Абдуллах бин Омар


Эң көп хадис накыл кылган сахабалардын бири.

Абдуллах бин Омар хазреттери кутман сахабалардын улууларынын бири болуп, төрт улуу халифанын бири болгон Хазрети Омардын уулу. Эң алгачкы ыйман келтиргендердин бири. Атасы ыйман келтирүү сыймыгына ээ болгондо ал да бала кезде мусулман болду.

Ал бала кезинен эле Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жанында болду. Ушул себептен ал кутман сахабалардын арасында эң көп хадиси шариф накыл кылгандардын бири болду.

Мындан тышкары, табияты боюнча жогорку абалдарга ээ болгондуктан жана Расулуллахка кызмат кылуу сыймыгына ээ болуп, көп жылдар бою сукбатына катышкандыктан бардык илимдерде чебер болду.

Өтө жоомарт эле

Арам жана күмөндүү нерселерден сактануу, дүнүйөгө берилбөө жагынан үлгүлүү инсан эле. Ар бир маселеде абдан изденүүчү, текшерүүчү жана кылдат болчу. Өтө жоомарт болуп, икрам кылууну абдан жакшы көрчү. Кечки тамакты жалгыз жегени эч качан көрүлгөн эмес. Сөзсүз конок издеп тапчу.

Бир күнү Абдуллах бин Омар хазреттерине миң дирхам акча менен баалуу чепкен белек катары алынып келинген эле. Досторунун бири эртеси күнү базарда жаныбарына бересеге жем алып жатканын көрүп таң калды. Үйүнө барып сурады:

- Кечээ Абдуллах бин Омарга миң дирхам менен кымбат баалуу чепкен келген эмес беле?

- Ооба, келген эле.

-Бирок, бүгүн анын бересеге алыш-бериш кылып жатканын көрдүм.

- Туура. Белектерди алган күнү чепкенди ийнине алып, базарга барды. Кайтып келгенде чепкени да, акчасы да жок эле. Муктаждарга баарын таратып бериптир.

Бала кезинде бир түш көрдү. Түшүндө бир бөлүк жибек кездемеге минип учуп, Бейиште каалаган жерлерге конуп жатты. Ал ортодо бирөөлөр аны Жаханнамга алып баргысы келди. Ошол замат алдынан бир периште пайда болуп: "Коркпо!” – деди.  Андан кийин аны алып, кайра Бейишке алып кетти.

Хазрети Хафса анын бул түшүн Расулуллахка айтканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Абдуллах кандай жакшы адам. Түндөрү да намаз окуса экен!

Ошондон бери түнкү намазын бир да калтырган жок.

Аллахтан коркуу

Аллахтан башка эч кимден коркчу эмес. Бир күнү сапарга чыкты. Жолдо алдынан бир арстан чыкканда достору коркуп, эмне кыларын билбей калышты. Ал коркпостон арстанга жакындап, кулагына айтты:

- Расулуллахтан уктум эле. "Эгер адам баласы Аллахтан башка эч нерседен коркпосо эч нерсе ага кол салбайт”, - деген эле. Жолдон кач, биз жолубузду уланталы.

Арстан унчукпай алыстап кетти.

Курсагы ачмайынча жечү эмес, жегенде да өтө аз жечү. Ошондой эле Ирактан конокко келген бир досу ага белек катары дары алып келип мындай деди:

- Бул жакшы дары. Сага Ирактан алып келдим.

- Бул дары эмнеге пайдалуу?

-Тамак сиңирүүгө жакшы.

- Андай болсо сен бул дарыны башкага бер!

- Эмнеге?

- Анткени, мен өмүрүмдө курсагым тойгуча тамак жеген эмесмин. Мындан ары да жебейм. Ошондуктан, менде тамак сиңирүү бузуктугу болбойт.

Бир күнү Абдуллах бин Омар хазреттеринин төөсү жоголду. Көп издеди, таба албады. "Алганга адал болсун!” – деп мечитке кирди. Андан кийин бирөө келип айтты:

- Сенин төөң баланча кишиде.

Мечиттен чыгып баратканда эстеди. "Мен аны алган адамга белек кылдым эле”, - деп кайра мечитке келди.

Аллах үчүн сүй!

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир насаатында Абдуллах бин Омар хазреттерине мындай деди:

- Аллах үчүн сүй, Аллах үчүн таарын, Аллах үчүн макулдаш! Олуялык мартабасына ушундай жол менен гана жете аласың! Бул жолдо болбогон адам намазы менен орозосу көп болсо да ыймандын даамын тата албайт.

Оо, Абдуллах, эртең менен турганда кечке кам санаба! Кечинде болсо эртең мененге кам санаба! Дениң соо кезде оору үчүн алдын ала чара көр жана жашооңдо өлүм үчүн алдын ала чара көр!

Абдуллах бин Омар хазреттери арамдан катуу коркчу. Ушул себептен улам ал мындай дечү:

- Белиңер бүкүрөйгүчө намаз окусаңар жана кылдай арыктагыча орозо кармасаңар, бирок, арамдан сактанмайынча булардын убада кылган сооп-сыйлыктарын ала албайсыңар!

Бирөө Абдуллах бин Омарга: "Мен сени Аллах үчүн жакшы көрөм”, - дегенде, ал:

- Мен да Аллах үчүн сени эч жакшы көрбөйм. Анткени, сен азанды теганни кылып, ырдап жаткандай айтасың.

Табииндин улууларынан Нафиъ мындай дейт:

"Мен бала кезимде Абдуллах бин Омар менен чогуу бара жатканбыз. Чоордун үнүн угуп калдык. Хазрети Абдуллах кулактарын  манжалары менен жаап алды. Ошол жерден ылдамдык менен алыстадык. Бираздан кийин мага мындай деди:

- Чоордун үнү дагы эле угулуп жатабы?

- Жок, угулган жок.

Ошондон кийин гана манжаларын кулагынан чыгарды.”

Эч ким күйбөсүн!

Расулуллах алейхиссалам Абдуллах бин Омарды абдан жакшы көрчү. Бир күнү Хазрети Абдуллах Расулуллахтын алдына келди. Расулуллах алейхиссалам ага көп илтифат кылып (мактап): "Кыямат күнү ар бир адамдын берааты [кутулгандыгы тууралуу күбөлүк] ар бир амалы өлчөнгөндөн кийин берилет. Абдуллахтын берааты болсо дүнүйөдө берилген”, - деп, аны мактап даңазалады. Себеби суралганда:

- Ал вераъ жана такыбаа ээси болгондой эле, дуба кылып жатып: "Йа, Рабби! Менин денемди Кыямат күнү ушунчалык чоң кыла көр, Жаханнамды мен гана толтурайын. Жаханнамды адам менен толтурам деген убадаң ушинтип орундалган болсун. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнөн эч ким Жаханнамга күйбөсүн”, - деп, дин боордошторун өзүнү жанынан артык жакшы көрөрүн көрсөткөн. [Абу Бакр Сыддыктын да ушинтип дуба кылгандыгы "Манакиб-и чихар йар-и гузин” китебинде жазылган.]

Абдуллах бин Омар хазреттери бир күнү бир канча достору менен Мединаи мунавварадан чыгып кетишкен эле. Тамактануу убактысы келгенде дасторконду даярдашты. Ошол кезде кул болгон бир чабан салам берди. Хазрети Абдуллах чабанды тамакка чакырды. Чабан орозолуу экенин айтып, дасторконго отурбады. Ибни Омар андан сурады:

- Ушул өтө ысык күндө койлорду жайып жана ушуну менен катар орозо кармаганың кандай болууда?

Чабан болсо мындай деп жооп берди:

- Мен ушинтип көп күндөр орозо кармадым. Абдуллах бин Омар хазреттери аны сыноо үчүн айтты:

- Койлоруңдун бирин сатасыңбы? Акчасын да, ооз очууң үчүн этинен да беребиз.

- Койлор менин кожоюнумдуку.

- Кожоюнуңа жоголуп калганын айтасың.

Ошондо койчу толук бир берилүү менен мындай деп жооп берди:

- Аллаху таала көрүүдө, билүүдө.

Азат кылышты

Абдуллах бин Омар хазреттери чабандын сөзүн бир нече жолу кайталады. Алар Мединага кайтып келишкенде чабандын кожоюнуна бирөөнү жиберип, койлор менен чабанды сатып алды. Аны азат кылып, койлорду да ага белекке берди.

Меккенин алынуусу учурунда Ибни Омар жыйырма беште болчу. Күлүк аты бар эле. Бул аттын үстүндө колундагы найзасы менен өтө айбаттуу эле. Расулуллах алейхиссалам анын мындай абалын көргөндө: "Абдуллах! Мына, Абдуллах”, - деп, анын мужахиддигин мактады. Мусулман аскерлери чоң көрк менен Меккеге киргенде Расули акрам бир төөнүн үстүндө болуп, Ибни Омар да жанында эле.

Мекке алынгандан кийин Абдуллах бин Омар Хунейн согушуна катышты. Чоң батырдыктарды көрсөттү.

Бир кезде аскер артка чегинүүгө аз калганда Ибни Омар Расулуллах алейхиссаламга жакындап, дуба сурады: "Эгер жеңиш насип болсо итикаф кылам”, - деп билдирди. Расули акрам анын бул өтүнүчүнүн натыйжасында мындай деди:

- Каалаганыңды кыласың, адагыңды (атаганыңды) орундайсың.

Андан кийин жеңиш насип болду.

Хунайндан кийин Таифтин курчоосу орун алды. Бул курчоодо алдыңкы күчтөрдүн бири эле. Расулуллахтын дубасы менен фатх насип болду.

Токсондон ашык жараат бар эле

Абдуллах бин Омар хазреттери Мута согушуна да катышкан эле. Бул окуя тууралуу өзү мындай дейт:

"Расулуллах алейхиссалам Мута казатында Зейд бин Харисаны кол башчы кылып: "Эгер Зейд шейит болсо Жафар бин Абу Талиб, ал да шейит болсо Абдуллах бин Раваха кол башчы болсун”, - деп буюрган эле.

Мен да бул согушта элем. Жафар бин Абу Талибди согуш талаасында издедик жана шейиттердин арасынан таптык. Анын денесинде токсондон ашык кылыч менен найза жарааттары бар эле.”

Ал жакшылык, кайрымдуулук кылууну, садака берүүнү, кул азат кылууну абдан жакшы көрчү. Ак көңүл жана көркөм мүнөз ээси болуп, жамандыктан алыс эле. Ал бардык ишин жана бардык нерсесин Аллах үчүн кылчу. Шакегинин ташында "Абдуллах бин Омар, Лиллах” деген жазуу бар эле. Абдуллах бин Омар хазреттери айтты:

- Мусулмандык сыймыгына ээ болгондон кийин эң чоң кубанычым, сүйүнүчүм - көңүлүмдүн ар кимди артынан жүгүрткөн бир топ каалоо жана эңсөөлөргө ыктабагандыгы эле.

Хазрети Абу Бакрдын доорунда Амр бин Астын жетекчилигиндеги аскерде кызмат өтөдү. Аскер Палестина жерине киргенде Амр бин Ас Абдуллах бин Омарга бир туу жана буйругуна миң атчан аскерди берди.

Эч ким тарабасын!

Аскер Амр бин Астын буйругу менен жүрүшкө чыкты. Таңга чейин басышты. Ал ортодо калың элдин бир катар издерине туш болушту. Абдуллах бин Омар хазреттери айтты:

- Менин оюмча жоокерлердин бул изи гректердин алдыңкы бөлүктөрүнө таандык.

Андан кийин кол астындагы жоокерлер менен токтоду. Жоокерлер мындай дешти:

- Келгиле, ушул изди байкоого алалы.

Ошондо Абдуллах бин Омар төмөнкүдөй көрсөтмө берет:

- Жок, издин кимге таандык экендиги так билингенге чейин эч ким тарабасын!

Эч ким өз ордунан жылган жок. Иликтөөнүн натыйжасында мусулмандардан кабар алуу үчүн тегеренип жүргөн он миң грек аскеринин жакын жерде экенин түшүнүштү. Абдуллах бин Омар аларды көргөндө аскерлерине мындай деп кайрылды:

- Бул мүмкүнчүлүктү коё бербегиле! Бейиш кылычтардын көлөкөсүндө!

Аскердин баары катуу үн менен: "Ла илааха иллаллах Мухаммадун Расулуллах”, - деди. Калимаи таухид үндөрү асманга жаңырды. Куду дарактар, таштар жана бардык нерселер аларга калимаи таухид менен жооп берип жаткандай эле. Биринчи кол салган Икрима бин Аби Жахл болду. Сухайл бин Амр, андан кийин болсо Даххак анын артынан жөнөдү. Эки аскер тобу кагылышты. Абдуллах бин Омар хазреттери согуш абалын мындайча сүрөтөгөн эле:

"Ошол учурда мен гректердин алдыңкы жоокерлеринин бири, кең далылуу, оңду-солду шамдагайлык менен чаап жаткан бирөөнү көрдүм. Ал алдыңкы күчтөрдүн кол башчысы жана гректердин көз кареги болгон бирөө эле.

Бул грек жоокеринин моралдык абалына чоң таасирин тийгизип жатты. Мен ага чабуул коюп, найза сайдым, бирок, ал өзүн куткарды.

Аны өлтүрүү үчүн кайра мүмкүнчүлүк таап, жарадар кылдым. Аны кылычым менен болушунча чаап жаттым. Куду ташка чаап жаткандай элем. Ар бир чапкан сайын кылыч катуу ташка тийгендей үн чыгарып жатты. Ал тургай сынып кетти деп ойлоп калдым. Акыры аны жерге кулаттым.

Муну көргөн гректердин үрөйү учту. Мусулман мужахиддер болсо катуураак жана сүйүү менен чабыша башташты. Аллах үчүн Даххак менен Харис бин Хишам чоң баатырдыктарды көрсөтүштү жана душман жеңилип, тарап кетти. Ошентип, Аллаху тааланын жардамы менен жеңишке жеттик.”

Абдуллах бин Омар кайда?

Согуш бүткөндөн кийин мусулман аскерлери чогулушту. Алар гректерден алган мал-мүлктөрдү жана олжолорду ортого алып келишти. Жоокерлердин баары кайтып келген болсо да Абдуллах бин Омар дагы эле көрүнбөй жатты. Мусулмандар бири-биринен сурап жатышты:

- Абдуллах бин Омар кайда?

Алардын бири анын абдан захид жана ибадатка берилген зат экенин айтты. Башкалар да аны мактаган сөздөрдү айтышты.

Бул сөздөрдү өзү турган жерден уккан Абдуллах бин Омар хазреттери катуу үн менен такбирлер, тахлилдер менен Расулуллахка салату-салам айтып, колундагы байракты желбиретти. Муну көргөн мусулмандар ага чуркашты. Андан кайда экенин сурашканда: "Мен гректердин кол башчылары менен алек болчумун. Аны өлтүрдүм”, - деди.

Абдуллах бин Омар хазреттери Мута жана Ярмук согуштарына катышты. Хазрети Абу Бакрдын халифалык доорунда Халид бин Валиддин Аравияда козголоң чыгарган муртад урууларга каршы баштаган жортуулдарга катышты.

Ошондой эле Нихаванд согушуна жана Хазрети Османдын Мысырдагы акими Абдуллах бин Сааддын Түндүк Африканын каратылуусун бүтүрүү үчүн Мединадан жөнөтүлгөн жардамчы күчтөр менен согушка катышты.

Дагы аз убакыттан кийин 650-651-жылдары Саид бин Астын жетекчилигиндеги Хорасан жана Таберистан жортуулуна катышты.

Стамбулга келди

Абдуллах бин Омар хазреттери Хазрети Муавиянын халифалык доорунда  Язид бин Муавия менен Византия жортуулуна катышты. Аййуб Султан хазреттери менен Стамбулдун чептеринин алдына чейин келип, византиялыктар менен орун алган согушка катышты.

Абдуллах бин Омар хазреттери мамлекеттик кызматта милдет алуудан алыс болду. Атасы Хазрети Омар шейит боло электе өзүнүн ордуна уулун көрсөтүүнү каалагандарга мындай деген эле:

- Бир үйдөн бир курмандык жетиштүү.

Шайланбоо шарты менен Хазрети Османды халифа кылып шайлаган кеңештин мүчөсү болду.

Хазрети Осман шейит болгондон кийин Хазрети Омардын уулу болгондугу, илим мартабасында жогорулугу жана согуштардагы баатырдыктары аталып, халифа болуусу кааланган болсо да макул болгон жок. Хазрети Алиге биъат кылды. Бирок, ички окуяларга аралашкан жок.

"Жихад Ислам жеринде, мусулмандардын ортосунда болбойт. Жихад капырларга жана мусулман эмес мамлекетке каршы болот”, - деди.

Абдуллах бин Омар Расулуллахты көрүп, сукбатына катышуу, Ага кызмат кылуу сыймыгына ээ болгондугу жана табиятынан жогорку сапаттарга ээ болгондугу үчүн бардык илимдерде чебер, устат болчу.

Илими, арамдардан жана күмөндүү нерселерден сактануусу, дүнүйөнү сүйбөгөнү менен үлгү болчу. Ар бир маселеде абдан изденүүчү, текшерүүчү жана кылдат болчу.

Курани каримдин тафсири боюнча сахабалардын көрүнүктүүлөрүнүн бири эле. Адал менен арам тууралуу хадиси шарифтердин көбүн ал накыл кылган эле. Уккан хадиси шарифтерин жазып алчу, зарыл деп билмейинче хадиси шариф накыл кылчу эмес.

Расулуллахка абдан окшош эле

Ибни Омар хазреттери көп учурда Расулуллах алейхиссаламдын кызматында жана алдында болчу. Болбогон кездерде Анын сөздөрүн, иштерин жана такририн сурачу, изилдеп үйрөнчү.

Түшүнбөй калган нерсесин Расули акрам хазреттеринин өзүнөн сурап үйрөнчү, билгенин үйрөтүүдөн ырахат алчу.

Мединаи мунавварада дарс (сабак) жыйынын уюштуруп, хадиси шариф үйрөтчү. Ошондой эле ажылык мезгилинде дүнүйөнүн төрт бурчунан илим жана акыйкат ашыктарына хадиси шариф накыл кылчу.

Хазрети Аиша айтты:

- Жүрүм-туруму жана иштери жагынан Расулуллахка эң көп окшош болгондордун бири да Ибни Омар эле.

Абдуллах бин Омар хазреттери фикх илиминде да кемел (эң жогорку) даражада эле. Фатва маселесинде өтө кылдат эле. Көптөгөн маселелерге "билбейм” деп жооп берчү. Фатвалары өтө баалуу. Имам Малик ал жөнүндө мындай дейт:

Абдуллах бин Омар Пайгамбарыбыздан кийин ажылык мезгилинде жана башка убактарда адамдарга алтымыш жыл фатва берген эле.

Абадилаи арбаа

Хадис жана фикх аалымдарынан Абдуллах бин Омар, Абдуллах бин Аббас, Абдуллах бин Зубайр жана Абдуллах бин Амр бин Аска Абадилаи арбаа, башкача айтканда, төрт Абдуллах деген наам берилген. Бул төрт зат бир маселеде бир пикирге келгенде "Абадиланын кавлы” деп айтылат. Ал эми фикх китептеринде Абадила деп айтылганда көбүнчө Ибни Масуд, Ибни Аббас жана Ибни Омар хазреттери эскерилет.

Табииндин улууларынан болгон Нафиъ Абдуллах бин Омар азат кылган адам. Аны он миң дирхамга сатып алгандан кийин мындай деди:

- Сени Аллахтын ыраазылыгы үчүн бошоттум.

Ал абдан жоомарт, жумшак мүнөз жана кичи пейил болчу. Эгер кул жана жарияларынын бирин Аллаху таалага ибадат кылып жатканын көрүп калса, аны азат кылуу адаты болчу. Кулдарынын минтип көрүнүп аны алдап жатышканын айтышканда мындай деди:

- Жакшылык үчүн алдангандан жакшы нерсе барбы?

Имам Нафиъ кожоюну жөнүндө мындай деген эле:

- Абдуллах бин Омар миң адамды азат кылмайынча жанын тапшырган эмес. Жакшы көрүп баштаган бир нерсесин Аллах ыраазылыгы үчүн муктаж бирөөгө берчү. Ошентип, Аллаху тааланын: "Жакшы көргөн нерсеңерден сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар!” (Али Имран сүрөсү, 92) маанисиндеги аяти жалиласы менен амал кылчу.

Ошол доордун байларынын бири Абдулазиз бин Харун: "Эмнеге муктаж болсоң мага кабарла”, - деп Абдуллах бин Омарга кат жазган эле. Жооп катары мындай деп кат жазды:

Расулуллахтан: "Алгач өзүң багууга милдеттүү болгон кишилерге бер, жогору кол төмөн колдон жакшыраак!” – деп айтканын уктум. Жогору колду берген кол, төмөн колду болсо алган кол деп ойлойм. Сенден эч кандай суранычым жок. Аллаху тааланын мага жиберген бир нематын да четке какпайм.

Ихлас сүрөсү

Абдуллах бин Омар хазреттери Жума намазга барар алдында сөзсүз гусул алып, жыпар жыттарды сүрүнчү. Айт намаздары үчүн да ошондой кылчу. Күнүнө эки жолу жыпар жыт сүрүнчү, кийимдеринин таптаза, жыпар жыттуу болушуна кам көрчү.

Абдуллах бин Омардын уулу Халид тарабынан бошотулган Абу Галиб мындай дейт:

"Абдуллах бин Омар Меккеге келгенде биздин коногубуз болчу. Ал түндөрү туруп, тахажжуд намазын окучу. Бир түнү багымдат намазы жакындаганда мага мындай деди:

- Ордунан туруп намаз окубайсыңбы? Курани каримдин үчтөн бирин окусаң да болот.

Менин "Багымдат жакындап калды, мен мынчалык кыска убакытта Курандын үчтөн бирин окуп жетише албайм” деген жообума мындай деди:

- Ихлас сүрөсү Курани каримдин үчтөн бирине барабар.

Бирөө Абдуллах бин Омар хазреттерине: "Эй, адамдардын эң жакшысы”, - деп айтканда, ал мындай деди:

- Мен адамдардын эң жакшысы эмесмин. Адамдардын эң жакшысынын уулу да эмесмин. Мен бир гана Аллаху тааланын кулумун. Анын ыраазылыгын күтөм, Андан корком. Эгер силер минтип мактай берсенер адамды курутасыңар.

Намазды аксаткандар

Аадам бин Алиден риваят кылынгандай, Абдуллах бин Омар өзүнүн бир сукбатында: "Кыямат күнү аксактар деп чакырыла турган адамдар бар”, - деди. Жамаат: "Аксактар кимдер?” - деп сураганда, мындай деп жооп берди:

- Оңго-солго карап, кээ бир кыймылдарды жасап намазда кемчилик кетирген жана аксаткан адамдар.

Ибни Омар бирөөнүн заалым Хажжажга каршы сүйлөгөнүн угуп, андан сурады:

- Эгер Хажжаж бул жерде болгондо ушинтип сүйлөй алат белең?

- Жок, сүйлөй алмак эмесмин.

- Мына, биз Расули акрамдын убагында муну мунафыктык деп эсептечүбүз.

Абдуллах бин Омар хазреттери көптөгөн сукбаттарында мындай деген:

"Эй, Адам баласы! Денең менен дүнүйөдө бол, жүрөгүң менен акыретти тап!”

"Даанышмандык оноо, тогузу – унчукпоо, бирөө болсо – аз сүйлөө.”

"Адамдын махиети (мүнөзү, сапаты) досунан билинет.”

"Өзүнөн жогорудагы адамга көралбастык, өзүнөн төмөн адамга үстөмдүк кылган адам илимдүү деп эсептелбейт.”

"Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кылган биъатымды бүгүнкү күнгө чейин бузган жокмун жана өзгөрткөн жокмун. Фитна жана каргашаны жактаган адамга да биъат кылган жокмун.

Эч бир мусулманды жайлуу төшөгүнөн ойготподум, тынчын алган жокмун.”

"Аллах үчүн жакшы көр, Аллах үчүн жек көр, Аллах үчүн дос бол, дагы Аллах үчүн душмандык кыл! Аллаху тааланын сүйүүсүнө ушинтип жетүүгө болот.”

"Биз ушундай доорлорду көрдүк, эч ким мусулман боордошунан көбүрөөк акчага, пулга ээ болууну ойлогон жок. Азыр болсо алтын менен күмүш кадырлуураак боло баштады.”

"Аллахтан коркуп бир тамчы жаш агызуу мен үчүн миң алтын садака берүүдөн да сүйкүмдүүрөөк.”

"Адам колунан келишинче жакшылык кылууга тийиш, дайыма таттуу сүйлөп, жылуу жүздүү болууга тийиш.”

Аллах үчүн жакшы көр!

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абдуллах бин Омарга насааттарынын биринде мындай деди:

- Аллах үчүн жакшы көр, Алла үчүн таарын, Аллах үчүн макулдаш! Олуялык мартабасына бир гана ушуну менен жете аласың. Намазы жана орозосу көп болсо да, бул жолдо болбогон адам ыймандын даамын ала албайт.

Эртең менен турганда кечке жетем деп ойлобо, кечке жеткениңде эртең менен ойгоном деп оюңа да келтирбе! Өмүрүңөн өлүмүң, ден соолугуңан ооруң үчүн бөл! Эй, Абдуллах! Эртең атыңдын кандай болорун биле албайсың!

Абдуллах бин Омардын каймана аты Абу Абдуррахман. Мусулмандардын көз кареги Хазрети Омардын уулу. Меккеи мукаррамада хижраттан он төрт жыл мурда туулуп, 692-жылы ошол жерде кайтыш болду. Кабыры Мухассебде.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш