Ади Бин Хатим Таи


Үй-бүлөсү менен берешен болгон сахаба.

Кутман сахабалар Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын буйругуна ылайык маал-маалы менен Мединанын сыртындагы урууларга сапарларды уюштуруп, ал жердеги элдерди Исламга чакырышчу. Чакырууну кабыл албагандар менен согушушчу, олжолор жана туткундар алынчу.

Тай уруусуна каршы уюштурулган сапарда алардын башчысы Ади бин Хатим качып кетти. Карындашы Сафане туткунга алынды. Ага абдан жакшы мамиле жасалды. Анткени, анын атасы атактуу жоомарт адамдардын бири болгон эле. Анын жоомарттыгынын урматына кызына жакшы мамиле жасалды. 

Бул падыша эмес 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Сафанени агасын таап алып келүү үчүн коё берди. Ал болсо агасын таап, ага башынан өткөндөрдү айтып берди. Агасы Ади бин Хатим карындашынын айткандарынан дем күч алып Мединага жөнөдү. Андан кийин эмне болгонун өзү мындайча баяндайт:

Мединага келгенимде Расулуллах алейхиссалам мечитте экен. Алдына барып салам бердим. Менден:

- Сен кимсиң? - деп сурады. Мен болсо:

- Мен Ади бин Хатиммин, - дедим.

Мени ээрчитип, үйгө алып кетти. Жолдо баратып бир кемпир муктаждыктарын билдирди. Ага кам көрүп, муктаждыктарын кетирди. Мен мындай абалды көрүп: "Бул падыша эмес”, - дедим.

Үйүнө барганыбызда була толтурулган жаздыкчаны көрсөтүп: "Бул жерге отуруңуз!” – деди. Отургум келген жок. Кайра айтканда аргасыздан отурдум. Өзү дагы жерге отурду. Мен ичимен: "Аллахка ант болсун, мунун падыша болушу мүмкүн эмес, падыша болгон адам мынчалык карапайым боло албайт!” – дедим. Андан кийин мага:

- Эй, Ади бин Хатим, мусулман бол. Ошондо саламатта болосуң, - деди. Мен болсо:

- Менин диним бар, - дедим.

Ошондо:

- Сенин диниңди сенден жакшыраак билем. Сен Ракусиййа дининде эмессиңби? Элиңдин олжосунун төрттөн бирин жебейсиңби? Бул сенин диниң боюнча сага адал эмес, - деди. Мен ичимен:

- Аллахка ант болсун, туура айтып жатат. Белгисиз нерселерди билүүдө. Бул пайгамбар, - дедим.

Андан кийин мындай деди:

- Эй, Ади бин Хатим! Сенин Исламга кирүүңө эмне тоскоол болуп жатат? Сени "Ла илаха иллаллах” деп айтуудан алыстаткан нерсе эмне? Аллахтан башка кудай барбы? Эмнеге тартынып жатасың? Сенин "Аллах улуу” деп айтууңа эмне тоскоол болуп жатат?

Мен бул сөздөрдү абдан берилүү менен уктум. Мындай сулуу жүздүү, таттуу сөздүү адамдын калпычы болушу мүмкүн эмес эле. Дароо калима-и шахадатты айтып, мусулман болдум. 

Мени тааныдыңызбы? 

Андан кийин Расулуллах мени уруума Исламды түшүндүрүү жана алардын зекеттерин чогултуу үчүн жөнөттү. Алгачкы зекетти чогулткан мен болдум. Уруумдун мусулман болушуна себепкер болдум. 

Бир күнү урууман бир нече киши менен бирге Хазрети Омардын алдына барган элек. Мен андан сурадым:

- Мени тааныдыңызбы?

- Ооба, тааныдым! Сүйүктүү Пайгамбарыбызга коомуң ишенбеген убакта сен ыйман келтирип, опаалуу болдуң! Коомуң сага зулумдук кылган убакта аларга сабыр кылган адам сенсиң! Чындыгында, уруусунда алгачкы зекетти чогултуп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламды сүйүнткөн да сенсиң.

Ади бин Хатим хазреттери дүнүйөнү эч баалачу эмес, тапканын кедейлерге таратып берчү. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын даргейине барганда ага жанынан орун берчү. Ага жакшылык кылып, урмат-сый көрсөтчү.

Аллаху таала ага узун өмүр берди. Хазрети Али көз жумгандан көп убакыт өткөндөн кийин 120 жашында Куфада кайтыш болду. Ал өлгөнгө чейин Исламды жайылтуу үчүн аракет кылды. Ал убактысын эч качан текке кетирчү эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш