Хамза бин Абдулмутталиб


Шейиттердин мырзасы.

Абдуллах ибн Масуд мындай дейт:

Валид деген мушриктердин биринин буту бар эле. Алар Сафа дөбөсүнө чогулуп, бул бутка табынышчу. Бир күнү Пайгамбарыбыз алейхиссалам алардын алдына барып ыйманга чакырды. Капыр бир жин ал буттун ичине кирип алып, сүйүктүү Пайгамбарыбыз тууралуу орунсуз сөздөрдү айтты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам капаланды.

Келе аласызбы?

Дагы бир күнү өзүн көрбөгөн бир адам Пайгамбарыбыз алейхиссаламга салам берип, мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Капыр бир жин сизге орунсуз сөздөрдү айткан экен. Мен аны таап, башын кестим. Мүмкүн болсо эртең Сафа дөбөсүнө келе аласызбы? Сиз аларды Исламга дагы чакырсаңыз, мен болсо ал буттун ичине кирип, сизди мактаган сөздөрдү айтам.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абдуллах аттуу бул жиндин каалоосуна макул болду. Эртеси ошол жерге барып, мушриктерди кайрадан ыйманга чакырды. Мусулман жин мушриктердин колундагы буттун ичине кирип, сүйүктүү Пайгамбарыбызды жана Исламды сүрөттөгөн кооз сөздөрдү, ырларды айтты.

Мушриктер бул сөздөрдү укканда башта Абу Жахил болуп бутту талкалап салышты. Алар Расулуллахка кол салышты. Куттуу жүзүн канга боёшту. Алардын бул жапаа жана азаптарына чыдап, мындай деди:

- Эй, Курайш эли! Силер мени уруудасыңар. Бирок, мен силердин Пайгамбарыңармын.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам ал жерден алыстап, үйүнө келди. Бул окуяны башынан аягына чейин бир кызматчы кыз көргөн эле.

Бул учурда Хазрети Хамза тоодо аң уулап жүргөн. Бир жейренге жаа атуу үчүн камданды. Жейрен тилге келип мындай деди:

- Эй, Хамза! Мага жаа аткандан көрө иниңдин уулун өлтүргүсү келгендерге атсаң жакшыраак болмок.

Хазрети Хамза бул сөздөргө таң калып, дароо үйүн көздөй жөнөдү. Хазрети Хамза көнүмүш адаты боюнча аңчылыктан кайтып келгенден кийин таваф кылуу үчүн Харам-и шарифтин жанына токтоп, андан кийин үйүнө кетчү. Ошол күнү таваф кылып жатканда кызматчы кыз келип, мындай деди:

- Абу Жахил иниңиздин уулуна баланча-түкүнчө деп сүйлөдү.

Хазрети Хамза Пайгамбарыбыз алейхиссаламга акаарат кылганын укканда туугандык сезими козголду. Курал-жарактарын тагынып, Курайш капырлары турган жерге келди.

- Инимдин баласына жаман сөздөрдү айткан, көңүлүн ооруткан сенсиңби? – деп, мойнундагы жаа менен Абу Жахилдин башын жети жеринен жара чапты.

Жаман нерселерди айттым

Ал жерде турган капырлар Хазрети Хамзага кол салмакчы болушту. Бул учурда чоң чатак чыгып кетмек. Бирок, Абу Жахил мындай деди:

- Тийбегиле, Хамза чын айтат. Анын инисинин уулуна атайылап жаман нерселерди айттым.

Хазрети Хамза ал жерден кеткенден кийин Абу Жахл жанындагыларга:

- Ага эч качан тийе көрбөгүлө! Бизге ачууланып мусулман болуп алат. Муну менен Мухаммед гана күчтөнөт, – деди.

Хазрети Хамза мусулман болуп калбасын деп өзүнүн башы жарылуусуна макул болду. Анткени, Хамза кадырлуу, абройлуу жана күчтүү болчу.

Хамза Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын алдына келип, мындай деди:

- Йа, Мухаммед, Абу Жахилден өчүңдү алдым. Аны канга боёдум, кайгырба, сүйүн!

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз айтты:

- Мен мындай нерселерге сүйүнбөйм.

- Сени сүйүнтүү, кайгыдан куткаруу үчүн эмне кааласаң жасайын.

Ыйман келтирсеңиз сүйүнөм

Ошол убакта Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

- Мен сиз ыйман келтирсеңиз гана, куттуу денеңизди Жаханнам отунан куткарсаңыз гана сүйүнөм.

Ошондон кийин Хазрети Хамза дароо мусулман болду.

Ал жөнүндө аяти карима түштү. Абдуллах ибн Аббастын айтымында, Курани каримдеги Анъам сүрөсүнүн 122-аяти каримасында "Тирилтилген жана нурга чыгарылган” деп сүрөттөлгөн заттын Хазрети Хамза экендиги жана ошол эле аяти каримадагы "Караңгылыктан чыкпай жүргөн” деп сүрөттөлгөн адамдын болсо Абу Жахил экендиги билдирилди.

Хазрети Хамза Курайштын алдына барып, мусулман болгондугун жана Аллахтын Пайгамбарын ар тараптан коргой турганын кабарлап мындай деди:

"- Жүрөгүмдү Исламга жана Хакка ыктаганы үчүн Аллаху таалага мактоолор болсун. Бул дин пенделеринин ар бир кылган ишин билген, ар бир адамга лутуфу менен мамиле кылган, кудурети бардык нерсени жеңген, ааламдардын Рабби болгон Аллаху таала тарабынан жиберилген.

Курани карим окулганда жүрөк жана акыл ээлеринин  көздөрүнөн жаш тегеренет. Курани карим ачык тилде баяндалган аяттар түрүндө Хазрети Мухаммедге түшүрүлдү. Мухаммед биздин арабыздагы сөзү угулчу жана өзүнө моюн сунулчу куттуу бир инсан.

Эй, мушриктер! Акылыңарды жоготуп, ачууга алдырып, Ал жөнүндө катуу, оор жана орой сөздөрдү айтпагыла! Эгер оюңарга ушундай бир нерсе келсе, биз мусулмандардын өлүгүн тебелеп өтмөйүнчө аны эч кимге бербейбиз!”

Хазрети Хамза мусулман болгондо Расулуллах алейхиссалам абдан сүйүндү. Мусулмандар алда канча күчтөнүштү. Эми меккеликтер эч себепсиз мусулмандарга жаман мамиле кыла алышпады. Өзгөчө Хазрети Хамзанын кылычынын айбатынан коркушту.

Сарсаана болуунун кереги жок

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Хамза жана башка мусулмандар Хазрети Аркамдын үйүндө эле. Бир кезде эшик кагылды. Келген адамдын курал-жарактары менен Хазрети Омар экенин көрүлгөндө кээ бирлери тынчсыздана башташты. Хазрети Хамза:

- Бир эле киши келиптир. Мынчалык тынчсыздануунун кереги жок. Эгер жакшылык үчүн келген болсо куш келиптир. Жок, эгер жамандык үчүн келген болсо мен анын башын өз кылычы менен кесип салам, - деди.

Сыртка чыгып, мындай деди:

- Эй, Омар! Сен эмне деп ойлойсуң? Биз Абдулмутталибдин уулдарыбыз. Ар бирибиз Аллаху тааланын уруксаты менен темирди чайнап, абага чачабыз. Аллах жана Расулу үчүн жаныбызды, башыбызды курман кылабыз. Эгер сен Расулуллахка зыян келтирем деп ойлосоң, анда алдануудасың.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз бул сүйлөшүүлөрдү укту. Өзү келип, жакшы сөздөр менен Хазрети Омарды тосуп алды. Хазрети Омар да мусулман болду. Бул эки баатырдын аркасында мусулмандар күчтөнүп, ибадаттарын ачык кыла башташты.

Бир күнү Хазрети Хамза Пайгамбарыбыз алейхиссаламга Жабраил алейхиссаламдын чыныгы көрүнүшүн көргүсү келгенин айтты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо Хазрети Хамзадан сурады:

- Аны көргөнгө чыдай аласыңбы?

- Ооба, чыдайм.

- Андай болсо, жерге олтуруп кара!

Эсинен танды, чалкасынан жыгылды

Хазрети Хамза Жабраил алейхиссаламды көргөндө эсинен танды, чалкасынан жыгылды.

Хазрети Хамза Хазрети Зейд бин Хариса, Хазрети Абу Марсад Кенназ, Хазрети Энес жана Хазрети Абу Керсе менен бирге Мединага хижрат кылды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Мединага келгенде Мекке мусулмандарын өз ара жана Мединалык мусулмандар менен тууган кылды. Өз ара болсо Хазрети Хамзаны Зейд бин Хариса менен тууган кылган эле. Хазрети Хамза бул тууганын абдан жакшы көрчү жана согушка барганда бардык нерсесин ага аманат кылып тапшырчу.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Мединага хижрат кылгандан кийин курайштык мушриктер бош отурушкан жок. Пайгамбарыбызга Мединада тынчтык бербей жатышты. Мединалыктар Аны таштап кетсин деп жанындагы мусулмандарды коркутуп жатышты. Ал тургай, Пайгамбарыбыз алейхиссаламды Мединадан чыгарып салуулары үчүн Абдуллах бин Убайй бин Селул аркылуу Авс жана Хазраж урууларынын мушриктерин коркутуп-үркүтүштү жана мусулмандарга ажылык жолдорун бууп коюшту.

Бул жагдайда мусулмандардын Сириянын соода жолдорун бууп, мушриктерди соода жана экономика жагынан оор абалга кабылтты жана ушундайча мушриктерди жолго салуулары талап кылынып жатты. Бул арада бир мушрик кербенинин Мединага жакын бир жерден өтүп баратканы угулду. Жортуулга даярдык башталды. Жотуулга чыга турган бөлүктүн кол башчылыгына Хазрети Хамзаны дайындаган Пайгамбарыбыз ага ак туу берди. Хазрети Хамзага берилген бул туу Ислам тарыхында мусулмандар колдонгон алгачкы туу болчу.

Хазрети Хамза 30 атчан аскери менен жолго чыкты. Шамдан Меккеге баруу үчүн 300 атчан аскердин коргоосундагы бир мушрик кербени Сифр-ул-Бахр деген жерге келген эле. Ислам мужахиддери бул жерге келгенде мушриктердин кербенин кайтарып турган үч жүз атчанга аскерге жолугуп, согуш тартибине өтүштү.

Туура иш кылыптыр

Мажди бин Амр ал-Жухани эки тараптын тең шериктеши эле. Мусулмандардын саны өтө аз жана мушриктер өтө көп экенин жана бул алгачкы согушта душмандарды жеңүүгө болорун ойлоп, ортомчулук кылып, эки тарапты согушуудан баш тарттырды. Андан соң Хазрети Хамза достору менен Мединага кайтышты. Маждинин бул аракети Пайгамбарыбызга кабарланганда абдан ыраазы болуп, мындай деди:

- Ал жакшы жана туура иш кылыптыр.

Хазрети Хамза Абва, Ваддан жана Зуль ушайра казаттарында Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ак туусун көтөрүп жүрдү.

Бадр казатында 313 кутман сахаба 1000 мушрикке каршы согушту. Меккелик мушриктерден Утба, Шайба жана Валид майданга чыгып, салгылашка киши талап кылышты. Пайгамбарыбыз мындай деди:

- Эй, Хашим уулдары! Тургула, Аллаху тааланын нурун өчүрүүгө келгендерге каршы Хак жолдо согушкула. Аллаху таала ансыз да Пайгамбарыңарды ушул үчүн жиберген. Тур эй, Хамза! Тур эй, Али! Тур эй, Убайда бин Харис!

Теңибиз болсоңор...

Хазрети Хамза, Хазрети Али жана Хазрети Убайда туулгаларын кийишти. Майданга чыгып келишти. Мушриктер мындай дешти:

- Силер кимсиңер? Эгер биздин теңибиз болсоңор силер менен согушабыз.

Кутман сахабалар да: "Мен Хамзамын! Мен Алимин! Мен Убайдамын!” – дешти. Буга мушриктер мындай деп жооп беришти:

-Силер да биздей абройлуу адамдарсыңар. Силер менен согушууга макулбуз.

Кутман сахабалар мушриктерди алгач ыйманга чакырышты. Алар четке кагышты. Андан кийин кутман сахабалар мушриктерге чабуул жасашты. Хазрети Хамза менен Хазрети Али капыр Утба менен Валидди ошол замат өлтүрүштү. Хазрети Убайда Шайбаны жарадар кылды. Шайба да Хазрети Убайданы жарадар кылды.

Хазрети Хамза менен Хазрети Али Шайбаны ошол жерде өлтүрүп, Хазрети Убайданы кучактап, Расулуллахтын алдына алып келишти. Абу Жахил мушриктерди согушка үндөй баштады. Эки тарап тең болгон күчү менен чабуулга өтүштү. Бул согуш эки тараптын да чоң согушу болчу. Кутман сахабалар "Аллах, Аллах” деп такбир айтып чабуу жасап жатышты. Хазрети Хамза эки колуна кылыч алып салгылашып жатты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Йа, Хаййу! Йа, Каййум!” – деп, Аллаху таалага жалбарып жатты.

Пайгамбарыбыз сахабаларынын ушунчалык тайманбастык менен согушуп жатканын көргөндө: "Алар Аллаху тааланын жер бетиндеги арстандары”, - деп аларды мактап жатты.

Аллаху таала Пайгамбарыбызга жардам берүү үчүн периштелерди да согушка жиберди. Кутман сахабалар кылычын шилтей электе мушриктердин баштары жерге түшүп жатты. Мушриктер жеңилишти. Абу Жахил да өлтүрүлдү. Алар Меккеге карай кача башташты. Хазрети Хамза Бадрда өзгөчө баатырдык көрсөттү. Бадр согушу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жеңиши менен аяктады. Кутман сахабалардан 14 киши шейит болду.

Аллахтын арстанымын!

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Ухуд согушунда Хазрети Хамзаны эң алдыдагы соотсуз атчан аскерлердин башында согушууга дайындады. Хазрети Хамза эки колуна тең кылыч кармаган абалда;

- Мен Аллаху тааланын арстанымын! – деп, душманды алдына салып, аларды өлтүрүп, илгерилеп бара жатты.

Сафван бин Умайя жанындагыларга: "Хамза кайда? Мага көрсөткүлө!” — деп, согуш майданынан издеп жатты. Бир убакта эки кылыч менен элди кырып жаткан адамды көргөндө:

- Бул салгылашып жаткан ким?

Айланадагылар мындай дешти:

- Сиз издеген адам ошол! Абдулмутталиб уулу Хамза!

- Ушул күнгө чейин душманын өлтүрөм деп кол салган, ал сыяктуу дымактуу, тайманбас адамды көрө элекмин.

Ухудда ар ким бар күчү менен согушуп жатканда Расулуллах алейхиссалам менен Хазрети Хамзанын ортосунда эч ким калбады. Хазрети Хамза артын карабастан алдыга карай гана чабуул жасап жатты.

Ал согуштун башынан ошол учурга чейин өзү жалгыз 30 мушрикти өлтүргөн эле. Бул арада Сиба бин Умму Аммар: "Мага туруштук бере ала турган жигит барбы?” – деп, Хазрети Хамзаны эрегишке чакырды. Хазрети Хамза: "Демек, сен Аллах жана Анын Расулу менен атаандашып жатасың, ушундайбы?” – деп, аны да өлтүрдү.

Шейит болду

Хазрети Хамза чоң баатырдыктарды көрсөткөндөн кийин бул согушта Вахши тарабынан шейит кылында.

Вахши Мекке алынгандан кийин Таиф эли менен Мединадагы мечитке келип, ыйман келтирди жана кечирилди. Бирок, ага Ямамага кетүүгө буйрук берилди. Расулуллахтан абдан уялып, башын көтөрө албай жашады.

Хазрети Хамза шейит болгондо орозолуу эле. Пайгамбарыбыз ал жөнүндө "Сеййид-уш-Шухада” = шейиттердин мырзасы” деди. Ошондой эле анын денесин периштелер жууганын кабарлады.

Согуш бүткөн эле. Шейиттер жаткан жерге барышты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Хамзанын мубарек сөөгүн көргөндө чыдай алган жок. Ыйлады. Мубарек көздөрүнөн жаш тегеренип мындай деди:

- Мен бул шейиттердин Аллаху тааланын жолунда жандарын курман кылышканына Кыямат күнү күбөлүк берем. Аларды кандары менен көмгүлө. Аллахка ант, алар Кыямат күнү жаралары канаган абалда келишет. Кандарынын түсү кандын түсүндө, жыттары болсо мисктин жытында болот.

Андан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

- Жабраил алейхиссалам мага келип, Хамза бин Абдулмутталибдин асмандагылардын алдында "Аллахтын жана Расулунун арстаны” деп жазылганын кабарлады.

Хазрети Хамза жана башка шейиттердин жаназа намаздары окулду. Хазрети Абдуллах бин Жахш менен Хазрети Хамзанын сөөгү бир мүрзөгө коюлду. Хазрети Хамза Хазрети Абдуллахтын таекеси болчу.

Ва алейкум салам

Хазрети Хамза орто бойлуу эле. Ал кылычын абдан жакшы колдонуп, жааны мыкты атчу. Ал балбандардын пири болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын абасы, ошондой эле сүт бир тууганы эле. Пайгамбарыбыз анын кабырын зыярат кылып, салам берчү. Кабырдан "Ва Алейкумсалам йа, Расулаллах” деп жооп угулчу.

Хазрети Фатима айтты:

- Бир күнү Хазрети Хамзанын кабырын зыярат кылганы бардым. "Ассаламу алейка, эй, Расулуллахтын абасы”, - дедим. Кабырдан "Ва Алейкум салам ва Рахматуллахи эй, Расулуллахтын кызы” деп жооп келди.

Шейх Мухаммед деген аалым бир зат Хазрети Хамзанын кабырына зыярат кылуу үчүн барды. Салам берди. Анын саламына мүрзөдөн жооп болуп: "Эй, шейх Мухаммед! Быйыл бир уулдуу болосуң, ага менин атымды кой”, - деди. Ошол аалым зат уулдуу болуп, атын Хамза койду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш