алынбайсың.

Расулуллахтын бул сөздөрүнөн мага эч кандай жамандык келбесин түшүндүм. Кылычымды, жаамды алып, кетүүгө даярдандым. Расулуллах алейхиссалам мага дуба кылды:

- Аллахым, аны алдынан, артынан, оңунан, солунан, астынан, үстүнөн сактай көр!

Мүшриктер тарапка баса баштадым. Куду мончодо жүргөндөй элем. Аллахка ант болсун, менде коркуу да, суук да, титирөө да болгон жок. Акыры мүшриктердин ордосуна жеттим. Алардын башчысы Абу Суфян жана башкалар от жагып, жылынып жатышкан эле. Абу Суфян ал кезде мусулман боло элек болчу.

Дароо ошол жерден Абу Суфянды өлтүрүү оюма келди. Саадактан бир жебени алып, жаама койдум. Оттун жарыгынан пайдаланып, аны атып салгым келди. Атайын деп жатканда, Расулуллахтын "Мага кайтып келгениңге чейин эч нерсе кылбайсың”деп дайындаганы эсиме түшүп, аны өлтүрүүдөн баш тарттым.

Ошондон кийин мен өзүмдөн күчтүү кайрат таптым. Мен мүшриктердин жанына барып, оттун жанына отурдум. Мурда болуп көрбөгөндөй катуу шамал жана Аллаху тааланын көзгө көрүнбөгөн кошууну периштелер эмне кылса, ошону кылып жатышкан эле. Шамалда идиш-аяктар кулап, оттору, чырактары өчүп, чатырлары баштарына кулап жаткан эле. Бир убакта мүшриктердин аскер башчысы Абу Суфян ордунан туруп:

- Араңарда чалгынчылар, тыңчылар болушу мүмкүн, абайлагыла, ар ким жанындагы адамдын ким экенин байкасын! Ар ким жанында отурган адамдын колун кармасын! 

Токтой турган жерде эмессиңер

 Абу Суфян алардын арасына чоочун бирөө келгенин сезгендей болгон эле. Ошол замат колумду сунуп, оң жана сол жагымдагы эки адамдын колун кармап, адегенде аттарын сурадым. Ошентип, өзүмдү таанылып калуума бөгөт койдум. Акыры Абу Суфян:

- Эй, курайштыктар, силер токтой турган жерде эмессиңер. Жылкылар менен төөлөр өлө баштады. Ачарчылык бүт жерди каптады. Бизге шамалдын айынан эмне болуп жатканын көрүп турасыңар. Дароо көчүп кеткиле. Мына мен кетип жатам, – деп төөсүнө минди.

Мүшриктердин кошууну аянычтуу абалда чогулуп, Мекке тарапка жылышты. Шамалдан алардын үстүнө түшкөн таштардын, шагылдардын үнүн угуп жаткан элем.

Мүшриктердин кошууну кеткенден кийин мен Расулуллахтын алдына кайтып келдим. Жолдун жарымына жеткенимде алдыман жыйырмадай ак селдечен атчан жоокер периштелер пайда болду. Мага мындай дешти:

- Расулуллахка кабар бер. Аллаху таала душманды жок кылды!

Расулуллахтын алдына келсем килемдин үстүндө намаз окуп жаткан экен. Бирок, кайтып келерим менен кеткенге чейинки үшүгөн, калтыраган абалым кайра башталган эле.

Хузайфа бин Яман кутман сахабалар арасында Пайгамбарыбыздын сырдашы болгондугу менен белгилүү. Пайгамбарыбыз ага кутман сахабалар менен аралашып, өзүлөрүн жашырган, ушинтип фитна чыгарууну каалаган мүнафыктардын ким экенин бир-бирден билдирген эле. Мындан тышкары боло турган окуяларды да билдирген эле.

Кутман сахабалар арасында өтө сүйүктүү болуп, ага өзгөчө урмат-сый көрсөтүлчү. Анткени, ал Расулуллах берген сырларга толо эле. Расулуллах сыр сакталышы керек болгон бир топ нерсени Хазрети Хузайфага айткан эле. 

Зарыл болгон нерсени билдирдик

 Ал жана Абу Хурайра мындай дешкен:

- Ааламдардын Мырзасы дүнүйө жаратылгандан тартып жок боло турган күнгө чейин болгон жана боло турган нерселерди бизге билдирген эле. Булардан кабарлоо керек болгон нерселерди силерге кабарладык. Зарыл болбогон нерселерди сыр сактап, кабарлаган жокпуз.

Хазрети Хузайфа Пайгамбарыбыз алейхиссалам тирүү кезинде Хендектен кийинки бардык согуштарга катышты. Расулуллах кайтыш болгондон кийин Хазрети Абу Бакр аны аскер башчы кылып дайындады. Аны динден чыккандарга каршы согушуу үчүн Оманга жиберди. Ага кошулган Икрима менен бирге Оман калкын кайрадан Исламга киргизди. Ошондон кийин ал Оманга алгач зекеттерди жыйноого милдеттендирилип, андан кийин  вали болуп дайындалды. Андан кийин Мезопотамия тараптагы согуштарга катышты. Ирак менен Иранды каратуу жүрүшүнө катышты.

Нахаванд согушунда Нуман бин Мукаррин шейит болгондо Ислам туусун Хузайфа колуна алып, Хамадан, Рей жана Дайнураны караткан эле. Жазираны каратуу жүрүшүнө катышып, Нусайбинге вали болуп дайындалган эле.

Хазрети Омар жаңы вали дайындаган кезде ошол аймактын элине кат жазып: "Жаңы вали адилеттүүлүк менен башкарып турса, силер дагы анын буйругун аткаргыла”, - деп жазчу. Хазрети Хузайфага берген катында болсо мындай деп жазган эле:

"Эй, Нусайбин калкы! Мен жиберген бул валинин бардык буйруктарын аткаргыла. Анын бардык каалоолорун орундагыла.”

Нусайбин эли аны тосуп алууга чыгышты. Алар аны көргөндө жаныбарынын үстүндө бир кесим кургак эт менен нан жеп жаткан эле. Алар саламдашышты. Кийин халифанын жарлыгын көрсөттү. Алар дагы мындай дешти:

- Хазрети Омардын буйругун жан дилибиз менен аткарганга даярбыз! Сен да кош келдиң. Бирок, бизден эмне кааласаң, мына азыр айт. Мүмкүн бул биздин колубуздан келбеген нерселердир!

Жаңы вали күлүмсүрөп, мына бул жоопту берди:

- Мен силердин араңарда турган убакыт бою өзүмдүн жана жаныбарымдын гана азыгын калайм. Башка эч нерсе каалабайм. 

Дуба кылган кутулат

 Ал ошол шаарда бир топ убакыт болду. Өз милдетин мыкты аткарууга аракет кылып жатты. Айрыкча Жумага чейин мусулмандарга вааз жана насаат айтчу. Бир жолу мындай деди:

- Эй, момундар! Фитна эң алгач жүрөктөрдө өсөт. Ал тургай, ушул эритилбеген шарап да  фитначалык адамдын жүрөгүн айнытып буза албайт. Силер фитнага барбагыла. Аллахка ант берип айтам, фитна адамдарды сел таштандыны сүйрөгөндөй сүйрөйт!..

- Эй, Хузайфа! Фитнадан кантип кутулабыз?

- Дуба кылган кутулат.

- Качан дуба кылалы?

- Намаздан кийин. Анткени, пенделери жакшылап даарат алып, намазга турган кезде, Аллаху таала да намаз окугандарды карайт. Мына ошол учурларда дуба кылгыла! Бирок, силер жакшы адам болгуңар келсе, өткүнчү дүнүйө үчүн акыретти таштабагыла!

Хазрети Хузайфа көпкө чейин Мадайин шаарынын валиси болду. Ал жердин эли анын башкаруусуна абдан ыраазы болуп, аны абдан жакшы көрүшчү. Акыры бир күнү кечинде Хазрети Омардан кабарчы келди. Эми Хузайфанан Мединага кайтып келишин каалоодо эле...

Буйрук боюнча даярданып, адалдашып, коштошуп жолго чыкты. Анын кайтып келишин күтүп жаткандардын арасында халифа да бар эле. Аздыр-көптүр жакындап калганда халифа аны тиктеп карады. Мадайындын валисин кандай жөнөткөн болсо, ошондой кайтып келгенин көрдү! Ушунча жылдардан кийин ошол эле жаныбардын үстүндө, ошол эле жөнөкөй кийимде.

Жанаша келип учурашып, кучакташышты. Халифа сүйүнүп:

- Сен менин боордошумсуң. Мен да сенин боордошуңмун, - деп сезимдерин билдирди. 

Эмнеге жаназасын окуган жоксуң? 

Хазрети Омардын халифалыгында Хузайфанын бир жаназанын намазын окубаганын көрүп, андан сурады:

- Эмнеге жаназа намазын окуган жоксуң?

Расулуллахтын сырдашы Хазрети Хузайфа мындай деди:

- Расулуллах алейхиссалам мага ал адамдын мунафык экенин айткан эле. Ошон үчүн анын намазын окуган жокмун.

- Аллахтын Расулу мунафыктардын катарында Омарды да санады беле эй, Хузайфа?

- Жок, эй, Омар.

- Макул, менин кызматкерлеримдин арасында мунафык барбы?

- Бирөө гана бар. Бирок, анын атын айтууга милдеттендирилген эмесмин.

Хузайфа хазреттери Хазрети Омардын бардык сурануусуна карабастан атын айткан жок эле. Кийин ошол мунафык Хазрети Омар тарабынан четтетилген эле.

Кийин Хазрети Омар Хузайфа катышпаган жаназага барган эмес. Анткени, анын барбаганын өлгөн адамдын мунафык экенине белги катары эсептечү.

Бир күнү Хазрети Омар жанында турган кээ бир сахабалардан сурады:

- Расулуллах алейхиссаламдын фитна тууралуу айткандары кимдир бирөөнүн эсинде барбы?

Алардын арасында Хузайфа мындай деди:

- Эй, момундардын эмири! Бул тууралуу Пайгамбарыбыздын сөздөрү дал өзүндөй эсиме түштү. Мындай деген эле:

"Адам үй-бүлөсүнүн, мал-мүлкүнүн, балдарынын жана кошуналарынын айынан фитнага дуушар болот. Мындай күнөөлөргө орозо кармоо, намаз окуу, жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу каффарат болот.”

- Менин максатым ал эмес эле, деңиздей толкундай турган фитна тууралуу сурап жатам.

- Эй, момундардын эмири! Сен үчүн тынчсыздана турган эч нерсе жок. Сенин дооруңда анын ортосунда жабык бир эшик бар. 

Эшик сынабы?

- Эй, Хузайфа! Ал эшик сынабы же ачылабы?

- Эй, момундардын эмири! Ошол эшик сынат.

Бул жооптон кийин Хазрети Омар:

- Кыяматка чейин Мухаммеддин үммөтү чогула алышпайт десеңчи! - деп кайгысын билдирди.

Кийинчерээк Хузайфадан ал эшик эмне экенин сурашканда, ал төмөнкүдөй жооп берди:

- Ал эшик Хазрети Омар эле.

Хазрети Омар муну билчү беле деп сурашканда болсо:

- Кеч менен таң болорун билгендей билчү, - деп жооп берген эле.

Чындыгында, Хазрети Омар кийин шейит кылынган болуп, Хазрети Османдын доорунун аягында тутанган фитна тарых бою токтогон эмес. 

Жаман доор келеби?

 Хазрети Хузайфа мындай дейт:

Баары Расулуллах алейхиссаламдан жакшылык жөнүндө сурачу. Мен болсо келечекте боло турган фитналар тууралуу сурачу элем. Анткени, алардын жамандыгына туш болуудан коркчумун. Мен сурадым:

- Йа, Расулаллах! Биз мусулман болгонго чейин жаман адамдар болчубуз. Аллаху таала сиздин ыйык денеңиз менен бизге Ислам нематын, жакшылыктарын ихсан кылды. Ушул бактылуу күндөрдөн кийин дагы жаман күндөр келеби?

- Ооба, келет.

-Ушул жамандыктан кийин кайра жакшы күндөр келеби?

- Ооба, келет. Бирок, ал учур бүдөмүк болот.

- Бүдөмүк деген эмне?

- Менин сүннөтүмдү аткарбаган жана менин жолумду карманбаган адамдар чыгат. Ибадат да кылышат. Күнөө да кылышат. 

Тозокко чакыргандар

 - Ушул жакшы мезгилден кийин кайра жамандык болобу?

- Ооба, Тозоктун эшигине чакыргандар болот. Аларды уккандарды Тозокко ыргытышат.

- Йа, Расулаллах! Алар кандай адамдар?

- Алар да бизге окшогон адамдар. Бизге окшоп сүйлөшөт.

- Мен алардын дооруна жетип калсам, мага эмне кылуумду буюрасыз?

- Мусулмандардын жамаатына жана өкмөтүнө баш ий!

Мусулмандардын өкмөтү жок болсо эмне кылалы?

- Анда обочолон. Аларга аралашпа, өлгүчө жалгыз жаша.

Хузайфа Хазрети Османдын халифалык доорунда Азербайжан жана Армения тараптарды каратууга жиберилди. Бул жердеги кызматтарынан тышкары дагы бир маанилүү кызматы – Курани каримдин нускаларынын көбөйтүлүшүнө себепкер болушу. Анткени, ал Азербайжан жана Армения тарапка барганда Курани каримдин ар түрдүү диалектилерде окулганын көрүп, Курани каримди Курайш диалектисинде көбөйтүлүүсүн Хазрети Османга сунуш кылган эле. Ошондо Хазрети Осман Курани каримдин нускаларын көбөйтүп, белгилүү борборлорго жөнөткөн эле.

Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн согуштарда өткөргөн Хузайфа бин Яман Хазрети Осман шейит кылынганда  Мединада болчу. Бул учурда жашы бир топко барып калган эле. Төртүнчү халифа Хазрети Алинин алгачкы күндөрүндө ооруп калды. Ал өтө картайып калган эле. Мусулмандар топ-топ болуп зыярат кылып жатышты.

Бир досуна 300 дирхам берип, мындай деди:

- Бул акчага кепин сатып ал.

Оймо-чиймелүү кездеме алып келишти. Аны көрүп:

- Бул кепин эмес, көйнөк үчүн. Кепин бир учунан экинчи учуна чейин эки бөлүк кездеме болот, - деди. 

Дос капысынан келди

 Анан жай үнү менен мындай деди:

- Ал эми досуңар жакшы мусулман болсо, Аллаху таала кабырда ошол кепинди жакшыраагына алмаштырат. Эгер жаман болсо, андан да жаман нерселерге даярдануу керек.

Хазрети Алинин халифалыгынын 40-күнү, 656-жылы Хузайфа хазреттери да кезеги менен сүйүктүү Пайгамбарыбызга жетти.

Хазрети Хузайфа өлүм төшөгүндө жатканда мындай дуба кылган эле:

- Дос капыстан басып келди. Өкүнүү пайда бербейт. Аллахым, мага кедейлик жана оорудан мен үчүн жакшыраак болгонун бере көр. Эгер өлүм мен үчүн тирүүлүктөн жакшыраак болсо, сага жеткиче өлүм жолун мага жеңил кыла көр.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш