Сурака бин Малик


Кутман сахабалардын атчан аскерлеринин бири.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламга пайгамбарлыгы кабарланганынын 13-жылы Курайш мушриктери Пайгамбарыбыз алейхиссаламды жок кылууга анык чечим чыгарышкан эле. Алар бул маселеде катуу туруп алышты. Ошондо Аллаху таала Хабибине хижрат кылууга уруксат берди.

Бирге хижрат кылышат

Расулуллах хазреттери Хазрети Абу Бакрга бирге хижрат кыла тургандыктарын билдиргенде Хазрети Абу Бакрдын көздөрүнөн кубаныч жаштары тегеренди. Анткени, ааламдын Мырзасы менен мындай сапарга чыгуу ар кимге насип боло берчү эмес. Хазрети Айша энебиз мындай деген эле:

- Ошол күнгө чейин бирөөнүн кубанганынан мынчалык ыйлаганына күбө болгон эмесмин.

Расулуллах алейхиссалам менен Хазрети Абу Бакр хижрат үчүн жолго чыккандан кийин мушриктер тилектерин орундоо үчүн Пайгамбарыбыздын куттуу үйүнө барышкан эле. Бирок, алар Пайгамбарыбызды үйдөн таппаганда таң калышты. Дароо бардык жерден издей башташты. Бирок, Меккеде эмес экенин билишкен соң сырттан издөөнү чечишти. Алар бул үчүн бардык нерселерин берүүгө даяр болушту.

Пайгамбарыбыз менен Хазрети Абу Бакрды өлтүргөн же колго түшүргөндөргө көп акча жана байлык бере тургандыктарын убада кылышты. Санын 100 төө деп билдиришти.

Бул кабар Сурака бин Маликтин уруусу Мудлиж уулдарынын арасында да тарады. Сурака бин Малик жакшы куугунчу эле. Ошон үчүн ал бул кабарга абдан кызыкты.

Шейшемби күнү Сурака бин Малик жашаган Кудайдда Мудлиж уулдары жыйналышта болчу. Бул жыйналышка Сурака бин Малик да катышкан эле. Ошол убакта курайштык бир киши келип Суракага мындай деди:

- Эй, Сурака! Аллахка ант болсун, мен жээкти көздөй бара жаткан үч кишилик жолчулардын тобун тобун көрдүм. Алар Мухаммед менен анын достору болсо керек.

Сурака абалды түшүндү. Бирок, ортодо өтө чоң сыйлык бар эле. Ал сыйлыкты өзү алгысы келген эле. Ошондуктан, башка бирөөнүн мындан кабардар болушун каалаган эмес болчу. Ошентип, ал маанилүү эч нерсе жоктой сүйлөдү:

- Жок, ал сен көргөн адамдар баланча адамдар. Алар жаңы эле өтүп кетишкен эле. Аларды биз да көрдүк.

Төлгө тартты

Сурака бин Малик ал жерде дагы бираз калды. Ал өзүнө бирөөлөрдүн назарын түшүрбөстөн шек алдырбай үйгө келди. Кызматчысына аты менен куралын алып, өрөөндүн артында күтүп туруусун айтты. Ал өзү найзасын алып, учунун жаркырагандыгы башкалардын көңүлүн бурбоосу үчүн найзасынын учун ылдый караткан эле.

Мушриктердин батыл бир адаты бар эле. Бир жумушту аткарардан мурун төлгө тартышчу. Сурака өзү менен кошо ала келген баштыгынан төлгө окторун алып чыкты. Пайгамбарыбызга жана досуна зыян келтире алар-албасын төлгө тартып билмекчи болду.

Сурака октор менен төлгө тартканда, октор Хазрети Мухаммед менен досуна эч кандай зыян келтире албастыгын көрсөттү. Буга Сурака абдан тынчсызданды. Бирок, анын бүткүл ою убадаланган жүз төөнү алуу эле.

Жүз төөнү алам деп күйгөн Сурака башканы ойлобой атына минди. Ал тургай төлгөнүн ойдогудай чыкпаганы да аны алардын изине түшүүдөн токтото алган жок. Атын чаба баштады. Бирок, Сураканын аты мүдүрүлүп жерге жыгылды жана өзү да тоголонуп кетти. Ал төлгөнү туура эмес тартып койдум окшойт деп, ошол эле ишти дагы бир нече жолу жасады.

Ар жолкусунда натыйжа бирдей болду. Ал Мухаммед жана досуна зыян келтире албайт эле. Ошого карабастан ал айтканынан кайтпай дагы эле жолун уланта берди. Өзү уккан бир кабардын натыйжасында Расулуллахтын жана Хазрети Абу Бакрдын издерин кайра тапты.

Убайымга түштү

Акыры Сурака жакындап калган эле. Ал азыр аларды даана көрүп жатты. Атүгүл, ошол убакта Расулуллах окуган Курани каримди да угуп жатты. Бирок, Расули акрам артына эч караган жок.

Хазрети Абу Бакр аркасын караганда Сураканы көрүп убайымга түштү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага үңкүрдөгүдөй мындай деди:

- Кайгырба, Аллаху таала биз менен!

Сурака аларга алда канча жакындаганда Хазрети Абу Бакр ыйлай баштады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам андан эмнеге ыйлап жатканын сурады. Хазрети Абу Бакр мындай деп жооп берди:

- Аллахка ант болсун, мен өзүм үчүн ыйлап жаткан жокмун. Сизге кандайдыр бир зыян тийбесе экен деп ыйлап жатам.

Сурака Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кол сала турганчалык жакындаганда мындай деди:

- Йа, Мухаммед! Сени бүгүн менден ким коргойт?

Расули акрам хазреттери дагы айтты:

- Мени Жаббар жана Каххар болгон Аллаху таала коргойт.

Ошондо Сураканын атынын эки алдыңкы буттары тизесине чейин жерге батты. Андан кутулуп, кайра кол салууга аракет кылганда атынын буттары кайра жерге батты. Бул абалдан атын эмне кылса да куткара алган жок. Анын колунан башка эч нерсе келбей калды.

Ушундан улам айласы жок калган Сурака ааламдарга ырайым кылып жиберилген мээримдүү жана ырайымдуу Расулуллахка жалбарды:

- Йа, Мухаммед! Бул нерсенин сен себептүү болгонун түшүндүм. Сен дуба кылсаң, мен кутулайын. Мындан ары сага эч качан зыян тийгизбейм. Изиңе түшкөн башка адамдарга да сен тууралуу эч нерсе айтпайм.

Бардык жетилгендиктирди жана көркөм ахлакты өзүнө топтогон, бийик ахлакка жана жаратылышка ээ болгон Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын бул тилегин кабылдап, Аллаху таалага минтип дуба кылды:

Анын атын куткара көр!

Йа, Раббим! Эгер анын сөзү чын жана чын ыкластуу болсо анын атын куткара көр.

Аллаху таала бул дубаны кабыл кылды. Сурака бин Маликтин аты бир топ аракеттен кийин чуңкурдан бутун чыгара алды. Ал ортодо аттын буту чыккан жерден оттун түтүнү сыяктуу бир нерсе асманды көздөй көтөрүлүп жатты. Бул абалды көргөн Сурака абдан таң калды.

Расулуллах алейхиссалам менен достору Сураканын атын куткаруусун күтүп турушту. Сурака орун алган ушул окуяларды баарын жакшылап ойлонуп жатты. Ал бул окуяларда Хазрети Мухаммеддин дайыма корголгондугун түшүндү. Ушунун баарын көргөндөн кийин Сурака айтты:

- Йа, Мухаммед, мен Сурака бин Маликмин, менден эч күмөн санабаңыз! Сизге убада берем. Мындан ары сизге жакпаган эч нерсе кылбайм.

Буларды айткандан кийин Курайш мушриктери аларды кармагандарга көп сыйлык бере тургандыктарын жана кылмакчы болгон нерселерин бир-бирден кабарлады.

Кууп жетүүсүнө жол бербе!

Бул арада Сурака аларга жол азыгы жана мингенге төө бергиси келген болсо да, Пайгамбарыбыз кабыл албады жана мындай деди:

- Эй, Сурака! Сен Ислам динин кабыл албаганча сенин төөңдү, малыңды каалабайм. Сен бизди көргөнүңдү сыр сакта, эч кимдин бизди кууп жетүүсүнө жол бербе, ушул жетиштүү болот.

Аллаху таала каалаганда баары болуп жатты. Ага чындап ишенип, Анын ыраазычылыгы жолунда жүргөндө, акылга сыйбаган окуялар орун алып жатты. Расулуллахты өлтүрүп, чоң соопко сыйлыктарга жетүүнү самап, арылдаган арстандай жолго чыккан Сурака эми токтоо, элпек бала болуп калган эле.

Бардык нерсеге кудуреттүү болгон Аллаху таала Хабибине зыян келтирбеши үчүн Сураканын жүрөгүн жакшылыкка бурган эле. Албетте, Аллаху таала Хабибин жалгыз калтырбайт эле. Анткени, Ал адамдарга ырайым үчүн, алардын дүнүйөдө жана акыретте түбөлүк бакытка жетүүлөрү үчүн жиберген Пайгамбары эле.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кетээр алдында Хазрети Абу Бакрга Суракадан кандайдыр бир каалоосу бар же жок экенин суроосун буюрду. Хазрети Абу Бакр сураганда Сурака мындай деди:

- Сиз менен экөөбүздүн ортобузга аманнаама (ишеним кат) боло турган бер нерсе жазып бересизби?

Пайгамбарыбыз аманнааманын берилүүсүн буюрду. Хазрети Абу Бакр хижратта алар менен бирге болгон Амир бин Фухайрага бул аманнааманы жаздырып, Суракага берди. Ал болсо алып баштыгына салып койду.

Пайгамбар экенин түшүнмөксүң

Ошондон кийин Сурака келген изинен артка кайтып кетти. Жолдо өзү туш болгон жагдайларды эч кимге айткан жок. Абу Жахил анын куру кол кайтып келгенин көрүп, мусулман болду деп ойлоду. Ал айткан ырлары менен аны жаманатты кылып, элдин көзүнчө уят кылууга аракет кылды.

Сурака акын эле. Ошондуктан, Абу Жахилге ыр менен минтип жооп берди:

- Эй, Абу Жахил! Мен Мухаммедге абдан жакындап, кол салайын деп жатканымда атымдын буттары жерге капыстан батып кетти. Эгер сен бул абалды көргөн болгонуңда сөзсүз Мухаммеддин ачык Пайгамбар экенин түшүнмөксүң.

Сен айтчы, эми буга ким чыдай алат? Сен кыла турган нерсе курайштыктарды ага кол салууга үндөө эмес, тескерисинче, буга тоскоолдук кылуу. Мен ишенем, Ал чакырган Ислам дини качандыр бир күнү орноп, бардык жерге жайылат. Ушундай болот, баары ага каршы чыгууну эмес, Аны менен тынчтыкта жашоону каалайт.

Сурака андан кийинки жылдарда Ислам дининин тез өнүгүп, каршысына чыккан күфүр жана ширк тоскоолдуктарын бир-бирден жеңгенине күбө болуп жатты. Сурака мындай дейт:

"Таифтен Жиранага келген учурда Расулуллах алейхиссаламга жолуктум. Мусулмандар Расулуллахтын алдында аралары ачык биринин артынан бири топ-топ болуп бара жатышты. Ансардан отуз-кырк атчан аскер бөлүгүнүн арасына киргенимде, мени найзалары менен түртүп: "Сен эмне каалайсың?” – деп башташты. Алар мени таанышкан жок.

Мен Сурака бин Маликмин

Мен Расулуллах алейхиссаламды көргөндө тааныдым. Үнүмдү укканча Ага жакындадым. Хижрат учурунда Хазрети Абу Бакрды мага жазып берген аманнааманы эки бармагымдын ортосуна кармап көтөрдүм жана айттым:

- Йа, Расулаллах! Бул мага жаздырып берген жазууңуз! Мен Сурака бин Маликмин. Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Бүгүн берилген убадага туруу жана убаданы аткаруу күнү. Мага жакын кел!

Ошол замат Ага жакындап мусулман болдум. Мен Расулуллах алейхиссаламдан сурайын деп жатканымды эстегенге аракет кылдым. Бирок, эстей алган жокмун. Анын ордуна башка маселе жөнүндө суроо бердим:

- Йа, Расулаллах! Мен өзүмдүн төөлөрүмө толтурган көлмөлөрдүн айланасын жоголгон төөлөр курчап алат. Көлмөмдөн аларды да сугарсам, мага сыйлык жана сооп барбы?

Расулуллах хазреттери мындай деди:

- Ооба! Ар бир суусаган жаныбарды сугаруунун сыйлык жана сообу бар!

Андан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы бир жолу мага айтты:

- Эй, Сурака! Кисранын билериктерин колдоруңда көрүп тургандаймын.

Мен "Королдордун королу Кисра бин Хурмуздунбу?” – деп таң калып сурадым. Расулуллах алейхиссалам мындай деди:

Ооба, Кисранын!”

Арадан көп убакыт өткөн эле. Хазрети Омардын доорунда өлкөсү каратылган Кисранын терилери жана билериктери Мединага алынып келинген эле. Ошол убакта Хазрети Сурака бин Малик да Мединада болчу.

Билериктер Суракага берилди

Хазрети Омар бул күмүш билериктерди Сурака бин Маликке берди.

Сурака бул билериктерди билегине тагып, ал абдан кенен болгондуктан, билериктери чыканагына чейин жеткен эле.

Бул арада Сурака Расули акрамдын көп жылдар мурун айткан куттуу сөзүн эстеп, бул мужизанын натыйжасында ыйлады.

Сураканын билегиндеги бул билериктерди көргөн Хазрети Омар да мындай деди:

- Кисранын эки билеригинин Мудлиж уулдарынан болгон Сурака бин Маликтин билегине тагылган күндү бизге көрсөткөнү үчүн Аллаху таалага шүгүрлөр болсун.

Сураканын каймана аты Абу Суфян. Туулган жылы белгисиз. 645-жылы Хазрети Османдын доорунда кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш