Абу Аййуб-ал Ансари


Расулуллахты конок кылган зат.

Эң жакшы күндөрдү баштата турган улуу хижрат [көч] бүтүү алдында турду. Аллахтын буйругу менен Меккеден чыккан сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мединага кирип келди. Бардык мусулман уруулары Расулуллах хазреттерин коноктоо үчүн жарышып жатышты.

Нажжар уулдарынын башчысы Хазрети Абу Аййуб да бардык туугандарын чогултуп, Расулуллахты тосуп алууга чыккан эле. Мединалык бардык мусулмандар сыяктуу ал да эки дүнүйөнүн мырзасы болгон Расулуллах хазреттерин коноктосом деген тилек оту менен күйүп жаткан эле.

Энебиз, атабыз курман болсун!

Маал-маалы менен Расулуллах хазреттеринин төөсү болгон Кусванын ооздугун кармагандар: "Биздикине кирсеңиз йа, Расулаллах! Энебиз, атабыз, жаныбыз, бардык нерсебиз сиздин жолуңузга курман болсун!” – деп, өз үйүнө алып кеткиси келип жаткан эле.

Бирок, ааламдын Мырзасы эч кимдин капа болуусун каалачу эмес эле. Кусваны көрсөтүп мындай деди:

- Төөмдүн ооздугун коё бергиле! Кимдин үйүнүн алдына чөгө турган болсо ошол жерде конок болом!

Чындыгында ал бактылуу Төө кудум өз милдетин билгендей кыймылдап жаткан эле. Чарчаганына карабай жай, асыл кыймылдары менен көп кыдырып жүрдү. Акыры эки жетим балага таандык бош жерге токтоду. Акырындык менен жерге чөктү.

Расулуллах хазреттери төөсүнөн түшкөн жок. Жаныбар кайра ордунан туруп баса баштады. Эски жерге чөктү, кайра ордунан турган жок, таттуу үн менен ыркырай баштады.

Ошондо сүйүктүү Пайгамбарыбыз Кусвадан түшүп мындай деди:

- Иншааллах, жерибиз мына ушул жер. Бул жер кимдики?

- Йа, Расулаллах! Амр уулдары Сухайл менен Сахлдыкы.

-Боордошторубуздун кимисинин үйү бул жерге жакыныраак?

Кадыр-барк жеңсин

Халид бин Зейд Абу Аййуб ал-Ансари хазреттери кубанып жооп берди:

- Биздикине келсеңиз йа, Расулаллах! Биздикине келсеңиз, факир үйүбүз Сиздин барлыгыңыз менен кадыр-баркка ээ болсун. Мына, жакын эле жерде.

Кийин мындай деп кошумчалады:

- Йа, Расулаллах! Эгер мага уруксат берсеңиз, төөнүн үстүндөгү нерселерди ошол жакка жеткирип келейин.

Ошондон кийин төөнүн үстүндөгү Расулуллах алейхиссаламдын буюмдарын түшүрдү.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мубарек эне тараптан теги мединалык жана Нажжар уулдары уруусунан эле. Ошондуктан, алар тууган болчу. Буюмдар дароо үйдүн төмөнкү кабатына жеткирилди. Ошентип, он үч жылдык азаптуу, кыйноолорго толо Меккедеги күндөрү бүтүп, бейпил күндөр, кубанычтуу жумалар, нурдуу айлар, ыкластуу жылдар, улуу кылымдар башталган эле.

Пайгамбарыбыздын төөсү Кусва алгач чөккөн жерге Масжид-и Наби курулганга чейин коноктоо жана үйүндө жашатуу сыймыгы бул мубарек инсанга насип болду.

Хазрети Абу Аййубдун меймандостугу кемчиликсиз, бирок, өзү тынчсызданып жаткан эле. Анткени, Пайгамбарыбыз алдыңкы кабатта турууну тандаган эле.

Өзүнүн үстүнкү кабатта отурганы Абу Аййуб хазреттерин абдан тынчсыздандырып жаткан эле. Айрыкча бир күнү кечинде топурак шыпка суу төгүлүп кеткенде эмне кыларын билбей калды. Өзүлөрү жамынган жалгыз көрпө менен сууну кургатты. ылдый тамчылап кетүүсүнө жол бербеди. Таң атканча көздөрүнө уйку келген жок.

Уктообуз мүмкүн эмес эле

Эртеси күнү анын кайгылуу абалын көргөн Аллаху тааланын Расулу себебин сурады. Ошондо дарттуу сахаба суранды:

- Йа, Расулаллах, ырайым кылсаңыз! Өтүнүч, үстүңкү кабатка көчсөңүз! Сиз астыңкы кабатта турганда биздин жогоруда уктообуз мүмкүн болчу беле?

Эки дүнүйөнүн мырзасы Пайгамбарыбыз алейхиссалам бул сезимтал жана назик көңүлдү оорута алмак эмес эле. Үстүңкү кабатка көчүүгө макул болду. Ушинтип башталган сүйүктүү Пайгамбарыбыздын берекелүү коноктугу жана Абу Аййубдун меймандостугу Масжид-и Наби курулганга чейин жети айдай уланды.

Абу Аййуб хазреттери деңиздеги жеңиштүү бир согуштан кийин туткундардын арасында ыйлап отурган аялды көрдү. Күзөтчүлөрдөн сурады:

- Бул аял эмнеге ыйлап жатат?

- Билбейбиз эй, Аба Аййуб.

Ал аялдын тилин билген бир адам табылды. Аны менен сүйлөштүрдү. Кийин котормочудан сурады:

- Эмнеге ыйлап жатат?

- Баласына айрылган экен, мырзам.

Хазрети Абу Аййуб дароо милдеттүү кишини таап мындай деди:

- Баланы таап, энесине алып келгиле. Энекесине жетсе болду.

Ал жердегилер сурашты:

- Эй, Халид!.. Же ал аялды тааныйсыңбы?

Аллаху тааланын Расулунун ашыгы жооп берди:

- Сүйүктүү Пайгамбарыбыздан уктум: "Кимде-ким бир баланы энесинен ажыратса Аллаху таала да аны акырет күнү бардык сүйгөндөрүнөн ажыратат.”

Жүзүмдү кара кылба

Абу Аййуб Ансари бир согушта бирөөнүн жанынан өтүп бара жатып: "Бир адамдын түшкү убакта кылган иштери кечинде кабырдагыларга көрсөтүлөт. Кечинде кылган иштери таң атканда кабырдагыларга көрсөтүлөт”, - дегенин укту. Абу Аййуб хазреттери ал кишиден:

- Минтип эмне деп жатасың? – деп сурады.

- Аллахка ант, муну сиз үчүн айтып жатам.

- Йа, Рабби, мен Сага сыйынам. Мен өлгөндөн кийин кылган иштерим үчүн жүзүмдү кара кылба.

Ал киши болсо мындай деди:

- Аллаху таала пенделеринин айыптарын жабат, амалдарынын жакшысын көрсөтөт.

Абу Аййуб Ансари Расулуллах алейхиссаламдын мубарек кабырына жүзүн сүрдү. Бирөө келип өйдө тургузмакчы болгондо мындай деди:

- Мени жөн кой! Мен ташка-топуракка келген жокмун. Мен Расулуллахтын алдына келдим.

Абу Аййуб Ансари хазреттери мындай баяндайт:

"Бир жолу Расулуллах алейхиссалам менен Хазрети Абу Бакрга жетиштүү тамак даярдап, даргейине алып бардым. Расулуллах хазреттери айтты:

- Эй, Аба Аййуб! Ансарлардан отуз көрүнүктүү кишини чакыр!

Мен тамактын аз экенин ойлоп турганымда кайра айтты:

- Эй, Аба Аййуб! Ансарлардан отуз көрүнүктүү кишини чакыр!

Алтымыш кишини чакыр!

Миңдеген ойлор менен ансарлардан отуз кишини чакырдым, алар келишти. Ал тамактан жеп, тоюшту. Мунун бир мужиза экенин түшүнүп, ыймандары күчөп, дагы бир жолу биъат кылып кетишти. Кийин Расулуллах кайра мындай деди:

- Алтымыш кишини чакыр!

Мен мужиза катары тамактын азайбаганын көргөндүктөн андан бетер кубанып, алтымыш кишини Расулуллахтын даргейине чакырдым. Алар келип, тамактан жешти. Баары Расулуллахтын мужизасын тастыктап кайтышты. Андан кийин дагы айтты:

- Ансарлардан токсон кишини чакыр!

Чакырдым, келишти. Расулуллахтын буйругу менен ал дасторконго он кишиден болуп отуруп тамактанышты. Алардын баары бул улуу мужизаны көрүп кетишти. Тамак болсо мен алып келген бойдон эле, кудум эч кол тийбегендей турган эле.”

Абу Аййуб Ансари дагы баяндайт:

"Расулуллахка күн сайын кечки тамак жасап жөнөтчүбүз. Калганын кайра бизге жөнөткөндө Умму Аййуб экөөбүз Расулуллах кайра жөнөткөн тамактын калганын жеп, андан берекеленчүбүз.

Дагы бир түнү биз даярдап жиберген сарымсак кошулган тамактан Расулуллах хазреттери баш тартты. Анын жебегенин түшүнүп, капаланып жанына бардым. Мындай дедим:

- Йа, Расулаллах! Эне-атам Сизге курман болсун! Сиз кечки тамакты жегенден баш тарттыңыз. Негизи Умму Аййуб экөөбүз Сизден калган тамак менен берекеленип жаткан элек.

Силер аны жегиле!

Расулуллах хазреттери айтты:

- Мен бул жашылчадан бир жыт сездим. Ошон үчүн жеген жокмун. Мен периште менен сүйлөшкөн адаммын.

- Ал тамак арамбы?

- Жок! Бирок, мен жытынан улам жеген жокмун.

- Сиз жебегенди мен да жебейм.

- Силер аны жегиле!

Ошондон кийин биз андан жедик. Расулуллахка ал жашылчадан тамак жасап берген жокпуз.”

Хайбар казатынан кайтып келе жатып Абу Аййуб хазреттери түн ичинде Пайгамбарыбыздын чатырын кайтарган эле. Муну көргөн Пайгамбарыбыз ал үчүн мындай дуба кылды:

- Йа, Раббим! Мени коргоп түндү өткөргөндөй, сен дагы Абу Аййубду коргой көр!

Расулуллах хазреттери түшкө чейинки бир убакта Абу Бакр Сыддык жана Хазрети Омар-ул Фарук менен бирге Абу Аййуб Ансаринин үйүнө барышты. Бакчада иштеп жаткан Абу Аййуб Ансари хазреттери Расулуллахтын мубарек үнүн угуп, үйүнө чуркап келди.

"Кош келиңиз, йа, Расулаллах! Досторуңуз менен кош келиңиз”,-  деп тосуп алды. Бакчада иштеп жүргөнүн айтып, курма дарагынан бир сабак үзүп келди. Сабакта үч түрдүү курма бар эле.

Саан малды сойбо!

Расулуллах алейхиссалам айтты:

- Эй, Аба Аййуб! Бул сабактагы кургак курмаларды бөлүп ал!

- Йа, Расулаллах! Буйрук сиздики. Бирок, мен сизге мал союп, эт тартуулайын дедим эле.

- Эгер мал соё турган болсоң саан малды сойбо!

Абу Аййуб Ансари бир улак союп, анын жарымын аялы Умму Аййуб сууда, калган жарымын болсо кууруп бышырды. Ысык нан жасады. Эттерди нандын үстүнө коюп, дасторконду даярдады. Абу Аййуб Ансари: "Йа, Расулаллах, келиңиз”, - деди. Ошондо Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Эй, Аба Аййуб! Бул нан менен эттен бир кесим кызым Фатимага да жөнөтсөң. Анткени, мен билем, көптөн бери Фатима бул тамакты жей элек.

Буйрук аткарылып, дасторкон жыйналгандан кийин Пайгамбарыбыз: "Ушул нематтардын баары, нан, эт, курма кандай жакшы! Бул нематтар шүгүрчүлүктү талап кылат”, - деп көзүнө жаш алды. Андан кийин мындай деди:

- Напсим өз кудуретинде болгон Аллаху таалага ант берип айтам, эртең Кыяматта ушул нематтар үчүн силер суракка тартыласыңар. Ал эми соо кезиңерде колуңарга тийген нематтарды жей баштаганда "Бисмиллахи” деп, тойгондо "Алхамдулиллахиллази ашбаана ва ан ама алайна фаафдала” деп, Аллаху таалага шүгүр жана дуба кылгыла. Анткени, Аллаху таала берген ырыскысы ушу себеп менен силерге жетиштүү болот.

Расулуллах хазреттери кетип жатып: "Эй, Аба Аййуб! Эртең сен дагы бизге кел”, - деп чакырды.

Жакшылык тиле!

Абу Аййуб хазреттери бул чакырыкты жан дилинен кабыл алып, Расулуллахтын даргейине барды. Расулуллах хазреттери Абу Аййуб Ансари хазреттерин абдан жакшы көргөндүктөн, сыйлык катары бир кызматчысын анын кызматына берип, мындай деди:

- Эй, Абу Аййуб! Бул кызматчы тууралуу Аллаху тааладан жакшылык тиле. Анткени, бул кызматчы жаныбызда жүргөндө мындан жакшылыктан башка эч нерсе көргөн жокпуз.

Абу Аййуб Расулуллах хазреттеринин даргейинен кеткенде: "Мен Фахри аалам хазреттеринин осуяттарынан жакшылык көрүүдөмүн. Ушул себептен мен бул кызматчыдан да дайыма жакшылык көрдүм”, - деген эле.

Пайгамбарыбыз үчүн күн сайын дасторкон даярдоо Абу Аййуб Ансаринин адаты болчу. Мына ушундай ызаат жана икрамы менен даражасы абдан көтөрүлдү.

Хижрадан 52 жыл өткөндөн кийин Стамбулга Ислам аскеринин жүрүшү башталды. Мысырдан, Шамдан, Аравиянын бардык жеринен бөлөк-бөлөк аскерлер келди. Анткени, Расули акрам хазреттери айткан эле:

"Стамбул сөзсүз алынат! Аны алган эмир кандай мыкты эмир, аны алган аскер кандай мыкты аскер.”

Анын үстүнө ооруп жатасыз!

Мына ушул даңазаланган, макталган аскердин арасында болуу каалоосу менен мусулмандар топ-топ болуп Стамбулду алууга ашыгышты. Ошол убакта Хазрети Абу Аййуб ооруп калды. Бирок, жихад кабарын укканда толкунданганынан ордунан турду. Айрыкча Стамбул казатын укканда көздөрү жалтырады. Даярдыктарды баштады. Жакындары айтышты:

- Эй, Аба Аййуб! Жашыңыз 70тен ашты. Анын үстүнө оруп жатасыз. Бирок, бул сапар узак жана кооптуу.

Хазрети Аййубдун жообу чечкиндүү жана так болду:

- Жихад менен казатты таштоо анда да кооптуураак.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мединага келгенден жарым кылым өткөндөн кийин сүйүктүү достору да Стамбулга келишти.

Калың чептердин түбүндө Абу Аййуб хазреттери акыркы демдерин берип жаткан эле. Араң сүйлөп жаткан эле:

- Мужахиддерге салам айткыла. Аларга Расули Кибрия хазреттеринен мен уккан төмөнкү куттуу сөздөрдү жеткиргиле: "Кимде-ким Аллахка шерик кошпостон жанын тапшырса Аллаху таала да аны Бейишке киргизет.”

Анын айланасындагы гази (ардагер) жана жоокерлер тымызын ыйлап жатышты. Ак сакалдуу гази акыркы аракет менен мындай деп шыбырады:

- Менин силерге осуятым (керээзим) болсун:

Мен өлгөндөн кийин денемди бул жерге калтырбагыла! Газилер бара алган эң алыскы жерге алып баргыла! Византия жерлеринин Стамбулга эң жакын жерине койгула. Анткени, Пайгамбарыбыз хазреттери: "Константиниййада чептин жанына бир ражул-и салих коюлат”, - деген эле.

Акшамседдин тапты

Эртеси күнү улуу Сахаба шахадат келимеси менен таза рухун Аллаху таалага тапшырды. Сүйүктүү Расулуллахка жетти. Керээзи так аткарылды...

Византиялыктар тарабынан да ыйык деп билинген ыйык кабыры Стамбулду мусулман түрктөр алганга чейин 800 жылдан ашык убакыт жашыруун бойдон калды.

Улуу Аллахтын уруксаты менен ошол мыкты эмир Фатих Султан Мухаммед Хан жана ошол мыкты аскерлер болгон Османлы түрктөрү болду. 1453-жылы улубаттык Хасан караңгы чептерге Исламдын жарык чачкан тууларын орнотту.

Мына ошондо гана 800 жыл күткөн сабырдуу Абу Аййуб хазреттеринин жүзү нурданды. Аны жан-дили менен издеген Фатих Султандын устазы Акшамседдинге жылмайды. Ал азыркыдай Халичтин аягындагы дөбөдө нур түрүндө көрүндү. Кабырынын орду аныкталды.

Аллахтын эң сүйүктүү пендеси жана Пайгамбарын коноктогон Хазрети Абу Аййуб азыр да бизди коноктоодо.

Хазрети Абу Аййуб Акабада Аллахтын Расулунун колдорун кармап биъат кылды. Ислам сыймыгына ээ болду. Мединага кайтып келгенде анын бүт үй-бүлөсү жана уруусу мусулман болду.

Баардык согуштарга, өзгөчө Бадр жана Ухуд согуштарына катышты. Чындыгында намазда жана жихадда өтө кылдат болчу.

Эмнеге мынча кечиктирдиңиз?

Бир мезгилдерде Мысырга барды. Бир күнү кечинде вали болгон Укба бин Амир намазга кечигип калды. Намазды өз убагында, бирок, кечирээк окутту. Абу Аййуб хазреттери намаздан кийин валиге мына бул нерселерди айтты:

- Эй, Укба! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Шам намазын асманды жылдыздар каптаганга чейин кечиктирбегиле...”, - деген эле.

Укба: "Ооба”, - деп жооп бергенде, ал сурады:

- Анда эмнеге шам намазын мынча кечиктирдиңиз?

Укба өзүнүн бош эместигинен улам кечигип калганын айтканда: "Ант берем, сенин бул кылганыңды көрүп, эл Расулуллах алейхиссалам да ушундай кылган экен деп ойлоп калабы деп сарсанаа болом”, - деп валини эскертти.

Абу Аййуб хазреттери билдирген бир хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Кыямат күнү сахабаларымдын ар бири кабырланынан турганда өзү кайтыш болгон өлкөнүн бардык момундарын ээрчитип жана аларга нур, жарык чачып, аларды Арасат аянтына алып барат.”

Стамбулдун руханий фатихи болгон Хазрети Абу Аййуб Ансаринин чыныгы аты Халид, атасынын аты Зейд, апасы Рабия кызы Хинд, каймана аты Абу Аййуб. Ал түрктөр арасында Аййуб Султан деген ат менен белгилүү. Жубайы Умму Аййуб да Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кызмат кылуу сыймыгына ээ болгон.

Анын Аййуб, Абдуррахман жана Халид аттуу үч уулу жана Амре аттуу кызы бар эле.

Ал мединалык сахабалардын эң улууларынан эле. Эне-атасы жагынан Хазраж бутагынан эле. Өзү Нажжар уулдары уруусунун башчысы эле. Көптөгөн согуштарда туу көтөрүүчү милдетин да аткарган эле. Ушул себептен улам Расулуллахтын туу көтөрүүчүсү деп да таанылган.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдулмутталибдин эне теги Нажжар уулдарынан болчу. Ошондуктан, бул уруу Пайгамбарыбыздын таякелери болуп калат.

Жами мечити менен күмбөзү дароо курулсун!

Акшамседдин тарабынан кабыры аныкталганда фатихтердин атасы Гази Мухаммед Хан мындай деди:

- Жами мечити менен күмбөзү дароо курулсун! Бардык мусулмандар беш убак Стамбулдун руханий фатихине дуба кылышсын!

Курулган Аййуб Султан Жами мечитине 1723-жылы эки мунара кошулуп, 1800-жылы үчүнчү Селим хан тарабынан кайра курулган. Ал жерде окулган эң алгачкы Жума намазга Султан да катышты. Османлы султандары бул мечиттин алдында кылыч тагынышчу.

Хазрети Абу Аййуб жети ай Аллаху тааланын Расулун коноктоду. Көзү өткөндөн кийин болсо Стамбулдун колдоочусу болууда. Кандай бактылуубуз...

Османлынын доорунда жана азыркы учурда ажылыкка талапкерлер алгач Абу Аййуб (Султан) күмбөзүн  зыярат кылышат. Андан кийин ыйык топурактарга барышат...

Силер да кыйналган кезиңерде ошол жерди зыярат кылып, дуба кылгыла.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш