Сухайби Руми


Аллахтын жолунда мал-мүлкүн таштаган сахаба.

Кааба-и муаззаманын түштүк тарабындагы бийик жерде Хазрети Аркамдын үйү бар эле. Каабага түштүк тараптан келүүнү каалагандар бул үйдүн алдынан өтүшү керек эле. Үй бийик жерде болгондуктан Кааба ыңгайлуу көрүнчү. Мындан тышкары, Хазрети Аркам Меккенин көрүнүктүү, кадыр-барктуу кишилеринен болгон бир зат эле жана ага баары урмат көрсөтүшчү.

Мына ушундай себептерден улам Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана башка мусулмандар бул жерге чогулушчу жана коопсуз жай болгондуктан ырахат ибадат кылышчу. Жаңы мусулман болууну каалагандар да бул үйгө келип, мусулман болуу сыймыгына ээ болушчу. Ушул себептен бул үйгө Дарул-Ислам жана Дарул-Аркам сыяктуу ысымдар берилген эле.

Мусулман болом

Бир күнү Хазрети Аммар бин Ясер Хазрети Аркамдын үйүнүн алдында Хазрети Сухайб бин Синанга жолукту. Андан сурады:

- Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Өзүң эмне кылып жүрөсүң?

- Мен ичине кирип, Хазрети Мухаммеддин сөздөрүн угуп, айткан динине кирем. Мусулман болом.

- Мен да ушул максатта бул жерге келдим.

Экөө тең бир максатта келгенин айтышканда экөө чогуу ичке киришти. Ошол убакта Пайгамбарыбыз алейхиссалам да ошол жерде болчу. Алар мусулман болушту, кечке чейин ошол жерде калышты. Кечинде үйлөрүнө кетишти.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Исламга чакырууга чейин да Хазрети Сухайб бин Синан менен сүйлөшчү жана бири-бирин жакшы көрчү. Сүхайб бин Синан Абдуллах бин Жадъанын азат болгон кулу эле. Мусулман болгонун ачык айтуудан тартынбаган жети мужахид сахабанын бири болчу.

Хазрети Сухайб мусулман болгонун жарыялагандан кийин меккелик мүшриктер тарабынан катуу кол салууларга жана кыйноого дуушар болду. Мүшриктер көбүнчө эч кимиси жок карыптарды кыйнашчу. Хазрети Сухайб Меккеде эч бир тууганы жана таянычы жок инсан болгондуктан мүшриктер ага ушунчалык көп зулумдук кылышчу жана сүйлөй албай калганча сабашчу. Ага темир көйнөк кийгизип, эң ысык күнү күндүн астында кармап, үстүнө болсо жүк коюшчу.

Биз ырахат алган адамдарбыз

Бир күнү Хазрети Хаббаб жана Хазрети Аммар менен бара жатышканда Курайш мүшриктеринен кээ бирлерине жолугуп калышты. Мүшриктер буларды көргөндө:

- Мына Мухаммедди ээрчиген кишилер, - деп шылдыңдап, кээ бир орунсуз сөздөрдү айтышты.

Хазрети Сухайб аларга мындай деп жооп берди:

- Ооба! Биз Аллаху тааланын Пайгамбарын ээрчип, Аны менен бирге болуудан ырахат алган адамдарбыз. Биз Хазрети Мухаммедге ишендик, силер ишенген жоксуңар. Биз Анын бардык айткандары, билдиргендери чындык деп кабыл алдык. Силер четке кактыңар. Бардык артыкчылыктар жана пазилеттер Ислам дининде, бардык кордук жана балээлер болсо мүшриктикте. Мусулмандыкта төмөндүк жок, мүшриктикте болсо үстөмдүк жок.

Хазрети Сухайб муну айтканда ишенбегендер ага кол салышты. Хазрети Сухайб бин Синанды ур-токмокка алышты. Ушунчалык эле, сүйлөй албай, эмне сүйлөп жатканын билбей калганчалык деңгээлге жетти.

Хазрети Сухайб бул кыйноолордун баарына чыдачу. Көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар туура жолдо сабыр жана чыдамкайлык үчүн ага дем берип жаткан эле. Ыйманы көп эселеп артып, мүшриктердин аны туура жолдон кайтаруу аракети текке кетип жаткан эле.

Хазрети Сухайб Меккеде өз аракети менен чоң байлыкка ээ болуп, бир топ байыган эле. Мединаи мунавварага хижрат кылаарын мүшриктер билишкенде анын жолун тороп, мындай дешти:

- Сен Меккеге кедей болуп келдиң эле. Көп мал-мүлккө, байлыкка ээ болдуң. Эми сен өзүң да кетесиң жана ушунча байлыкты алып кетесиң. Биз буга жол бербейбиз.

Өзүңөр билесиңер

Хазрети Сухайб аларга мындай деди:

- Эй, мүшриктер. Силер мени жакшы билесиңер, жакшы жаа атам. Эгер мага кол салсаңар, саадактагы жебелердин баарын силерге атам, кийин кылычымды суурам. Ушулардын бири колумда турганда, силер мага эч нерсе кыла албайсыңар, өзүңөр билесиңер.

Бирок, Хазрети Сухайбдын Пайгамбарыбыз алейхиссаламга карата сүйүүсү, берилгендиги, Ага жетүү каалоосу жана Мединаи мунавварага барып, ибадаттарын ырахат кыла алуу каалоосу ушунчалык күчтүү эле, анын бүт мал-мүлктөрү менен аласалары Пайгамбарыбыздын сүйүүсүнө салыштырмалуу эч нерсеге арзыбайт эле. Ошол себептүү, убакытты текке кетирбөө, буларга алаксыбоо үчүн аларга мындай деди:

- Эгер колумдагы жана Меккедеги мал-мүлктөрүмдү силерге берсем жолумду ачып, мени коё бересиңерби?

Хак жана акыйкаттардан насиби жок мүшриктердин каалоосу да ушул эле. Дароо макул болушту. Хазрети Сухайб колундагы бүт мал-мүлктөрүн берди, Меккедеги мал-мүлктөрүнүн ордун айтып, мүшриктерден кутулуп, бир да акчасыз жолун улантты.

Мекке менен Мединанын ортосундагы жолдо миң бир кыйынчылыкка, адам чыдагыс кыйынчылыктарга туш болду. Бирок, сүйүктүү Пайгамбарыбызга жолугуунун толкундануусу менен бардык кыйынчылыктардан ырахат алып, жолун улантты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакр жана Хазрети Омар менен чогуу Хазрети Кулсум бин Хидмдин үйүндө конокто эле. Алардын алдында үйдүн ээси алып келген жаңы курмалар бар эле.

Хазрети Сухайб Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын даргейине келгенде көзү ооруп жатты. Жолдо абдан ачка болуп, суусаган эле. Ошол себептен Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын алдында жаңы курмалардан жей баштады. Хазрети Омар:

- Йа, Расулаллах! Сухайбды көрдүңүзбү? Көзү ооруп жатат, бирок, жаңы курма жеп жатат, - деди.

Бир көзүм соо

Пайгамбарыбыз алейхиссалам да Сухайбга тамашалап мындай деди:

- Көздөрүң ооруп жатат, бирок, курма жеп жатасың.

Хазрети Сухайб болсо жооп катары мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Бир көзүм соо. Мен анын акысын жеп жатам.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен ошол жерде отургандар бул жоопту жактырышып жылмайышты. Ошондо Сухайб башынан өткөн окуяларды айтып берди:

Йа, Расулаллах! Мен Меккеден Мединага хижрат кылуу үчүн жолго чыкканымда мүшриктер мени кармап алышты. Мен аларга бүт байлыгымды сунуштадым. Алар болсо макул болушту. Мен бүтүндөй мал-мүлкүмдү берип, өзүмдү жана үй-бүлөмдү куткарып, алдыңызга келдим.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Сухайб утту, Сухайб утту, Абу Яхия утту! Соода кирешелүү болду. Соода кирешелүү болду.

Андан кийин Хазрети Сухайб жөнүндө түшүрүлгөн:

"Адамдардын кээ бирлери Аллаху тааланын ыраазылыгын көздөп, Ага ибадат кылуу жолунда өзүн жана мал-мүлкүн курман кылышат.” [Бакара, 207] маанисиндеги аяти кариманы окушту.

Хазрети Сухайби Руми бутага алууда жана жаа атууда абдан чебер эле. Баардык казаттарга, өзгөчө Бадр, Ухуд жана Хендек согуштарына катышкан эле. Абдан зор кайраттуулук жана баатырдыктарды көрсөттү. Мындай деген эле:

- Мен ар дайым Расулуллахтын жанында болдум. Бардык биъаттарда, бардык казаттарда жана сапарларда жанында болчумун. Эч качан Расулуллах менен менин ортобузда душман болгон эмес. Ага кандайдыр бир зыян келип калбасын деп денемди калкаладым. Бул абал Ал акыретке көчкөнгө чейин уланды.

Арапмын дейсиң

Бир күнү Хазрети Омар ага тийишти:

- Эй, Сухайб! Уулуңдун аты Хамза болгону менен сен Абу Яхия, башкача айтканда, Яхиянын атасы катары  белгилүүсүң. Руми болсоң да арапмын дейсиң. Андан башка көп сарптайсың. Эмнеге?

Хазрети Сухайб күлүп жооп берди:

- Абу Яхия каймана атын Расулуллах хазреттеринин өзү берген. Менин ата-тегим Намр урпактарынан. Бирок, гректерге туткунга түшкөн экенбиз. Ал эми көп сарптаганыма келсек, мен көп сарптайм, бирок, дайыма Аллах жолунда сарптайм. Анткени, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мыдай дегенин уккан элем:

"Силердин жакшыңар саламды жакшы алып берген адам. Жана көп-көп икрам кылган адам.”

Хазрети Омар Хазрети Сухайбды абдан жакшы көрчү. Хазрети Омар капыр Абу Лулу тарабынан жараланганда анын ордуна боло турган халифаны тандоо үчүн кеңештин мүчөлөрүн дайындап, жаңы халифа шайланганга чейин Хазрети Сухайбды өзүнүн ордуна өкүл болуусун жана жаназа намазын окуусун осуят кылды.

Хазрети Сухайб үч күн жамаатка намаз окутту. Ал бул ыйык милдетти өтө кылдаттык жана сезимталдык менен аткарды. Хазрети Омардын жаназа намазын да окутту. Бул убакыттын ичинде ал көрсөткөн көңүл буруусу жана камкордугу менен баарынын ыраазычылыгына жана купулуна толду.

Хазрети Сухайб баарына жакшылык кылып, көп тамак берчү. Анын икрам жана ихсандары мол эле. 70 жашында 658-жылы Мединаи мунавварада кайтыш болду. Сөөгү Баки көрүстөнүнө коюлду.

Ал орто бойлуу, буудай өңдүү, кызгылт жуздүү, чачтары жыш жана кара, сулуу зат эле. Балдары: Хабиб, Хамза, Саад, Салих, Сейфи, Уббад, Осман жана Мухаммед.

Сухайбды жакшы көрсүн

Расулуллах хазреттери Сухайбды абдан жакшы көрчү. Мындай деген эле:

- Эгер бир адам Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, бир эненин өз баласын жакшы көргөнүндөй Сухайбды жакшы көрсүн.

Сухайбдын атасы Намр тукумунан болгон Синан, энеси Куайд кызы Селма. Алардын баары чогуу Убулла шаарында жашашчу. Чоң атасы Мосулдун тегерегиндеги бул шаардын акими эле.

Бир күнү византиялыктар кол салышты. Көптөр менен бирге жаш Сухайб да туткунга түштү. Ал көпкө чейин гректердин колунда калды. Мына ошондуктан Сухайби Руми катары таанылган эле.

Аны меккелик Абдуллах бин Жадъан сатып алды. Бираз убакыт өткөндөн кийин анын жакшы иштеринен улам азат кылды...

Хазрети Сухайб орто бойлуу, кызгылт жүздүү, өтө жоомарт жана тамашакөй бир зат эле. Расулуллахтын хадистерине чоң маани берип, ката кетирүүдөн коркуп хадистерди накыл кылчу эмес. "Эмнеге накыл кылбайсың?” – деп сурагандарга мындай деди:

- Аллахка ант болсун, Расулуллахтын хадистерин билип туруп накыл кылбоодомун. Кааласаңар келгиле, силерге Пайгамбар хазреттеринин согуштарын жана жанында болгон кезимдеги көргөн нерселеримдин баарын айтып берейин. Бирок, "Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди” деп айтууга келгенде мен аны кыла албайм.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш