Абуддарда


Казылык кызматын аркалаган сахабалардын бири.

Абуддарда хазреттери Бадр жортуулунда мусулман болду. Мурда буттарга сыйынчу. Күндөрдүн биринде Абуддарданын эне жагынан бир тууганы Абдуллах бин Раваха менен Мухаммед бин Маслама Абуддарда жокто анын үйүнө кирип келип үйүндөгү бутун сындырышты.

Эмнеге тоскоолдук кыла алган жоксуң?

Абуддарда үйүнө кайтып келгенде бир жагынан буттун сыныктарын чогултуп, экинчи жагынан мындай деп жатты:

- Сага убал болсун! Эмнеге сени сындыргандарга тоскоолдук кыла алган жоксуң? Эмнене аларды кууп чыга алган жоксуң?

Жубайы Уммуддарда мындай деди:

- Эгер ал кимдир бирөөгө пайдалуу боло алганда же келе турган бир зыяндын алдын ала алганда, өзүнө келүүчү зыяндын алдын алмак!

Абуддарда ошондо: "Мага гусул алуу үчүн суу даярда!” – деди да жуунду. Кийимдерин кийгенден кийин Пайгамбарыбыздын даргейине баруу үчүн жолго чыкты.

Абуддарда келе жаткан кезде Абдуллах бин Раваха Пайгамбардын жанында болчу. Ал айтты:

- Йа, Расулаллах! Бул келе жаткан Абуддарда. Менимче ал бизди көргөнү келүүдө!

- Ал мусулман болом деп келүүдө. Анткени, Раббим Абуддарданын мусулман болоорун мага убада кылды!

Абуддарда Расулуллах алейхиссаламдын даргейинде мусулман болду. Абуддарданын үй-бүлөсү андан мурда мусулман болушкан эле.

Ал мусулман болгонго чейин Бадр согушу орун алган эле. Ал Ухуд согушуна жана башка бардык согуштарга катышты. Ухуд согушунда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы көңүлдөрдү буруп, Пайгамбарыбыз аны: "Ал кандай мыкты жоокер”, - деп мактаган эле.

Абуддарда Пайгамбарыбыздын убагында Курани каримди толук жаттаган эле. Көпчүлүк аяти карималардын тафсирин Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өзүнөн сурап үйрөнгөн эле.

Илим үйрөнүү менен алек болду

Абуддарда Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин Мединада калууга чыдай алган жок. Хазрети Абу Бакрдын доорунда Ярмук согушунда аскер казысы болгон эле. Ал Ислам тарыхында алгачкы жолу аскер казысы милдетин аткарган эле. Хазрети Омардын доорунда уруксат сурап Шамга барып, ал жерде Курани карим жана илим үйрөтүү менен алек болгон эле.

Шамдагы Жами-и Кабирде берген бул сабактарына өтө көп шакирттери катышчу. Шакирттерине он кишиден турган алкактар абалында сабак берчү. Ар бир сабак алкагын өзүнчө көзөмөлдөчү. Бир жолу шакирттери саналганда миң алты жүздүн тегерегинде экенин көрүлгөн эле. Бул сабактарга кутман сахабалардан да катышкандар болгон эле. Абуддарда мындан тышкары медицина илимин да билчү. Оорулууларды дарылап, керектүү дары-дармектерди жасап берчү.

Шамга вали болуп дайындалган Хазрети Муавия халифадан бир казы сураган эле. Хазрети Омар болсо: "Бул милдетти эң жакшы Абуддарда аткарат”, - деп, милдеттин ага берилүүсүн буйрук кылды. Бул кызмат учурунда да илимди жайылтууну улантты.

Бир күнү Абуддарда хазреттерине бир киши келип мындай деди:

- Оо, Абуддарда! Менде өтө чоң оору бар. Муну айыктырууга жардам берсең!

- Кандай ооруң бар?

- Менин жүрөгүмдө дүнүйөгө карата ашыкча сүйүү бар. Дүнүйө куду менин жүрөгүмдү каптап алгандай. Окуган намаздарымдан нур көрө албайм. Ибадаттарымдан эч кандай даам же лаззат ала албайм.

- Эй, адам! Сенин ооруң бардык оорулардын эң чоңу. Муну дароо дарылоого тийишсиң! Антпесе, Аллах сактасын, ыйманыңан айрылып калышың мүмкүн!

- Оо, Абуддарда, жалбарам мени бул оорудан куткар!

Оорулууларды зыярат кыл

Абуддарда хазреттери бул кишиге төмөнкүдөй насаат кылды:

- Тез-тез оорулууларды зыярат кылып тур! Жаназа намаздарына катыш! Мүрзөлөрдү зыярат кыл! Эгер ушул үч нерсени такай кылып турсаң бул оорудан кутуласың. Сендеги дүнүйө сүйүүсү жок болот, жүрөгүң нурданат, басирет көзүң ачылат.

Бул адам айтылган үч нерсени аткарууну улантты. Бирок, өзүндө эч кандай өзгөрүү сезген жок. Кайгылуу абалда кайра Абуддарга хазреттерине барып мындай деди:

- Оо, Абуддарда! Мен сунуштарыңды так аткардым. Бирок, өзүмдө эч кандай өзгөрүү көргөн жокмун. Жалбарам, мени бул оорудан куткар!

Абуддарда хазреттери мындай деп айтты:

- Андай болсо сен жаназага бир жаныбардын өлүгүнө бараткансып барган экенсиң! Эми менин айтаарымды кунт коюп угуп ал! Оорулууларды зыярат кылып барганыңда бир күнү өзүңдүн да ага окшоп күч-кубатсыз, алсыз болуп төшөктө жатып калаарыңды ойло! Бир ууртам сууну да көтөрүп иче албайсың, башкалардын жардамы менен иче аласың!

Ушунча чындыктарга карабастан, сенин дагы эле дүнүйөгө берилүүңдөн максатың эмне? Көрүп турасың, дүнүйөнүн байлыгы адамдын бул абалга туш болуусуна кедерги боло албоодо. Буларды оорулуунун алдында ойлоп, напсиңе мындай деп айт:

"Анын абалын карап сабак ал! Сенин да акырың ушундай! Андай болсо дүнүйө сүйүүсүнөн колуңду тарт!”

Жаназа намазына барганыңда бул адамды дүнүйөнүн бардык нематтарынан ажыратып, табытка салып, мусалла таштын үстүнө таштап коюшкан деп ойло. Жакындары, абдан жакшы көргөн жана бүт өмүрүн аларга арнаган балдары аны артынан карап турушат.

Оорудан кутулду

Көрүстөнгө барганыңда мүрзөдө жаткандардын абалын ойло! Бир күнү сен да алардай болосуң. Жумшак денең чирип, курт-кумурскаларга жем болот.

Эй, адам! Мына ушул үч нерсени кылып жатып буларды ойлонуп, өзүңдү алардын ордуна койсоң кыска убакытта бул коркунучтуу оорудан кутуласың.

Ал адам бул насааттарды так аткарды. Кыска убакыттын ичинде бул оорудан кутулду. Дүнүйөдөн жийиркене баштады. Жүрөгү нурданды. Басирет көзү ачылды. Туура менен жаңылышты ажыратты. Ошондон кийин бүт өмүрүн акыретти ойлоп, ага даярдануу менен өткөрдү.

Абуддарда хазреттерин көргөндө мындай деди:

- Аллах сага ыраазы болсун! Менин көңүл көзүмдүн ачылуусуна, акыйкаттарды көрүүсүнө себепкер болдуң.

Абуддарда хазреттери ооруп калганда достору зыярат кылып келип, ага мындай дешти:

- Ооруң эмне?

- Менин күнөөлөрүм!

- Каалооң эмне?

- Бейиш!

- Сага бир дарыгер чакырсакпы?

- Мени дарыгер оорутту.

Элге жар сал

Абдуллах бин Саламдын уулу Юсуф мындайча баяндаган эле:

"Абуддарда кайтыш болоруна жакын мен жанында элем. Ал мага мындай деди:

- Тур, менин өлөөрүмдү элге жар сал!

Ордуман туруп элге абалды билдирдим. Уккандар анын үйүнө келишти. Үйдүн ичи да, сырты да элге толду. "Мени сыртка чыгаргыла” дегенден кийин аны сыртка чыгардык. "Мени отургузгула”, - деди. Отургуздук. Үйүнө чогулган калың элге мындай деди:

- Эй, адамдар! Расули акрамдын мындай дегенин уктум эле:

"Кимде-ким толук жана кемчиликсиз даарат алып, андан кийин чын ыклас менен намаз окуса, Аллаху таала ал каалаган нерселерин ага ихсан кылат.”

Абуддарда андан кийин келгендерге намаз тууралуу дагы бир нече насаат кылды. Акыркы сөздөрү ушул болду.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абуддарданын илимдеги кайратын мактап:

- Ар бир үммөттүн бир хакими (даанышманы) болот. Бул үммөттүн хакими Абуддарда, - деп буюрган эле.

Муаз бин Жабал кайтыш болор алдында шакирти Амр бин Маймунга Абуддарданын илиминен пайдаланууну осуят кылып, мындай деген эле:

- Жер жүзү андан да өткөн аалым адамды көтөргөн эмес.

Абуддарда баарына жакшылык менен мамиле кылчу. Ачуусун жана таарынычтарын басып, дайыма жылмайган жүз менен мамиле кылчу. Эч кимди таарынтчу эмес, эч кимге таарынчу эмес. Ток көңүл жана жоомарт эле. Аны зыярат кылып келген ар бир конокко көп сый тартуулачу, жеке өзү кызмат кылчу. Илими, такыбаалыгы, бийик ахлагы жана башка көптөгөн сапаттары менен сүйүктүү жана урмат-сыйга ээ болгон эле.

Аны жамандабагыла!

Абуддарда хазреттери бир адамдын кылган жамандыгынан улам адамдар тарабынан акарат кылынып, караланып жатканын угуп калды. Ал жердегилерге мындай деди:

- Эгер бул киши бир кудукка түшүп кеткенде силер аны чыгарууну каалабайт белеңер?

- Ооба, чыгарууну кааламакпыз.

- Андай болсо аны жамандабагыла, тил тийгизбегиле, анын кылган жамандыгынан силерди сактаган Аллаху таалага шүгүр кылгыла.

- Сен аны жек көрбөйсүңбү?

- Мен анын өзүн эмес, кылган жамандыгын жек көрөм.

Абуддарданын жубайларынын бири Хайре бинти Хадред Уммуд Дарда ал-Кубра лакап аты менен белгилүү болуп, аял сахабалардын бири. Фикх жана хадис илиминде аалым аял эле. Ал накыл кылган хадиси шарифтер алты белгилүү хадис китебине кирген. Билал, Язид, Дарда жана Насиба аттуу төрт баласы бар эле.

Жубайы Уммуд Дарда мындайча баяндаган эле:

"Абуддарда бир нерсени баяндап жана хадиси шариф накыл кылып жатканда дайыма күлүмсүрөчү. Бир күнү себебин сурадым. Ал айтты:

– Расули акрам хазреттери ар бир хадиси шарифти айтып жатканда күлүмсүрөчү.”

Хадис угайын деп келдим

Бир күнү Мединадан Абуддарда хазреттерин зыярат кылып бир адам келди. Абуддарда хазреттери ал заттан эмне үчүн келгенин сурады. Ал болсо: "Сиздин Расулуллахтан уккан хадиси шарифтерди риваят кылганыңызды уктум эле. Ошон үчүн келдим”, - деди. Абуддарда хазреттери дагы сурады:

- Соода кылуу жана башка нерсе үчүн келген жоксуңбу?

- Жок.

- Башка жумуш же муктаждык үчүн келген жоксуңбу?

- Бир гана хадиси шариф алайын деп келдим.

Ошондо Абуддарда хазреттери мындай деди:

- Абдан жакшы, андай болсо ук! Расулу акрам хазреттеринин мындай деп айтканын уктум:

"Эгер бир адам илим алуу жолуна түшсө, Аллаху таала ага Бейишке жол ачат. Периштелер илим талап кылган адамга ыраазы болгондуктан канаттарын алардын үстүнө жайышат. Илим ээлери үчүн жердегилер жана асмандагылар магфират талап кылышат. Деңиз түбүндөгү балыктар да ага дуба кылышат.”

"Аалымдын абидге караганда үстөмдүгү айдын жылдыздарга караганда үстөмдүгү сыяктуу. Аалымдар пайгамбарлардын мурасчылары. Алар акчанын артынан жүгүрүшпөйт. Илимдин артынан жүгүрүшөт. Ошондуктан, алар илимдин канча көп үлүш алуу мүмкүн болсо, ошончолук көп алышат.”

Жүргүнчүмүн, кетем

Бир жолу Абуддрда хазреттеринин үйүнө бир зат келди. Ал затка мындай деди:

- Эгер бул жерде кала турган болсоң сага орун даярдайын. Эгер жүргүнчү болсоң, келип эле кете турган болсон, анда азык даярдайын.

- Мен жүргүнчүмүн, кетем.

- Андай болсо, сага эң сонун азыкты даярдайын. Эгерде мындан да баалуураак азык болгондо, аны да сага бермекмин.

Абуддарда хазреттери андан кийин мындай деп улантты:

- Бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын даргейине барган элем. "Йа, Расулаллах! Байлар дүнүйөнү да акыретти да табышты. Алар намаз да окушат, орозо да кармашат, садака да бере алышат. Бирок, биз кедей болгондуктан садака бере албайбыз”, - дедим.

Ошондо Расули акрам хазреттери мындай деп буюрду:

- Сага бир нерсе айтайынбы? Аны кылганыңда сен ээ болгон нерсеге аны кылгандар гана ээ боло алышат. Кылбагандардын эч бири ага ээ боло албайт. Ар бир намаздан кийин 33 жолу Субханаллах, 33 жолу Алхамдулиллах, 33 жолу Аллаху акбар деп айт!

Бир жолу курайштык бир адам менен ансардан бир адамдын ортосунда маселе келип чыккан эле. Ансарлардан болгон адам Хазрети Муавияга барып арызданды. Хазрети Муавия аларга адалдашууну сунуштады. Бирок, арыз ээси макул болгон жок. Хазрети Муавия ал адамга Хазрети Абуддарданы көрсөтүп:

- Ушул кишиден сура!

Ал адам сураганда Абуддарда мындай деди:

- Расули акрамдан уктум. "Эгер бир мусулмандын денесине кандайдыр бир зыян келсе, буга себепкер болгон адамды кечирип, акысын адал кылса, Аллаху таала аны бир даража көтөрөт. Анын бир катасын кечирет”, - деп буюрду.

Жүрөгүм менен түшүндүм

Муну уккан адам Абуддарданы карап сурады:

- Сен муну Расули акрам хазреттеринин өзүнөн уктуң беле?

- Ооба, өз кулагым менен уктум. Жүрөгүм менен түшүндүм.

- Андай болсо мен арыздан баш тартам, акымды да адал кылдым (кечирдим).

Абуддарда хазреттери бир күнү Шамда мечитте отурган эле. Бир адам мечитке кирип, минтип дуба кылды:

- Йа, Рабби! Жалгыздыкта мага жардам бер, карыптыгымда мага ырайым кыл, мага ардактуу жана сүйүктүү бир дос ихсан кыл!

Абуддарда бул сөздөрдү укканда ал кишиге кайрылып мындай деди:

- Расулуллах хазреттеринен уктум эле. Мындай деп буюрган эле: "Адамдардын арасында өзү-өзүнө зулумдук кылгандар бар. Алар кайгы жана санаага баткан. Адамдардын арасында ысырапкорчулуктан сактангандар бар. Алар үнөмдүү жана өлчөөсү менен кыймылдашат. Алардын эсеби жеңил болот. Ошондой эле, адамдардын арасында жакшылык кылуу үчүн жарышкандар бар. Алар эсепсиз Бейишке киришет.”

Пайгамбарыбыз Салман Фариси менен Абуддарданы боордош кылган эле.

Бир күнү Салман Фариси Абуддарданы зыярат кылууга барды. Абуддарда Салман Фарисиге тамак алып келип мындай деди:

- Мен орозо кармадым. Ал, сен же!

Салман Фариси дагы мындай деди:

- Сен жемейинче мен да жебейм!

Мына эми тур!

Абуддарда да аны менен бирге жегенге аргасыз болду. Түнкүсүн намазга турууга аракет кылганда Салман Фариси ага: "Жат, укта!” - деди. Ал болсо жатып уктады. Бираздан кийин кайра намазга турмакчы болду. Салман Фариси дагы: "Жат, укта!” - деди. Ал болсо жатып уктады. Багымдат намазынын убагы киргенде Салман Фариси ага: "Мына эми тур!” – деди. Алар турушту. Андан кийин Салман Фариси ага мындай деди:

- Сениң моюнуңда денеңдин акысы бар! Раббиңдин акысы бар! Коноктун акысы бар! Үй-бүлөңдүн да акысы бар! Орозо карма, ифтар да кыл! Намаз оку! Үй-бүлөңдүн жанына да бар! Сен акы ээсине акысын бер!

Даарат алып, багымдат намазынын сүннөттөрүн окугандан кийин парзын окуу үчүн мечитке барышты. Намаздан кийин Пайгамбарыбызга абалды түшүндүрүштү. Пайгамбарыбыз мындай деди:

- Салман илимге толтурулган, туура айтыптыр, туура кылыптыр!

Абуддарда жеткирген хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

"Жоомарттык ыймандын бекемдигинен келип чыгат. Ыйманы бекем болгондор тозокко кирбейт. Сараңдык болсо шек жана күмөндөн келип чыгат. Күмөн санагандар Бейишке кире албайт.”

Бир күнү Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Жума күндөрү мага көп салават айткыла! Окулган салават мага дароо билдирилет.

Өлгөндөн кийин да билдирилет

Ошондо: "Өлгөндөн кийин да билдирилеби?” – деп суралганда, Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Ооба, мен өлгөндөн кийин да билдирилет. Анткени, топурактын пайгамбарларды чиритүүсү арам кылынган. Алар кабырларында тирүү жана ырыскы менен камсыз болушат.

Бир күнү Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Эй, Абуддарда! Тозоктуктардын ким экенин сага билдирейинби? Ар бир менменсинген, орой, текебер жана жакшылыкка тоскоол болгон адам. Бейиштиктердин кимдер экенин билдирейинби? Ар бир кедей адам болуп, эгер Аллахка ант берсе, Аллах аны туура чыгарат.

Дагы мындай деди:

"Дин боордошу каалаган тамакты ага берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Дин боордошун сүйүнткөн Аллахты сүйүнткөн болот.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам күнөөкөрлөргө шапаат кылаарын билдиргенде: "Ыйманы бар уурулар жана зинакорлор да шапаатка жетишеби?” – деп сурадым. Мындай деди:

- Ооба, аларга да шапаат кылам.

Дагы мындай деди:

"Силер кыямат күнү өзүңөрдүн жана атаңардын ысымдары менен чакырыласыңар. Андай болсо балдарыңарга жакшы аттарды койгула.”

"Мизанга коюла турган амалдардын эң оору – көркөм ахлак.”

"Бир адам боордошунун аркасынан дуба кылганда, бир периште: "Аллах сага да ошол дуба кылганыңдай берсин”, - дейт.”

"Арызданууңарга себеп болгон нерселер амалдарыңардын бузуктугунан.”

"Кимде-ким Кахф сүрөсүнүн башынан он аяти кариманы жаттаса, Дажжалдын жана алдамчыларынын жамандыгынан сактанган болот.”

"Бардык оорунун башаты – көп жеш.”

"Дарттуу момундун дубасын олжо деп билгиле! Субханаллахи валхамдулиллахи вала илаха иллаллаху валлаху акбар вала хавла вала куввата илла биллахты көп айткыла. Анткени, алар салих амалдардан. Дарактар жалбырактарын төккөндөй булар да каталарын төгөт. Булар Бейиштин казыналарынан.”

Жамандыктардын ачкычы

Абуддарда мындай деди:

- Абдан сүйгөн адамым мага айтты: "Таш талканың чыкса да, отко күйсөң да Аллаху таалага эч нерсени шерик кылба! Парз намаздарды таштаба! Парз намаздарын атайылап таштаган адам мусулмандыктан чыгат. Ичкилик ичпе! Ичкилик – бардык жамандыктардын ачкычы.”

Абуддарда хазреттери айтты:

- Зилхижжанын алгачкы 9 күнүндө орозо кармоо керек, көп садака берүү керек жана көп дуба менен истигфар кылуусу керек! Анткени, Мухаммед алейхиссалам: "Ушул он күндүн жакшылыгынан жана берекесинен куру калгандарга убалдар болсун”, - деди.

Күнөө унутулбайт

Абуддарда хазреттери айтты:

- Дүнүйөдө үч нерсе үчүн жашагым келет: узун түндөрү намаз окуу үчүн, узун күндөрү орозо кармоо үчүн жана салих адамдар менен бирге отуруу үчүн.

- Жаман адамдар менен көп бирге болгон адамдын жүрөгү бузулат.

- Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кылгыла! Өзүңөрдү өлгөн деп билгиле! Жакшылык текке кетпейт, күнөө унутулбайт.

- Жакшылык мал-мүлктү жана перзенттерди көбөйтүүдө эмес. Жакшылык – кулдук жүгүнүн чоңдугун түшүнүү, амалды көбөйтүү, адамдар менен алек болууну таштап, Аллаху таалага ибадат кылууга багытталуу. Эгер жакшылык кылсаң, Аллаху таалага мактоо айт, күнөө кылган болсоң, истигфар кыл.

- Өзүнүн артынан адамдардын ээрчүүсүн жактырган адам Аллахтан алыстайт.

- Акылында кемчилик болбогон эч ким жок. Анткени, дүнүйөлүк бир нерсеге ээ болгондо кубанат, бирок, өмүрүнүн кыскарганына кайгырбайт.

- Эгер өлүмдөн кийин эмнелерди көрө турганыңарды, башыңарга эмнелердин келе турганын билгениңерде каалап тамак да жей алмак эмессиңер, суу да иче алмак эмессиңер.

- Илиминен пайдаланбаган, ага амал кылбаган аалымдар махшар күнү катуу азапка дуушар болушат.

- Өлүмдү көп эстеген адам ташкындыктан жана көрө албастыктан арылат.

- Бир аалым илими менен амал кылмайынча аалым болуп саналбайт.

- Раббиме карата кичи пейилдик үчүн жокчулукту, кедейликти жакшы көрөм. Раббимди эңсегеним үчүн өлүмдү жакшы көрөм! Күнөөмө каффарат боло тургандыктан ооруну жакшы көрөм!

- Пенде Аллаху таалага ибадат кылуу менен алек болгондо, Аллаху таала аны жакшы көрөт, макулуктарына да жакшы көргөзөт.

- Билбегенге бир жолу, билип туруп кылбаганга жети жолу убалдар болсун!

- Ыймандын кемалы (жетиктиги) – башка түшкөн нерсеге сабыр кылуу, тагдырга ыраазы болуу, толук тобокел жана Аллаху таалага багынуу.

Илимди жайылтты

Абуддарда хазреттеринин аты Уваймир бин Зайд ал-Ансари ал-Хазрежи. Абуддарда каймана аты. Туулган жылы белгисиз. Тафсир, хадис жана фикх илимдеринде белгилүү болгон сахаба. Өзгөчө Курани каримди жаттоо жана кыраат илимин көптөгөн адамдарга үйрөтүү менен атагы чыккан.

Ал Шамда турганда Куфадан жана башка жерлерден көптөгөн адамдар келип, фикх маселелерин сурап, фатвасын алышчу. Кээ бир сахабалар менен Кипрдин алынуусуна да катышты. Абуддарда хазреттери өмүрүн динге кызмат кылуу менен өткөрдү. Нубувват (пайгамбарлык) булагынан алган илимди жайылтты. Хазрети Османдын халифалыгынын акыркы жылдарында 652-жылы кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш