Ханзала бин Абу Амир


Периштелер жууган сахаба. 

Ханзала Бадр согушуна катышты. Ал кезде али бойдок эле. Бадр согушунан бир канча убакыт өткөндөн кийин Абдуллах бин Убейдин кызы Жамила менен үйлөндү. Эртеси күнү болсо Ухудда Курайш мушриктери менен согушуу керек эле. 

Ханзала түндү аялы менен өткөрүү үчүн Расулуллахтан уруксат сурады. Пайгамбарыбыз болсо уруксат берди. Ошол түнү жубайы Жамила менен бирге болду. Ишемби күнү эртең менен Ухудга жетишүү үчүн шашылып гусул алууну унутуп, шаша-буша жолго чыкты. 

Эмне кереги бар эле? 

Жолго чыга турган кезде жубайы Жамила ошол жерде болгон өз уруусунан төрт кишини чакырып, Ханзала менен үйлөнгөнүн айтып, аларды күбө кылды. Ал жердеги төрт күбө:

- Мунун эмне кереги бар эле? – деп сурашты. 

Жамила мындай деди:

- Түшүмдө асмандын ачылганын жана Ханзала ичке киргенден кийин жабылганын көрдүм. 

Пайгамбарыбыз Ухуд согушуна катарларды түздөп жатканда Ханзала жетип келип, кутман сахабалар менен аралашып кетти. Хазрети Ханзала башка сахабалар сыяктуу жанын аябастан мушриктер менен салгылашты. Шейиттик даражага жетүү үчүн тынымсыз согушту. Кийин мушриктер таркап кача башташты. 

Хазрети Ханзала Абу Суфяндын жолун тосуп, ага чабуул жасады. Абу Суфян жерге жыгылды. Коркконунан эмне кылаарын билбей калган Абу Суфян:

- Эй, Курайш эли, мен Абу Суфянмын! Ханзала мени өлтүрөт, жардам бергиле, - деп үнү жеткенге кыйкыра баштады. 

Мушриктердин көбү Абу Суфяндын үнүн укса да өз жандарын куткаруу менен алек болгондуктан, эч ким көңүл бурбай койду. Бирок, Шаддад бин Асвад Хазрети Ханзалага арт жактан жакындап келип ага арамзаалык менен далына найза сайды. 

Ханзала жооп кайтаргысы келди. Бирок, ыймандан насиби жок бул мушрик дагы экинчи сокку уруп, Ханзаланы шейит кылды. Ханзала шейит болгондо Пайгамбарыбыз:

- Мен Ханзаланы периштелердин асман менен жердин ортосунда бир күмүш илеген ичинде жамгыр суусу менен жуушканын көрдүм, - деп буюрду. 

Абу Усайд Саид мындай дейт:

"Мен барып Ханзаланы карадым. Жамгырдын суусу башынан ылдый агып жатты. Кайтып келип, муну Расулуллахка кабарладым. Пайгамбарыбыз анын жубайына кабар жөнөтүп, мунун себебин сурады. Ал болсо Ухудга чыккан кезде Ханзаланын жунуб экенин кабарлады.” 

Ханзала бизден 

Хазрети Ханзала Ухудга жетишүү үчүн катуу шашылып, жетише албай калуудан коркуп шашылгандан гусул алууну унутуп койгон эле. Ошондон кийин Ханзаланын аты Гасил-ул-Малаика = периштелер тарабынан жуулган адам деп эске алынды. Мединада кутман сахабалардын Авс уруусунан болгондор "периштелер тарабынан жуулган Ханзала бизден” деп сыймыктанышчу.

Ханзала бисаттан, башкача айтканда, Пайгамбарыбыздын чакыруусунан мурда дагы ыймандуу болуп, Аллахтын бирдигине ишенчү, буттарга сыйынчу эмес. Ал Ханиф дининде эле. Ошентип аялынын түшү чындыкка айланып, Ухуд согушунда Хазрети Ханзала шейит болду. Абдулла аттуу бир уулу болду. Абдуллах бин Ханзала деген ысым менен белгилүү болгон уулу Язиддин убагында шейит кылынды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш