Жабир бин Абдуллах


 Сахабалардын эң көп хадис накыл кылгандарынын бири.

 Жабир бин Абдуллахтын атасы Абдуллах бин Амр экинчи Акаба биъатында Исламды кабылдап, Расули акрам хазреттери тарабынан Бани Хасанга өкүл кылып дайындалган эле. Бул убакта Жабир жаш жигит болчу. Ал да атасы менен бирге Акабада болуп, биъат кылган эле. Анын жети кыз бир тууганы болуп, эркек бир тууганы жок эле. Умму Маъбед кыз бир туугандарынын эң үстөмү болчу.

Шейит болушуңду каалар элем

 Жабир бин Абдуллах хазреттери Бадр согушуна катыша алган жок. Ухуд согушуна катышуу үчүн Расулуллах алейхиссаламдан уруксат сурады. Расулуллах алейхиссалам атасынан уруксат ала алса катышууга уруксат берерин айтты.

 Хазрети Жабир атасынан уруксат сураганда, атасы кыздары жалгыз калбашы үчүн уулун согушка катышуудан кайтарып:

- Балам, бул кыздардын эч кимисиз калууларын ойлобосом, көз алдымда сенин шейит болушуңду каалар элем.

Абдуллах уулу Жабирдин шейит болгонун көрө алган жок. Бирок, бул согушта анын өзү шейит болду. Хазрети Жабир айтат:

"Атам Ухудда шейит болду. Карындашым мага бир төө берип, мындай деди:

- Бар да, атабызды ушул төөнүн үстүндө алып кел. Аны Салама уулдарынын көрүстөнүнө жерле!

Мен төөнү алып, согуш майданына жөнөдүм. Менин жанымда дагы бир нече адам бар болчу. Расули акрам хазреттери атамды согуш майданынан алып, үй-бүлөлүк көрүстөнгө алып баргым келгенин түшүндү. Ошол убакта Расули акрам Ухудда болчу. Мени жанына чакырып, мындай деди:

- Напсим өз кудуретинде болгон Аллаху таалага ант болсун, Абдуллах да достору менен жерге берилет.

Расули акрамдын бул сөзүнөн кийин мен да атамды алып кетүүдөн баш тарттым. Аны Ухуд шейиттеринин жанына койдум.”

Аллаху таала кайра тирилтти

 Жабир бин Абдуллах мындай дейт:

"Атам шейит болгондо, Пайгамбарыбыз менден сурады:

- Эй, Жабир! Мен сага сүйүнчүлүү кабар айтайынбы?

- Ооба йа, Расулаллах.

- Атаң Ухудда шейит болгондо Аллаху таала аны тирилтип: "Эй, Абдуллах! Сага эмне кылышымды каалайт элең?” – деп сурады. Ал болсо: "Йа, Раббим! Мен сага татыктуу кулдук кыла албадым. Мени дүнүйөгө кайтарууңду, дагы сенин жолуңда согушуп кайрадан шейит болууну каалайм”, - деди. Аллаху таала: "Мен шейиттер кайра артка кайтышпайт деп өкүм кылдым”, - деди. "Андай болсо йа, Раббим, муну артта калгандарга жеткире көр”, - деди.

Ошондон кийин Ал-и Имран сүрөсүнүн 169-171-аяттары түшүрүлдү.”

Ухуд шейиттеринин мүрзөлөрү суу чыгаруу себебинен улам 46 жылдан кийин ачылууга туура келди. Жабир бин Абдуллах атасынын мүрзөсү ачылганда атасын уктап жаткандай тапканын, аздыр-көптүр өзгөрбөгөнүн, жүзүнүн ак жана кара жол-жолу бар кепин менен жабылганын, буттарынын болсо арча менен капталганын, арадан 46 жыл өтсө да экөөнүн тең эч өзгөрбөгөнүн көргөнүн айтат.

Жабир бин Абдуллахтын атасы шейит болгондо бир топ карызы бар эле. Бул карыздардын маанилүү бөлүгү айланада жашаган яхудилерге эле. Атасы шейит болгондон кийин аласасы барлар Жабир бин Абдуллахты кыстап, андан аласаларын талап кылышты. Бирок, Жабир бин Абдуллахтын атасынан калган кичинекей курма бакчасынан башка эч нерсеси жок болчу. Бул жердеги курмалар да карызды төлөөгө жете тургандай эмес эле.

Абдан оор абалда калган Жабир бин Абдуллах жагдайын адамдардын эң мээримдүүсү болгон Пайгамбарыбыз алейхиссаламга барып айтты:

- Йа, Расулаллах! Атам Ухудда шейит болду. Ошондой эле ири өлчөмдө карыз да калтырды. Аласасы барлар кыстап жатышат. Жардам берсеңиз, карыздын бир бөлүгү кийинки жылга калсын. 

Расулуллах алейхиссалам келет 

Расули акрам хазреттери анын сунушун кабыл алып, бир аз курма чогултууну жана өзүнө кабар берилүүсүн буйруду.

Жабир бин Абдуллах үйүнө келип, даярдык көрүп, аялына мындай деди:

- Бизге Расулуллах алейхиссалам хазреттери келет. Анын тынчын албайлы.

Расули акрам хазреттери Жабир бин Абдуллахтын үйүнө барганда мындай деди:

- Аласасы барларды чакыргыла!

Аласасы барлар келишти. Расулуллах алейхиссалам чогултулган бир бөлүк курмалардан баарына акыларын бергенден кийин дагы бираз курма Жабир бин Абдуллахка калды. Пайгамбарыбыз бул мужизаны кутман сахабаларга да айтууну Жабир бин Абдуллахка буюрду.

Бул арада Расулуллах алейхиссаламдын келгенин парданын артынан көргөн жубайы болсо мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Мага жана күйөөмө дуба кылсаңыз.

Расулаллах алейхиссалам болсо: "Аллаху таала сени жана күйөөңдү магфират кылсын (кечирсин)”, - деди.

Расулуллах алейхиссалам кеткенден кийин Хазрети Жабир жубайына мындай деди:

- Мен сага Расули акрам хазреттеринин тынчын албайлы дебедим беле?

Ошондо жубайы да минтип жооп берди:

- Расули акрам хазреттери үйүбүзгө келет дагы кантип мен андан өзүм жана жолдошум үчүн дуба сурабайм? Ансыз да бир Расулуллахтын химмат жана жардамы менен карызыбыздан кутулдук. 

Мусулмандар каратат

Хендек согушунда Расули акрам хазреттеринин кол астында болгон Жабир бин Абдуллах ал күндөрдү мындайча баяндайт:

"Хендек согушунда Расули акрам менен сахабалары үч күн тамак жешкен эмес эле. Бул убакытта Расули акрамга көңүл бурдум. Мубарек курсагына таш байлап алган эле. Хендек (аңгек, окоп) казуу менен алек болгон сахабалар чоң бир ташты сындыра албагандыктарын Пайгамбар алейхиссаламга кабарлашты.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам аларга: "Силер бул таштын үстүнө бираз суу сепкиле”, - деген эле. Анан күрөк алып, ташты үч жолу чапты. Ар бир соккудан катуу өрт чыгып, Йемен, Стамбул жана Фарис өлкөлөрү көрүнгөн эле. Мунун сыры тууралуу суралганда, Пайгамбарыбыз: "Ал жерлердин мусулмандар тарабынан каратыла тургандыгынын белгиси”, - деп жооп берген эле.

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хендек казатында бир аска ташты талкалап жатканда мубарек курсагы ачылып калды. Ачкадан курсагына таш байлап алганын көрдүк.

Бул абалды көрүп абдан кейидим. Дароо Расулуллахтын алдына барып, уруксат сурадым да, үйгө барып жубайыма мындай дедим:

- Расулуллахтын ушундай бир абалы бар эле, ага чыдап туруу мүмкүн эмес. Ачкадан курсагына таш байлап алыптыр. Үйдө жегенге бир нерселер барбы?

- Билесиңби, үйдө бир улак менен бир ууч арпадан башка эч нерсебиз жок.

- Мейли, жок дегенде ошолорду тартуулайлы. 

Тамагың канча? 

Анан дароо улакты союп, арпаны кол тегирменге тартып, ун даярдадым.

Камыр жасап, тандырга бышырдык. Этти казанга салып, кайната баштадык.

Мына ушундай даярдыктан кийин кубанып Расулуллахтын алдына бардым да мындай дедим:

- Йа, Расулаллах! Бираз тамагыбыз бар эле. Өзүңүз менен бир нече кишини алып, тамакка келе аласызбы?

Расулуллах алейхиссалам сурады:

- Тамагың канча?

- Бир улак жана бир нече ууч арпа уну.

- Тамагың көп жана жакшы экен. Жубайыңа айтсаң, мен келгенче тандырдан эт казан менен нанды чыгарбасын!

Анан мужахиддерге кайрылып мындай деди:

- Эй, Хендек эли! Тургула, Жабирдин зыяпатына (ашына) барабыз.

Бул буйрук менен кутман сахабалар чогулушту. Пайгамбарыбыз алейхиссалам аларды ээрчитип, биздин үйгө келе башташты. Мен алардан мурун үйгө келип, жубайыма айттым:

- Пайгамбарыбыз алейхиссалам кутман сахабалардын баарын алып тамакка келе жатат. Билесиң, тамагыбыз аз. Эми эмне кылабыз?

- Расулуллах сенден тамактын канча экенин сурадыбы?

- Ооба, сурады. Мен жагдайды болгондой айттым.

- Кутман сахабаларды сен чакырдыңбы же Расулуллах алейхиссаламбы?

- Расулуллах алейхиссалам чакырды.

- Анда тынчсыздана турган эч нерсе жок. 

Баарына жеткен тамак

Бираздан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам көп эл менен эшикке келди.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам алгач эт менен нандын берекелүү болушун тилеп дуба кылды. Анан тандырдан чыгарбай өз колдору менен тамак менен нанды таратып берди.

Бардык кутман сахабалар тойгончо жешти. Ант берип айтам, миңден ашык адам тамак жеди. Бирок, эт менен нан бир да кемиген жок. Анан тамак менен нанды кошуналарга таратып бердик.

Жабирдин атасы Ухудда шейит болгондо бир туугандары жалгыз калды. Ошондон кийин Хазрети Жабир жесир аял Сухейма бинти Масуд менен баш кошту. Жети карындашын карай алуу үчүн ушундай жесир аялды тандаган эле. Муну уккан Расулуллах мындай деди:

- Эй, Жабир! Демек, атаңдан кийин үйлөндүң.

- Ооба йа, Расулаллах!

- Жесир алдыңбы же кызбы?

- Жесир алдым йа, Расулаллах.

- Кыз алганыңда жакшыраак болбойт беле?

- Йа, Расулаллах! Атам Ухудда шейит болгондо артынан жети кызы калды. Чынын айтканда, мен кары аял менен үйлөнүп, анын балдарды башына чогултуп, алардын чачын, башын тарап, аларга тарбиячы болушун жакшыраак деп таптым. 

Жакшы кылдың 

Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Жакшы кылдың. Аллаху таала жубайыңды кайырлуу жана мубарек кылсын.

Хазрети Жабир сулуу, сүйкүмдүү, көркөм ахлактуу, суннати саниййага амал кылууда өтө тырышчаак, мээримдүү, сыпаа, көңүл алуучу, сый-урматтуу инсан эле. Хазрети Жабирдин үйү Масжид-и Набиден 2 чакырым алыс болсо да, ал ар бир намазын Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен бирге Масжид-и Набиге келип окучу. Чындыкты айтууда адилеттиктен четтебей, амри маруф жана нахйи мункар кылууда чоң аракет көрсөтчү. Расули акрамдын кантип намаз окуганын көргүсү келген адам ага келчү, Хазрети Жабир да аларга сүрөттөп берчү.

Мындайча баяндайт:

"Расули акрам Меккеде он жыл болуп, баары жыйналчу Указ, Меженна сыяктуу жарманкелерге барып, Мина тоосуна чыгып, элге кайрылып: "Мага Раббимдин рисалатын жеткирүүгө жардам берген адам Бейишке ээ болот”, - деп айтчу. Бирок, Абу Жахил, Абу Лахаб сыяктуу капырлар: "Бизди ушул себептен чакырдыңбы, ишене көрбөгүлө!” - деп элди алдашчу.

 Акыры биз Мединадан келип, Расули акрамды таап, Ага ишенип, шаарыбызга чакырып жардам берген элек. Расули акрам мусулман болгондорго Курани каримди окучу. Алар дагы кайтып келгенден кийин үй-бүлөлөрүнө Исламды жеткирип, алардын ыйман сый-урматына ээ болууларын камсыз кылышчу. 

Көңүлдөрү ыйманга толгон жана Пайгамбарыбызды баарынан артык сүйгөн мусулмандар чогулуп мындай дешти:

- Качанкыга чейин Расули акрамды мүшриктердин кордоп, кыйнаганына жол беребиз? 

Сизге биъат кылабыз

Ошондон кийин арабыздан 70 адам ажылык маалында Мединадан чыгып, Расули акрамды таптык. Расули акрам менен Акабада сүйлөшүүгө макул болдук. Ошол жерге бирден-экиден болуп чогулдук. Расули акрамга биъат кылууну каалаганыбызды айттык. Расули акрам мындай деди:

- Мага жакшы-жаман күндөрүмдө баш ийүүгө, кыйынчылыкта да, молчулукта да инфак кылууга, амри бил маруф жана нахйи анил мункарды орундоого, ар бир сөздү Аллаху таала үчүн айтып, бул жолдо эч нерседен коркпоого, мага жардам берүүгө, жаныңарды, мал-мүлкүңөрдү, бала-чакаңарды эмнеден коргоп жаткан болсоңор мени да ошондой коргоого биъат кылгыла, сыйлыгыңар Жаннат. 

Расулуллах алейхиссалам сөздөрүн бүтүргөндөн кийин туруп, ага биъат кылдык.” 

Жабир бин Абдуллах Биъат-и Рыдванда болгон эле. Өзү мындайча накыл кылат:

"Расулуллах алейхиссалам айтты:

- Дарактын түбүндө мени менен убадалашкандардын эч кимиси Жаханнамга кирбейт!” 

Бул оорудан өлбөйсүң

 Бир күнү Хазрети Жабир ооруп калган эле. Расулуллах алейхиссалам аны зыярат кылганы келди. Эсин жоготкон абалда жаткан Жабирдин бетине суу чачып эсине келтирди.

 Ошол учурда Хазрети Жабир Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан жети карындашынын кайсынысына жана канча мурас калтыра ала турганын сурады. Расули акрам мындай деди:

- Эй, Жабир, сен бул оорудан өлбөйсүң!

 Чынында эле ошондой болду.

 Хазрети Жабир карыганда көзү начарлап калган эле. Көбүнчө эки уулунун колунан кармап басчу.

 Бир күнү фитна чыгарган кээ бир адамдар анын алдынан чыгышты. Ошол учурда Хазрети Жабирдин буту тайып кетти. Эки уулу дароо атасынын колунан бекем кармап, кулап кетүүсүнүн алдын алды. Ошондо Хазрети Жабир айтты:

- Расулуллах алейхиссаламды коркутууга аракет кылгандардын шору курусун!

 Муну уккан уулдары мындай дешти:

-Пайгамбарыбыз алейхиссалам дүйнөдөн өттү. Аны кантип коркутууга болот?

 Хазирети Жабир мындай деп жооп берди:

- Мен Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан уктум. "Мадиналыктарды коркуткандар мени коркутууга аракет кылган болот”, - деген эле.

 Расулуллах алейхиссалам Жабир бин Абдуллахты абдан жакшы көрчү жана аны тез-тез зыярат кылчу. Жабир бин Абдуллах айтат: "Расулуллах алейхиссалам бизге келди. Үйдө чачы уйпаланган бир киши бар эле. Муну көргөндө мындай деди:

- Бул чачын түздөй турган бир нерсе таппадыбы?

Кийими кирдеп кеткен адамды көргөндө мындай деди:

- Кийимдерин жууганга эч нерсеси жокпу?”

 Хазрети Жабир айтат:

"Сапарда досторумдун бири башынан жаракат алды. "Тумар жасаса жаиз болобу?”, - деп сурады. "Жаиз эмес, башыңды жуу”, - деп айтылды. Жууп, кийин өлүп калды. Мединага келгенде Расулуллах алейхиссаламга кабарладык. Мындай деди:

- Анын өлүмүнө себепкер болушту. Эмне үчүн алар билбегендерин сурап, үйрөнүшкөн жок? Жахилдиктин дарысы – сурап үйрөнүү!”

Куйругун булгалап кетип калды

 Жабир бин Абдуллах кой бышырды. Расулуллах алейхиссалам кутман сахабалар менен чогуу жешти. Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

- Сөөктөрүн сындырбагыла.

 Расулуллах алейхиссалам сөөктөрдү чогултуп, үстүнө мубарек колдорун коюп дуба кылды. Аллаху тааланын уруксаты менен кой тирилип, куйругун булгалап кетип калды.

 Хазрети Жабирдин каймана аты Абу Абдуллах же Абу Абдуррахман. Энесинин аты Насиба. 601-жылы Мединада туулган болуп, 694-жылы 95 жашында Мединада кайтыш болгон. Жаназа намазын Медина валиси болгон Хазрети Османдын уулу Абаан окуган эле.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш