Убада бин Самит


Акаба биъаттарында коомунун өкүлү болгон сахаби.

Расулуллах алейхиссалам хижраттан кийин Мединада яхудилер менен келишим түзгөн эле. Ага ылайык яхудилер мусулмандарга кол салышмак эмес, душмандарына да жардам беришмек эмес!

Буга карабастан яхудилер убадаларына турушкан жок жана мусулмандардын канын төгүүдөн тартынышкан жок.

Мединалык яхудилер үч уруу болуп жашап жатышкан. Курайза, Надир жана Кайнука уулдары. Эң тайманбастары Кайнука яхудилери болчу. Алар абдан бекем чепте отурушчу. Алар зергерлик жана пайызчылык менен оокат кылышчу.

Согушканды билбегендер

Мусулмандардын Бадр жеңишинен кийин алардын баары ачууларынан кутуруп жатышты. Бир мусулман аялга кол салышкандыктан Расулуллах хазреттери яхудилерге мынчалык чектен чыкпоолорун, ортодогу келишимди сыйлоолорун, эгер карама-каршы мамилелери улана берсе Бадр күнү мусулмандарды кыйнаган Курайш мушриктеринин башына түшкөн нерсе алардын башына да келиши мүмкүн экенин эскертти.

Яхудилер болсо чектен ашып мындай дешти:

- Согушканды билбегендерге, башкача айтканда, Курайшка каршы жетилген жеңиш маанилүү эмес. Эгерде мусулмандар бир күнү биз менен согуша турган болсо анда согушуунун кандай экенин сезишет!

Эми аларга бир сабак керек болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кутман сахабаларга согушка буйрук берди.

Кайнука уулдары ошол өтө бекем чепке чегиништи. Мусулмандар да аларды 15 күн курчоого алышты. Акырында качууга тешик таба албаган яхудилер багынып берүүгө аргасыз болушту. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздан коопсуздук тилеп, ырайымына баш калкалашты.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дайым болгондой эле сахабалары менен кеңешти.

Яхудилерге кандай жаза берүү керектигин сахабаларынан да сурады.

Мунафыктардын башчысы Ибни Салул сөз алды:

- Яхудилер менен менин келишимдерим бар. Мен алардын достугунан баш тарта албайм! – дегенде Хазрети Убада бин Самит сөз алып, мындай деди.

- Йа, Расулаллах! Менин уруум да яхудилер менен достук келишимин түзгөн эле. Бирок, алар бардык сөздөрүн тебелешти. Келишимдерин бузушту. Мындан ары менин Аллах жана Анын Пайгамбарынан башка досум жок. Мен Аллахка жана Анын Расулуна баш калкалайм, буйруктарын күтөм.

Алардан деп эсептелинет

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз экөөнү эки башка карап, мындай деп буюрду:

- Эй, Ибни Салул! Өзүң үчүн тандап алган яхудилердин достугу сеники болсун! Убада тандап алган Аллахтын жана Анын Расулунун достугу да Аныкы болсун!

Ошондон кийин Курани каримдин Маида сүрөсүнүн 51-аяты түшүрүлдү. Мааниси төмөнкүдөй:

"Эй, ыйман келтиргендер! Силер яхуди жана христиандарды дос тутпагыла. Анткени, алар бири-биринин гана достору. Эгер араңардан ким аларды дос тутса алардан деп эсептелинет. Аллах заалымдарды туура жолго салбайт.”

Пайгамбарыбыз алейхиссалам аларга өтө мээримдүү мамиле кылды. Кайнука уулдарынын өмүрлөрүн сактап калды. Болгону аларды Мединадан чыгарууга гана буйрук берди. Бул милдетти болсо Хазрети Убадага тапшырды. Ал болсо бул милдетти так аткарган эле.

Убада бин Самит хазреттери мындайча баяндайт:

Мен биринчи Акабада болгондордун арасында элем. Он эки киши элек. Расулуллах хазреттерине мына бул маселе боюнча биъат кылган элек:

Аллаху таалага эч нерсени шерик кошпойбуз, уурулук кылбайбыз, зина кылбайбыз, балдарыбызды өлтүрбөйбүз, тилдерибиз менен жалган айтып жалаа жаппайбыз, кандайдыр бир жакшылыкта Ага каршы чыкпайбыз.

Андан кийин Пайгамбарыбыз мындай деди:

- Эгер убадаңарга, сөзүңөргө турсаңар силер үчүн Бейиш бар. Эгер алардын бирин жаап-жашырып койсоңор, анда силердин ишиңерди Аллаху таалага тапшырдым, кааласа азап берет, кааласа кечирет.

Он эки өкүлдүн бири эле

Убада бин Самит бисаттын 12-жылы ажылык мезгилинде Меккеде орун алган экинчи Акаба биъатында да болгон Хазраж уулдарынын он эки өкүлүнүн бири эле. Биъатта мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Аллах жолунда эч бир сынчынын жемелөөсү мени токтото албайт, жолуман тоспойт деп сизге биъат кылуудамын.

Убада бин Самиттин энеси да Исламды кабыл алуу сыймыгына ээ болуп, көптөгөн адамдардын мусулман болушуна себепкер болду. Хижраттан кийин Меккеден хижрат кылган мусулмандардан Абу Марсад менен боордош болду. Хазрети Умму Хирамга үйлөндү. Никесин Расулуллах алейхиссалам кыйды.

Исламдын күнү жаркыраган сайын Мединага хижрат кылгандардын саны көбөйүп жатты. Муктаждарды сүйүктүү Пайгамбарыбыз кээ бир үй-бүлөлөргө коноктоп жатты. Ошондой эле, жөндөмдүү болгондорго Курани каримдин үйрөтүлүшүн да каалап жатты.

Алардын бири Хазрети Убаданын коногу болду. Курани каримди жакшылап үйрөнгөнгө чейин жеп-ичти, конок кылынды. Кетүү убагы келгенде Ал дагы Хазрети Убадага жооп бергиси келди. Ал колунда өтө кооз бир жааны кармап турган эле. Анын жыгачы да, киричи да, жасалышы да өзгөчө эле. Ал мындай деди:

- Мага берген мээнетиңе жооп катары өтүнөм мына бул жааны кабыл алсаң!

Хазрети Убада жагдайды Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кабарлады. Аллаху тааланын Расулу мындай деди:

- Эгер ал жааны курчансаң ийниңердин ортосуна оттун чогун алып жүргөн болосуң.

Ошентип, кээ бир нерселер, атап айтканда, Курани каримди үйрөтүү жалгыз Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана болушу керектигин билип алдык. Акы катары кандайдыр бир нерсе алуу туура эмес...

Шейиттер кимдер?

Убада бин Самит мындайча баяндайт:

Мен бир күнү ооруп калган элем. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ансарлардан кээ бир заттар менен мени көргөнү келди. Расулуллах хазреттери шейиттер тууралуу айтып жатып:

- Шейиттердин кимдер экенин билесиңерби? – деп сурады.

Баары унчукпай калышты. Расулуллах суроону үч жолу кайталады. Алар мени көтөрүштү. Мен мындай деп жооп бердим:

- Шейит - Исламды кабыл алган, хижрат кылган, андан кийин Аллахтын жолунда жан тапшырган адам.

Ошондо Расулуллах мындай деди:

- Анда менин үммөтүмдүн шейиттери өтө аз болот. Аллахтын жолунда өлгөн адам шейит. Деңизге чөгүп өлгөндөр шейит, ич оорусунан өлгөндөр шейит, төрөттөн каза болгон аял шейит.

Убада бин Самит шакирттеринин бири Санабичтин ооруп калганына кайгырып, ыйлап жатканын көргөндө:

- Эмне үчүн ыйлап жатасың? Эгер махшарда сага күбөлүк жана шапаат кылуума уруксат бериле турган болсо, мен күбөлук жана шапаат кылам.

Бул Расули акрамдан өзүм уккан бир хадис. Эми силерге Расули акрамдын башка бир хадиси шарифин накыл кылам. Расули акрам хазреттери мындай деди:

"Кимде-ким Аллахтан башка сыйынуучу кудай жок, Мухаммед алейхиссалам Аллахтын элчиси деп күбөлүк берсе, анын денеси Жаханнамга харам болот.”

Сабырдуу жана жакшылыкты сүйгөндөр

Убада бин Самит айтат:

Бир күнү бир зат Пайгамбарыбызга келип сурады:

- Йа, Расулаллах! Амалдардын эң жакшысы кайсы?

- Аллаху таалага ыйман менен Аны тастыктоо, Анын жолунда жихад.

- Йа, Расулаллах! Андан жеңилирээги жокпу?

- Андай болсо, сабырдуу жана жакшылыкты сүйгөндөрдөн бол!

- Йа, Расулаллах! Мен андан да жеңилирээгин каалайм.

- Андай болсо, Аллаху таала сага эмнени тагдыр кылган болсо, ошого ыраазы бол!

Дагы бир убакта болсо Расулуллах хазреттери ага мындай деди:

- Мен силер менден кийин ширкке түшүп каласыңар деп коркпойм. Мен силер тууралуу коркконум – мал-мүлккө ыктооңор жана берилип кетүүңөр.

Бирөө Убада бин Самитке мындай деди:

- Мен согушуп жатканда Аллаху тааланын ыраазылыгын максат кылгандай эле, башкалардын мактоосун да каалайм.

Ошондо Убада хазрети мындай деди:

- Сага мындан эч кандай пайда жок.

Ал киши ошол эле сөздү үч жолу кайталаганда Убада хазреттери төмөнкү хадиси шарифти окуду:

"Аллаху таала айтат: "Мен шериктиктен мустагни болгондордун эң мустагнисимин (муктаж эмесмин). Кимде-ким мен үчүн амал кылса жана башка бирөөнү бул амалга кошсо, үлүшүмдү ошол шеригиме өткөрүп берем.”

Убада бин Самит эң пазилеттүү кутман сахабалардын бири эле. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын убагында Курани каримди толук жаттап алган эле, ошондой эле Курани карим да жазган эле.

Жаханнамдын жети эшиги

Ал мындай деди:

"Жаханнамдын жети эшиги бар: үчөө байлар үчүн, үчөө аялдар үчүн, бирөө болсо кедейлер үчүн.”

"Жасай турган ишиңдин аягын ойло. Эгер салах жана жакшылык болсо, аны жаса. Эгер ташкындык болсо, анда баш тарт.”

Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн жашаган Пайгамбарыбыз алейхиссалам милдетин аткаргандан кийин бул дүнүйөдөн түбөлүктүү дүнүйөгө көчтү. Биринчи халифасы Хазрети Абу Бакр да өмүрүн аяктады. Анын артынан Хазрети Омар халифа болуп шайланды. Анын доорунда Ислам кошуундары чоң аймактарды каратууларды ишке ашырышты.

Муну жакшылап билип кой

Хазрети Амр ибни Астын жетекчилигиндеги бир кошуун Мысырга сапарга чыкты. Бир топ убакыт өткөнүнө карабастан жеңиштен кабар жок болуп жатты. Акыры бир кат келди. Мысыр үчүн жардам суралып жаткан эле!..

Ошондо Хазрети Омар да бир кат жазды:

Эй, Амр! Муну билип кой, Аллаху таала эч бир элге ниети түз болмоюнча жардам бербейт. Мен сага төрт мусулманды жардамга жөнөтүп жатам. Менин билишимче, алардын ар бири миң адамга тете.

Менин катымды алганыңда, жоокерлериңди чогулт. Аларга жакшылап кайрылуу жаса. Мен жиберген төрт мусулманды аларга тааныштыр. Адегенде жоокерлериңе ниеттерин оңдоолорун, андан кийин душманга каршы сабырдуулук жана чыдамкайлык менен согушууларын айт.

Жума күнү түш маалы чабуулга буйрук бер. Анткени, ал саатта дубалар кабыл болуп, Аллахтын ырайымы жаайт. Бардык мужахиддер үндөрүн катуу чыгарып такбир айтышсын жана Аллаху тааладан жардам сурашсын. Андан кийин гана чабуулга өтүшсүн!

Аалым да, жоокер да

Мысырдын аскер кол башчысы бул катты алаар замат жоокерлерин чогултту. Адегенде Халифанын жазгандарын урмат-сый менен окуду. Анан кийин мындайча сөз сүйлөдү:

- Эй, мужахид газилер! Момундардын эмири Омар бин Хаттаб хазреттеринин бизге жардамга жиберген баатырларды мына силерге тааныштырып жатам:

Бул зат Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 улуу мусулмандын бири, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын эжесинин уулу Зубайр бин Аввам.

Тигил баатыр "Расулуллахтын атчан жоокери” жана Бадр согушун башынан өткөргөн баатырлардын бири Микдад бин Асвад.

Бул жигит болсо Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын дубаларын алган атактуу Маслама бин Мухаллед.

Акыркысы мусулман, аалым, хафыз, жоокер жана Акаба Биъаттарынын көсөмдөрүнөн Убада бин Самит хазреттери.

Бул сөздөн кийин мужахиддер чындап толкунданышты. Хазрети Омардын айткандарын так аткара башташты. Мубарек Жума убагында баары жакшылап даарат алышты. Намаздарын окушту жана жеңиш тилеп Аллаху таалага дуба кылышты. Андан соң такбирлер менен чабуулга өтүштү. Мына ушул ыйманга толо чабуулдардын аягында дубалар акыры кабыл болду. Мысыр жеринде да Исламдын күнү чыкты.

Хазрети Убада даанышман жана өзгөчө шыктуу зат эле. Хазрети Абу Бакр халифалык доорунда Византиянын королу Ираклийге элчи катары Хашим бин Ас менен Убада бин Самитти жиберди.

Бул эки зат Шамга токтогондон кийин жана узак сапардан кийин Стамбулга келишти. Алар мойнуна кылыч байлап, аттарынын үстүндө королдун сарайына жакындап келишти. Стамбул эли аларды таң калуу жана суктануу менен карап турушту. Аттарынан түшүп жатканда:

Ла илаха иллаллаху валлаху акбар дегенде, сарайдын курма дарагындай чайпалганын көрүштү.

Эң улуу сөз

Алар королдун алдына чыгышты. Король аларга Пайгамбарыбыз жана Ислам дини тууралуу көптөгөн суроолорду берди. Алардын ортосунда төмөнкүдөй сүйлөшүүлөр болду:

- Силер үчүн эң улуу сөзүңөр кайсы?

- Ла илаха иллаллаху валлаху акбар.

- Силер үйүңөрдө, мекениңерде муну айтканыңарда үйүңөр чайпалып, шыптарыңар урап кетпейби?

- Жок, биз бул сөздүн эч качан андай кылганын көргөн эмеспиз. Сенин жанында гана көрдүк. Ал бизге насааттан башка эч нерсе эмес.

- Кудайга ант, эгер мүлкүмдү таштап кетүүнү напсим каалаганда мен силерге баш ийип, өлгөнгө чейин да силердин бечара кулуңар болууну кааламакмын.

Король бул моюнга алуудан кийин элчилерди баалуу белектер менен узатты.

Хазрети Убада 655-жылы жетимиш эки жашында Ремледе ооруп калды. Ал сүйүктүү жана кадырлуу бир сахаба болгондуктан, бардык момундар аны зыярат кылууга жүгүрүшчү.

Ооруп жаткан төшөгүндө да Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын хадиси шарифтерин жана ыйык Курани каримдин аяттарын ачыктап, керемет насааттарды айтып жатты. Бир жолу уулу Валид мындай деди:

- Атаке! Мага да бир насаат айтасызбы? Бирок, өтүнүч, кайсынысы эң маанилүү болсо, ошону айтсаңыз.

- Мени төшөгүмдө белимди түздөгүлө, отурайын!

Алар анын айтканын кылышты. Анан кийин мындай деди:

- Балам! Эгер сен тагдырдын жакшы-жаманына ишенбесең ыймандын даамын тата албайсың.

- Бирок, атаке тагдырдын жакшы-жаманын кантип түшүнө алам?

- Мындайча ишенүүгө тийишсиң: тагдырыңда болбогон бир нерсе сени эч качан таба албайт. Тагдырыңа жазылгандан болсо эч качан качып кутула албайсың.

Акыркы насаат

Хазрети Убаданын оорусу күчөдү. Өлөөрүнө көзү жеткенде мындай деди:

- Канча туугандарым, азат кылган кулдарым, кызматчыларым жана кошуналарым бар болсо чогултуп алып келгиле!

Алардын бардыгына келсек;

- Менин бүгүн дүнүйөдөгү акыркы күнүм, акыретте биринчи түнүм болот деп ойлойм. Кээ бириңерди колум менен же тилим менен таарынтып алгандырмын. Эми менден өч алгыла. Анткени, бул дүнүйөдө өч албасаңар, ант берип айтам, тиги дүнүйөдө акыңарды менден аласыңар, - деди.

Жанындагылар менен адалдашты. Анан кийин акыркы керээзин айтты:

- Мен рухумду тапшырар замат баарыңар туруп жакшылап даарат алгыла. Эки рекеттен намаз окуп, өзүңөргө да, ушул карып Убадага да дуба кылгыла. Анткени, Аллаху таала улуу Китебинде: "Сабырдуулук жана намаз менен Аллахка сыйынгыла!” – деген. Андан кийин эч кечиктирбей мени кабырыма алып баргыла.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш