Хассан бин Сабит


Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын акындарынын бири.

Хассан бин Сабит мусулман болгонго чейин да белгилүү акындардын бири болуп, Сам жана анын айланасында өкүмдарлык кылган Гассани өкүмдарынын сарайында кызмат кылчу. Ал өзүнүн ырлары менен бул мамлекеттин көрүнүктүү инсандарын даңазалачу.

Эй, яхудилер!

Пайгамбарыбыздын келишин андан мурда яхудий аалымдарынан уккан эле. Ал өзү мындайча баяндайт:

"Мен анча-мынчаны түшүнүп калган 7-8 жашар бала элем. Бир жолу белгилүү яхудий аалымдарынын бири Мединанын бийик жерине чыгып: "Эй, яхудилер!” – деп кыйкырып, яхудилердин чогулушун талап кылды.

Яхудилер чогулганда: "Эмне болду, эмне дейсиң?” -  дешти. Яхуди аалымы чогулгандарга: "Бүгүн түнү Ахмеддин, акыр заман пайгамбарынын жылдызы чыкты”, - деп, Пайгамбарыбыздын туулганын кабарлаган эле.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам өзүнүн пайгамбарлыгын жарыялап, Ислам динине чакыра баштоосу менен Хазраж уруусу да Ислам динин кабыл кылуу сыймыгына ээ болгон эле. Бул арада Мединага келген Хассан бин Сабит да мусулман болгон эле. Ал мусулман болгондо 60 жашта эле.

Хассан бин Сабит мусулман болгондон кийин Пайгамбардын жанынан кеткен жок. Ал Пайгамбарыбызды мактап-даңазалаган көптөгөн ырларды айтты.

Ал Бадр согушунда Мединада калууга милдеттендирилген эле. Карып калгандыктан жана дене күчү алсыз болгондуктан өзү согушка катыша алган жок. Ал ортодо мусулмандарды мактап-даңазалаган жана казатка үндөгөн ырларды жазды. Мушриктердин акындарынын мусулмандарга каршы жазган ырларына жооп берип, аларды шылдыңдап какшыктады. Бул ырлары абдан белгилүү болуп, ошол мезгилде Аравияда жашаган уруулар арасында абдан таасирдүү болгон эле.

Жебеден таасирдүүрөөк

Хассан бин Сабитке Бадр казатына денеси менен катыша албагандыктан: "Сен казаттын сообуна жана берилген сүйүнчүлөргө жете албадың”, - деп айткандар да болгон эле. Ал да буга абдан капа болгон эле. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын Ислам душмандарына каршы жазган ырлары менен жихад кылганын жана душмандарга каршы жазган ырларынын ар бир сөзүнө берилген сооптун башкалардын согушта алган соопторунан да көбүрөөк экенин: "Хассандын бейттери душманга жебе соккусунан да таасирдүүрөөк”, - деп билдирген эле.

Хассан бин Сабит ырлары менен Расулуллахты, Ислам динин жана кутман сахабаларды мактачу жана Ислам баатырларын казатка үндөгөн бейттерди айтчу. Ошондой эле Курайш капырларынын жана башка мушриктердин маскаралыгын ачып берген ыр саптарын окучу. Пайгамбарыбыз Масжид-и Набавиде Хассан бин Сабитке арналган минбар курдурган болчу. Хассан бин Сабит ал жерге чыгыпкутман сахабалардын алдында Исламды даңктаган ырларды окучу.

Пайгамбарыбыз ага сатиралык ырларды жазып жатканда Хазрети Абу Бакр менен кеңешип, андан маалымат алууну буюрган эле. Хазрети Абу Бакрдан маалымат алгандан кийин сатиралык ырларды жазчу.

Бир жолу Хассан бин Сабиттин капырлардын маскаралыгын ашкерелеген бир ырын окугандан кийин, Пайгамбарыбыз:

- Эй, Хассан, мушриктер менен капырлардын маскаралыгын ашкереле. Жабраил сени менен. Менин сахабаларым курал менен согушкандай эле, сен да тилиң менен согуш! - деп буюрду.

Акындарын да алып келишкен эле

Ошентип Хассан бин Сабит хазреттери эң баалуу казаттардын бири болгон сөз жана жазуу менен жихад кылуу сыймыгына ээ болгондордун бири болду.

Жахилия доорунда жана Аср-и саадатта Араб жарым аралында поэзия жана адабияттын өтө чоң мааниси, таасири жана ролу бар болчу. Арабдар аны абдан баалап, сыймыктанышчу. Алар мелдештерди уюштуруп, 1-орунга ээ болгон акындардын ырларын Каабанын дубалдарына баары көрө ала тургандай кылып илип коюшчу.

Хижраттын тогузунчу жылында Бани Тамим уруусунан бир топ туткундарын алып кетүүгө Мединага келген эле. Алар өздөрүнүн эң атактуу чечендери менен акындарын ала келишкен эле. Алгач алар алып келген Утарид сөз сүйлөп, өз уруусун мактап-даңазалады.

Буга каршы Пайгамбарыбыз кутман сахабалардан Сабит бин Кайска:

"Тур дагы, мунун сөзүнө жооп бер”, - деп буюрду.

Сабит бин Кайс ордунан туруп, Аллаху тааланын улуулугу жана Пайгамбарыбыздын даңкы тууралуу сөз сүйлөдү. Анын бул сөзү келген делегацияда өзгөчө таасир калтырды. Андан соң келген топтун акындары ыр окуп башташты. Акындарынын бири касида окуп бүтүргөндө Пайгамбарыбыз Хассан бин Сабитке:

- Тур, йа, Хасан! Мунун ырына жооп бер! – деп буюрду.

Хассан бин Сабит өзүнө берилген мындай милдетке сүйүнүп, сүйүү жана шыктануу менен ордунан турду. Тамим уруусунун акыны айткан ырына жооп кылып, ошол эле ритм жана рифма менен узун жана өтө мыкты бир ырды окуду. Ал бул ырында Исламияттын артыкчылыгын өтө айкын сөздөр менен баяндады.

Биздин акындан жогору турат

Муну уккан Тамим делегациясы жана өзгөчө чечендер менен акындар таң калышты. Атактууларынын бири Акра бин Хабис өзүн кармай албай мындай деди:

- Аллахка касам ичип айтам, бул затка, (Мухаммед алейхиссаламга) дайыма Ага биз билбеген жардам келүүдө. Ал сөзсүз ийгиликке жетет. Бардык нерседе бардыгынан жогору болот. Анын чечени менен акыны биздин чеченибиз менен акыныбыздан жогору турат. Алардын үнү да биздин үнүбүзгө караганда жандуураак жана катуураак.

Акра бин Хабис бул сөздөрдү айткандан кийин Пайгамбарга жакын келип, калимаи шахадатты айтып мусулман болду. Ал мусулман болгондон кийин бул делегациянын бардык мүчөлөрү мусулман болушту.

Ошондо Пайгамбар алардын баарына бирден белек берди. Ошондой эле алардан алынган туткундардын баарын бошотту.

Бадр согушунан кийин Каб бин Ашраф аттуу яхуди акын Бадрда өлгөн меккелик мушриктерге арнап бир ыр айткан эле. Чар тарапка таасирин тийгизген бул ырга каршы Пайгамбарыбыз Хассан бин Сабитке бир ыр жазууну буюрган эле. Хассан бин Сабит да ошол яхуди акынга каршы бир ыр жазды. Анын бул ыры ушунчалык таасирдүү болгондуктан, меккелик мушриктердин эч кимиси ал яхуди акынды үйүндө коноктоого батына алышкан жок.

Расулуллахтын жарык маңдайы

Хассан бин Сабит хазреттери эки мезгилде тең [тагыраагы, жахилия доору менен Исламдан кийин да] бул тармактын алдыңкы адамдарынын бири болгон эле. Расулуллахты, сахабаларды жана Исламды баяндоосу, капырларды, капырчылыкты жана алардын маскаралыгын билдирүүсү абдан таасирдүү болчу. Ал ырларынын биринде мындай дейт:

- Расулуллахтын жарык маңдайы караңгылыкта көрүнгөндө чар тарапка нур чачкан, караңгылыкты жок кылган чырактай көрүнөт.

Ошондой эле Хассан бин Сабит хазреттери Расулуллах алейхиссаламга тууган да болду. Мария хазреттеринин сиңдиси Ширинге үйлөндү.

Хассан бин Сабит хазреттери Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кайтыш болгонуна абдан кайгырып, бул кайгысын сүрөттөгөн узун кошокторду жазган болчу. Хазрети Омардын халифалыгы доорунда көздөрү көрбөй калган болчу.

Пайгамбарыбыз: "Чындыгында, Аллаху таала Расулун мактоо жана коргоо маселесинде Хассанды Рух-ул-кудс [Жабраил алейхиссалам] менен таквия кылууда (бекемдөөдө)”, - деп буюрган эле.

Көптөгөн окуяларда аалымдарыбыз Хассандын ырларын далил катары алышкан. Мисалы, Сабит мындай дейт:

"Алгач кимдин ыйман келтиргени Абдуллах ибн Аббастан суралды. Ал да мындай деп жооп берди:

- Хассан бин Сабиттин ырын уккан жоксуңбу?

Бул ырда: "Расулуллахты тастыктоодо адамдардын алгачкысы Абу Бакр”, - деп айтылууда.

Эгер бидат кылса...

Хассан бин Сабит Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан өзү угуп, хадиси шариф накыл кылган эле. Алардын биринде мындай деп айтылган:

"Эгер адамдар диндеринде бир бидат кылса, Аллаху таала ага окшогон бир сүннөттү жок кылат. Кыяматка чейин аны кайра кайтарбайт.”

Хассан бин Сабит мындай деди:

"Жаман бир сөздү укканда көз жумуп кой, кечирим менен жооп бер, аны укпагандай түр көрсөт.”

"Жүрөктөрүндө жек көрүү жана кастык бар адамдардын ичи астында от жанып кайнаган казандар сыяктуу тынымсыз кайнайт. Жек көрүү жана кастыктын айынан алардын ичинен от чачылат.”

"Байлык мага уяттуулукту унуттурбайт. Дүнүйөнүн кыйынчылыктары хузурумду (тынчымды) бузбайт. Адамдын ар-намысы жана абийири эч кандай так жана жарага чыдай албайт. Бөтөлкө сынгандан кийин оңолбогондой эле, адамдын ар-намысы менен абийири да ошондой.”

Хассан бин Сабиттин каймана аты Абу Валид. Абу Абдуррахман жана Абу Хусам да деп аталчу. Энеси Фуриата бинти Халид да Хазраж уруусунан эле. Туулган жылы белгисиз. Өзүнөн накыл кылынган маалыматка ылайык, Пайгамбарыбыздан 8 жыл мурун туулган. 682-жылы 120 жашында Медина-и Мунавварада кайтыш болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш