Катада бин Нуъман


Кутман сахабалардын мергендеринен.

Кутман сахабалардан Жабир бин Абдуллах мындай быяндайт:

Ухуд согушунда Катада бин Нуъман Пайгамбарыбызга бир жаа тартуулаган эле. Пайгамбарыбыз болсо бул жаа менен мушриктерге жаанын баш бөлүгү эскиргенге чейин аткан эле. Анан жааны Катадага кайтарып берген эле. 

Катада да бул жаа сынып кеткенге чейин душмандарга ок атты. Жаа сынгандан кийин да туткасы менен Пайгамбардын алдына туруп, Ага кол салган мушриктерге каршы денесин калкан кылып турду. Акыры көзүнө бир жебе тийип, көзү чыгып кетти. 

Эч кем болбойт 

Көзүнүн карегин колуна алып, Пайгамбарыбыздын алдына келди. Расулуллах алейхиссалам аны көргөндө мындай деди:

- Эй, Катада! Бул эмне жагдай?

- Йа, Расулаллах! Өзүңүз көрүп тургандай менин көзүм чыгып кетти. 

Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Эгер кааласаң ушул жагдайыңа сабыр кыл! Ошондо Бейиш сен үчүн даярдалат. Эгер кааласаң көз карегиңди ордуна коюп, сен үчүн Аллаху таалага дуба кылайын, мурункусунан эч кем болбойт. 

Хазрети Катада айтты:

- Йа, Расулаллах! Менин абдан жакшы көргөн жубайым бар. Эгер мени ушул жагдайда көрсө, балким токтоолук кыла албай калат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Катада хазреттеринин колунан көздү алып, чыккан жерине койду да, "Йа, Рабби! Катаданын көзүн мыкты кыла көр!” – деп дуба кылды.

 Катаданын көзү мурункудай соо болуп калды. Пайгамбарыбыздын мужизасы менен көрө баштады. Ал тургай, бул көзү экинчи көзүнө караганда жакшыраак көрчү. 

Имам Азам хазреттери Пайгамбарыбызды мактоо үчүн жазган бир ырында бул окуя тууралуу мындай деп жазган эле: "Мужизаңыз менен кайтардыңыз, Катаданын көзүн.” 

Мекке каратылган күнү уруусунун Бани Зафер бутагынын желеги Хазрети Катаданын колунда болчу. 

Кайтаарда мага жолук! 

Катада хазреттери бир түнү караңгыда куптан намазына баратканда Пайгамбарыбызга жолукту. Пайгамбарыбыз андан:

- Катада, сенсиңби? – деп сурады.

- Ооба йа, Расулаллах!

- Кайтаарда мага жолук!

Намаздан кийин жолукканда Пайгамбарыбыз ага бир курма бутагын берди. 

Ошол күндөн кийин Катада хазреттери түнү бир жакка баратканда ал курма бутагын өзү менен алып жүргөндө ал курма бутагынан нур тарап, айланасын жарык кылып турчу. 

Хазрети Катада айтты:

"Силерге ооруңарды аныктап, дабалоо жолдорун таба турган - Курани карим.

Силердин ооруңар – күнөө кылуу, дабасы болсо – тообо жана истигфар.” 

"Кабыр азабы үч нерседен улам пайда болот. Мунун үчтөн бири – гыйбат, үчтөн бири – намима (сөз ташуу), калган үчтөн бири – заарадан сактанбоо.” 

"Өзүнө кийим, байлык, сулуулук жана илим сыяктуу нематтар берилип, бирок, таваду кылууну (кичи пейилдикти) билбегендердин бул байлыктары Кыямат күнү өзүлөрүнө убал болот.”

Хазрети катада хижри 646-жылы 65 жашында Мединаи мунавварада кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш