Каъб бин Зухайр


Пайгамбарыбыз чепкенин берген акын сахаба. 

Каъб бин Зухайр Музейне уруусунан болуп, он бир акын тарбиялаган үй-бүлөгө таандык эле. Анын атасы Зухайр бин Аби Сулеми жана бир тууганы Бужейр да акын эле. Каъб бин Зухайрдын атасы христиан жана яхудий аалымдарынын алдына барып, аларды укчу. Алардан акыр заманда бир пайгамбар жиберилерин уккан эле. 

Белгини түшүнгөн эле 

Зухайр түндөрдүн биринде түшүндө асмандардан бир жиптин узарганын, ал жипти кармоого канчалык көп колун сунганына карабастан жете албаганын көргөн эле. Бул түшүнүн акыр заманда келе турган Пайгамбарга жете албастыгынын жана ал жиберилгиче өмүрүнүн бүтөөрүнүн белгиси экенин түшүнгөн эле. 

Бирок, уулдары Каъб менен Бужейрге акыр заман Пайгамбары жиберилгенде Ага ыйман келтирүүлөрүн осуят кылган эле.

 Каъб бин Зухайр жана анын бир тууганы Бужейр Ислам дини келгенде Пайгамбарга жолугуу үчүн Мединаи мунаввараны көздөй сапар тартышты. Абрак-ул Аззаф деген жерге келишкенде бир тууганы Бужейр:

- Сен ушул жерде күтө тур, мен Мединага барып, Ал Пайгамбарды көрөйүнчү. Айткандарын угуп көрөйүн, - деди.

 Бужейр Мединага келгенде Пайгамбарыбыз ага Ислам динин түшүндүрдү жана мусулман болушун айтты. Ал болсо дароо калима-и шахадат айтып мусулман болду.

 Каъб бин Зухайр бир тууганы Бужейрдин мусулман болгонун укканда ага катуу ачууланды. Муну билдирген бир ыр жазды. Ырында Пайгамбарыбызга жана Ислам динине каршы жагымсыз сөздөрдү айткан эле. Бир тууганы Бужейр буга чыдай албай, абалды Пайгамбарыбызга баяндады. Ошондо Пайгамбарыбыз:

- Ким Каъбды жолуктурса аны өлтүрсүн! – деп буюрду.

 Бир тууганы Бужейр Каъбга бир кат жазып жиберди. Катта "Өзүңө кам көр!” деп жазып, абалды билдирди. Каъбдын жамандап жазган ырына жооп катары бир ыр да жазды. Бул ырынын маанисинде кыскача мындай деди:

- Эй, Каъб! Өзүң кабыл албай жамандаган бул Ислам дининен өткөн чыныгы жана ишенимдүү дин болушу мүмкүн эмес. Эгер кутулууну кааласаң сен дагы барып, буттарды ташта, бир Аллахка ыйман келтир, мусулман бол, ошондо кутула аласың! Кыямат күнү качуу мүмкүн болбогон Тозоктун отунан мусулман болуп, ыйман келтиргендерден башка эч ким кутула албайт.

Расулуллахтын алдына кел!

Бужейр бир тууганы Каъбга жазган катынын бир бөлүгүндө да мындай деп жазган эле:

- Ыр жазып Расулуллахты мазактаган жана капа кылган меккеликтердин айрымдары өлтүрүлдү. Тирүү калган курайшттык акындардан Ибни Зибара менен Хубайра бин Абу Вахб качып кетишти. Эгер аман калгың келсе дароо Расулуллахтын алдына кел! 

Ал кылган ишине өкүнүп, тообо кылып алдына келген адамды өлтүрбөйт. Ушентип тообо кылуу менен келип мусулман болгондордун баарын кабыл алды. Бул катты алар замат мусулман болуп, дароо бул жакка кел! Эгер айтканымды кылбасаң жер бетинде кайда кетсең ошол жерге кет!

Каъб бин Зухайр бир тууганы Бужейрдин катын алганда, куду жер ага тар болуп калгандай болду. Ансыз да уруусунда болгон душмандары ал тууралуу: "Ал эчак эле өлтүрүлдү!” – деп ушак таратып жатышты. 

Каъб бин Зухайр бул жагдайдын натыйжасында терең ойлоно баштады. Акырындык менен көңүлү нурдана баштаган эле. Акыры мусулман болууну чечти. Мединаны көздөй жолго чыкты. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды даңктап, өзү болсо тообо кылып, мусулман болгонун баяндаган узун бир ыр жазды. 

Сөздөрүн угуп жатышты

 Мединага келгенде Жухайни уруусунан бир досунун үйүнө жашыруун барып конок болду. Эртеси күнү эртең менен ал досу аны Пайгамбарыбыздын алдына алып барды. Пайгамбарыбыз ал учурда кутман сахабалардын арасында эле. Кутман сахабалар аны тегеректеп, сөздөрүн угуп отурушкан эле.

 Каъб бин Зухайр төөсүн мечиттин алдына чөктүрүп, ичке кирди. Пайгамбарыбыздын алдына жакын барып, өзүн тааныштырбастан:

- Йа, Расулаллах! Каъб бин Зухайр кылган ишине өкүнүп, мусулман болуп амандык тилөө үчүн келиптир. Эгер мен аны Сизге алып келсем, амандык берип, мусулман болгонун кабыл аласызбы? – деди.

 Пайгамбарыбыз:

- Ооба, - деп жооп берди.

- Йа, Расулаллах! Мен күбөлүк берем, Аллахтан башка кудай жок. Сиз болсо Анын Расулусуз!

- Сен кимсиң?

- Мен Каъб бин Зухайрмын.

 Кутман сахабалар анын Каъб бин Зухайр экенин билишкенде ансарлардын бири ордунан туруп:

- Йа, Расулаллах! Уруксат берсеңиз, анын башын чабайын! – деди.

 Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

- Андан кайт! Ал өзүнүн абалына өкүнүп, Хакка кайткан абалда келиптир.

Ал ортодо Каъб бин Зухайр өзүнүн мусулман болгонун билдирген бир касиданы окуй баштады. Бул касидасында көпкө созулган кириш сөздөн кийин негизги темага өтүп, мусулман болгонун, тообо кылып, кечирим сураганын баяндады. Акыркы бөлүгүндө болсо Пайгамбарыбызды жана кутман сахабаларды мактаган саптарды окуду.

Чепкенин белек кылып берди

Пайгамбарыбызга Каъб бин Зухайрдын "Банет суааду = Сүйүктүү алыстады” деген сөздөр менен башталган бул касидасы жагып, абдан ыраазы болду. Аны кечирди. Бурдасын (чепкенин) чечип, анын ийнине койду. Мына ушул себептен Каъб бин Зухайрдын касидасы "Касиде-и Бурда” деген ат менен белгилүү болгон эле. Хазрети Каъб 645-жылы Шамда кайтыш болгон.

Расулуллах белекке берген бул чепкенди Хазрети Муавия Каъб бин Зухайрдын мураскорлорунан сатып алып сактап койгон эле. Кезеги менен Эмевилерге, алардан Аббасилерге өтүп, кийинчерээк болсо Мысыр каратылганда Меккенин шарифи тарабынан башка ыйык аманаттар менен бирге Явуз Султан Селим Ханга тапшырылган эле. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген бул чепкен "Хырка-ы Саадат” деген ат менен белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө Стамбулдагы Топкапы музейиндеги "Хырка-ы Саадат” бөлмөсүндө сакталып келүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш