Абдуллах бин Ханзала


Периштелер жууган сахабанын уулу.

Абдуллах бин Ханзала хазреттери кутман сахабалардан болуп, шейиттиги менен белгилүү болгон. Атасы да сахабалардан болуп, "Гасил-ул-малаика”, периштелер жууган сахаба деген лакаб аты менен таанылган эле. Энеси Жамила бинти Абдуллах.

Атасы Ханзала Ухуд окуясынын түнү үйлөнгөн эле. Эртеси күнү Ухудда шейит болгон эле. Хазрети Абдуллах Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондо жети жашта эле жана Пайгамбарыбызды көрүп, көңүлдөргө шыпаа болгон сукбатына катышкан эле.

Түштө көрдүм

 Хазрети Абдуллах 682-жылы Хара согушунда Зилхижжа айынын бүтөрүнө үч күн калганда бейшемби күнү шейит болгон эле.

 Алгач сегиз уулун биринин артынан бирин согуш майданына алып чыгып, баары шейит болгон соң кылычынын кынын сындырып, жоокерлердин арасына сүңгүп кирип, шейит болгуча согушкан эле.

 Абдуллах бин Аби Суфян айтат:

"Мен атамдын мындай дегенин уккан элем: Абдуллах бин Ханзаланы шейит кылынгандан кийин түштө өтө сулуу көрүнүштө көрдүм. Өзүнөн сурадым:

- Эй, Абу Абдуррахман! Сен өлтүрүлгөн эмес белең?

- Ооба, бирок, өлтүрүлгөндө Раббим мени Бейишке киргизди. Бул жерде ээн-эркин кыдырып жүрөм жана Бейиштин нематтарынан пайдаланып жатам, - деди.

- Сенин жолдошторуң, досторуңчу? Аларга эмне болду?

- Алар менин желегимдин айланасында. Өзүң муну көрүп турасың го.

Экөөбүздүн ортобуздагы ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин мен уйкудан ойгондум. Көргөн түшүмдүн Абдуллах бин Ханзала үчүн хайырлуу экенин түшүндүм.”

 Суфян бин Селимдин риваятына караганда, Иблис Хазрети Абдуллах бин Ханзалага көрүнүп, ага мындай деди:

- Ук, мен сага бир нерсе үйрөтөйүн.

Хазрети Абдуллах да мындай деп жооп берди:

- Мен сенден бир нерсе үйрөнүүгө муктаж эмесмин.

Эч кимден эч нерсе сураба!

 Шайтан кайра айтты:

- Угуп көр, кааласаң аласың, каалабасаң албайсың.

Шайтан анан сөзүн улап мындай деди:

- Эй, Ханзаланын уулу, Аллахтан башка эч кимден бир нерсе сураба! Каалаган бардык нерсеңди Аллаху тааладан сура! Ачууланган кезиңде кандай болуп калганыңды карап көр! Сен ачууланган кезиңде мен сени башкарам.

 Абдуллах бин Ханзала хазреттери зыярат үчүн достору менен Саъд бин Убада хазреттерининин уулунун үйүнө барган эле.

 Намаз убагы келгенде үйдүн ээсине имам болууну сунушташты. Ал келген коноктордун бирин имам болушун каалады. Хазрети Абдуллах минтип риваят кылды:

- Расулуллах алейхиссалам: "Бир адамдын өз төшөгүндө жатуусу, жаныбарына минүүсү жана үйүндө имам болуусу абзел” – деп буюрган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш