Энес бин Малик


Расулуллахтын кызматчысы.

Мединалык балдар чуркап жана кубанычтан кыйкырып, айлананы жаңыртып жатышты:

- Расулуллах алейхиссалам келди! Ааламдардын Мырзасы келди!

Мына, көп күндөрдөн, айлардан бери күтүлгөн Аллахтын Расулу келе жатты...

Балдардын ичинен эң шамдагайы шексиз Хазрети Энес болчу. Бирок, ал 9-10 жашта болчу. Бүт жан дүнүйөсү менен чуркап бара жатты, катуу кубанганынан кыйкырып жатты. Ал канча кылдат караса да ааламдардын Мырзасын эч көрө албай жатты. 

Сүйүнчүлүү кабарды жеткиргиле! 

Алар ошол толкундануу менен бир топко чейин чуркап, кыйкырып жатышты. Акырында Кусва аттуу төөсүндө Расулуллах алейхиссалам жана достору көрүндү. Жүрөктөрү токтоп кала жаздады. Алар Мединанын кыйла сыртында эле. Бир мусулман ага жаш Энес менен анын досторуна мындай деди:

- Чуркагыла! Мадиналыктарга сүйүнчүлүү кабарды жеткиргиле! Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын келгенин кабар бергиле!

Ошондон кийин балдардын жарымы күшүлдөгөн бойдон шаарга чуркай башташты. Чоң сүйүнчүлүү кабарды жеткирүү үчүн акыркы күч-аракетин жумшап жатышты. Бул кабарды чыдамсыздык менен күтүп жаткан сансыз мусулмандар Мадинанын мейкиндигинде туулган Нурга карай чуркашты. Алар бардык адамдардын жана жиндердин Пайгамбарын тосуп алуу үчүн шашылып жатышты.

Ар тараптан үндөр жаңырып жатты:

Веда дөбөлөрүнөн ай чыкты үстүбүзгө.

- Келиңиз йа, Расулаллах, бизге келиңиз.

- Кош келдиңиз, сүйүктүү Пайгамбарыбыз, кубаныч алып келдиңиз..

- Сый-урмат жана таазим менен Сизге салам айтабыз эй, Аллахтын Сүйүктүүсү.

- Иншааллах Мединада аманчылык жана көңүл тынчтыгына жетесиз жана бизди да жеткиресиз.

Расулуллах алейхиссалам ушундай үндөрдүн арасында шаарга кирип келди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жанында эң жакын досу Хазрети Абу Бакр бар эле. Аялдар жана жаш балдар ырларды окуп жатышты, кайсы биринин Расулуллах экенин бири-биринен сурап жатышты.

Медина түптөлгөн күндөн бери мынчалык кубанычтуу жана толкунданган учурларды башынан өткөргөн эмес эле. Көпчүлүк мусулмандар Пайгамбарыбыз алейхиссаламды өз үйлөрүнө алып барып, конок кылуу сыймыгына ээ болгусу келди. Ошол себептен алар Кусванын тизгинин кармоого аракет кылып жатышты. Бирок, сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деди:

- Аны бош коё бергиле. Кимдин үйүнүн алдына токтосо, ошол жерде конок болобуз, Иншааллах.

Акыры Абу Аййуб Халид бин Зейд хазреттери бул сыймыкка ээ болду. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бираз мөөнөткө Ошол куттуу заттын үйүнө конок болуп калды.

Эми мединалык бардык мусулмандар үчүн Расулуллахка кызмат кылуу жарышы башталган эле. Ар ким колунда, үйүндө эмне болсо ошону тартуулап жатышты. 

Кедейдин белеги 

Умму Сулейм уулу жаш Энестин колун кармап, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын алдына келип, мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Биз бай эмеспиз. Биздин Сизге тартуулай турган көп нерсебиз жок. Бирок, биз абдан жакшы көргөн бул кичине балабызды сизге кызмат кылуу үчүн белек кылдык. Өтүнөбүз, кабыл алсаңыз!

Пайгамбарыбыз бул чын жүрөктөн кылынган сунушка абдан ыраазы болду. Кичине Энестин башын сылап, дуба кылды. Эне-атасынын көңүлүн калтырбай, аны жанына кабыл алды. Мединанын сыртында катуу чуркап Пайгамбарыбызды тосуп алган бул кичинекей мусулман негизи өз бактына чуркап бараткан экен! Ошентип, эки ааламдын Мырзасы менен күнү-түнү бирге болуу бакытына жетти.

Ал дагы улуу нематка татыктуу боло алуу үчүн болгон күчү менен аракет кылды. Пайгамбарыбыздын бир да сөзүн калтырбастан кунт коюп кызмат кылды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Энес бин Маликке жаш балага эмес, куду жетилген адамга мамиле жасап жаткандай эле. Бир да жолу кабагын бүркөгөнү көрүлгөн жок. Катуу сүйлөгөнү угулган жок. Анын кичинекей жүрөгүн сындырганы, капалантканы угулган жок.

Ошол учурда бир күнү кичинекей Энес достору менен ойноп жүргөн эле. Хазрети Пайгамбар балдарга жакындады. Сүйүү менен салам берди. Алар да саламына урматтоо менен жооп беришти. Анан Пайгамбарыбыз акырын Энестин колунан кармады. Экөө чогуу кичине алыстагы дубалды көздөй басышты. Ошол жерде Анын кулагына бир нерселерди айтты.

Умму Сулеймдин акылдуу баласы дароо чуркаган бойдон алыстады. Пайгамбарыбыздын ага бир тапшырма бергени анык эле. Өзү ошол дубалдын жанында отурду. Күтө баштады...

Бир топ убакыттан кийин Хазрети Энес чуркап келди. Ал билип келген нерсесин Хазрети Расулга жеткирди. Расулуллах алейхиссалам ал жерден ыраазы болуп кетти. 

Эмнеге кечиктиң? 

Өзү жаш, бирок, милдети чоң Хазрети Энес кийин үйүнө келди. Кеч кире баштаган эле. Энеси аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Ал дароо сурады:

- Балам, кайда жүрдүң эле? Эмнеге кечиктиң?

Уулунун көздөрү жалтырап турган эле. Жооп берди:

- Мырзабыз мени бир жумушка жумшаган эле, апаке. Ошон үчүн кечиктим.

Хазрети Умму Сулейм ого бетер кызыгып:

- Ал эмне жумуш эле?

- Бул сыр, - деп жооп берип унчукпай койду.

Мына ошондо энеси:

- Азаматсың уулум! Расули акрамдын сырларын дайыма сакта. Аларды эч кимге айтпа. Өмүр бою ушинт, - деп эскертти. Анан сүйүү менен баласын кучактады.

Айлар, жылдар өтүп жатты. Кичинекей Энес сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жанында чоңоюп жатты. Ошол ардактуу үй-бүлөдө тарбияланып жаткан эле. Дайыма чогуу даарат алып, намаз окуп, орозо кармашчу. 

Кыямат качан болот? 

Бир күнү мечитке чөлдөн бир киши келди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам намазды баштаганы жатты. Бирок, ал киши суроо берип калды:

- Йа, Расулаллах! Кыямат качан башталат?

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз намаз окуй баштады. Намазды окуп, салам бергенден кийин:

- Кыямат жөнүндө сураган адам кайда? – деп карай баштады.

Ал киши мындай деп жооп берди:

- Бул жердемин йа, Расулаллах!..

- Кыямат үчүн эмне даярдадың?

Суроо берген адам уялган бир абалда мындай деди:

- Эне атам сизге курман болсун йа, Расулаллах! Тилекке каршы, менде Кыяматка көп деле даярдык жок. Көп деле орозо да кармай алган жокмун, намаз да окуй алган жокмун. Бирок, Аллахты жана Расулун өтө жакшы көрөм.

Бул жоопко сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деп буюрду:

Адам Кыяматта сүйгөндөрү менен бирге болот.

Муну уккан мусулмандар башка бир да сүйүнчү кабарга ушунчалык кубанышкан эмес эле.

Хазрети Энес жакшы күндөрдө, кыйын учурларда, Ислам үчүн болгон согуштарда дайыма Пайгамбардын жанында болгон эле. Расулуллахтын казаттары көп болуу менен катар, согуш болгону тогуз эле. Улуу Бадр, Ухуд, Хендек, Бани Курайза, Бани Мусталак, Хайбар, Меккенин алынуусу, Таиф жана Хунайн казаттары эле. Алардын көбүнө Хазрети Энес катышты. Ааламдардын Мырзасын эч качан таштаган эмес. Кызматтарын бир саамга да үзгөн жок.

Убакыттын өтүшү менен Умму Сулеймдин кичүү уулу Энес 20 жаштагы жигит болду. Акылдуулугу, тарбиясы, илими жана эрдиги менен курбуларын артта калтырды. Бул арада Хазрети Энес өзү күбө болгон окуяларды кийинки аалымдарга накыл кылды. Расулуллахтын акыркы күндөрүндө болгон бир окуяны мындайча баяндайт: 

Силерди ыйлаткан нерсе эмне? 

Бир күнү эртең менен Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Аббас бирге басып баратышкан. Алар бир коомго туш болушту. Булар мединалык мусулмандар эле. Алардын баары кайгыга батып ыйлап жатышты. Жүрөгү абдан боорукер, назик жана жумшак болгон Хазрети Абу Бакр сурады:

- Эй, боордошторум! Силерди ыйлаткан нерсе эмне?

- Биз Расулуллах алейхиссаламдын хузурун ойлоп жатабыз. Биз Ал үчүн ыйлап жатабыз.

Чынында эле сүйүктүү Пайгамбарыбыз бир топ убакыттан бери ооруп жаткан эле. Муну билген мединалыктар топ-топ болуп чогулуп, кайгыларын тең бөлүшүп жатышкан эле. Жүрөгү сүйүү жана ажырашуу кайгысы менен согуп жаткан Хазрети Абу Бакр да ыйлай баштады. Бираздан кийин Пайгамбарыбыздын куттуу үйлөрүнө келди. Уккан-көргөндөрүн сый менен баяндады.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз тартып жаткан бардык азаптарга карабай мечитке өттү. Муну көргөн кутман сахабалар да ал жакка чуркашты. Пайгамбарыбыздын үстүндө узун чепкен жана башында кара селде бар болчу. Кереметтүү бир хутба окуду. Адегенде Аллахка мактоо айтып, шүгүр кылды. Анан акырын үн менен мындай деп буюрду:

- Эй, адамдар! Мен силерге ансарларды, башкача айтканда, мединалык мусулмандарды осуят кылам. Башка адамдар көбөйүп жатат. Ансарлар болсо азайып баратат. Алар өздөрүнө зыян болсо да, силерге карата милдеттерин аткарышты. Эми силер дагы аларга колдоо көрсөткүлө. Эгер силерге каалабай бир кемчилик кетиришсе ал кемчиликтерин дароо кечиргиле!

Бул сүйүктүү Пайгамбарыбыздын акыркы хутбасы болду. Андан кийин башка минбарга чыга алган жок. Дүнүйө жашоосун жана пайгамбардык милдетин шарапат менен аяктады. 

Экөөнү тең көрдүм 

Көз жашы менен Хазрети Энес мындай деди:

- Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын Мединага келген күнүн да, кайтыш болгон күнүн да көрдүм. Мусулмандар биринчисиндей кубанычтуу, экинчисиндей кайгылуу күндү баштарынан өткөргөн эмес.

Хазрети Энестин атасы Малик хижратка чейин мусулман боло элек болчу жана Хазрети Энестин энеси Умму Сулейм менен урушуп, үйдөн чыгып кеткен эле. Ал өзү чыккан бир сапарда өлгөн эле. Умму Сулейм кийинчерээк Абу Талхага турмушка чыккан эле.

Хазрети Энес бардык казаттарга катышкан эле. Улуу Бадр жеңишинде 12 жашта болушуна карабастан согуш талаасында эле. Пайгамбарыбыз кайтыш болгондо 20 жашта эле. Ал дагы 70-80 жыл жашады. Пайгамбарыбыздын эң жакынында болгондуктан Анын бардык буйрук жана тыюуларын абдан жакшы билчү. Буларды кандай болсо ошондой мусулмандарга накыл кылды. Узак өмүрүн жалгыз ушул ишке гана арнады.

Хазрети Абу Бакрдын доорунда Бахрейнде зекет жана салык чогултууга милдеттендирилген эле. Хазрети Омардын доорунда Басрага отурукташты. Ал жерде өмүрүнүн акырына чейин илим үйрөтүүнү улантты. Ал көптөгөн кадырлуу шакирттерди жетилдирди. Алардын арасында Хасан Басри да бар эле. 100 жашында Басрада кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш