Абдуллах бин Хузафа


Расулуллахтын элчилеринен.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Худайбия келишиминен кийин Исламды бүт дүнүйөгө жайылтуу жана адамдардын Тозоктон кутулуу, түбөлүк бакытка жетүүлөрү үчүн өкүмдарларга элчилерди жиберүүнү каалап жаткан эле. Анткени, Ал ааламдарга ырайым кылып жиберилген эле.

Каалаган нерсеңизди буюруңуз!

Ушул себептен улам бир күнү кутман сахабаларга мындай деди:

- Кээ бириңерди чет элдик өкүмдарларга жибергим келет. Исраил уулдарынын пайгамбарларына каршы кылган мамилелери сыяктуу силер да мага каршы мамиле кыла көрбөгүлө!

Кутман сахабалар мындай деп жооп беришти:

- Йа, Расулаллах! Биз сизге эч качан эч бир маселеде каршы мамиле кылбайбыз. Сиз бизге каалаган нерсеңизди буюруңуз, бизди каалаган жериңизге жибериңиз!

Ошондон кийин Ислам динине чакыруу максатында өкүмдарларга бирден кат менен алты сахаба жиберилди. Бул алты элчинин бири да Абдуллах бин Хузафа эле. Пайгамбарыбыз аны Кисрага, башкача айтканда, Иран шахына жиберген эле.

Пайгамбарыбыз катын Кисрага сунуу үчүн Бахрейндин валисине берүүсүн болсо Абдуллах бин Хузафага буюрду.

Пайгамбарыбыз Кисрага жазган катында мындай деп буюрду:

"Бисмиллахиррахманиррахим. Аллахтын расулу Мухаммедден перстердин улуусу Кисрага!

Хидаятка баш ийген,  туура жолду кармангандарга, Аллахка жана Расулуна ыйман келтиргендерге, Аллахтан башка эч кандай илах жана кудай жок экендигине, Анын окшошу, шериги жок экендигине жана Мухаммеддин да Анын кулу жана Расулу экендигине күбөлүк бергендерге салам болсун!

Мен сени Аллахка ыйманга чакырам! Анткени, мен жүрөктөрү тирүү жана акыл-эси жайында болгондорду эскертүү, капырлар жөнүндөгү ошол азап сөзүнүн аткарылышы үчүн бардык адамдарга жөнөтүлгөн Аллахтын  Пайгамбарымын!

Андай болсо мусулман бол, тынчтык тап! Эгер менин чакырууман баш тартып, андан качсаң бардык мажусилердин күнөөлөрү сенин мойнуңда болсун!”

Бахрейндин валисине берди

Пайгамбарыбыздын Иран шахына жиберген катынын түп нускасы 1962-жылдын ноябрь айынын аягында Шамдан табылган. Пергаментке жазылган бул куттуу кат убакыттын өтүшү менен өңү өзгөрүп, токумасы эскирген жашыл бир кездемеге чапталган болуп, узундугу 28 см, туурасы 21,5 см.

Абдуллах бин Хузафа хазреттери Пайгамбарыбыздын катын Кисрага тапшыруу үчүн Бахрейндин валиси Мунзир бин Савага кайрылды. Ал болсо аны Кисрага жиберди.

Абдуллах бин Хузафа кабарлагандай, өзү Кисранын эшигине чейин барды. Алдына кирүүгө уруксат сурады.

Кисра алгач сарайдын залын жасалгалоого буйрук берди. Андан кийин перс мамлекеттик ишмерлерин, кийин Пайгамбарыбыздын элчисин кабыл алууга уруксат берди.

Абдуллах бин Хузафа хазреттери Пайгамбарыбыздын катын тапшыруу үчүн Ирандын Кисрасынын алдына кирди. Кисра Пайгамбарыбыздын катын элчиден алынуусун буюрду. Абдуллах бин Хузафа мындай деди:

-Аны Расулуллах алейхиссалам буюргандай сага өзүм берем!

Ошондо Кисра мындай деди:

- Андай болсо, кана мага жакында!

Түш болгон жашоодо жашап жатасыңар

Абдуллах бин Хузафа Кисрага жакын барып катты тапшырды. Кисра катты окутуу үчүн хиралык катчысын чакырды. Катты ага окутту. Катчы катты:

"Аллахтын Расулу Мухаммедден улуу перстердин улуусу Кисрага!” деп окуп баштаганда Кисра катты Пайгамбарыбыздын өзүнүн аты менен баштаганына абдан ачууланып кыйкырынды.

Ошондо Абдуллах бин Хузафа Кисранын алдында мындай деп сүйлөдү:

- Эй, перс жамааты! Силер болгону колуңардагы жер бетинин бир бөлүгүнө гана ээлик кылып, Пайгамбарсыз жана Китепсиз саналуу күндөрдү өткөрүп, түш болгон бир жашоодо жашап жатасыңар! Бирок, жер бетинин силер ээлик кыла албаган бөлүгү көбүрөөк.

Эй, Кисра! Сенден мурун көптөгөн дүнүйөлүк жана акыреттик өкүмдарлар келип кетишти жана өкүм сүрүштү. Алардын ичинен акыреттик болгондор дүнүйөдөн да насиптерин алган болуп, дүнүйөлүк болгондору болсо акыреттик насиптерин жоготушту! Дүйнөгө иштөөдө бири-биринен артта калгандар акыретте бир катарга тизилишкен.

Сага алып келип тапшырган бул маселени төмөнсүнтүп жатасын. Бирок, Кудайга ант болсун, кайда болсоң дагы сен төмөнсүткөн нерсе келгенде андан коркосуң жана коргоно албайсың!

Мага кат жазып жатат, ыя!

Кисра болсо ачууланып, падышачылыгына текебердик кылып:

- Муну карап кой! Менин кулум, кызматчым болгон адам туруп мага кат жазууда, ыя! Мүлк жана падышалык мага таандык! Мен бул маселеде жеңилип калуудан да, бирөө жарымдын мага шерик болууга аракет кылуусунан да коркпойм! Фираун Исраил уулдарына өкүмдар болгон. Силер алардан артык же күчтүү эмессиңер. Силерди дароо өзүмдүн башкаруума алуума эмне тоскоол болот? Мен фираундан жакшыраак жана күчтүүрөөкмүн!

Кисра катта эмне айтылганын үйрөнүп-биле электе катты алып, айрып салды. Жана Пайгамбарыбыздын элчисин сыртка чыгарып салууларын буюрду.

Абдуллах бин Хузафа хазреттерин сыртка чыгарып салышты.

 Абдуллах бин Хузафа Кисранын алдынан чыгаары менен жаныбарын минип, жолго чыкты. Ал өзүнө мындай деди:

- Кудайга ант болсун, мен үчүн эки жолдун кайсынысы болсо кайгырбайм. Эмнеси болсо да, мен Расулуллахтын катын тапшырып, милдетимди аткардым.

 Ачуусу басылгандан кийин Кисра элчини ичкериге алып кирүүнү буюрду. Аны Хирага чейин издеткен болсо да таба алган жок.

Катымды айырып салды

 Абдуллах бин Хузафа хазреттери Мединага келип, жагдайды Пайгамбарыбызга кабарлады. Кисранын ачууланып катты айырып салганын айтканда, Пайгамбарыбыз:

- Бөлүк-бөлүк болуп айрылышсын! Ал менин катымды жыртты. Аллах да анын мүлкүн жыртсын!

 Ал өз колу менен мүлкүн жыртты! Оо, Аллахым! Анын мүлкүн, падышалыгын жырта көр!

 Аллаху таала Расулунун дубасын кабыл кылып, Кисра уулу тарабынан  бир түнү канжар менен бырчаланган эле. Хазрети Омардын доорунда болсо Ирандын бардык жерлери каратылып, мусулмандардын колуна өттү.

 Абдуллах бин Хузафа хазреттери Хазрети Омардын тушунда Византия менен болгон согушта көптөгөн мусулмандар менен бирге туткунга алынган эле. Византиялыктар колго түшкөн туткундарга адегенде христиандыкты сунуштап, кабыл алышса бошотушчу, антпесе ар кандай кыйноолор менен өлтүрүшчү.

 Абдуллах бин Хузафанын сахабалардын көрүнүктүү адамдарынан экенин билген король ага өзгөчө маани берип, христиан динин кабыл алуусун тынымсыз сунуштатып жаткан эле. Бирок, Абдуллах бин Хузафа бул сунуштардын эч бирин укпай, калима-и шахадатты айтууну улантып жаткан эле. Король али үмүтүн үзө элек болчу.

 Хазрети Пайгамбардын жакын досторунан биринин христиан динин кабыл алышы күн өткөн сайын жайылып, Византияны коркуткан мусулмандар арасында паникага себеп болмок жана Христиан дүйнөсү үчүн чоң ийгилик болмок.

Мүлкүмө шерик кылам

Мына ушул себептен король Хазрети Абдуллах христиан болгондо ала турган дүнүйөлүк пайдаларын тынымсыз көбөйтүп, жаңы сунуштарды жасап жаткан эле. Акырында ал төмөнкүдөй сунуш киргизди:

- Эгер христиан болууну кабыл кылсаң, кызымды берип, сени падышачылыгыма жана мүлкүмө шерик кылам.

Алгачкы мусулмандардан болуп, меккелик мушриктердин буга чейинки кыйноолоруна чыдаган Хазрети Абдуллах татыктуу ызаат менен кыйкырып, мындай деп жооп берди:

- Мага бүт Византия жерлерин гана эмес, араб, перс жерлерин берсең дагы мен бир көз ирмем динимден кайтпайм!

Ошондо король Хазрети Абдуллахка мындай деди:

- Андай болсо өлтүрүлөсүң.

- Мага күчүңөр жетиши мүмкүн. Бирок, ыйманымды жүрөгүмдөн чыгарып сала албайсыңар!

Абдуллах бин Хузафадан күткөн натыйжаны ала албаган византиялыктар Хазрети Абдуллахты крестке кадашып, жаачылар анын колу-бутуна жакын жерлерине тынымсыз жебелерди жаадырышты. Ошол эле учурда, христиандык сунушталып жатты.

Ошол эле маалда казанга суу кайнатып, христиан болуудан баш тарткан калган мусулмандардын бири алып келинип, казанга ыргытылганы калган эле.

Ыйлай баштады

Анан ошол мусулман кайнак сууга ыргытылды. Бул коркунучтуу абалды айланадагылар жана Хазрети Абдуллах көрүштү. Андан соң казанга Хазрети Абдуллах алып келинди.

Бул учурда Хазрети Абдуллах ыйлай баштады. Король Абдуллахтын коркуп ыйлап жатканын ойлоп, кайрадан христиан болууну сунуш кылды. Хазрети Абдуллах дагы сунушун четке какты. Ошондо король сурады:

- Анда эмнеге ыйлап жатасың?

- Мен коркконумдан ыйлаган жокмун. Биз мусулмандар Аллах жолунда өлүмдөн коркпойбуз. Менин ыйлаганымдын себеби, башымдагы чачтарымдай канча көп жаным болсо да, алардын ар бири ушинтип Аллахтын жолунда өлсө деп ойлодум жана ушундай ой мени ыйлоого түрттү.

Исламдын ызаатынын бийик символу болгон Хазрети Абдуллахтын бул сөздөрүнүн натыйжасында король жаңы сунуш киргизди:

- Эгерде менин башыман өпсөң, сени бошотом.

Византия падышалыгына шериктештик сунушуна карабай ыйманынан кечпеген Хазрети Абдуллах кантип бир христиандын башынан өпмөк эле? Жооп катары ал төмөнкүдөй сунуш киргизди:

- Эгер бул жердеги мусулман туткундардын баарын бошотсоң сенин айтканыңды кылам.

Хазрети Абдуллах королдун башын өбөйүн деп жатып мындай деп ойлонуп жатты:

"Мен бул адамдын Аллахтын душмандарынын бири экенине ишенем. Мунун башын болсо мусулман боордошторумду бошото тургандыктан гана өөп жатам.”

Хазрети Абдуллах королдун башын өптү жана ал дагы сөзүнө туруп, 80 мусулман туткунду бошотту.

Абдуллах бин Хузафанын ыйманынан пайда болгон ызаат жана жан аябастыгы 80 мусулманды кутулуусуна, дагы көптөрдүн ыйманын сактап калуусуна себеп болгон эле.

Ар бир мусулмандын милдети

Туткундар менен бирге Мединага кайтып келген Хазрети Абдуллахты Хазрети Омар тосуп алды. Хазрети Омар Абдуллахты куттуктап, ал жердеги мусулмандарга кайрылып:

- Абдуллах королдун башын өөп, 80 мусулман боордошубуздун аман калышына себепкер болду. Андыктан, Абдуллахтын башын өбүү ар бир мусулмандын милдети. Мына, эң алгач мен өбөм, - деди да, башынан өптү.

Абдуллах бин Хузафа алгачкы мусулмандардын бири эле. Анын ата-теги Хазрети Луейде Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен биригет. Энеси Харис уулдарынан. Мусулман болгондон кийин меккелик мушриктер тарабынан кыйноого кабылган эле. Хабашстанга эки жолу хижрат кылган эле.

Бадр согушунан кийин Мединага келди. Расулуллах менен бирге бардык согуштарга катышкан Абдуллах бин Хузафа хазреттери бир жолу Пайгамбарыбыз тарабынан 50 кишилик аскердик топко кол башчылыкка дайындалган эле. Абдуллах бин Хузафа Хазрети Османдын тушунда Мысырда кайтыш болду.

Аллах ага ыраазы болсун.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш