Абу Саид Худри


Көп хадис риваят кылган жети сахабанын бири.

Абу Саид Худри хазреттери Мединада Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын хижратынан кийин курулган Масжиди Набавинин курулушунда иштеген эле.

Жаш болгондугуна байланыштуу Бадр жана Ухуд казаттарына катыша алган эмес. Бадр казатына атасы Малик бин Синан катышты. Шейит болуу үчүн алдыңкы саптарда баатырларча салгылашты.

Абу Саид Худри Ухуд согушуна катышуу үчүн атасы менен бирге Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кайрылышты. Бул окуяны Абу Саид хазреттери мындайча баяндайт:

Сөөгү жоон

"Ухуд күнү Пайгамбарыбыз алейхиссаламга көрсөтүлгөнүмдө он үч жашта элем. Атам мени Расулуллахка алып барып айтты:

- Йа, Расулаллах! Бул балам канчалык жаш болгону менен сөөктөрү жоон. Денеси өнүккөн. Уруксат берсеңиз, биз менен келсин.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мени жогорудан ылдый караган соң мындай деди:

- Аны артка кайтаргыла!

Мен сыяктуу жашы жете электер Мединада аялдарды жана жаш балдарды коргоо үчүн милдеттендирилди.”

Атасы Малик бин Синан хазреттери Ухуд казатында шейит болду.

Ухуд казатынан кайтканда Пайгамбарыбыз алейхиссаламды кантип тосуп алышканын Абу Саид Худри хазреттери мындайча баяндайт:

"Энем экөөбүз бирге Пайгамбарыбыз алейхиссаламды тосуп алууга, Анын ыйык жамалын көргөнү барганыбызда атамдын шейит болуу сыймыгына ээ болгонун билдик. Пайгамбарыбызды карап жатып Ал да бизди көрдү. Мага мындай деди:

- Сен Малик бин Синандын уулусуңбу?

Мен мындай деп жооп бердим:

- Ооба, эне-атам сизге курман болсун, йа, Расулаллах.

Расулуллах хазреттери ат үстүндө эле. Мен дароо жакындап, алардын мубарек тизелерин өбүү сыймыгына ээ болдум. Мага мындай деди:

- Аллаху таала атаңа сооп-сыйлыгын берсин.”

Биз корккон нерселерден сактай көр

Хендек казатында мүшриктер абдан катуу чабуул жасап жатышкан. Хазрети Абу Саид Худри бир убакта Пайгамбарыбызга жакын келип мындай деди:

- Йа, Расулаллах, жүрөгүбүз оозубузга келди, биз окуй турган бир дуба барбы? Пайгамбарыбыз айтты:

- Ооба бар. "Йа, Раббим, ачык жана корккон жерлерибизди жап, бизди бардык корккон нерселерибизден сактай көр!” деп дуба кылгыла!

Баарыбыз дуба кылдык, жалынып-жалбардык. Көп өтпөй катуу бороон болду. Душман ордосун жер менен жексен кылды, душман кыйрап, тарап кетти.

Абу Саид Худри хазреттери дайыма Расулуллахтын жанында болуп, Андан көптөгөн хадиси шарифтерди укчу. Бул хадиси шарифтердин биринде мындайча айтылат:

"Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Аллаху таалага ант болсун, эгер араңардан бирөө Ухуд тоосундай алтын садака берсе, бир сахабамдын бир муд (875 г), атүгүл, жарым муд садакасына жетпейт.”

Атасынын шейит болушу менен үйдүн бүт түйшүгү Хазрети Абу Саиддин мойнуна жүктөлдү. Үйүнүн муктаждыктарын камсыздай турган эч ким жок болгондуктан үй-бүлөсү бир топ кыйынчылыкка кабылды. Энеси менен бирге абдан сабырдуу болгондуктан дарттарын, кыйынчылыктарын эч кимге айтышчу эмес. Ачка калышканда курсактарына таш байлап ачкалыктарын кетиргенге аракет кылышчу.

Бир күнү энеси чыдай албай: "Балам, Расулуллах хазреттери кайрылгандарды эч качан артка какпайт, жегенге бир нерсе таап берет. Сен да бар, балким, биз үчүн жакшы болор”, - деп, Абу Саидди Расулуллахка жөнөттү.

Сабырдан артык ырыскы жок

Абу Саид Расулуллахты сахабаларына насаат кылып жатканын көрдү. Ал отуруп, тыңдай баштады. Бир убакта Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Кимде-ким Аллаху тааладан башка бардык нерседен жүз буруп жана бүт нерсени Аллаху тааладан күтсө, Аллаху таала ганий кылат, бай кылат. Сабырдан артык ырыскы жок. Эгер сабырга ыраазы болбосоңор, анда сурагыла, берейин.

Бул куттуу сөздөрдү уккан Абу Саид Худри Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан эч нерсе сурай алган жок. Ал үйгө келип, жагдайды энесине болгондой түшүндүрдү.

Абу Саид Худринин бул кадамынан кийин анын иштери жакшы болду. Мединанын эң байларынан болуп калышты.

Абу Саид Худри хазреттери Бани Мусталик казатына, андан соң Хендек казатына катышты. Ал көп баатырдыктар көрсөттү. Көрсөткөн баатырдыктарын Пайгамбарыбыз абдан жактырган эле.

Хазрети Абу Саид Худри Хендек согушу басаңдаган бир түшкө маал Расулуллах алейхиссаламдан үйүнө барып келүү үчүн уруксат сурады. Пайгамбарыбыз уруксат берип мындай деди:

- Куралыңды өзүң менен ал! Бани Курайза яхудилери сага зыян келтирүүсүнөн корком.

Хазрети Абу Саид Худри да буйрукка ылайык куралдарын алып үйүнө жөнөдү. Жубайы эшикте турган эле. Эмне үчүн үйдө эмес, сыртта күтүп турганын сураганда аялы айтты:

- Эмне үчүн мага ачууланып жатасың? Ичке кирип көрүңүз!

Үйгө киргенде төшөктүн үстүндө чоң кара жыландын жатканын көрүштү.

Мусулман болгон жиндерден

Хазрети Абу Саид Худри найзасын алып жыланды сайды. Андан кийин жыланды төшөктөн көтөргөндө, төшөктө жыландын ордунда бир жигиттин жатканын көрүштү. Найзанын учундагы жыланды бакчага алып барып илип коюшту. Жылан титиреп өлдү. Үйдө төшөктө жаткан жигит да кыйналып өлдү. Алгач жылан өлдүбү же жигитпи, муну аныктай алышкан жок.

Хазрети Абу Саид Худри дароо келип, болгон окуяны Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кабарлады.

Пайгамбарыбыз дагы мындай деди:

- Ал Мединадагы мусулман жиндердин бири. Эгер алардан бир нерсе көрсөңөр аларга үч күн мөөнөт бергиле! Ошондон кийин эгер силерге кайра көрүнсө аны өлтүргүлө. Анткени, ал шайтан.

Абу Саид Худри хазреттери 630-жылы Алкама бин Махрездин башчылыгында чакан бир жортуулга чыгышты. Бул жортуулду Абу Саид Худри мындайча баяндаган:

"Расулуллах хазреттери Алкаманы жортуулга жөнөткөн эле. Мен да жортуулга катыштым. Бутага жакындаганыбызда кол башчыбыз аскерлерди экиге бөлдү. Бир бөлүгүн Абдуллах бин Хузафага тапшырды. Мен да аны менен бирге элем.

Айтканымдын баарын аткарууга тийишсиңер!

Абдуллах бин Хузафа кутман сахабалардын баатырларынын бири болуп, абдан тамашакөй адам болгон. Жолдо бир жерде тыныгуу берилди. От жагылды. Кээ бирибиз отко жылынсак, кээ бирибиз отто иштерибизди аткарып жаттык. Бир убакта Хазрети Абдуллах жоокерлерге айтты:

- Силер мага моюн сунууга милдеттүүсүнөр, ушундай эмеспи?

- Ооба...

- Андай болсо, айтканымдын баарын аткарууга тийишсиңер, ушундай эмеспи?

- Албетте аткарабыз.

- Андай болсо азыр силерге буйрук кылам, баарыңар ушул күйүп жаткан отко киргиле!

Ошондон кийин көпчүлүк жоокерлер дароо ордунан туруп, отко секирүүгө даярданышты. Хазрети Абдуллах ордунан турган бул жоокерлерин буйрукка баш ийүүдөгү кайраттарын көрүп, абдан кубанып мындай деди:

- Токтогула! Мен муну силердин баш ийүүңөрдү текшерүү үчүн айттым.

Бул жортуулдан кайтканыбызда бул от окуясын Пайгамбарыбыз алейхиссаламга айттык. Мындай деди:

- Силерге бир күнөө кылууну буюрган адамга баш ийбегиле!”

Абу Саид Худри хазреттери мындай дейт:

"Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир киши келди. "Инимдин ашказаны ооруйт. Эмне кылайын?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Бал шербетин ичир!

Сураган киши кетип, инисине бал шербетин ичирди. Эртеси кайра келип, инисине бал шербетин ичиргенин, бирок, оорусу күчөп кеткенин айтты. Расулуллах хазреттери дагы айтты:

- Барып, ага бал шербетин ичир!

Кемчилик иниңдин ашказанында

Ал киши кетип, эртеси кайра келип, иниме бал шербетин ичиргенин жана оорусу ого бетер күчөп кеткенин айтканда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Аллаху тааланын сөзүндө ката болушу мүмкүн эмес. Кемчилик иниңдин ашказанында. Барып, ага бал шербетин ичир!

Ал киши бул жолу бал шербетин ичиргенде иниси сакайып кетти.”

Абу Саид Худри хазреттери өзү уккан хадиси шарифтерди дээрлик бардык жерде айтып берчү. Бирок, "Хак жана акыйкатка кызматта кемчилик кетирип коёмбу” деген санаа менен ыйлачу. Ал риваят кылган жана баарына белгилүү болгон бир хадиси шарифте Пайгамбарыбыз мындай деген:

- Силердин бирөөңөр бир мункарды, тыюу салынган нерсени көрсө жана ага колу менен тоскоол боло алса ага дароо тоскоол болсун. Эгер колу менен тоскоол боло албаса тили менен, тили менен да тоскоол боло албаса жүрөгү менен жек көрсүн. Бул болсо ыймандын эң алсызы.

Хазрети Абу Саид Худри 30 кишилик бөлүккө кол башчы болуп дайындалды. Бул бөлүк Мединадан чыга баштады. Жолдо бир топ мусулман эмес бедуиндерге жолугуп, аларга конок болууну каалашкан болсо да, кабыл алынган жок.

Башчыбызды чаян чагып алды

Мусулмандар аларга жакын жерде демалып жатышканда бул бедуиндердин башчыларын бир чаян чагып алды. Ал жердегилер өз башчыларын сактап калуу үчүн көптөгөн ыкмаларды колдонушканы менен даба болгон жок. Бедуиндердин кээ бирлери айтты:

- Келгиле, тигил каршы тарапта демалып жаткан кербенге барып, чаян чаккандын дарысы тууралуу сурайлы. Балким кимдир бирөө билет.

Сахабаларга бир нече адам келип:

- Эй, адамдар! Биздин башчыбызды азыр эле чаян чагып алды. Биз билген ыкмаларды колдондук, бирок, айыккан жок. Араңарда бул ишти билгендер барбы?

Абу Саид Худри хазреттери айтты:

- Силер биздин талабыбызды алгач четке кактыңар, бизди конок катары кабыл албадыңар. Оорулууңарды дарылайм. Бирок, ага жооп катары силерден бир үйүр кой алабыз.

Алар болсо макул болушту. Башчыларынын жанына барышты. Абу Саид Худри башчынын жараатын таңып, жети жолу Фатиха сүрөсүн окуду. Окуу аяктаары менен башчы дароо ордунан турду. Анда оорунун изи да калган жок.

Бедуиндер кутман сахабаларга убада кылган үйүрдү беришти. Абу Саид Худри хазреттери: "Келгиле, бул үйүрдү арабызда бөлүшөлү”, - деген сахабаларга айтты:

- Жок! Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бул окуяны айтып беребиз, койлорду да Өзүнө көрсөтөбүз. Кандай буйрук берсе, ошентип кыймылдайбыз.

Сапардан кайтып келгенден кийин бул окуяны айтып беришти. Пайгамбарыбыз;

- Фатиханын мынчалык таасирдүү дуба экенин сага ким үйрөттү? – деп көңүлүн алды. Андан кийин жакшы иш кылганын түшүндүрдү.

Хазрети Абу Саид Худри мындай дейт:

"Бир күнү Пайгамбарыбыз сахабаларына бир нерселерди бөлүп берип жаткан эле. Бир киши келип айтты:

- Йа, Расулаллах! Адилеттүүлүк менен иш кыл!

Ким адилеттүүлүк кылат?

Пайгамбарыбыз дагы айтты:

- Мен адилеттүүлүк кылбасам, анда ким кылат?

Бул окуя болгон учурда Хазрети Омар да ошол жерде болчу. Ал бул кишиге катуу ачууланып, Расулуллахка мындай деди:

- Йа, Расулуллах! Уруксат берсеңиз, бул кишинин башын кесип салайын.

Расулуллах аны карап мындай деди:

- Жок, жөн кой! Анын бир топ достору болот, алар силердин намаздарыңарды, орозоңорду жактырышпайт. Бирок, алар жаадан жебе чыккандай эле динден чыгышат. Алардын арасында ушундай бир адам болот, көкүрөктөрүнүн бири аялдын көкүрөгүндөй болот. Булар адамдар фетрет доорундагы кезде пайда болушат.

Ушул убакта "Адамдардын арасында ушундай адамдар бар болуп, сен зекетти таратып жатканыңда сени каштары, көздөрү менен келеке кылышат” деген аяти карима түштү.”

Хазрети Абу Саид Худри мындай дейт:

- Мен Пайгамбарыбыз ишаарат кылган бул адамды Хазрети Алинин Нехреван жортуулу учурунда өлтүргөнүн көрдүм. Бул киши дал Пайгамбарыбыз айткандай эле.

Абу Саид Худри хазреттери Худайбия, Хайбар, Мекке, Хунайн жана Табук казаттарына да катышты. Пайгамбарыбыз менен бирге 12 казатка катышуу сыймыгына ээ болгону айтылган.

Абу Саид Худри Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Хазрети Абу Бакр, Хазрети Омар, Хазрети Османдын халифалык доорунда Мединада фатва менен алек болду. 656-жылы Хазрети Алинин доорунда ар кандай фитнадан алыс болууга аракет кылса да, бузуку агымдардан болгон харижиттер менен болгон Нехреван согушуна катышты.

Стамбулду алууга келди

Бир риваятка ылайык, Абу Саид Худри хазреттери Стамбулду алуу үчүн келген аскерлердин арасында бар эле. Душмандар менен салгылашып Эдирнекапы айланасында шейит болду. Кабырын Фатих Султан Мухаммед Хандын устазы Акшамседдин хазреттери тапты. Кабыры мурда чиркөө болуп, мечитке айландырылган Карийе Жами мечитинин бакчасында. Бир риваятка ылайык, 693-жылы бир жума күнү кайтыш болду. Сөөгү Мединадагы Баки көрүстөнүнө коюлду.

Хазрети Абу Саид Худри хадиси шариф жана фикх илимдеринде өтө бийик даражаларга ээ болду. 1170 хадиси шариф риваят кылган. Хазрети Абу Саид Худри сабак берип жатканда анын тегерегине калың эл топтолчу, берилген бардык суроолорго жооп берчү.

Абу Саид Худри хазреттери айтат:

Пайгамбарыбыз хазреттери кубанып көңүл ачып жаткан кээ бир адамдарды көргөндө мындай деди:

- Эгер өлүмдү ойлогонуңарда, лазаттар силерге даамсыз сезилмек жана бул абалыңарды таштамаксыңар.

Абу Саид Худри мындай деп баяндайт:

"Бирөө Расулуллах алейхиссаламдын артында намаз окуду. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан мурда рукуга ийилип, дагы мурда башын көтөрүп жаткан эле. Пайгамбарыбыз намаздан кийин:

- Муну кылган ким эле? – деп сурады. Ал киши айтты:

- Бул менмин йа, Расулаллах.

Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Намаздын кемчиликтүү болгонунан сактангыла! Имам рукуга барганда рукуга баргыла. Башын көтөргөндө башыңарды көтөргүлө”, - деди.”

Эң оор кыйынчылык

Хазрети Абу Саид Худри айтат: "Расулуллах хазреттеринин даргейине бардым. Баркыт менен оронуп алган эле. Ысыгы ошол баркыттан чыгып, сезилип турду. Колубузду куттуу денесине коё албаган элек. Биз таң калдык. Мындай деди:

- Эң оор кыйынчылык пайгамбарларга келет. Бирок, пайгамбарлардын кыйынчылыктарга кубануусу силердин ихсандарга кубанууңардан көбүрөөк.”

Хазрети Абу Саид Худри өзү туура деп билген бир маселени айтуудан тартынчу эмес. Ал абдан баатыр, жан аябас жана сабырдуу зат эле. Ал таза жана жөнөкөй жашачу. Ушундай болгонду жакшы көрчү. Муктаж болгондорго жардам берип, аларды үйүнө киргизип, тарбиялачу.

Абу Саид Худри айтат: Расулуллах алейхиссаламдан уктум. Мындай деди:

"Адамдардын эмне кылганын жазган периштелерден башка периштелер да бар. Алар жолдордо, көчөлөрдө жүрүшөт. Аллаху тааланы зикир кылгандарды издешет. Зикир кылгандарды тапканда бири-бирине айтышат:

- Бери келгиле, бери келгиле!

Алар кандай экен?

Канаттары менен аларды ороп алышат. Алар ушунчалык көп болгондуктан асманга жетет. Пенделеринин бардык иштерин билүүчү Аллаху таала периштелерден сурап мындай дейт:

- Менин пенделерим кандай экен?

- Эй, биздин Раббибиз! Сага хамд жана санаа кылып, сенин улуулугуңду айтып жатышат.

- Алар мени көрүштүбү?

- Жок, көрүшкөн жок.

-Эгер көрүшкөндө кандай болмок?

-Көбүрөөк хамд,  көбүрөөк тасбих жана көбүрөөк текбир айтышмак.

- Алар менден эмнени каалап жатышат?

- Эй, биздин Раббибиз! Алар Бейишиңди каалап жатышат.

- Алар Бейишти көрүштүбү?

- Көрүшкөн жок.

-Эгер көрүшкөндө кандай болмок?

- Көбүрөөк жалынып-жалбарышмак, көбүрөөк каалашмак. Эй, биздин Раббибиз! Бул пенделериң Жаханнамдан коркушат. Сага сыйынып жатышат.

- Алар Жаханнамды көрүштүбү?

- Көрүшкөн жок.

-Эгер көрүшкөндө кандай болмок?

- Эгер көрүшкөндө дагы көбүрөөк жалынып-жалбарышмак жана андан кутулуунун жолуна көбүрөөк жармашышмак.

Ошондо Аллаху таала периштелерге айтат:

- Күбө болгула, алардын баарын кечирдим.

- Эй, биздин Раббибиз! Ошол зикир кылуучулардын жанында баланча киши зикир кылганы келген жок эле. Ал дүнүйөлүк кызыкчылык үчүн келген эле.

- Алар менин конокторум. Мени эстегендер менен биргемин. Алардын жанында болгондор да зыянга учурашпайт.”

Расулуллах алейхиссалам айтты:

"Кабыр - Бейиш бакчаларынан бир бакча же Тозок чуңкурларынан бир чуңкур.”

"Төшөгүнө жатканда үч жолу Астагфируллах ал-азим аллази ла илаха илла хувал-хаййал-кайюм ва атубу илайх деп айткан адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй, Тамим аймагынын кумдарындай же бактын жалбырактарынын санындай же дүнүйөнүн күндөрүндөй көп болсо дагы Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирет.”

Аллахтан корк!

Абу Саид Худри хазреттери өзүнөн насаат сураган бирөөгө мындай деди:

- Аллахтан корк. Анткени, бардык нерсенин башаты Аллахтан коркуу. Жихадга жармаш! Анткени, жихад Ислам дининин дүнүйөнүн зоок жана лаззаттарына берилбөө сезими. Аллаху тааланы эзикир кылууну жана Курани каримди окууну улант. Сени асмандагы периштелердин жана жердеги адамдардын арасында жашата турган нерсе мына ушул. Чынчыл бол, мунун сыртында унчукпоону танда! Ушул иштерди кылсаң шайтанды жеңесиң.

Абу Саид Худри хазреттери айтат:

Расулуллахтан уктум. Мындай деген эле:

"Силерден мурункулардын арасында бир киши бар эле. Ал токсон тогуз адамды өлтүргөн эле. Андан кийин: "Дүнүйөдөгү эң чоң аалым ким?” – деп сураштырды. Ага бир поп көрсөтүлдү. Ошондо ал поптун алдына барды. "Токсон тогуз киши өлтүрдүм, тообо кылсам кабыл болобу?” – деп сурады. Поп: "Тообоң кабыл болбойт”, - деди.

Тообоңо ким тоскоол боло алат?

Ошондо ал киши попту да өлтүрдү. Аны менен жүздү толуктады. Андан кийин жер жүзүндөгү эң чоң аалымдан сурап, издештирди. Ага бир аалым затты сунуш кылышты. Ал аалымдан сурады:

- Мен жүз кишини өлтүрдүм. Эгер тообо кылсам кабыл болобу?

Аалым мындай деди:

- Ооба, сенин тообо кылууңа ким тоскоол боло алат? Баланча жерге бар, ошол жерде Аллаху таалага ибадат кылуу менен алек болгон адамдар бар. Алар менен бирге Аллаху таалага ибадат кыл. Мекениңе кайтып келбе! Анткени, ал жаман жер.

Ошондо тообо кылган киши жолго чыкты. Ал жарым жолго жеткенде кайтыш болду. Ырайым периштелери менен азап периштелери бул кишини алып кетүүгө келишти. Ырайым периштелери айтышты:

- Бул киши чын жүрөктөн тообо кылып келди.

Азап периштелери дагы айтышты:

- Бул киши эч кандай жакшылык кылган эмес.

Ошондо алардын жанына адам келбетинде бир периште келди. Периштелер аны өз араларына калыс кылып дайындашты. Периште айтты:

- Эки тараптагы аралыкты салыштырып көргүлө! Кайсы тарап жакын болсо ал киши ошол тараптыкы болот.

Алар аралыкты ченешти. Ал киши бара турган жерине жакыныраак болуп чыкты. Ошондуктан, аны ырайым периштелери алып кетишти.”

Абу Саид Худри мындай деди:

Расулуллах хазреттери малга чөп берчү. Төөнү байлачу. Үйүн шыпырчу. Койдун сүтүн саачу. Бут кийиминин сөгүлгөн жерин тикчү. Кийимдерин жамачу. Кызматчысы менен чогуу тамактанчу. Кызматчысы кол тегирменин айлантып жатып чарчаганда, ага жардам берчү. Базардан бир нерсе сатып алып, баштыкка салып үйгө алып келчү.

Бай-кедейге, чоң-кичинеге жолукканда биринчи салам берчү. Алар менен кол беришип учурашуу үчүн алгач куттуу колун сунчу. Кулду, кожоюнду, мырзаны, кара менен акты бирдей көрчү. Ким болсо дагы чакырылган жерге барчу.

Көркөм мүнөздүү эле

Алдына коюлган нерсени кичине болсо да жеңил, төмөн карачу эмес. Көркөм мүнөздүү эле. Жакшылык кылганды жакшы көрчү. Баары менен жакшы мамиледе болчу. Жылуу жүздүү, таттуу сөздүү эле. Сүйлөп жатып күлчү эмес.

Муңдуу көрүнчү. Бирок, кабагы бүркөө эмес эле. Кичи пейил эле. Бирок, алсыз табияттуу эмес эле. Айбаттуу эле. Башкача айтканда, урмат-сый жана коркуу пайда кылчу. Бирок, орой эмес эле. Сылык эле. Жоомарт эле. Бирок, ысырап кылчу эмес, пайдасыз эч нерсе берчү эмес. Баарына боор ооручу. Куттуу башы дайыма ийилип турчу. Эч кимден эч нерсе күтчү эмес. Саадат, хузур каалагандар Ал сыяктуу болууга тийиш.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш