Абдуллах бин Салам


Тоораттан Расулуллахтын (Аллахтын элчисинин) белгилерин көрүп, мусулман болгон сахаба.

Абдуллах бин Салам хазреттери кутман сахабалардан жана ансарлардын улууларынан. Ал Мединадагы яхуди Бани Кайнука уруусунан болчу. Анын ата теги Хазрети Юсуфка барат. Чыныгы аты Хусейн болчу. Мусулман болгондон кийин Расулуллах хазреттери ага Абдуллах деген ысым ыйгарды.

Ал ыйман келтиргенге чейин яхуди аалымдарынын бири болчу. Мусулман болушу абдан үлгүлүү. Кантип мусулман болгонун өзү минтип баяндайт:

Акыр замандын пайгамбары

"Атам яхудилердин көрүнүктүү аалымдарынын бири болчу. Ал мага Тооратты окутуп, диндар болуп жетилүүм үчүн колунан келген аракетин жасачу. Бир күнү акыр заман Пайгамбарынын белгилерин жана жасай турган иштерин айтып мындай деди:

- Эгер акыр заман Пайгамбары Харун алейхиссаламдын урпактарынан, башкача айтканда, өз элибизден чыкса ишенем, башка элден чыкса ишенбейм! Сен дагы ишенбе!

Расулуллах алейхиссалам Мединага хижрат кылганга чейин атам дүнүйөдөн кайтты.

Расулуллах алейхиссалам Мединага хижрат кылганга чейин Меккеде пайгамбарлыгын жарыялагандан кийин сыпаттарына жана жасаган иштерине карадым, атамдын айтканындарына анык дал келип жаткан эле. Бирок, уруубуздун көрүнүктүү кишилери Араб уруусунан келди деп гана Расулуллахка каршы чыгып жатышкан эле. Тооратта айтылган белгилер айдан ачык эле.

Бир күнү мен яхудилердин курма бакчаларына бардым. Алар өз ара: "Арабдардын кишиси келди!” – деп сүйлөшүп жатышты. Бул сөздү укканда денем калтырай баштады. Өзүм байкабай "Аллаху Акбар” деп кыйкырдым. Менин такбир айтканымды көргөн эжем Халида бинти Харис мага ачууланып мындай деди:

- Аллах сени үмүт кылган нерсеңе жеткирбесин, үмүтүңдү текке кетирсин? Аллахка ант, эгер сен Муса бин Имрандын келе турганын укканыңда мындан артык сүйүнмөк эмессиң.

Мен ага мындай деп жооп бердим:

- Оо, эже! Аллахка ант, Ал Хазрети Муса сыяктуу пайгамбар. Муса алейхиссаламдын таухид дининде. Эмне үчүн буга каршы болуп жатасыз?

- Оо, инимдин уулу! Же ал Кыяматка жакын жиберилет деп бизге айтылган пайгамбарбы?

- Ооба.

- Анда кубанганың туура.

Мен чыдай албай Расулуллахты көрөйүн деп, Ал турган жерге бардым. Биринчи көргөндө эле ичимен: "Бул сулуу жүздүн ээси жалган сөз айта албайт!” – дедим. Расулуллах адамдардын арасында отуруп, аларга насаат айтып жаткан эле. Биринчи уккан хадиси шарифим мына бул эле:

- Араңарда саламды жайылткыла, ачкаларды тойгузгула, сыла-и рахм кылгыла, жакын туугандарыңарды зыярат кылгыла! Адамдар уктап жатканда намаз окугула! Ошентип Жаннатка аман-эсен киресиңер.

Аллах бир

Анан мага кайрылып сурады:

- Сен мединалык аалым Ибни Салам эмессиңби?

- Ооба.

- Эй, Абдуллах, Аллах үчүн айт! Тоораттан менин сыпаттарымды окуп-билген жоксуңбу?

- Ооба, билдим. Йа, Расулаллах Аллаху тааланын сыпаттарын айтып бересизби?

Расулуллах алейхиссалам мага Ихлас сүрөсүн окуду.

"Айт: Ал Аллах бир. Ага эч нерсе тең келбейт!” деген маанидеги аяти кариманы укканда:

- Аллахдан башка кудай жок деп күбөлүк берем. Сиз Анын кулу жана расулусуз деп ыйман келтирдим.

Абдуллах бин Салам мусулман болгондон кийин болгон окуяны мындайча баяндайт:

Мен мусулман болгондон кийин Расулуллахка айттым:

- Йа, Расулаллах! Яхудилердей жалганчы, өжөр, заалым эч ким жок. Алар эч кандай жалаадан качышпайт. Эгер азыр менин мусулман болгонумду билип калышса, болбогон жалааларды жабышат, муну айта электен мурун алардан мен жөнүндө сураңыз!

Ал биздин өтө чоң аалымыбыз

Андан кийин мен көшөгө артына жашындым. Расулуллах бир топ яхудилерди чакырды. Алардан сурады:

- Араңардагы Хусайн (Абдуллах) бин Салам кандай адам?

- Ал биздин өтө чоң аалымыбыз. Андай жакшы адам чанда кездешет. Ал чынчыл.

- Эгер ал мусулман болуп калса эмне дейт элеңер?

- Аллах аны мындай нерседен сактасын!

Кийин мен жашынган жеримен чыгып айттым:

- Эй, яхуди жамааты, Аллахтан корккула! Силерге келгенди кабыл алгыла! Аллахка ант болсун, силер Расулуллахтын чыныгы пайгамбар экенин билесиңер. Анткени, белгилери Тооратта ачык жазылган. Башка уруудан чыккандыгы үчүн өжөрлүгүңөрдөн ыйман келтирбей жатасыңар. Мен Аллахтан башка кудай жок экенине күбөлүк берем. Жана дагы Мухаммед алейхиссаламдын Аллахтын расулу экендигине күбөлүк берем.

Ошондо яхудилер:

- Бул биздин эң жаманыбыз. Арабызда мындан жаман адам жок, - деп негизсиз жалаа жаап башташты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам яхудилерге кайрылып мындай деди:

- Биринчи күбөлүгүңөр бизге жетиштүү, экинчиси болсо керексиз.

Хазрети Абдуллах дароо үйүнө кайтты. Үй-бүлөсүн, туугандарын Исламга чакырды. Эжеси болуп баары мусулман болушту.

Анын ыйман келтиргени яхудилерди абдан ачуулантты. Ошондуктан, алар аны кысымга ала башташты. Ал тургай кээ бир яхуди аалымдары:

- Араптардан пайгамбар чыкпайт. Сенин адамың өкүмдар, - деп Абдуллах бин Саламды Исламдан баш тарттырууга аракет кылышкан болсо да эч кандай майнап чыккан жок.

Аны менен бирге Саълаба бин Саъйа, Усайд бин Саъйа, Асад бин Убайд жана кээ бир яхудийлер чын ыкластан мусулман болушту. Бирок, кээ бир яхудилер айтышты:

- Исламга биздин жамандарыбыз гана ишеништи. Эгер алар жакшыларыбыздан болгондо ата-бабаларынын динин ташташмак эмес.

Мунун натыйжасында түшүрүлгөн аяти кариманын маанисинде төмөнкүчө айтылат:

"Алардын китеп ээлеринин баары бирдей эмес. Китеп ээлеринин ичинде бир жамаат бар болуп, алар түндөсү саждага жыгылышып Аллахтын аяттарын окушат.” [Ал-и Имран, 113]

Адилеттүү күбө

Абдуллах бин Саламдын ыйман келтиргенине жана пазилетине Курани карим төмөндөгү аяти кариманын күбөлүк берерин тафсирчилер билдиришет. Бул аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Ишенбей четке каккандарга айт: "Эгер Курани карим Аллах тарабынан жөнөтүлгөн болуп, силер ишенбей четке каккан болсоңор жана Исраил уулдарынан бир күбө Курани каримди окшошуна, Тооратка ылайык бул да Аллахтын сөзү деп күбөлүк келтирип ишенди да, силер болсо дагы эле текебердик кыласыңар, мага айткыла өзүңөрдүн убалыңарга калган болбойсуңарбы? Албетте, Аллах заалым коомду туура жолго салбайт.” [Ахкаф, 10]

Тафсир аалымдарынын айтымында аяттагы Исраил уулдарынан бир күбө катары айтылган адам Абдуллах бин Салам. Анткени, Ал өз элине:

- Хазрети Мусага түшкөн Тооратты Аллахтын сөзү деп кабыл алып, бирок, Хазрети Мухаммедди жана Ага түшкөн Курани каримди четке кагуу зулумдук, - деп мусулман болгон эле.

Абдуллах бин Салам хазреттери яхудий аалымы эле. Мусулман болуп, ыйман сыймыгына ээ болгондон кийин өзүн толугу менен Ислам динине арнады. Ал тууралуу яхудилер ойлоп чыгарган жалааларга кулак салган жок. Курани каримге толук берилип,  Расулуллахты көлөкөдөй ээрчий баштады. Пайгамбарыбыз ал жөнүндө мындай деген эле:

- Бейиштик бир адамды көргүсү келген адам Абдуллах бин Саламга карасын.

Бакчада көрдүм

Бир күнү Расулуллахтын даргейине келип мындай деди:

- Йа, Расулаллах, түшүмдө өзүмдү бакчада көрдүм. Бакчада темир тирек бар эле. Тиректин бир учу жерде, экинчи учу асманда эле. Анын үстүндө бир тутка, бир шакек бар эле. Мага: "Кана, бул тирекке чык!” – делди. Мен болсо: "Күчүм жетпейт”, - дедим. Ошондо мага бирөө келип, үстүмдөгү кийимди чечти. Ошентип, мен тиректин чокусуна оңой чыгып, туткасынан кармап алдым. "Жакшылап карма, коё бербе!” – деп эскертилди. Ошентип тиректин туткасын кармаган абалда ойгонуп кеттим.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын түшүн мындайча жоруду:

- Сен көргөн бакча - Ислам дини. Тирек болсо - Ислам дининин тиреги, таухид. Ал тутка болсо - бекем ыйман. Сен акыркы демиңе чейин Ислам дининде жашайсың!

Башка бир убакта Пайгамбарыбыз алейхиссалам сахабалары менен сүйлөшүп жатып мындай деди:

- Тигил эшиктен биринчи кире турган адам - жаннаттыктардын бири.

Кутман сахабалар ким кирээрин кызыгып күтүп жатышканда Абдуллах бин Саламдын кирип келгенин көрүштү. Андан кийин ага бул сүйүнчүлүү кабарды айтып, сурашты:

- Эй, Абдуллах! Сен ушул даражага кайсы амалың менен жеттиң?

- Мен алсыз адам элем. Менин эң күчтүү үмүтүм – көңүл саламаттыгы, башкача айтканда, эч кимге карата жамандык каалабоом, куру сөздөрдү таштоом. Мени мындан башка куткарар деп үмүт кыла турган башка амалымды билбейм.

Текебер Бейишке кирбейт

Абдуллах бин Салам хазреттери напсин жаман мүнөздөрдөн жана каалоолордон толук тазалап, тарбиялаган эле. Өзү бай болгонуна карабастан кээде Медина базарында анын жүк көтөрүп жүргөнүн көрүшчү эле. Бир күнү анын дагы мындай абалда көргөндөр айтышты:

- Сенин бала-чакаң, кызматчыларың бар. Бул иштерди эмне үчүн аларга жасатпайсың?

- Ооба, бул иштерди жасай турган адамдарым бар. Бирок, мен напсимди сынап көргүм келет. Ушундай иштер напсиме оор сезилип жатабы же жокпу? Менин максатым ушуну түшүнүү. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир хадиси шарифинде: "Жүрөгүндө кымындай текебердик, чоңсунуу бар адам Бейишке кирбейт”, - деп айткан. Башка бир хадиси шарифинде болсо: "Үйүнө өз колу менен мөмө-жемиш же кандайдыр бир нерсе алып барган адам текебердиктен алыстаган болот”, - деп айткан. Ошондуктан, жүгүмдү өзүм көтөрүүдөмүн.

Абдуллах бин Салам хазреттери Хазрети Осман шейит болгон учурда анын жанында эле. Козголоңчуларга мындай деди:

- Тарыхта өлтүрүлгөн ар бир пайгамбар үчүн жетимиш миң аскер өлтүрүлгөн. Өлтүрүлгөн ар бир халифа үчүн он беш миң киши өлтүрүлгөн. Келгиле, бул нерседен баш тарткыла! Антпесе, акыретте мунун жазасы катары өтө катуу азап тартасыңар! Ошондой эле Хазрети Османдын силердин үстүңөрдө көптөгөн акылары бар.

Бирок, козголоңчулар анын сөзүн укпай, акарат кылышты.

Хазрети Абдуллах чындыгында ахлак жана илим менен өзүн кооздогон бейиштик адамдардын бири эле.

Кутман сахабалардан Муаз бин Жабал 639-жылы Сирияда пайда болгон чума оорусуна чалдыккан эле. Өлөөр алдында жанында ыйлап жаткан шакирти Язид бин Амирден сурады:

- Эмнеге ыйлап жатасың?

- Мен дүнүйө үчүн ыйлаган жокмун. Илимди сизден үйрөнүп жаткан элем, муну жогото турганым үчүн кайгыруудамын!

Ошондо Муаз бин Жабал айтты:

Илим жок болбойт

- Менин өлүмүм менен илим жок болбойт. Менден кийин илимди төрт адамдан үйрөн: Абдуллах бин Масъуддан, Абдуллах бин Саламдан, анткени, Расулуллах ал тууралуу: "Ал жаннаттык болгон он адамдын онунчусу”, - деди. Хазрети Омардан жана Салман Фарисиден үйрөн.

Абдуллах бин Омар айтат:

Мединада яхудилердин бир тобу Расулуллахка келип айтышты:

- Сен алып келген динде ражм (таш бараңга алуу) барбы?

Расулуллах хазреттери дагы алардан сурады:

- Тооратта ражм жазасы тууралуу эмне деп жазылган?

- Тооратта ражм жазасы жок.

Абдуллах бин Салам яхудийлерге мындай деди:

- Калп айтып жатасыңар! Тооратта ражм аяты бар.

Ошондо Тооратты алып келип, ачышты. Яхудилердин бири ражм аятына колун коюп, ага чейинки жана кийинки аяттарды окуй баштады. Абдуллах бин Салам ага:

- Колуңду көтөр! – деди.

Ал колун көтөргөндө ражм аяты көрүндү. Ошондо яхудилер мындай дешти:

- Эй, Мухаммед! Абдуллах бин Салам чындыкты айтты. Чындыгында Тооратта ражм аяты бар.

Бир күнү Хазрети Абдуллах бин Салам Кааб-ул Ахбарга мындай суроо берди:

- Аалымдар илимди үйрөнүп, акылдарына жайгаштыргандан кийин аны ал жерден алып салган нерсе эмне?

Хазрети Кааб айтты:

- Тамаъ, ачкөздүк жана муктаждыктын артынан жүгүрүү.

Ачкөздүктүн булагы

Бирөө Фудайл бин Иядга айтты:

- Каабдын бул сөзүн мага түшүндүрүп бере аласызбы?

Ошоно Фудайл мындай деп жооп берди:

- Тамаъ – адамдын бир нерсени издөөсү жана бул үчүн ыйык баалуулуктарын курман кылуусу. Ачкөздүк болсо – напсинин бардык нерсени каалоосу, сенин да анын каалоолорун орундашың. Ошон үчүн бирөөлөргө, жаман адамдарга жана башкаларга муктаж болосуң. Сенин муктаждыгыңды аткаргандар да көргүлүктү көрсөтүшөт. Тактап айтканда, алар сени өздөрүнүн буйругуна алып, каалаган жерлерине сүйрөшөт, сен болсо аларга моюн сунасың. Алар ооруп калганда дүнүйө сүйүүсүнөн улам аларды зыярат кыласың, жолугуп калсаң салам бересиң. Берген бул саламыңды, кылган зыяратыңды Аллах ыраазычылыгы үчүн кылбайсың. Эгер бул адамдарга муктаж болбосоң сен үчүн абдан жакшы болмок. Бул мен сага айткан нерсе жүз хадиси шариф риваят кылуудан сен үчүн жакшыраак.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш