Убайй бин Каъб


Кырааты менен таанылган сахаба.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сурады:

- Эй, Убайй! Аллахтын китебиндеги эң улуу аят кайсы?

 Хазрети Убайй бин Каъб мындай деп жооп берди:

- Аллах жана Анын Расулу жакшыраак билет.

 Пайгамбарыбыз алейхиссалам ошол эле суроону үч жолу кайталады. Үчүнчү жолу сураганда Хазрети Убайй мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Аллахтын китебиндеги эң улуу аяты – Аят-ал Курси.

 Бул жооптон кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек колун анын көкүрөгүнө коюп, мындай деди:

- Илим сага мубарек болсун!

Ушул төрт мусулмандан үйрөнүшсүн

 Бир күнү Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Курани каримди үйрөнүүнү каалагандар ушул төрт мусулмандан үйрөнүшсүн, - деп, алардын атын атады. Ал төрт илимдүү заттын арасында Хазрети Убайй да бар эле.

 Хазрети Убайй Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен бирге бардык казаттарга катышты. Ухудда жаадан жарадар болду. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ага дарыгер жөнөттү. Ал жараатын күйгүзүп дарылады. Натыйжада айыгып кетти.

 Бир убакта сүйүктүү Пайгамбарыбыз ага зекет чогултуу милдетин тапшырды. Бардык уруулардан зекеттерин чогултуп келди. Акыры Мединанын сыртында бир эле мусулман киши калган эле. Салам берип, алдына кирди. Зыяраттын себебин билген адам бүт мал-мүлкүн Хазрети Убаййга көрсөтүп, мындай деди:

- Кайсынысын кааласаң танда, ал!

 Ал дагы бир даанасын бөлүп койду. Бирок, малдын ээси каршы чыкты:

- Мындай сүт бербеген, карып калган малды зекет катары бере албайм.

 

Жаш, семиз бир малды көрсөтүп, суранды:

- Суранам, муну алыңыз!

Анын баасы көбүрөөк

 Бул жолу да Хазрети Убайй каршы чыкты:

- Анын баасы көбүрөөк. Сенин зекетиң азыраак болот, ала албайм!

Бирок, мусулман "муну сөзсүз алышың керек!” деп туруп алды. Ошол убакта Хазрети Убайй мындай сунуш кылды:

- Мырзабыз абдан жакын жерде. Кааласаң барып, Өзү менен сүйлөш. Эгер ыраазы болсо алабыз.

 Мусулман макул болду. Өзү тандаган зекет малы менен бирге Расули акрамдын алдына барышты.

- Йа, Расулаллах! Сиздин элчиңиз сиздин макулдугуңузсуз мен берген зекет малын албай жатат. Суранам, буйрук берсеңиз, ал кабыл алсын.

 Маселени түшүнгөн эки дүнүйөнүн Султаны мындай деди:

 - Убайй сен төлөшүң керек болгон өлчөмдү бөлүптүр. Бирок, өзүң ыраазы болуп көбүрөөк бергиң келип жатса, анда жакшылык кылууңа тоскоолдук кыла албайбыз.  Аллаху таала да сага сообун берет. 

Анан кийин экөөнө тең дуба кылды. 

Хазрети Убайй Пайгамбарабыз алейхиссалам көз жумгандан кийин зекет чогултуу милдетин улантты. Ошол убакта башталган Йамама согушунда хафыздардын көбү шейит болду. Хазрети Омар Халифага кайрылды. Халифа Хазрети Абу Бакр болсо Курани каримди мусхаф кылууга буйрук берди. Бул маанилүү иш аткарылып жатканда эмгектенгендердин башында Хазрети Убайй турган эле. 

Бир пикирге келе албадык 

Бир күнү Хазрети Омар менен Пайгамбарыбыздын абасы Хазрети Аббастын пикирлери келишпей калды. Бирок, Хазрети Убаййдын калыс болуусуна макулдашышты. Экөө чогуу анын үйүнө барышты. 

Саламдан кийин Хазрети Аббас мындай деди:

- Эй, Убайй! Халифа мага тиешелүү болгон бир үйдү истимлак (конфискация) кылууну каалайт. Берем деген ниетим да жок. Биз кандай болсо да бир пикирге келе албадык. Акырында сенин калыс болууңду чечтик. Сен  кандай өкүм берсең, биз ошого макул болобуз. 

Хазрети Убайй халифа Хазрети Омардын жүзүн карады. Ал болсо:

- Ооба, ошондой! – деп, айтылгандарды тастыктап, ырастады. Анан кийин мындай деп да кошумчалады:

- Анын үйү Мечитке жанаша. Ага: "Бул жерди өзүңдүн ыраазычылыгың менен мамлекетке сат. Акчасын дароо төлөп берели!” – дедим. Ал: "Болбойт!” - деди. "Андай болсо багышта”, - дедим. Ал: "Болбойт!” – деди. Ошондо: "Андай болсо истимлак кылам. Андан кийин жыгып, Мечитке кошом. Мусулмандар батпай калышты”, - дедим. Ага да макул болгон жок. Мен: "Ушул мен санаган нерселердин бирөөнү сөзсүз аткарууга тийишсиң”, - дедим. Сенин калыс болууңа гана макулдаша алдык.

 Хаазрети Омар андан кийин: "Эми кантип чечим чыгарсаң чыгар”, - деп, сөзүн бүтүрдү. 

Хазрети Убайй эки тарапты тең кунт коюп уккандан кийин мындай деди:

- Эй, момундардын эмири! Менин билишимче, эгер сен Абдулмутталиб уулу Аббасты ыраазы кылбасаң анын үйүн ала албайсың! 

Бул өкүмдү кайдан алдың?

 Хазрети Омар сурады:

- Бул өкүмдү Аллахтын китебинен алдыңбы же Расулуллахтын сүннөтүнөнбү?

 Хазрети Убайй абдан жайбаракат жооп берди:

- Расули акрамдын сүннөтүнөн.

- Кантип?

- Расулуллах алейхиссаламдан уккан болчумун. Мындай деген болчу:

"Сулайман алейхиссалам Кудустагы Масжид-и Аксаны куруп жатканда курулган дубалдар кайра кулап жатты. Оор абалда калган Сулейман алейхиссаламга Аллаху таала вахий аркылуу: "Сен үстүнө жами салдырган жердин ээсин толук ыраазы кылмайынча мүмкүн эмес, ал дубалдарды бүтүрө албайсың”, - деп билдирди.” 

Буларды уккан Хазрети Омар жерди истимлак кылуудан баш тартты. Анткени, Хазрети Аббас эч кандай баага саткысы келбей жатты. Бул адилеттүү чечимдин жана халифанын адилеттүүлүккө болгон урматынын натыйжасында Хазрети Аббас да өз ыраазычылыгы менен жерин мусулмандарга белекке берди. Ошентип, Масжид-и Набавини кеңейтүү мүмкүн болду. 

Мечитте мусулмандар тегерек-тегерек болуп отуруп, хадиси шариф угуп жатышкан эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жөнүндө сүйлөшүп жатышты. Ирактан жаңы келген бир мусулман ошол тегеректердин биринин артынан бирин өттү. Үстүнө жөнөкөй кийим кийген алсыз бир карыяга жакындады. Карыя сапардан жаңы эле келгендей чарчагандай көрүнчү. Балким ал оорулуу эле. Бирок:

- Каабанын Ээсине ант берем, - деп ал сөзүн баштап улантты:

- Бир күнү Расули акрамдан уктум. Ал мындай деп буюрган эле:

"Кимде-ким бул дүнүйөдө жакшы амал кылса, ал үчүн көптөгөн сүйүнчүлөр бар. Аллаху таала ага акыретте көптөгөн жакшылыктарды ихсан кылат. Ал эми кимде-ким бул дүнүйө үчүн амал кылса, ага акыреттен эч кандай насип жок.” 

Бул зат ким?

Сөздөрүн айтып бүтүрүп, карыя хатиб унчукпай ордунан турду. Ал кеткенден кийин ирактык киши ал жердеги адамдардан сурады:

- Бул зат ким?

 Мындай жооп беришти:

- Ал мусулмандардын улуусу Убайй бин Каъб хазреттери.

 Ирактык киши да ордунан турду. Хазрети Убаййды үйүнө чейин ээрчип барды. Үйүнө жеткенде салам берди. Уруксат сурап үйгө кирди. Үйү да, буюмдары да өзүнө окшош экенин көрдү!.. Дүнүйөнүн кооздугунан, ызы-чуусунан алыс. Үй ээси эч качан көрбөгөн бул коноктон сурады:

- Сен кимсиң?

- Ирактык бир мусулман!..

- Түшүнүктүү! Эми көптөгөн суроолорду бересиң!..

 Муну уккан ирактык киши колун асманга көтөрүп:

- Эй, Аллахым! Биздин бул жагдайыбызды кара. Биз бир гана динибизди үйрөнүү үчүн ушунча чыгым болобуз. Өзүбүздү да, төөлөрүбүздү да чарчатып, алыстан келебиз. Андан кийин да улууларыбыз бизге ушинтип айтышат!

 Муну уккан Хазрети Убайй ыйлап баштады. Жана:

- Урматтуу боордошум! Аллах сага жакшылыктарды берсин. Бирок, сен менин сөздөрүмдү туура эмес түшүндүң. Мен жөн гана ирактыктардын мүнөздөрүн айткым келген эле. Сенден кечирим сурайм. Мени кечиргениңди түшүнмөйүнчө эми эч ким менен сүйлөшпөйм, – деп, өкүнүчүн ачык билдирди.

Ирактык киши зыяны жок дегенсип кол булгалап, кечиргенин билдирди. Ошол убакта абдан кубанган Хазрети Убайй:

- Аллахым! Эгер мени кийинки жумага чейин тирүү калтырсаң, сүйүктүү Пайгамбарыбыздан укканымдын баарын мусулмандарга жеткирем, -  деп убада кылды. 

Сен чет элдик окшойсуң

Ошондон кийин ирактык киши уруксат алып, чыгып кетти. Ал кийинки жуманы чыдамсыздык менен күтө баштады. Бейшемби күнү эртең менен көчөгө чыкканда калың элге жолукту. Ар бир адамда шашылыш жана толкундануу байкалып турган эле. Ал бирөөдөн сурады:

- Эмне, эмне болуп жатат?

Ал киши таң калып айтты:

- Сен чет элдик окшойсуң!

- Ооба, Ирактан келдим.

- Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын сахабаларынын бири, хафыздардын мырзасы кайтыш болду...

- Аллах рахмат кылсын! Ал ким болду экен?

- Убайй бин Каъб хазреттери. Ал сүйгөндөрүнө жетти.

Бир күнү Расулуллах хазреттери куттуу колдорун Убаййдын көкүрөгүнө коюп, мындай деди:

- Йа, Рабби! Бул жерди шектен, төгүндөмөдөн жана жалгандоодон сактай көр.

Хазрети Убайй айтат:

- Ошол маалда мага ушундай бир абал болуп, күмүштөй аппак бир жер көзүмө көрүнүп, мен болсо ал жерден Раббиме карап жаткансып коркуп тердеп кеттим. 

Сен соодагерсиңби?

 Кайс бин Убада хазреттери айтат:

"Мен Расули акрамдын сахабаларын көрүү үчүн Мединага келдим. Мен көргөндөрдүн ичинен мага эң көп Убайй бин Каъб жакты. Мен дайыма анын жанында болгум келчү. Ал дайыма алдыңкы сапта намаз окучу. Мен да ага жакын жерде турчумун.

 Бир күнү намаздан кийин мага мындай деди:

- Сен соодагерсиңби?

 Мен "ооба” дегенимде, ал мындай деди:

- Соодагерлердин көбү куруйт. Сен алардын бири боло көрбө. Бирок, мен мусулман соодагерлерге абдан боорум ооруйт.”

 Убайй бин Каъб Энес бин Алиге мындай деди:

- Силер эки нерсени кылгыла: Бири туура жол болуп, ал - Ислам дини. Экинчиси болсо Расулуллахтын ыйык сүннөтү. Кимде-ким ушул эки нерсени бекем карманса, аны менен бирге Аллаху тааланы зикир кылса, Андан коркуп көздөрүнөн жаш чыкса, ал адамдын денесине от тийбейт.

Кимде-ким Ислам жолунда болуп, ыйык сүннөт менен жашаса, Аллаху тааланы көп эстесе жана Андан катуу корксо анын бардык күнөөлөрү төгүлөт.

 Күзүндө бак-дарактардын жалбырактары саргайып, куурап калганда, шамал соккондо ошол бошоп калган жалбырактардын баары күбүлгөндөй, Ага болгон сүйүүдөн жана коркуудан ыйлап, денеси титиреген адамдын да ошол жалбырактардай күнөөлөрү күбүлөт. 

Аллахтын китеби силерге жетиштүү

Абу Али мындай дейт:

Бир киши Убайй бин Каъбга келип:

- Мага насаат берсеңиз! 

Хазрети Убайй дагы ага мындай деди:

- Аллаху тааланын китебин, башкача айтканда, Курани каримди өзүңөргө имам кылгыла, дагы Аны өзүңөргө калыс кылгыла. Ал силерге жетиштүү. Анын өкүмүнө ыраазы болгула. 

Бул китеп Расули акрам бизге калтырган китеп болуп, силердин үстүңөргө күбөө, силер жана силерден мурункулар жөнүндө эскерген. Араңардагы өкүмдү да түшүндүргөн. Силерге жана силерден кийинкилерге да абдан жакшы калыс. 

Убай бин Амир айтты:

Бир жыйында Убайй бин Каъб мага мындай деди:

- Кимде-ким Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн колундагыны берсе, сөзсүз Аллаху таала да андан жакшыраагын ага ихсан кылат жана эсепсиз түрдө сооп жазат. Кимде-ким мунун тескерисин кылса, Аллаху таала анын колундагын да алат жана ага күнөө жазат. 

Хазрети Убайй сахабалардын эң аалымдарынын бири эле. Курани каримден тышкары Тоорат менен Инжилди да жакшы түшүнчү. Бирок, Хазрети Убаййдын чыныгы кызыгуусу Курани карим болчу. Ал Аллахтын китебинин бардык тереңдиктерин үйрөнгүсү жана түшүнгүсү келчү. 

Жеке өзү атымды атадыбы? 

Улуу китебибиз Курани каримди эң сонун кылып окулушунда жана чогултулушунда анын кызматтары чоң. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты:

- Курани каримди эң жакшы окуганыңар – Убайй бин Каъб.

Бир күнү Расулуллах ага мындай деди:

- Эй, Убайй! Аллаху таала мага сенин үстүңө Баййина сүрөсүн окууну буюрду.

- Йа, Расулаллах! Раббим сиздин улуу затыңызга жеке өзү менин атымды атадыбы?

Расулуллах "Ооба” деген жообун бергенде, кубанганынан көздөрүнөн жаш тегеренген эле.

 Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага Абу Мунзир деген каймана ысым ыйгарып, атына кошумча катары Сеййид-ул-Ансар деген лакап атын да койгон эле. 

Ал Пайгамбарыбыз тирүү кезинде эле Курани каримди үйрөткөн сейрек мусулмандардын бири эле. Хадис, фикх, тафсир, кыскасы, бардык диний илимдеринде анын чоң кызматы бар.

Бүт өмүрүн Курани каримге кызмат кылуу менен өткөргөн Хазрети Убайй айтты:

- Момун адам төрт сапатынан белгилүү болот. Балээ-кыйынчылыкка кабылганда сабыр кылат. Немат жана икрамга жеткенде шүгүр кылат, сүйлөгөндө чын сүйлөйт. Өкүм кылганда адилеттүүлүктү сактайт. 

Момун адам беш нурга бөлөнгөн. Аллаху тааланын нур үстүнө нур деп буюргандыгы ушуга белги. Анын сөзү нур, илими нур, кирген жери нур, чыккан жери нур жана кыямат күнү бара турган жери нур. 

Хазрети Омардын буйругу менен мусулмандарга Таравих намазын да эң алгач Хазрети Убайй окуткан болчу. Хазрети Убаййдын атасы Каъб, энеси Сухайла, каймана аттары Абу Мунзир, Абут Туфайл, лакап аттары Сеййиду-л-курра, Сеййиду-ул-Ансар, Сеййид-ул-Муслимин. Бул ардактуу жана улуу лакаптар Анын мартабасын көрсөтүүгө жетиштүү. Ал Хазраждын Нажжар уруусунан болчу.

Сөзүнө бекем турду

Ислам Күнү Мединага тарай баштаганда мусулман болгон эле. Андан кийин Акаба биъатында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ыйык колдорун кармап, акыркы демине чейин сөзүнө бекем турду. 

Расулуллах алейхиссалам Мединага хижрат кылганда Аны Саид бин Зейд хазреттери менен боордош кылды. Ал Бадр согушунан баштап Таифтин курчоосуна чейин Пайгамбарыбыз хазреттеринин бардык казаттарына катышты. Алардын бардыгында өтө көп пайдасы тийди. Ал динге берилген жана ишенимдүү мусулман эле. Ошондуктан, сүйүктүү Пайгамбарыбыз ага зекет чогултуу милдетин тапшырган эле. Хазрети Абу Бакрдын убагында да ошол милдетти аткарды.

Ал каза болгондо Анын жаназа намазын да Халифа окутту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш