Муаз бин Жабал


Адал менен арамды эң жакшы билген сахаба.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мусулман өлкөлөрүнө вали (аким) жана зекет жыйноочуларды жөнөтүп жаткан кезде, бир күнү багымдат намазынан кийин кутман сахабаларды карап мындай деди:

- Силердин араңардан ким Йеменге барат?

Хазрети Абу Бакр жооп берди:

- Мен барам, йа, Расулаллах!

Бираздан кийин Пайгамбарыбыз дагы сурады:

- Кимиңер Йеменге барасыңар?

Бул жолу Хазрети Омар жооп берди:

- Мен барам, йа, Расулаллах!

Пайгамбарыбыз бираздан кийин дагы сурады:

- Араңардан ким Йеменге барат?

Муаз бин Жабал ордунан туруп мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Мен барам.

Милдет сеники

Ошондо Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Эй, Муаз! Бул милдет сеники. Эй, Билал! Мага селдемди алып кел!

Муаз бин Жабал Йеменге вали болуу, элге Исламды түшүндүрүү, Курани каримди үйрөтүү, Йемен өлкөсүндө чогултулган зекет буюмдарын алуу үчүн жана алардын арасындагы талаш-тартыштарды жөнгө салып, өкүм чыгаруу үчүн Йеменге барууга даярданды. Жолго чыгаардан мурда Пайгамбарыбыз ага мындай деди:

- Сен ахли китаптан, башкача айтканда, яхуди жана христиандардан бир коомго жолугасың. Алардын алдына барганда аларды алгач Аллахтан башка кудай жок экенин жана менин Аллахтын Расулу экенимди тастыктоого чакыр.

Эгер муну кабыл алышса аларга Аллаху таала беш убак намазды парз кылганын билдир. Муну да орундашкан кезде Аллаху таала байлардын кедейлерге зекет берүүсүн буйруганын билдир.

Эгер муну да кабыл алышса зекет алып жатканда мал-мүлктөрүнүн эң жакшысын гана тандай көрбө! Мазлумдун каргышын алуудан алыс бол. Анткени, Аллаху таала мазлумдун дубасын дароо кабыл кылат.

Уйлардын зекети

Хазрети Муаз айтат:

Расулуллах хазреттери мага алардан ар 30 уй үчүн бир жаштагы эркек же ургаачы бир торпок, ар 40 уй үчүн эки жаштагы бир торпок... Ар эрезе курактагы мусулман эместен болсо бир динар же ага барабар Йемен кездемеси, жамгыр суусу менен сугарылган ар бир эгинден үшүр (ондон бир) жана акчага сугарылган нерселерден болсо жарым үшүр (жыйырмадан бир) алынуусун буйруду.

Ошондон кийин Расулуллахка мындай дедим:

- Йа, Расулаллах! Мага насаат кылсаңыз?

- Эй, Муаз! Кандай жагдайда жана кайда болсоң да Аллахтан корк!

- Йа, Расулаллах! Мага насаатыңызды көбөйтсөңүз?

- Күнөөдөн кийин дароо жакшылык кыл, күнөөнү жок кылсын!

- Йа, Расулаллах! Мага насаатыңызды дагы бираз көбөйтө аласызбы?

- Адамдарга көркөм ахлак менен мамиле кыл! Эй, Муаз! Сен китеп ээси бир коомдун алдына баруудасың. Алар сенден Жаннаттын ачкычы эмне экенин сурашат. Аларга Жаннаттын ачкычынын "Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах” экенин айт!

Муаз бин Жабал дагы сурады:

- Йа, Расулаллах! Эгер менден китепте жок жана мен сизден укпаган бир нерсе суралса жана мага чечилиш үчүн алынып келинсе эмне кылуумду буюрасыз?

- Аллах үчүн кичипейилдик көрсөт, Аллаху таала сени көтөрөт. Жакшы билмейинче өкүм чыгара көрбө! Сага оор жана чатышкан болуп көрүнгөн маселени адистеринен сура, кеңешүүдөн уялба! Эң акыры ижтихад кыл! Албетте, Аллаху таала чынчылдыгыңа жараша сени ийгиликтүү кылат. Эгер сага маселелер татаал болуп көрүнсө чындык сага айкын болгонго чейин күтө тур же мага жаз! Ал маселеде өзүңдүн каалооңо жараша иш кылуудан сак бол! Жумшак мамиле кылууңду сага кеңеш берем.

Кабырымды зыярат кылганы келесиң

Расулуллах хазреттери менен коштошуп жатканда мындай деди:

- Йа, Муаз, сен балким ушул жылдан кийин мени экинчи көрбөйсүң. Балким, кайтып келгенден кийин бул жерде менин мечитимди жана кабырымды зыярат кылуу үчүн келерсиң.

Муну уккан Муаз бин Жабал кайгыдан көз жашын төгө баштаганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Ыйлаба эй, Муаз! Кыйкырып-өкүрүп ыйлоо шайтандан. Мен сени жүрөгү назик болгон бир коомго жөнөтүүдөмүн. Алар чындык үчүн эки жолу согушушат. Алардан сени ээрчигендер сага каршы чыккандар менен согушушат. Ал тургай аял күйөөсүнө, баласы атасына, ага-ини бири-бирине ачууланат, андан кийин кайра Исламга келишет.

Расулуллах хазреттери Муаз менен бир чакырымдай басты жана акыры төмөнкүдөй насаат айтты:

- Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла! Сүйүнчүлөгүлө, үркүтпөгүлө! Бириккиле, тайпаларга бөлүнбөгүлө! Мага жакын болгондор, мага толук берилгенде – кайда болбосун такыбаалар жана Аллаху таалага чындап кулдук кылгандар.

Эмне менен өкүм кыласың?

Расулуллах хазреттери менен Муаздын ортосунда төмөнкүдөй сүйлөшүү болду:

- Сага бир доо алынып келингенде, адамдар арасында өкүм бергенде эмне менен өкүм бересиң?

- Аллахтын китеби менен өкүм берем.

- Андан ачык таба албасаңчы?

- Расулуллахтын сүннөтү менен өкүм берем.

- Андан да ачык таба албасаңчы?

- Ижтихад кылуу менен түшүнгөнүм боюнча өкүм кылам.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Муаз бин Жабалдын бул жообунан улам абдан ыраазы болуп, ыйык колун Анын көкүрөгүнө коюп, мындай деди:

- Алхамдулиллах! Аллаху таала Расулунун элчисин Расулуллахтын ыраазылыгына ылайык кылды.

Андан кийин Муаз бин Жабалга төмөңкүдөй дуба кылды:

- Аллаху таала сени ар тараптан келе турган балээлерден сактасын. Адамдар менен жиндердин жамандыктарын сенден алыс кылсын. Сенин себебиң менен Аллаху тааланын бир адамды туура жолго салганы сен үчүн дүнүйөдөн жакшыраак.

Муаз бин Жабал Йеменде көпкө калды. Йемен калкы анын чакыруусун угуп, Исламды кабыл алышты. Хазрети Муаздын ишин жеңилдетишти. Йеменде турганда элге вааз жана насаат айтып мындай дечү:

- Мен Расулуллахтын элчисимин. Өлүмдүн чыныгы экенин анык билип койгула. Ал жерде Жаннат менен Жаханнамдан башка жер жок. Ал жерлерге баруу бар, артка кайтуу жок. Ал жерде жашоо түбөлүк.

 

Аллаху тааланын аманаты

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Муаз бин Жабалга Йеменде жүргөндө баласы каза болгондон кийин жиберген көңүл айтуу каты төмөнкүчө:

"Аллаху таала сага саламаттык берсин! Ага хамд айтам. Ар бир адамга жакшылык да, зыян да бир гана Андан келет. Ал кааламайынча эч ким эч кимге жакшылык да, жамандык да кыла албайт. Аллаху таала сага көп сооп берсин. Сабыр кылууну насип кылсын! Анын нематтарына шүгүр кылууңду насип кылсын!

Өзүбүздүн барлыгыбыздын, мал-мүлкүбүздүн, байлыгыбыздын, аял-балдарыбыздын Аллаху тааланын сансыз нематтарынан, таттуу жана пайдалуу белектеринен экенин анык билишибиз керек. Бул нематтарды бизде түбөлүк калыш үчүн эмес, аманат катары колдонуп, анан кайра алуу үчүн берген. Буларды белгилүү бир убакта пайдаланабыз. Убагы келгенде баарын кайтарып алат. Аллаху таала нематтарын бизге берип кубантканда шүгүр кылуубузду, убагы келип кайтарып алып, капаланган кезибизде болсо сабыр кылуубузду буюрду.

Сенин бул уулуң Аллаху тааланын таттуу, пайдалуу нематтарынан эле. Кайтарып алуу үчүн сага аманат кылып берген эле. Сени уулуң менен пайдаландырды. Баарын суктандыра тургандай кубантты, көңүлүн көтөрдү. Эми кайра алганда дагы сага көп сооп, жакшылык берет, мээримдүүлүк кылып туура жолдо илгерилөөңдү, көтөрүлүүңдү ихсан кылат.

Бул ырайымга, ихсанга жете алуу үчүн сабыр кылууң керек, Анын кылган ишин жакшы көрүүң керек! Эгер ачуулансаң, кыйкырып-өкүрсөң соопко, ырайымга жете албайсың, акыры өкүнөсүң. Жакшы билип кой, ыйлоо, сыздоо дартты, балээни артка кайтарбайт. Кайгыны кетирбейт! Тагдырдагы нерселер башка түшөт. Сабыр кылуу, болгон, бүткөн нерселерге ачууланбоо керек.

Артыкчылыгы көп

Муаз бин Жабал Пайгамбарыбыздын кайтыш болгонун ошол жерде жүргөндө укту. Йемендеги кызматын аяктагандан кийин Мединага кайтып келди. Хазрети Абу Бакрдын халифалык доорунда Мединада Хазрети Абу Бакр тарабынан тандалып алынган кеңеш жыйынына катышты. Ал Сирия тарапка да барып, ошол жердеги согуштарга катышып, дагы адамдарга диний маалыматтарды жана Курани каримди үйрөттү.

Муаз бин Жабалдын пазилети, артыкчылыгы көп. Расулуллах хазреттери көптөгөн хадиси шарифтерде аны мактаган эле.

Абдуллах бин Масуд айтат:

- Муаз бин Жабал Аллахка жана Расулуна баш ийген, туура жолдо жүргөн бир жамаат сыяктуу эле. Биз Аны Ибрахим алейхиссаламга окшоштурчу элек. Анткени, Ал адамдарга хайырды, жакшылыкты үйрөтчү. Аллахка жана Расулуна да баш ийчү.

Хазрети Муаз мындай дейт:

Бир күнү Расули акрам алейхиссалам бир жаныбарды минип алган эле. Мен болсо аркасында элем. Мага мындай деди:

- Эй, Муаз!

- Угуп жатам, йа, Расулаллах!

Расулуллах хазреттери үч жолу атымды атагандан кийин мындай деди:

- Аллаху тааланын пенделериндеги акысы кандай экенин билесиңби?

- Аллах жана Расулу жакшыраак билет.

- Аллаху тааланын пенделериндеги акысы – алардын Ага ибадат кылуулары жана башка эч кимди Ага шерик кылбоолору. Эгер пенделер бул милдеттерди аткарса, алардын Аллаху тааладан күткөн акыларын жана Аллаху тааланын аларга убада кылган нерсени эмне экенин билесиңби?

- Аллах жана Расулу жакшыраак билет.

- Бул учурда пенделердин Аллаху тааладагы акысы – аларга убада кылган нематты берүүсү жана азап бербөөсү.

Эгер Муаз бин Жабал тирүү болгондо

Хазрети Омардан: "Бизге кимди халифа кылып калтырып жатасың?” - деп суралганда, ал:

- Эгер Муаз бин Жабал тирүү болгондо аны халифа кылып калтырмакмын жана Раббиме жеткенимде Раббим менден: "Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө кимди халифа кылып калтырдың?” – деп сураса, мен: "Сенин пендең жана элчиң болгон Мухаммед алейхиссалам "Муаз Кыямат күнү аалымдардын алдында жалгыз өзү бир жамаат” деген адамды калтырдым” – деп айтам.

Муаз бин Жабал мындай дейт:

Расулуллах хазреттери мага мындай деди:

- Эй, Муаз! Сага Аллахтан коркууну, Ага сыйынууну, чындыкты айтууну, сөзүнө турууну, баарына салам берүүнү, жакшы амал-иштерди кылууну, жетимдерге ырайым кылууну, таттуу сөздүү болууну, Курани каримди окууну, акыретти жакшы көрүүнү, акыретте боло турган эсептен коркууну жана баарына мээримдүү болуунү сунуш кылам.

Хикмет ээлерине жаман сөз айтуудан, чындыкты төгүндөөдөн, күнөөкөрлөргө моюн сунуудан, адилеттүү өкүмдарларга каршы чыгуудан жана жер жүзүндө бузукулук кылуудан да сени тыям, кайтарам.

Бардык жерде Аллаху тааланы зикир кылууну жана ар бир күнөөдөн кийин тообо кылууну сунуш кылам. Жашыруун күнөө кылганыңда жашыруун, ачык күнөө кылганыңда ачык тообо кыласың.

Аллах үчүн жакшы көрөм

Табииндин улууларынан Абу Идрис ал-Хавлани Хазрети Муаз бин Жабалдан: "Сени Аллах үчүн жакшы көрөм”, - дегенде, Муаз бин Жабал мындай жооп берди:

- Сага сүйүнчүлөр болсун, эй, Абу Идрис! Мен Расули акрамдын мындай дегенин уктум эле:

"Кыямат күнү Арштын айланасында кээ бир адамдар үчүн күрсүлөр орнотулат. Алардын жүздөрү он төрт күндүк айдай жаркырап турат. Адамдар кыйкырып ыйлап турганда алар коркушпайт. Коркуусу менен кайгысы жок адамдар Аллахтын чыныгы достору.”

Пайгамбарыбыздан алардын кимдер экени суралганда мындай деди:

"Алар Аллах үчүн бири-бирин жакшы көргөн адамдар.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү Хазрети Муазга мындай деди:

- Эй, Муаз! Мен сени жакшы көрөм. Ушул себептен ар намаздан кийин бул дубаны таштаба! Аллахумма аъинни ала зикрика ва шукрика ва хусни ибадатика.

Динимди мага ким үйрөтөт?

Абдуллах бин Салама айтат:

Муаз бин Жабал таун (ваба, чума) оорусуна чалдыгып калган эле. Оорусу катуулаган маалда шакирттеринин бири Амр бин Маймун ал-Авди зыяратка келди. Анын абалы өтө оор экенин көрүп, ыйлап жиберди. Хазрети Муаз андан сурады:

- Эмнеге ыйлап жатасың?

- Аллахка касам, сиз менин устазымсыз. Мага дүнүйөлүк жардам берип жатасыз деп ыйлап жаткан жокмун. Мен сизден динимди үйрөнүп, илим алып жаткам. Сиздин өлүмүңүздөн кийин динимди жана илимимди мага үйрөтө турган эч ким табылбайбы деп коркуп, ага ыйлап жатам.

Ошондо Муаз бин Жабал айтты:

- Жок, андан коркпо! Ыйман жана илим кыяматка чейин ордунда, издеген табат жана Аллаху таала буларды каалаган адамга үйрөтө турган бирөөнү көрсөтөт. Аллахтын китеби Курани карим жана Пайгамбарыбыздын сүннөтү кыяматка чейин сакталат.

Чындыгында, Аллаху таала илимди жана ыйманды Ибрахим алейхиссаламга ихсан кылган. Бирок, ал кезде ыйманды, илимди билген, үйрөткөн эч ким жок эле. Ибрахим алейхиссалам аны каалагандыктан, Аллаху таала Ага ихсан кылган. Илимди Хазрети Омардан, Хазрети Османдан жана Хазрети Алиден алгыла! Эгер аларды да жоготсоңор, анда Абу Дардадан, Абдуллах ибни Масуддан, Салман Фарисиден жана Абдуллах ибни Саламдан алгыла!

Аалымдын жаңылуусунан корккула! Ким туураны, чындыкты айтса да кабыл алгыла! Туура эмес, чындык эмес нерсени да ким айтса аны четке каккыла!

Бейиштиктердин эңсегени

Бир күнү Муаз бин Жабалга бирөө келип салам берген эле. Бираздан кийин коштошуп кетем деп жатканда ага мындай деди:

- Эй, баланча! Дүнүйөдөгү насибиң (үлүшүң) эмне болсо жана кайда болсо да келип сени табат. Ал эми сен болсо дүнүйөдөгү насибиңе караганда көбүрөөк акыреттеги насибиңе муктажсың. Акырет насибин танда, дүнүйө насибин эмес! Ал тургай, ушундай болууга тийишсиң, өтө кереметтүү акырет байлыгына ээ болосуң! Дүнүйөлүк нематтар убактылуу. Акырет үчүн ээ болгон нерселериң болсо кайда болбо сени менен.

Бейиштиктердин бир гана эңсөөсү жана өкүнүчү бар. Ал болсо - Аллаху тааланы унутуп өткөргөн убактылары.

Абу Бахири айтат:

Бир күнү Хумус (Хомс) шаарындагы мечитке барган элем. Муаз бин Жабал да ошол жерде болчу. Жанында бир топ адамдар бар эле. Аларга мындай деди:

- Ким Аллаху тааланын алдына толук жана жетилген ыйман менен барууну кааласа, беш убак намазга чакырылган жерге келип, намазын окусун. Анткени, беш убак намазды мечитте жамаат менен окуу хидаят жолдорунун бири болуп, жана да Пайгамбарыбыздын маанилүү сүннөтү болуп саналат.

Эч ким менин үйүмдө намаз окулуучу жай бар жана мен өз үйүмдө намаз окуп жатам деп айтпасын! Эгер ушундай кылсаңар Расулуллахтын сүннөтүн таштаган болосуңар. Бул болсо далалет (туура эмес).

Муаз бин Жабалдан сурашты:

- Дуба качан кабыл болот?

Мындай деди:

- Адамдар кайдыгер болуп турганда сен Аллаху таалага кайрыл жана Андан каалаган нерсеңди сура! Мына ошондо дуалар кабыл болот.

Амал кылмайынча

Язид бин Жабир айтат:

Мен Муаз бин Жабалдан мындай уктум. Ал айтты:

" Канча көп илим үйрөнсөң да булар менен амал кылмайынча үйрөнгөн илимиңерден сооп ала албайсыңар.”

Ража бин Хайва мындай баяндайт:

Мен бир жолу Муаз бин Жабалдын жыйынына катышкан элем. Ал илим жөнүндө мындай деген эле:

"Силерге менин осуятым болсун! Илимди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана үйрөнгүлө! Анткени, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн үйрөнүлгөн илим такыбааны, Аллахтан коркууну пайда кылат. Илимди ушундай ниет менен алуу ибадат. Бул илимди талкуулоо тасбих, илим жөнүндө сүйлөшүү Аллах жолунда жихад. Билбегенге илим үйрөтүү садака. Бир жыйынга катышкандарга илим тууралуу айтуу Аллаху таалага жакындык. Анткени, илим адал менен арамдын таразасы, жаннаттыктардын мунарасы, чет жерде адамдын жолдошу.

Бир адам бир жерде жалгыз калганда илим кыйынчылыкты кетирүүчү дос болот. Кыйынчылыкта жана кеңдикте илим ээси үчүн далил болот. Илим – душмандарга каршы абдан жакшы курал. Досторунун жанында адамдын кооздугу. Аллаху таала бир коомду илим менен көтөрөт. Адамды илим менен башкаларга жол көрсөтүүчү жана жолбашчы кылат жана ага баш ийишет. Периштелер дагы илим ээлеринин достугун эңсеп, алардын үстүнө канаттарын жайышат.

Жандуу-жансыз эмне болсо, ал тургай деңиздеги балыктар жана башка жаныбарлар, абада учкан канаттуулар, кургактыктагы бардык жаныбарлар аалымдарга истигфар айтышат. Анткени, илим адамдын көңүл көзүн ачат. Көздөрдү караңгылыктан жарыкка жеткирген бир нур.

Илим менен амал кылган адам тандалган адамдардын мартабасына көтөрүлөт. Илим ээлери дүнүйөдө да, акыретте да бийик даражаларга жетет. Илимде тафаккур нафил орозо кармоо сыяктуу. Илим үйрөтүү нафил намаз окуудан да сооптуураак. Илим менен адал жана арам нерселерди айырмалоого болот.

Илим амалдардын имамы. Амал илимден көз каранды. Илимсиз амал болбойт. Илим – Жаннат жолуна чырак. Тозоктуктар илимден куру калгандар. Дүнүйө жана акырет саадатынын булагы жана бардык ибадаттардын эң жакшысы, эң үстөмү – илим.”

Акыркы намазың деп бил

Муаз бин Жабал уулуна мындай осуят кылган эле:

"Оо, балам! Бир намазыңды окуган кезиңде ал намаздын сен окуган акыркы намазың боло турганын ойло! Дагы ушундай бир намаз убактысына жетем деп үмүт кылба!

Оо, балам! Момун адам эки жакшы иштин ортосунда өлүшү керек. Башкача айтканда, бир жакшы ишти кылганда экинчи жакшы ишти кылууга ниет кылып, чечим чыгарган болушу керек.”

Муаз бин Жабалга дешти:

Баланча Куран карим жазып сатууда.

Ал мындай деди:

- Бул Курани каримди сатуу эмес. Кагаз жана эмгек акысын суроо. Курани каримди сатуу – аны акчага, эмгек акысына үйрөтүү дегендик.

Ырайымдуу бол

Бирөө Муаз бин Жабалга: "Мага насаат айтсаң”, - дегенде, мындай деди:

- Ырайымдуу бол, ошондо мен да сенин Бейишке кирүүңө кепил болоюн.

Муаз бин Жабал төмөңкүдөй баяндайт:

Бир күнү Расулуллахтын даргейине барган элем. Мага мындай деди:

- Эй, Муаз! Сен бүгүн түндү кантип өткөрдүң?

- Йа, Расулаллах! Аллаху таалага ыйман келтирген абалда өткөрдүм.

- Эй, Муаз! Сенин ар бир сөзүңдүн чындыгына бир далилиң бар. Бул сөзүңдүн чындыгына эмне далил?

- Йа, Расулаллах! Мен түндү өткөрүп таңга чыкканымда дагы бир кечти күтпөйм. Кеч киргенде болсо таңга чейин жашайм деп эч качан үмүт кылбайм. Бир кадам таштаганда экинчи кадамды таштайм деп ойлобойм. Ар бир адамдын ажалы бар экенин билем. Ажалынын убагы келгенде ошол учурда ажалынын ага жетерин билем. Бардык адамдар махшарда тирилишет. Кээ бирлери пайгамбардын жанында болот. Кээ бирлери болсо өзү сыйынган нерселери менен бирге болот. Ал эми мен өзүмдү кудум тозоктогу адамдардын азаптарын жан бейиштеги адамдардын нематтарын көз ирмем сайын көрүп жаткандай ойлойм.

Ошондо Расулуллаз хазреттери мындай деди:

- Эй, Муаз! Сен абдан жакшы кылыптырсың. Ушинтип ойлоону уланта бер, муну эч качан таштаба!

Бир жолу Муаз бин Жабалдын ыйлап жатканын көрүшүп, себебин сурашты. Ал мындай деди:

- Адамдар эки топко бөлүнөт: бири бейиштик, экинчиси тозоктук. "Кызык, мен кайсы биринен болом” деп ыйлап жатам.

Сенден коркчу элем

Хазрети Омардын халифалык доорунда Кылаб уулдары аймагына зекет кызматкери катары, кийин Сирия жакта диний маалыматтарды жана Курани каримди үйрөтүүгө милдеттендирилди. Палестин аймагында бул кызматты аткарып жүргөндө таун (чума) оорусуна чалдыгып, отуз сегиз жашында көз жумду.

Муаз бин Жабал көз жумар алдында мындай деди:

- Аллахым! Ушул убакка чейин Сенден коркчу элем. Бирок, азыр сага үмүтүмдү байлап жатам. Аллахым мен сууларды агызып, бак-дарактарды сугарып, бакчаларды өстүрүү үчүн жашагым келет. Суусуздуктан кыйналгандарга суу берип, кыйналгандарга жеңилдик көргөзүп, аалымдардын сабактарын улантып, өзүмдү алардын зикир чөйрөсүнө кошуу үчүн жашагым келет.

Өлүм азаптары күчөп, эсинен танып, эсине келген сайын:

- Аллахым! Мени канча кыйнасаң да Өзүң билесиң, жүрөгүм Сага байланган, Сени сүйөт, - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш