Асым бин Сабит


Аарылар коргогон сахаба. 

Саадат доорунда күфүр жана ширк караңгылыгынан арылып, Ислам нуруна жеткендердин жашоолору толугу менен өзгөрүп, мурунку жашоолоруна тиешелүү нерселердин баарынан баш тартып жатышты. Мусулман болгонго чейинки жашоолорун эске салган кандайдыр бир окуя аларга чоң азап берип жатты. Бул абал Акаба биъатынан мурда мусулман болгон мединалык Асым бин Сабитте да көрүнгөн эле. 

Асым мусулман болгондон кийин эч бир мушрикке тийбөөгө жана мушриктердин эч бирин да өзүнө тийгизбөөгө чечим чыгарган эле. Ушул чечиминде туруктуу болушу үчүн да тынымсыз Аллаху таалага дуба кылып, жалбарып жатты. 

Таш менен кол салдыңар 

Асым бин Сабит Бадр согушуна катышып, чоң эрдик көрсөткөн эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Бадр казатынын түнүндө кутман сахабалардан кантип согушула турганын, согушта кандай ыкманы колдоно тургандыктарын сурады. Асым бин Сабит колуна жаа менен жебени алып: 

- Йа, Расулалаллах! Курайш эли 100 метр же андан да жакын келгенде жаа жебелерди колдонобуз. Курайштыктар бизге таш жетчүдөй жакындаганда таш менен согушабыз. Найза жетчүдөй бизге жакын келгенде найза сынып, талкалангыча найза менен согушабыз. Сынып калганда найзаны таштайбыз, кылычтарыбызды сууруп, кылыч менен чабышууга киришебиз.

 Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бул жакты жана мындай деди:

 - Согуштун зарылчылыгы ушул. Ушундай жол менен согушуу зарыл. Чабыша турган жана согуша турган адам Асымдын согушу сыяктуу согушсун!

 Бадр согушу ушундай жол менен орун алды жана периштелердин да жардамы менен Аллаху таала жеңишти ихсан кылды. Асым бин Сабит бул казатта Курайштын атактууларынан Укба бин Муайтты өлтүрдү. Бул Укба Меккеде Пайгамбарыбызды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган саналуу мушриктердин бири болчу.

 Пайгамбарыбыздын хижратына байланыштуу:

 - Эй, Кусва (Пайгамбардын төөсунун аты) аттуу төө минген адам! Хижрат кылып, бизден алыстап кеттиң. Бирок, жакында мени ат үстүндө алдыңда көрөсүң. Мен найзамды силерге сайып, аны каныңар менен сугарам. Кылыч менен бир да жабылган жериңерди калтырбайм, деген маанини билдирген саптарды айтты.

 Пайгамбарыбыз анын бул сөздөрүн укканда:

 - Аллахым! Аны көмкөрөсүнөн, мурдунун үстүнө жыгылта көр! – деп дуба кылды.

 Укба бин Абу Муайт Бадрда Курайш аскерлеринин жеңилип калганын билгенден кийин качып кутулуу үчүн атка минди. Бирок, жаныбар эч нерсе болбосо да капысынан үркүп кетип, Аны жерге жыгып салган эле. Расулуллахтын дубасы оурндалган эле. Абдуллах бин Салама болсо аны туткунга алган эле.

Жалгыз мен гана өлтүрүлүп жатам

Пайгамбарыбыз Асым бин Сабитке Укбаны жазалоону буюрду. Укба мындай деди:

- Убалдар болсун сага эй, Курайш жамааты. Эмне үчүн алардын арасында мен гана жазаландырылып жатам?

Пайгамбарыбыз айтты:

- Аллахка жана Аны Расулуна болгон душмандыгың үчүн жазаландырылып жатасың.

- Йа, Мухаммед! Коомуңдун баарына эмне кылсаң, мага да ошондой кыл. Аларды өлтүрсөң мени да өлтүр. Аларга амандык берсең мага да амандык бер. Эгер алардан кутулуш үчүн акча алсаң алар сыяктуу менден да ал. Йа, Мухаммед! Эгер сен мени өлтүрсөң кичинекейлерди ким карайт?

- Аларды Аллахка тапшыр. Эй, Асым! Барып анын жазасын бер!

Асым бин Сабит барып, Укбанын жазасын бергенде Пайгамбарыбыз мындай деди:

- Аллахка касам, Аллахты, Анын Расулун жана Китебин четке каккан, Пайгамбарын азаптан азапка салган сенден да жаманыраак башка бир адамды билбейм.

Асым бин Сабит Ухудга да катышты жана Расулуллахтын өзгөчө жаа атуучуларынын бири болду. Ал бул согушта Расулуллахтын жанынан бир саамга болсо да четтебей, Аны менен бирге чыдамкайлык көрсөткөн бактылуулардын бири болчу. Бул казатта мушриктердин туу көтөрүүчүлөрүнөн Мусафи бин Талха менен анын бир тууганы Харис бин Талханы жебе менен өлтүрдү.

Алардын энеси Сулафа бинти Саъд Хазрети Асымдын баш сөөгүнөн шарап ичүүгө назыр кылып ант берди жана Анын башын алып келгенге жүз төө берем деп убада кылды. 

Мугалимдердин тобу 

Ухуд согушунда кээ бир жакындары өлгөн мушриктер да мусулмандардан алардын өчүн алууну каалашты. Алар жийиркеничтүү бир планды иштеп чыгышты. Планды дароо иш жүзүнө ашырышты. Ушул максатта бир топ Мединага барып, Расулуллахтын алдына чыгып сыранышты:

 - Йа, Расулаллах! Биздин уруулар Исламды кабыл алышты. Бирок, Курани карим мугалимине муктажбыз. Сураныч, бизге Ислам динин, Курани каримди үйрөтө турган кишилерди жөнөтсөңүз!

 Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аларга 10 кишиден турган мугалимдердин тобун жөнөттү. Асым бин Сабит хазреттери башында турган бул топтун курамында Мерсед бин Аби Мерсед, Халид бин Аби Букейр, Хубейб бин Адий, Зейд бин Дасинна, Абдуллах бин Тарык жана Муаттиб бин Убейд да бар эле.

 Бул мугалимдердин тобу түнкүсүн басып, күндүзү жашынып, Хузайл уруусунун жерлеринде, Ражи суусунун боюнда таңга маал токтошту...

 Ошол учурда алар менен бирге жүргөн Адал жана Каре урууларынын тобунун бири шылтоо менен аларды таштап кетти. Дароо Лихян уулдарына барып кабарлады.

 Көп өтпөй кербен курчоого алынды. 200дөн ашык куралдуу каракчы ошол жерде эле. "Бизге мугалим керек!” дегендер кетип калышты. Ошол тандалган мусулмандарды каракчыларга салып берип кете беришти...

 Лихян уулдары туткун соодасы менен күн көрүшчү. Ушул себептен улам, алар: "Багынгыла! Жаныңарды сактап калгыла!” – деп сунуштап жатышты. Алардын түпкү ниети аларды Меккеде кул катары сатуу болчу. Ошентип, алар көп акча табышмак. Анткени, меккелик мушриктер аларга мындай дешкен болчу:

 - Силер кармаган ар бир мусулман үчүн баасынан да көбүрөөк акча төлөйбүз!

 Муну мусулмандар да уккан эле. Асым бин Сабит, Мерсед бин Аби Мерсед жана Халид бин Аби Букайр:

 - Биз эч качан мушриктердин сөздөрүнө да, убадаларына да макул болбойбуз, - деп, мушриктердин сунушун четке кагышты.

 Асым бин Сабит айтты:

 - Мен эч качан мушриктерге колумду тийгизбейм жана мушриктерден эч кимди да өзүмө тийгиздирбейм деп чечтим эле. Мен алардын сөзүнө алданып, капырларга багынбайм.

 Андан соң эки колун ачып дуба кылды:

 - Аллахым! Пайгамбарыңды биздин абалыбыздан кабардар кыла көр! 

Биз өлүүдөн коркпойбуз 

Аллаху таала Хазрети Асымдын дубасын кабыл кылып, Расулуллах хазреттери алардан кабардар болду.

 Асым бин Сабит мушриктерге кыйкырды:

 - Биз өлүүдөн коркпойбуз! Анткени, биз динибизде басиреттүүбүз. Өлгөндө шейит болуп, Бейишке киребиз!

 Мушриктердин атактууларынан болгон Суфян кыйкырды:

 - Эй, Асым! Өзүңдү да, досторуңду да курутпа, багынып бер!

 Асым бин Сабит жебе атуу менен жооп берди. Жебелерди атуу учурунда:

 - Мен күчтүүмүн, эч кандай кемчилигим жок. Жаамдын жоон жиби керилип турат. Өлүм чындык, жашоо бош жана өткүнчү. Тагдырга жазылгандардын баары башка түшөт. Адамдар эртеби-кечпи Аллахка кайтышат. Эгер менен силер менен согушпасам энем кайгыдан акылын жоготот, деген мааниде ыр саптарын айтып жатты. 

Диниңерди коргодум 

Хазрети Асымдын саадагында жети жебе бар эле. Ар бир аткан жебеси менен бир мушрикти өлтүрдү. Жебеси бүткөн соң найзасы менен көптөгөн мушриктерди сайып өлтүрдү. Найзасы да сынып калган учуру болду. Ал дароо кылычын сууруп, кынды сындырып ыргытып салды. Бул "өлгүчө чабышам, багынбайм” деген маанини билдирген эле. Андан кийин мындай дуба кылды: 

- Аллахым! Мен сенин диниңди ушул күнгө чейин коргоп, сактап келдим. Сенден ушул күндүн аягында менин этимди, денемди коргоп, сактооңду суранам. 

Анткени, Ухудда өлтүргөн эки бир тууган болгон Харис менен Мусафи бин Талханын энеси Хазрети Асымдын баш сөөгүнөн шарап ичүүгө ант берип, башын алып келгенге жүз төө берүүнү убада кылган эле. Мушриктер муну билишчү. 

Асым бин Сабит жана башка сахабалардын Аллах, Аллах деген үндөрү тоолорду жаңыртып жатты. Эки жүз кишиге каршы он мужахид өлгөнчө салгылашып, аларга жакындагандар кылган иштеринин жазасын тартып жатышты. Асым бин Сабит акырында эки бутунан жаракат алып, жерге жыгылды. Капырлар Асым бин Сабиттен ушунчалык корккондуктан ага жерге жыгылганда да жакындай албай, алыстан жебе атып шейит кылышты. 

Ошол күнү ошол жерде болгон он сахабадан жетөө шейит болуп, үчөө туткунга түштү. Лихян уулдары Сулафа бинти Саъдга сатуу үчүн Асым бин Сабиттин башын кесмекчи болушту. Бирок, Аллаху таала Асым бин Сабиттин дубасын кабыл кылып, анын куттуу денесине мушриктер колдорун тийгизе алышкан жок. 

Аллаху таала бир топ аары жиберди. Алар Асым бин Сабиттин үстүндө булут сыяктуу турушту. Эч бир мушрик ага жакындай алган жок. 

- Коё тургула, күн батканда аарылар анын үстүнөн тарап кетет, ошондо башын кесип алабыз, - дешти. 

Күн батканда Аллаху таала бир да булут болбосо да жамгыр жаадырды. Мурда болуп көрбөгөн жамгыр жаады. Сел жүрүп, Асым бин Сабиттин сөөгүн алып кетти. Сөөктүн кайда экени белгисиз болуп калды. Канча издешсе да табылбай койду. Ушул себептен мушриктер Асым бин Сабиттин бир да жерин кесип ала алышкан жок. 

Лихян уулдары Аны таш баранга алышты. Акыры Аны да шейит кылышты. Хубайб бин Ади менен Зейд бин Десиннаны меккеликтерге сатышты. Алар болсо бул эки сахабаны дарга асып шейит кылышты. 

Аллах пендесин сактайт 

Асымды коргогон аарылар окуясы айтылганда Хазрети Омар мындай деди:

- Албетте, Аллаху таала момун пендесин сактайт. Асым бин Сабит тирүү кезинде мушриктерден кантип сакталган болсо, Аллаху таала да анын сөөгүн өлүмүнөн кийин сактап, мушриктерге тийгизген жок.

Ушул себептен Асым бин Сабит эскерилгенде, "аарылар сактаган адам” деп эскерилчү. 

Кутман сахабалардын согушкерлеринин бири болгон Асымдын атасы Сабит, каймана аты Абу Сулайман эле. Энеси Шамус бинти Аби Амир эле. Анын туулган жылы белгисиз. Асым хижраттан мурун ыйман келтирген эле. Ал ансарлардан, башкача айтканда, мединалык эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш