Абдуллах бин Аббас


Тафсир аалымдарынын султаны.

Расулуллах алейхиссалам Меккеде турганда Абдуллах ибни Аббастын энесине мындай деген эле:

– Сенин бир уулуң болот. Ал туулганда мага алып кел!

Баланы алып келгенде кулагына азан жана коомат айтып, атын Абдуллах деп коюшту. "Аллахым! Аны динде факих кыла көр жана китебиңди ага үйрөтө көр”, - деп дуба кылды. Андан кийин энесинин кучагына берип мындай деди:

 - Халифалардын атасын ал, алып кет!

Аббас муну угуп, бул маселе тууралуу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан сураганда: "Ооба, ушундай дедим. Бул бала халифалардын атасы”, - деди.

Баары анын урпагынан

Аббасийлер мамлекетин башкарган көптөгөн халифалар келди. Алардын баары Абдуллах бин Аббастын урпагынан болду.

Абдуллах бин Аббас Расулуллахтын дубасынын берекеси менен илимде өтө бийик даражаларга жетти. Жаш кезинде Расули акрам хазреттеринин алдына барчу. Таежеси Маймуна бинти Харис Расулуллахтын жубайы болчу. Ушул себептен көп ирет Пайгамбарыбыздын үйүнө барып, кээ бир түндөрү ошол жерде түнөгөн эле.

Абдуллах бин Аббас Расулуллахтын даарат суусун даярдачу жана чогуу намаз окучу. Даарат алууну жана намаз окууну Расулуллахтан көрүп үйрөндү. Үзгүлтүксүз кызмат кылганы үчүн Расулуллахтан көптөгөн дуба жана илтифаттарды (мактоолорду) алды.

Бир жолу Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек колун Абдуллах бин Аббастын башына коюп, мындай деп дуба кылды:

- Йа, Рабби! Бардык илим жана даанышмандыкты ушул башка бере көр! Аларды тавил жана тафсир кыла алсын.

Дагы бир күнү болсо мубарек колун көкүрөгүнө коюп:

- Аллахым! Адамзатка ихсан кылган бардык илим жана даанышмандык ушул жакшы көкүрөктө топтолсун”, - деп буюрган эле.

Пайгамбарыбыз Мединага хижрат кылгандан кийин Абдуллах бин Аббас үй-бүлөсү менен хижраттын сегизинчи жылына чейин Меккеде калды. Мекке алынганга чейин Мединага хижрат кылды. Бул учурда болгону 11-12 жашта эле. Акылдуулугу, зээндүүлүгү, тез түшүнүгү менен элдин көңүлүн бурчу жана сүйүлчү.

Эң терең аалым

Пайгамбарыбыз кайтыш болгондо Ибни Аббас он үч же он төрт жашта эле. Кутман сахабалардын улууларынын жыйынына катышты. Хазрети Омардын сукбаттарына жана илимий жыйынына катышууну улантып, анын Пайгамбарыбыздан алган илимине, пейзине жана маарифатына ээ болду.

Абдуллах бин Аббас төрт халифанын тушунда фатваларды берди. Хазрети Османдын тушунда жасалган Түндүк Африка аскердик жүрүшүнө катышты. Бул жүрүштө Ислам аскеринин атынан ага элчилик милдети тапшырылды. Ал жердин өкүмдары Жаржис менен көрүштү. Жаржис менен кишилери анын акылын, зээнин, интеллектуалдык күчүн жана билимин көрүп таң калышты. Атүгүл, алардын "Бул арабдардын эң терең аалымы” дешкени кабарланган. Кайтып келгенден кийин Хазрети Османдын буйругу менен анын ордуна ажылык эмири болду. Бул милдеттен кайтып келгенде Хазрети Осман шейит кылынган эле. Хазрети Алинин халифалык доорунда Басранын валиси (акими) болду.

Абдуллах бин Аббас кутман сахабалардын арасында илиминин жогорулугу менен белгилүү болгон. Убай бин Каъб ал жөнүндө мындай дейт:

- Ал бул үммөттүн аалымы. Ага акыл жана түшүнүк берилген. Расулуллах алейхиссалам анын динде факих болуусу үчүн дуба кылган эле.

Бахр-ул-илим

Абдуллах бин Аббас хазреттери көптөгөн мухажир жана ансари кирам менен жолугуп, алардан Расулуллахтын казаттары жана түшүрүлгөн сүрөлөр жөнүндө сурачу. Илиминин көптүгүнөн улам ага Бахр-ул илим, башкача айтканда, илим деңизи деген лакап ат берилген эле.

Анын эмгектери абдан ирээттүү жана так планда болгон эле. Кайсы күнү эмне кыларын алдын ала аныктап, аларды так сактачу.

Төрт улуу халифа менен башка кутман сахабалардан көптөгөн мактоолорду алган эле. Ал бул мактоолордон улам абалын эч качан өзгөрткөн эмес. Кичи пейилдикти эч качан таштаган эмес. Абдан макталганда: "Мага бул нематты ихсан кылган - Аллаху таала. Анткени, Расулуллах хазреттери мага дуба кылды”, - дечү.

Абдуллах бин Аббас хазреттери өзгөчө Курани каримдин тафсири жана аяти карималардын түшүндүрмөсү боюнча жогорку деңгээлде илимге ээ болчу. Ушул өзгөчөлүгүнөн улам ал Таржуман-ул Куран деп аталган. Хазрети Омар аны илим жыйынына кошуп, дайыма илимге үндөп турчу. Жаштыгына карабай Ибни Аббасты урматтап, аны менен кеңешип, илими менен ирфанын баалап, куттуктачу.

Абдуллах бин Аббас хазреттери Хазрети Омардын аны жогору баалап, жыйынына кошуусу жөнүндө мындай дейт:

"Хазрети Омар мени Бадрга катышкан сахабаларынын жыйынына кошчу. Алардын кээ бирлери Хазрети Омардан: "Бул жигитти эмне үчүн жаныңда алып жүрөсүң?” - деп сурашканда, ал мындай деди:

- Бул силер билгендерден эмес.”

Аалымдар жыйынына келчү

Шакирти Атаа бин Абу Рабах мындай дейт:

- Ибни Аббастын илим мажилисинен бийик жана пайдалуу мажилис көргөн жокмун. Аалымдар, салихтер жана акындар анын жыйынына катышууну улантып, ар бири илимге тойгон бойдон даргейинен кетишчү.

Абдуллах бин Амр бин Ас дагы Ибни Аббасты мактап мындай дейт:

- Сүннөттү жана Курани каримдеги аяти карималарды өз ичине алган өкүмдөрдүн тереңдиктерин эң жакшы билгендерибиздин бири.

Абдуллах бин Аббас хазреттери доорунун илим, ирфан жана пазилет жагынан алдыңкы инсандарынын бири эле.

Илимде жандуу китепкана болуп, өзүнө бардык илимдерди чогулткан эле. Ал тафсир, хадис, фикх, адабият, сахабалардын ихтилаф кылган маселелеринде жана башка илим тармактарында адис болгон эле.

Курани каримге байланыштуу илимин каалагандарга жана сурагандарга үйрөтчү. Курани карим аяттарынын жыйналуусунда жана басып чыгарууда чоң кызматы болду.

Белгилүү олуялардын бири Шакик бир ажылык мезгилинде Ибни Аббастын хутбасыны уккан эле. Ибни Аббас Нур сүрөсүн тафсир кылган эле. Шакик буга суктанып:

- Бул тафсирдин кадыры, баасы жогору. Эгер мажусилер, гректер муну укканда баары мусулман болмок.

Тафсир жазган жок

Абдуллах бин Аббас хазреттеринин өз алдынча тафсир китеби жок. Бирок, тафсир тууралуу түрдүү риваяттары бар. Ислам аалымдары тафсир китептерин анын риваяттары менен кооздошкон.

Абдуллах бин Аббас хазреттеринен накыл кылынып келген кээ бир риваяттарын Фирузабади "Танвир-ул-Микбас мин Тафсир-и Ибни Аббас” аттуу китебинде чогулткан. Анын тафсир жөнүндөгү риваяттары ар кандай жолдор менен накыл кылынган.

Ибни Аббас хазреттери берген фатвалар - фикх илиминин эң күчтүү негиздеринен. Халифа Мамун убагында жыйналган фатвалары жыйырма томго жеткен эле. Ал суралган маселелерге өтө ачык жана так жооп берүү менен белгилүү болду. Ушул себептен улам мүшкүл маселелерин суроо үчүн ага көптөгөн адамдар келип жатты. Суроо бергени келген эл көп болуп жаткандыктан келгендерди 50 кишиден турган топторго бөлүп, суроолоруна жооп берчү.

Шакирттеринин бири Абу Салих мындай деп баяндайт:

"Адамдар маселелерин суроо үчүн Абдуллах бин Аббастын үйүнүн алдына чогулган эле. Жол элге толуп ташкан эле. Бирөө жарымдын келип өтө алуусу мүмкүн эмес эле. Мен алдына кирип, эшиктин алдындагы абалды айттым. Мага суу алып кел деди. Мен алып келген суу менен даарат алып, мындай деди:

- Эми чыгып, сырттагыларга айт! Алардан Курани карим жана кыраат илими боюнча суроо бергиси келгендер келсин!

Мен сыртка чыгып айттым. Ошол маселе боюнча суроосу барлар кирди. Үй толду. Суроолорун беришип, жоопторун артыгы менен алып, сыртка чыгышты. Андан кийин дагы айтты:

- Эми Курани каримдин тафсир жана тавили боюнча маалымат алгысы келгендер келсин!

Мен айттым. Алар ичке киришти. Алар да үйдүн бөлмөлөрүн толтурушту. Алардын да суроолоруна жооп берди. Алар тоюп чыгышты. Артынан кайра мындай деди:

- Арам, адал жана фикхтан маселеси барлар келсин!

Жоопторун алышты

Мен аларга кабарладым, алар дагы киришти. Үйдө дагы бош орун калган жок.

Келгендер арам, адал, фикх маселелери боюнча түрдүү суроолорду беришти. Аларга да өтө мыкты жоопторду берди.

Келгендер сыртка чыгышты. Андан кийин дагы айтты:

- Фараиз, башкача айтканда, мурас маселеси боюнча суроолору барлар кирсин!

Алар келип, үйдү толтурушту. Жоопторун алып, чыгып кетишти.

Алар кеткенден кийин дагы айтты:

- Тил илиминен, адабияттан сурайм дегендер кирсин.

Алар да келип, суроолорун берип, жоопторун алышты. Ошентип суроосу барлардын бардыгы толук жоопторун алышты.

Бул абалга жакындан күбө болгон соң, курайштыктар Абдуллах бин Аббас хазреттери менен канчалык сыймыктанса да аз экенин жакындан түшүндүм. Мен өмүрүмдө эшигинин алдында мынчалык көп эл жыйналган башка эч кимди көргөн эмесмин.”

Ибни Аббас хазреттери хадис илиминде бир деңиз болчу. Болжол менен 2660 хадиси шариф риваят кылды. Хадиси шарифтерди текшерүү жана изилдөө аркылуу үйрөнчү. Анын риваяттары Кутуб-и ситта деп аталган алты белгилүү хадис китебинде бар.

Абдуллах бин Аббас хазреттери өмүрүнүн акыркы күндөрүндө 7-8 күн ооруп жаткан соң, 687-жылы Таифте кайтыш болду. Жаназа намазын Хазрети Алинин уулу Мухаммед бин ал-Ханафиййа окутуп, мындай деди:

- Бүгүн бул үммөттүн эң аалымы дүнүйөдөн өттү. Анын өлүмү мусулмандарды абдан кайгыга салды.

Көздөрү көрбөй калган эле

Абдуллах бин Аббас хазреттери узун бойлуу, сулуу, ак жүздүү, чоң денелүү зат эле. Сакалын кына менен боёчу. Көп ыйлаганынан улам жаактарынан жаштын изи көрүнчү. Өмүрүнүн акырында көздөрү көрбөй калган эле. Бул үчүн төмөнкү бейтти айткан эле:

Эгер Аллах көздөрүмөн көрүү нурун алган болсо, дилимде жана жүрөгүмдө ал нур уланууда.

Абдуллах бин Аббас хазреттери айтты:

"Эгер тоолор дагы бири-бирине каршы жаалданса, жаалданган жазасын алат.”

"Ичинде арам бардын, башкача айтканда, арам жегендин намазын Аллаху таала кабыл кылбайт.”

"Мен үчүн түндүн бираз убактысын илимге бөлүү бүт түндү ибадат менен өткөрүүдөн да жагымдуураак.”

"Адамдарга жакшылыкты үйрөткөндөр үчүн деңиздеги балыктарга чейин бардык нерсе Аллаху тааладан кечирим сурайт.”

"Расулуллах алейхиссалам бизге мисвак колдонуу боюнча ушундай буйруктар берчү, бул тууралуу бир аят келет деп ойлоп калчубуз.”

"Ар бир имараттын пайдубалы бар. Ислам имаратынын пайдубалы болсо – көркөм ахлак.”

"Байга сый көрсөтүп, кедейге кыянат кылган адам малъун (каргышка калат).”

"Кыямат күнү Бейишке эң биринчи чакырыла тургандар – ар кандай абалда Аллаху таалага хамд кылгандар (мактоо айткандар).”

"Эй, көп күнөө кылган! Кылган ишиңдин жаман натыйжасы сени күтүп жатат, андыктан өзүңөн ишенимдүү болбо! Күлүүдөсүң, бирок, башыңа эмнелердин келе турганын түшүнбөөдөсүң. Бул абалың күнөөлөрдүн эң чоңу. Ката бир иште ийгиликке жетесиң, кубанасың. Бул кубанганың келтирген катаңан да чоңураак.”

Сабыр үч түрдүү болот

"Кыла турган жаңылыш бир ишиңдин мүмкүнчүлүгүн колдон коё бергениңде капа болосуң. Бирок, бул ал катадан да коркунучтуу. Сен катадасың. Аллаху таала сени дайым көрүп турат. Бул көрүү жүрөгүңдү титиретпейт. Бул абалың кетирген катаңан да жаманыраак.”

"Сабыр үч түрдүү болот. Биринчиси - парздарды орундоодо кыйынчылыктарга сабыр кылуу. Анын сообу үч жүз даража. Экинчиси - арамдардан жана тыюу салынган нерселерден сактанууда сабыр. Мунун алты жүз даража сообу бар. Үчүнчүсү - балээ-кыйынчылык биринчи келген учурда кылынган сабыр. Мунун пазилети болсо тогуз жүз даража.”

Шакирти Мужахид бин Жабр Абдуллах бин Аббастын мындай дегенин накыл кылат:

"Керек болбогон жана сага пайдасы тийбей турган нерселер тууралуу сүйлөбө! Анткени, бул фузули (ашыкча, орунсуз) иш, зыянынан да ишенимдүү эмессиң.

Ордун тапмайынча зарыл болгон сөздү да сүйлөбө! Көп жолу пайдалуу сөз ордун таппайт жана жок болуп кетет.

Сен дагы ошондой кыл!

Сефих (акчага көпкөн) жана акмак адамдар менен күрөшпө! Анткени, сефих сени жүрөгү менен жек көрөт. Акмак, төмөн адамдар тили менен сени кыйнашат.

Сен тааныган адамдын жанынан кеткениңде анын өзүнчө бир жерде сени кандай эстөөсүн кааласаң сен да аны ошондой эсте!

Сен кечирилишиңди каалаган иштерде аны да кечир! Боордошуңдун сага кандай мамиле кылуусун кааласаң сен да ага ошондой мамиле кыл!

Кылмышкер катары кармалып да, ихсан менен сыйланган адамдын амалы сыяктуу амал кыл!”

Абдуллах бин Аббас бир сабагында мындай деди:

- Бисмиллахты окуган адам Аллаху тааланы зикир кылган болот. Алхамдулиллах деген адам шүгүр кылган болот. Аллаху акбар деген адам Аллаху таалага таазим кылган, улуу деп билген болот. Ла илаха иллаллах деген адам Аллаху тааланы таухид кылган болот. Ла хавла вала куввата илла биллах деген адам Аллаху таалага өзүн тапшырган, багынган болот. Ал үчүн Жаннатта бийик даража жана казыналар бар.

Абдуллах бин Аббас хазреттери парздарга чоң маани берчү. Насаат сурагандарга мындай дечү:

- Эң алгач парздарды орундоо керек. Аллаху тааланын буйруктарын аткар жана Андан жардам сура! Аллаху таала бир пендесинде туура ниет жана алдындагы соопко жетүү каалоосун көргөндө, ал каалабаган нерселерди андан кайтарат.

Аллаху таала момун, фажир, күнөөкөр ар бир адамдын ырыскысын адалдан тагдыр кылган. Эгер адал ырыскы үчүн сабыр кылса Аллаху таала аны сөзсүз жөнөтөт. Сабырсыздык кылып, арамдан бир нерсе жесе адал ырыскысынан кемитет.

Ал да сага кам көрөт

Абдуллах бин Аббас айтат:

"Расулуллах алейхиссалам мага мындай деди:

- Эй, балам! Сага пайдалуу боло турган жана Аллаху таала ыраазы болгон бир канча нерсе үйрөтөйүнбү?

Эгер Аллаху тааланын акысын кадырласаң Ал да сени кадырлайт. Эгер кеңчилик учурда Аны унутпасаң, кыйналганыңда жардам берет.

Эгер адамдар сага бир нерсе берүү үчүн чогулушса, ал нерсени Аллаху таала тагдыр кылбаган болсо бере алышпайт. Бир нерседен сени тыйышканда, эгер Аллаху таала ошол нерсени тагдыр кылган болсо тыя албайт.”

Кылган нерсеңди Аллах үчүн кыл! Напсиңе жакпаган нерселерге сабыр кылууңда сага көп кайыр жана жакшылыктар бар. Аллаху тааланын жардамы сабыр менен бирге. Кыйынчылыктан кийин ырахаттык бар.

Абдуллах бин Аббас ааламдын жаралышы менен байланыштуу бир сабагында мындай деди:

Расулуллах алейхиссалам айтты:

Адам алейхиссалам жер жүзүнө түшүрүлгөндө Аллаху тааладан Иблис сурады:

- Пенделериңдин саадат (бакыт) жолун көрсөтүү үчүн көптөгөн китептерди жана пайгамбарларды бердиң. Пенделериңди азгырыш үчүн мага эмне бересиң?

– Сенин китебиң - напсини азгыруучу ырлар жана музыка. Пайгамбарларың - көзү ачыктар, төлгөчүлөр, сыйкырчылар. Акылды кетирген, жүрөктөрдү карайткан азыктарың болсо - бисмиллахсыз желген, ичилген нерселер жана мас кылуучу ичкиликтер. Насааттарың - жалган, үйүң - оюн майдандары жана мончолор, тузактарың - жылаңач кыздар, мечиттериң - фыск (күнөө) жыйындары.

Үммөтүңө буйрук кыл!

Абдуллах бин Аббас айтты:

"Аллаху таала Иса алейхиссаламга мындай деп буюрду:

- Эй, Иса! Мухаммед алейхиссаламга ыйман келтир! Сенин үммөтүңдөн Анын заманына жете тургандардын Ага ыйман келтирүүлөрүн да аларга буйрук кыл! Эгер Мухаммед алейхиссалам болбогондо, Адам пайгамбарды жаратмак эмесмин.

Эгер Мухаммед алейхиссалам болбогондо Жаннат менен Жаханнамды жаратмак эмесмин. Аршты суу үстүндө жараттым. Кыймылдады. Үстүнө Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах жазганда токтоду.”

Бир күнү Абдуллах бин Аббас хазреттеринен сурашты:

- Беш убак намазды буюрган аяти карима Курани каримдин кайсы жеринде?

Жообунда мындай деди:

- Рум сүрөсүнүн он жетинчи жана он сегизинчи аяттарын оку! Бул эки аяттын маанисинде мындай деп айтылды:

"Кечинде жана эртең менен Аллахты тасбих кылгыла! Асмандагылар жана жердегилер кылган жана аср менен бешим убактарында кылынган хамддар Аллаху таала үчүн.”

Кечинде кылынган тасбих - шам менен куптан намаздары. Эртең мененки тасбих - багымдат намазы. Аср жана бешим убакыттарында кылынган хамддар - аср менен бешим намаздары.

Бул аяти карималар беш убак намазды буюрууда.

Кабыр азабынан куткарат

Абдуллах бин Аббас айтат:

"Биз бир нече сахабалар сапарда чатыр тиктик. Бул жерде кабыр бар экенин билген эмеспиз. Кимдир бирөөнүн Мүлк сүрөсүн башынан аягына чейин окуганын уктук. Мединага келгенде аны Расулуллахка айттык. Мындай деди:

- Бул сүрө өлгөн адамды кабыр азабынан куткарат.”

Абдуллах бин Аббас айтты:

- Аллаху таала бардык буйруктарына бир чек койгон, бул чектен ашканда үзүр (кечиримдүү себеп) деп эсептеген. Үзүр болгон нерсени кечирген. Бирок, зикир кылгыла деген буйругу андай эмес.

Бул үчүн эч кандай чекти же үзүрдү койгон эмес. Зикир эч бир үзүр менен ташталбайт. Анткени Ал: "Турганда да, отурганда да, жатканда да зикир кылгыла! Бардык жерде, бардык жагдайда тил менен жана жүрөк менен зикир кылгыла! Мени эч качан унутпагыла”, - деп буюрду.

Бакара сүрөсүнүн жүз элүү экинчи аятынын маанисинде: "Мени зикир кылгыла! Мен да силерди зикир кылам!” – деп буюрулган.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш