Аббас бин Абдулмутталиб


Пайгамбарыбыздын абасы.

Хазрети Аббас жаш кезинде соода менен алектенип, абдан байыган болчу. Бир туугандарынын арасында эң байы ал болчу. Агасы Абу Талибдин болсо материалдык абалы абдан начар болчу. Расулуллах алейхиссаламдын сунушу менен Абу Талибдин уулу Укайлдын жетилүүсүнө жардам берип, агасынын жүгүн жеңилдетти.

Расулуллах алейхиссалам Исламды түшүндүрө баштаганда Хазрети Аббас каршылык көрсөтпөй, тууганчылык мээриминен улам Пайгамбарыбыз хазреттерине жардам жана колдоо көрсөттү.

Биз Аны коргодук

Ал мусулман болбосо да, Акаба биъатында Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жанында болуп, ал жерде таасирдүү сөздөрдү айтты. Ал биъат үчүн келген мединалык мусулмандарга мындай деп кайрылды:

- Эй, мединалыктар! Бул менин бир тууганымдын баласы. Адамдардын ичинен мен эң жакшы көргөн Ал. Эгер Аны тастыктап, Аллахтан алып келген нерселерге ишенип, өзүңөр менен ала кетүүнү кааласаңар, анда мени ыраазы кыла турган бекем убада беришиңер керек.

Өзүңөргө белгилүү болгондой, Мухаммед алейхиссалам бизден. Биз Аны Ага ишенбегендерден коргодук. Ал биздин арабызда ар-намыс жана абийири менен жашап келүүдө. Ушунун баарына карабай баарынан жүз буруп, силер менен кетүүнү чечти.

Эгер силер бардык араб уруулары биригип, силерге кол салганда аларга каршы турууга жетиштүү даражада согушуу күчүңөр болсо, бул нерсеге чечим чыгаргыла! Бул маселени өз ара жакшылап талкуулап сүйлөшүп алгыла. Кийин пикир-келишпестикке кабылып жүрбөгүлө! Берген сөзүңөргө туруп, Аны душмандарынан коргой аласыңарбы?

Эгер силер муну ылайыгы менен кыла алсаңар кандай сонун. Жок, эгер Меккеден чыккандан кийин Аны жалгыз калтыра турган болсоңор, азыр бул иштен баш тарткыла. Анткени, Ал өз мекенинде абийири менен жашасын!

Буга жооп кылып мединалык мусулмандар: "Биз Расулуллахты мал-мүлкүбүз жана жаныбыз менен коргойбуз. Биз бул сөзүбүзгө бекембиз”, - дешти да, Расулуллах алейхиссаламга биъат кылышты. Ошондо Хазрети Аббас минтип дуба кылды:

- Аллахым! Сен алардын жээним тууралуу берген сөздөрүн, Аны коргоого берген анттарын угуучу жана көрүүчүсүң. Бир тууганымдын уулун сага аманат кылып тапшырдым йа, Раббим!

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын абасы Хазрети Аббас өтө бай болуп, өтө жоомарт да болчу. Икрам жана ихсандары өтө белгилүү болчу. Кедей-кембагалдарды сүйүнтүүнү өтө жакшы көрчү. Өзгөчө кул сатып алып, азат кылуудан өтө ыраазы болчу. Жетимиштен ашуун кулду азат кылган эле.   

Жакын туугандарын зыярат кылууну, аларга карата милдеттерин аткарууга өтө көңүл бурчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам аны өтө жакшы көрчү. Бир жолу мындай деди:

- Аллахым! Аббасты жана анын уулдарын магфират кыла көр жана кечире көр! Ушунчалык болсун, бир да күнөөлөрү калбасын! Йа, Раббим! Аны жана анын уулдарын келе турган кырсык жана балээлерден сактай көр!

Тууганчылык милдети

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир күнү Хазрети Аббастан сурады:

- Сага бир ихсан кылайынбы? Сага тууганчылык милдетин аткарып, пайдалуу болоюнбу?

- Ооба йа, Расулаллах!

- Сага бир нерсени үйрөтөйүн, аны кылган кезиңде эски-жаңы, мурунку-кийинки, жашыруун-ачык, жаңылып же атайылап кылган бардык күнөөлөрүңдү Аллаху таала кечирет.

- Йа, Расулаллах! Сен үйрөтө турган ал нерсе эмне?

- Төрт рекет намаз оку! Ар бир рекетте субханакадан кийин он жолу "Субханаллахи валхамдулиллахи вала илааха иллаллаху валлаху акбар” деп айтасың. Фатихадан кийин кошумча бир сүрө окуп, өйдө турган абалда он беш жолу кайталап "Субханаллахи валхамдулиллахи вала илаха иллаллаху валлаху акбар” деп айтасың!

Рукуга ийилгенде муну он жолу айтасың! Рукудан турганда өйдө турган абалда муну он жолу айтасың! Андан кийин сажда кылып, ал жерде он жолу айтасың! Саждадан туруп отурганда он жолу айтасың! Кайра саждага барганда он жолу айтасың!

Анан кийин экинчи рекетке турасың! Биринчи рекеттегидей төрт рекетти тең окуйсуң! Бул ар бир рекетте жетимиш беш, төрт рекетте үч жүз болот. Ошондо сенин күнөөлөрүң Алиждин (жөө басканда төрт түндө өтүлчү кумдуу жер) кумдарынын санынчалык болсо дагы Аллаху таала сени кечирет. Эгер күчүң жетсе муну күнүнө бир жолу кыл!

- Йа, Расулаллах! Муну күн сайын кылууга кимдин күчү жетет?

- Эгер күн сайын кылууга күчүң жетпесе, ар Жума бир жолу кыл! Эгер ар Жума кыла албасаң, анда айына бир жолу кыл! Эгерде айына бир жолу кыла албасаң, анда жылына бир жолу кыл! Эгерде жылына бир жолу кыла албасаң, өмүрүңдө бир жолу болсо да кыл!

Каза карызы барлар

Каза карызы бар адам нафил намаздын ордуна каза намаздарын окуп, алгач карызын өтөөгө тийиш! Анткени, каза карызы барлардын нафилдерине сооп берилбейт.

Хазрети Аббас курайштын көрүнүктүү жана көсөмдөрүнөн эле. Ал Масжид-и Харамдын оңдоо жана келген ажыларга суу таратуу (сикая) кызматын аткарчу. Мусулман болгондон кийин да бул милдетин улантты. Хазрети Аббас менен бир туугандары ажылык мезгилинде замзам кудугунун алдында турушчу жана каалагандарга кудуктан суу чыгарып беришчү.

Хазрети Аббас - Пайгамбар алейхиссаламдын өтө жакшы көргөн абаларынын бири. Абдулмутталибдин эң кенже уулу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан үч жашка улуу.

Кутулуш куну

Ал Бадр согушунда мусулман боло элек болчу. Мушриктердин мажбурлоосу менен согушка катышкан болчу. Согуштун аягында туткунга түшүп, Мединага алынып келинип, Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага мындай деди:

- Эй, Аббас! Өзүң, бир тууганыңдын уулдары Укайл бин Абу Талиб менен Навфал бин Харис үчүн кутулуш кунун төлө! Анткени, сен байсың.

- Йа, Расулаллах! Мен мусулманмын. Курашйтыктар мени кыйнап Бадрга алып келишти.

- Сенин мусулмандыгыңды Аллаху таала билет. Эгер чын айтып жатсаң, Аллах сага анын сыйлык-сообун сөзсүз берет. Бирок, сенин абалың көрүнүшүң жагынан бизге каршы. Ошондуктан, сен кутулуш кунун төлөшүң керек!

- Йа, Расулаллах! Жанымда 800 дирхамдан башка акчам жок.

- Эй, Аббас! Тигил алтындарды эмне айтпай жатасың?

- Кайсы алтындарды?

- Сен Меккеден чыга турган күнү жубайың Харистин кызы Уммул Фадлга берген алтындарың. Аларды берип жатканда жаныңарда силерден башка эч ким жок болчу. Сен Уммул Фадлга: "Бул жортуулда мага эмне болорун билбейм. Эгер кандайдыр бир балээ-кырсыкка учурап кайтпай турган болсом, мынчасы сеники. Мынчасы Фадлга. Мынчасы Абдуллахка. Мынчасы Убайдуллахка жана мынчасы болсо Кусамга”, - деп айткан алтындарыңчы?

Пайгамбарыбыз алейхиссалам алтындар жөнүндө мындай кенен маалымат бергенде, Хазрети Аббас абдан таң калды:

- Аллахка ант берем, мен бул алтындарды аялыма берип жатканда жаныбызда эч ким жок болчу. Сен буларды кайдан билесиң?

- Аллаху таала мага кабарлады.

- Сенин Аллаху тааланын Расулу экениңе эми чындап ишендим. Чын айтып жатканыңа күбөлүк берем.

Дароо калимаи шахадат айтып, мусулман болду.

Хазрети Аббас мусулман болгондон кийин Расулуллах аны Меккеде кызматка дайындады. Мусулман болгонун эч кимге айткан жок. Меккеде болуп жаткан окуяларды Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жашыруун кабарлап турчу. Бир нече убакыт өтүп Пайгамбарыбызга деген сагынычтан чыдабай, Мединага келүүнү каалап жатканын кат аркылуу билдиргенде Пайгамбарыбыз алейхиссалам жообунда: "Сен турган жердеги жихадың жакшыраак жана пайдалуураак", - деп буюрду

Мухажирлердин акыркысы

Хазрети Аббас Меккенин алынуусуна көрүлгөн даярдыктар акыркы баскычта экенин билгенден кийин Меккеде мындан ары калууну зарыл деп таппай, Меккенин алынуусуна аз убакыт калганда Мединага хижрат кылуу үчүн жолго чыкты. Зул-Хулайфада Расулуллахка жолукту.

Үй-бүлөсүн Мединага жиберип, өзү Меккенин алынуусунда Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жанында болду. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага:

- Эй, Аббас! Мен пайгамбарлардын акыркысы болгондой эле, сен да мухажирлердин акыркысысың.

Хазрети Абу Суфян Меккенин алынуусунда мусулман болду. Ага Хазрети Аббас кам көрдү. Абу Суфян мусулмандардын таңкы убакытта намазга кызуу даярдыктарын көргөндө мындай деди:

- Эй, Аббас! Мусулмандарга жаңы нерсе буйрук кылындыбы?

- Жок, алар намазга даярданып жатышат.

Андан соң Абу Суфянга даарат алдырып, Расулуллхтын алдына алып барды. Расул алейхиссалам намаз үчүн жамааттын алдына өтүп такбир айтты. Жамаат болсо катуу берилүү менен Аны ээрчиди. Алардын руку жана саждадагы абалдарын көргөн Абу Суфян айтты:

- Эй, Аббас! Мындай баш иймени Ирандын сарайларында да, грек аймактарында да көргөн эмесмин. Чынын айтканда, жээниң чоң өкүмдар болуптур.

Ошондон кийин Хазрети Аббас мындай деди:

- Эй, Абу Суфян! Бул иш султандык эмес, пайгамбарлык.

Хазрети Аббас Расулуллахтын жакыны болгондуктан сахабалардын арасында өзгөчө орду бар эле. Анын сөзү угулду.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондо сахабалар эсин жоготуп коюшту. Алар мечитте ыйлай башташты. Буга эч кимдин ишенгиси келбей жаткан эле.

Айрыкча Хазрети Омар бүтүндөй өзүн унутуп койгон эле. Ал Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын куттуу жүзүн карап: "Расулуллах эстен таныптыр, бирок, абдан катуу эстен таныптыр”, - деп жатты. Өлүм деген сөздү айткысы келбегендей эле, эч кимдин айтышын каалабай жатты. Ал сыртка чыгып мындай деди:

- Ким "Расулуллах өлдү”  десе, кылычым менен башын кесемин!

Уккан бирөө жарым барбы?

Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Аббастын сахабалардын арасында бир салмактуулугу бар эле. Кутман сахабаларды булар гана тынчыта алышмак. Ошондуктан, алар бирге мечитке барышты. Хазрети Аббас айтты:

- Эй, адамдар! Араңарда Расулуллахтын "Мен кайтыш болбойм” деп айтканын уккан бирөө жарым барбы?

- Жок, андай бир сөздү уккан эмеспиз.

Андан кийин Хазрети Омарга кайрылып:

- Эй, Омар! Сен бул маселе боюнча бир нерсе уктуң беле?

- Жок, уккан эмесмин.

Анан кийин кутман сахабаларга кайрылып мындай деди:

- Эч ким Расулуллах өлбөйт деп айта албайт. Аллаху таалага ант берип айтам, Расулуллах өлүмдүн даамын татты. Аллаху таала Курани каримде: "Чындыгында сен да өлөсүң, алар да өлүшөт”, - деп буюрууда. Расулуллах алейхиссалам Ислам дининин бардык өкүмдөрүн толук бүтүргөндөн кийин дүнүйөдөн кайтты. Эми өзүбүзгө келип, көмүү иштерин бүтүрөлү.

Андан кийин Хазрети Абу Бакр дагы ушуга окшош сөздөрдү айтты. Ушундайча кутман сахабалар акыл-эстерине келишти.

Хайбар казатынан кийин Хажжаж бин Илат хазреттери Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын алдына келип айтты:

- Йа, Расулаллах! Менин Меккеде бала-чакам, мал-мүлктөрүм бар. Аларды бул жакка алып келгим келет. Бирок, менин мусулман экенимди билип калышса бербей коюшат. Мен Меккеге барганда сиз жөнүндө орунсуз сөздөрдү айтсам болобу?

Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам уруксат берди.

Жеңишке жетти

Бул уруксат менен Меккеге келип, Пайгамбарыбыз алейхиссалам туткунга алынганын жана өлтүрүлүш үчүн Меккеге алынып келине турганын айтты.

Мушриктер бул кабарга абдан кубанышты. Хазрети Аббас болсо кабарды алар замат эсинен танды. Аны эсинен танган абалда үйүнө алып кетишти. Бираздан кийин эсине келгенде маселенин чын-төгүнүн билүү үчүн эч ким жокто Хажжажды үйүнө чакырды. Хазрети Аббастын алсыраган абалын көргөн Хажжаж мындай деди:

- Эй, Аббас! Сага сүйүнчүлүү кабар! Расулуллах Хайбарда жеңишке жетти. Мен муну мал-мүлкүмдү сактап калуу үчүн Расулуллахтан уруксат алып айттым. Мен бул жерден кеткенден үч күн өткөндөн кийин, сен аларга менин айла-амалымды айтсаң болот.

Хазрети Аббас Мекке алынгандан кийин орун алган Хунайн казатында да Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жанынан айрылган жок. Ислам аскери таңга жуук күн чыга электе терең жана кең бир өрөөндөн ылдый түшүп жаткан эле. Душман аскери эртерээк ошол жерге келгендиктен өрөөңдүн эки жагында жашынып, буктурма курган эле.

Расулуллахтын жанынан айрылган жок

Мусулмандар ал жерге жеткенде эле душман тегерек-четтен чабуул жасай башташты. Мусулмандар эмне болуп кеткенин түшүнө алышпады. Бир убакта баш аламандык пайда болду. Хазрети Аббас, Хазрети Абу Бакр жана бир нече баатырлар жанын аяп отурбастан Расулуллах менен бир кадам да артка чегинишкен жок.

Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

- Эй, Аббас! Сен аларга: "Эй, мединалыктар! Эй, самура дарагынын түбүндө биъат кылган сахабалар!” – деп үн сал!

Хазрети Аббас кең далилуу жана алыбеттүү эле. Ал кыйкырганда үнү алыска угулгандыктан, бар күчү менен кыйкырды:

- Эй, мединалыктар! Эй, Самура дарагынын түбүндө Пайгамбарыбызга сөз берген сахабалар! Бул жерге чогулгула! Тарабагыла!

Муну уккан кутман сахабалар артка кайткысы келди. Бирок, алардын жаныбарлары катуу үркүп кеткендиктен, кээ бирлери жаныбарларын артка кайтара албай калышты. Алар өздөрүн минген жаныбарларынан түшүүгө аргасыз болушту. Мусулмандар кайра топтолуп, айыгышкан салгылашуудан кийин душман жеңилди. Жоокерлеринин көбү өлтүрүлдү. Алардын айрымдары туткунга алынды.

Хазрети Аббас бин Абдулмутталиб абдан эр жүрөк болчу. Хазрети Жабир айтат:

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам Таифке барганда ал жердеги элге элчи катары Ханзала бин Рабиъди жиберген эле. Ханзала Таиф эли менен жолугуп жатканда, алар аны кармап, чепке камап салууну каалашты. Муну көргөн Расул алейхиссалам мындай деди:

- Ким булардын колунан Ханзаланы куткарат? Бул иште ийгиликке жеткенге бардык газилердин сообу берилет.

Хазрети Аббас бин Абдулмутталиб ордунан ыргып туруп, чагылгандай чуркады. Ханзаланы сепилге киргизем деп жаткан таифтиктерди кууп жетип, аны алардан куткарды. Алар чептен Хазрети Аббаска таш ыргытып жатышты. Ал учурда Расулуллах хазреттери да Хазрети Аббаска дуба кылып жатты. Хазрети Аббас жарадар болбостон Ханзаланы Расулуллахка алып келди.”

Пайызды жойду

632-жылы Расулуллах алейхиссалам сахабалары менен коштошуу ажылыгына барды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам коштошуу хутбаларында сүйүктүү абасы жөнүндө да эскерди... Пайызга тыюу салынганын, эң алгач жойгон пайыздын абасы Хазрети Аббастын пайызы экенин билдирди.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондон кийин куттуу денесин жууганга Хазрети Али, Хазрети Аббас жана балдары Фадл менен Кусам, Усама бин Зейд жана Салих бөлмөгө кирип эшикти жабышты. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көйнөгү үстүндө болгон абалда жууп башташты.

Хазрети Аббас жана балдары суу куюп, Пайгамбар алейхиссаламды оңго-солго бурушту. Хазрети Али да жууду. Жууган сайын үйгө окшошу жок өтө жагымдуу жыт тарады. Үч бөлүк кепинге оролгондон кийин каза болгон жерге куттуу кабыры казылып, табыт формасына келтирилди жана Расулуллах алейхиссаламды куттуу кабырына коюшту.

Хазрети Омар жеңиштерден түшкөн олжодолордон Хазрети Аббаска үлүш бөлүп берчү. Хазрети Омар Масжид-и Набавинин кеңейтилишин каалады. Мечиттин так жанында Хазрети Аббастын үйү бар эле. Халифа бул үйдү сатып алгысы келди. Хазрети Аббас үйүн белекке берди.

Ордунан турушчу

Хазрети Омар Мединада кургакчылык болгондо Хазрети Аббастан дуба кылуусун суранды. Хазрети Аббас дуба кылып, дубасынын берекеси менен жамгыр жаап, топурак көгөрдү. Ошондон кийин Хазрети Омар айтты:

- Аббас Аллаху таала менен биздин ортобуздагы ортомчу.

Хазрети Аббас Пайгамбарыбыз алейхиссаламга болгон жакындыгы жана пазилеттеринин көптүгү менен ар кимдин сүймөнчүлүгүнө, урмат-сыйга ээ болгон зат эле. Баары ага суктанчу. Төрт улуу халифа сыяктуу улуу инсандар ал келгенде урмат-сыйынан, кичи пейилдигинен ордунан турушчу.

Ал абдан бай болчу. Мединага отурукташкандан кийин орун алган бардык согуштарга жана өзгөчө Византияга каршы орун алган жортуулда Ислам кошуунунун жабдылышына көп жардам берди.

Ал абдан жоомарт болуп, икрам жана ихсандары мол болчу. Ал кулдарды сатып алып, азат кылуу жана ушундай кылганды жакшы көрчү. Анын жетимиш кулду азат кылганы белгилүү. Жакын туугандарын зыярат кылууга, аларга карата милдеттерин аткарууга катуу маани берчү, муктаж болгондорго жардам берчү.

Өмүрүнүн акырында Хазрети Аббас бин Абдулмутталибдин көздөрү көрбөй калды. Ал Хазрети Османдын шейит болуусунан эки жыл мурун, 652-жылы 88 жашында Мединада кайтыш болду. Жаназа намазын Хазрети Осман окутту. Сөөгү Баки көрүстөнүнө коюлду.

Кыздарынан тышкары он уул перзенти бар эле. Алардын ичинен Абдуллах бин Аббас хазреттери илимде өтө жогорку даражада болчу. Кыздарынын арасында Умму Кулсум кээ бир хадиси шарифтерди риваят кылган.

Хазрети Аиша мындай дейт:

"Расулуллах алейхиссалам кутман сахабалар менен отурган эле. Алдында Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омар бар эле. Ошол учурда Хазрети Аббас ичке кирип келди. Хазрети Абу Бакр ага орун бошотту. Хазрети Аббас Расулуллах менен Хазрети Абу Бакрдын ортосуна отурду. Расул алейхиссалам бул жоругунан улам Хазрети Абу Бакрга мындай деди:

­- Улуулардын кадыр-баркын улуулар билет.”

Мен Аббастанмын

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Аббас тууралуу дагы мындай деди:

"Бул Абдулмутталиб уулу Аббас. Курайштын эң жоомарты жана тууганчылык байланыштарына эң сыйлуусу.”

"Аббас менден. Мен Аббастанмын.”

"Аббас менин абам. Мени коргогон. Аны кыйнаган мени кыйнаган болот.”

"Аббас уулдарынан падышалар келет, үммөтүмө башчы болушат. Аллаху таала динди алар менен азиз жана хаким кылат.”

Хазрети Аббас бин Абдулмутталиб көбүнесе мындай дечү:

- Мен жакшылык кылган бир да адамдын жамандыгын көргөн жокмун. Мен жамандык кылган бир да адамдын жакшылыгын да көргөн жокмун. Андыктан, ар бир адамга жакшылык жана ихсан кылгыла! Анткени, булар силерди жамандыктын зыяндарынан сактайт.

Ибни Шихаб билдирген кабарга ылайык, Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омардын халифалык доорунда алар бир жаныбарга минип алышкан болсо, Хазрети Аббаска жолугуп калышса жаныбарларынан түшүшчү жана аны менен бирге бара турган жерине чейин жөө басышчу, андан кийин кайтып келишчү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш