Жафари Таййар


Бейишке учуп барган сахаба. 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам 36 жаштагы кезинде Хижаз жерлеринде катуу кургакчылык жана ачарчылык өкүм сүрүп турган. Мунун оордугун дээрлик ар бир адам күн өткөн сайын тереңирээк сезип жатты. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын абасы Абу Талиб чоң үй-бүлөнүн башы эле. Анын үй-бүлөсүн бакканга байлыгы жок болчу. Ошондуктан, ал башкаларга караганда оокат кылууда көбүрөөк кыйналып жатты. 

Жүгүңүздү бираз жеңилдетели 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бала кезинен бери жанында чоңойгон жана жакшылыгын көргөн абасына ушул кыйын учурда жардам берип, анын оокат түйшүгүн жеңилдетүүнү каалап жатты. Ушул себептен бир күнү абаларынын эң байы болгон Хазрети Аббаска төмөнкү сунушту айтышты: 

- Эй, аба! Бир тууганыңыз Абу Талиб көп балалуу экенин билесиз. Элдер туш болгон ушул тардык жана ачарчылыкты да көрүп турасыз.  Абу Талибге баралы, анын үй-бүлөсүнүн жүгүн бираз жеңилдетели. Анын бир баласын багып чоңойтууга мен алайын, ал эми сен алардын бирөөсүн аласың. Перзенттеринен экөөсүн андан алуу жетиштүү болот. 

Хазрети Аббас "жарайт” дегенде, орундарынан туруп Абу Талибге барышты. Алар ага мындай дешти: 

- Эл баштан өткөрүп жаткан каатчылык бүткүчө балдарыңдын бир нечесин алып кетип, жүгүңдү жеңилдетели деп жатабыз. 

Абу Талиб да аларга мындай деди: 

- Уулдарыман Укайл менен Талибди мага таштап, башка каалаганыңарды алсаңар болот. 

Ошентип, Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Алини, Хазрети Аббас болсо Хазрети Жафарды алды. 

Бир күнү Абу Талиб уулу Жафар менен шаардын сыртына жүргөндө Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көрүп калды. Алар Хазрети Али менен бирге намаз окуп жатышкан. Абу Талиб уулу Жафарга: 

- Бар, сен дагы бир тууганыңдын жанына туруп, намазды башта, - деди. 

Жафар барып, Хазрети Алинин жанында намазга турду. Намаздан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам Ага дуба кылып, мындай деди: 

Аллаху таала сага эки канат берсин. Бейиште ошолор менен учасың. 

Аллаху таала бул дубаны кабыл алды. Хазрети Жафар Мута казатында шейит болуу аброюна ээ болду. Аллаху таала ага эки канат берди. Фирдавс бейишинде учууда. Ошондуктан, Жафари Таййар деп атагы чыккан. 

Курайш мушриктери кутман сахабаларга каршы ыраа көргөн зулумдук жана кыйноолордон кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам кээ бир сахабалардын Хабашстанга көчүүсүнө уруксат берди. Кербен Хазрети Жафардын жетекчилигинде жолго чыкты. Аларды Хабашстанда абдан жакшы тосуп алышты. 

Өткөрүп берүүсүн сурангыла 

Меккелик мушриктер бул абалдан кабардар болгондон кийин чогулушту. Алар Хабашстандын өкүмдары Нажашиге эки элчи жиберүүнү чечишти. Алар абдан баалуу белектерди даярдашты. Нажашинин дин адамдарына жана мамлекет кызматкерлерине белектер бөлүндү. Бул милдет Абдуллах бин Ребия менен Амр бин Аска жүктөлдү. Бул эки элчиге Нажашинин алдында эмне айтуу керектиги үйрөтүлдү. Аларга мындай делди: 

- Өкүмдар менен сүйлөшүүдөн мурда анын патриархтарына жана аскер башчыларынын ар бирине белектерин бергиле. Андан кийи гана Нажашинин белегин тартуулагыла. Бул ишти аткаргандан кийин ал жердеги мусулмандарды силерге өткөрүп берүүсүн сурангыла. Нажашинин мусулмандар менен сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк бербегиле. 

Меккелик мушриктердин элчилери Хабашстанга келип, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө белектерди бергенден кийин меккелик мухажирлердин аларага өткөрүлүп берилүүсү маселесинде жардам берүүнү суранышты. 

Мамлекетиңизге баш калкалашты 

Патриархтар буга макул болушту. Андан соң меккелик элчилер Нажашинин белектерин тапшырышты. Алар өкүмдар Нажашиге мындай дешти: 

- Эй, Өкүмдар! Биздин арабыздан кээ бир адамдар сиздин мамлекетиңизге баш калкалашты. Бул келген адамдар өз элинин дининен чыккандай эле, силердин диниңерге да киришкен эмес. Алардын өздөрүнүн ойдон чыгарылган дини бар. Бул динди биз да, силер да билбейсиңер. 

Бизди алардын өздөрү таандык болгон элдин чыгаандары, сиздин мамлекетиңизге баш калкалаган адамдардын аталары менен өздөрүнүн тууган-уруктары жиберишти. Алардын өтүнүчү – келгендердин кайра кайтарылып берилүүсү. Анткени, алар булардын жагдайларын жакшыраак билишет. Алардын өздөрүнүн дининде жактырбаган нерселерин жакшыраак билишет. 

Амр бин Астын да, Абдуллах бин Ребиянын да эң көп каалаганы Нажашинин бул сөздөрдү угуп, алардын каалоолоруна ылайык иш кылуусу эле. Элчилер бул сөздөрдү айткандан кийин Нажашинин патриархтары сөз алып, мындай дешкен эле: 

- Булар абдан туура айтышты. Булардын эли алар менен жакшы алектениши мүмкүн, алар эмнени жактырганын жана эмнени жактырбаганын жакшыраак баалай алышат. Ошондуктан, сиз бул кишилерди өткөрүп бериңиз да, булар аларды өз мамлекетине, элине алып кетсин. 

Өкүмдар Нажаши бул сөздөргө абдан ачууланып, мындай деди: 

- Кудайга касам, жок! Мен бул адамдарды өткөрүп бербейм. Мага баш калкалап, мамлекетиме келген адамдарга кыянаттык кыла албайм. Алар мени башка бирөөдөн артык көрүп, менин мамлекетиме келишкен. Ошондуктан, келген мухажирлерди сарайыма чакырып, алардан бул кишилер айткан сөздөргө каршы эмне деп жооп берерин сурап, жоопторун угам. Эгер мухажирлер булар айткандай болсо, аларды өткөрүп берем, өз элине кайтарам. Андай болбосо, мен аларды коргойм, өлкөмдө турган убакыт бою аларга жакшылык кылам. 

Алар ишенген адам ким? 

Буга чейин Нажаши самавий китептерди изилдеген болчу. Мухаммед алейхиссаламдын келер убагы жакындап калганын, эли аны жалганчы деп, ишенбей тургандыктарын жана Меккеден кууп чыгара тургандыктарын билчү. 

Нажаши меккелик элчилерден сурады: 

- Алар ишенген адам ким? 

- Мухаммед. 

Нажаши бул ысымды укканда Анын Пайгамбар экенин түшүнүп, муну байкаткан жок. Келгендерден дагы бир жолу сурады: 

- Анын дини, мазхабы кандай жана эмнеге чакырат? 

- Анын мазхабы жок. 

- Мен мазхабын жана динин билбеген бир жамаат келип, мага баш калкалады. Мен аларды силерге кантип өткөрүп берем? Кеңеш чакыралы. Аларды да алып келели. Силерге жолуктуралы. Баарыңардын тең жагдайыңар билгилүү болсун. Мен алардын динин да билейин. 

Нажаши меккелик мушриктер менен жүздөштүрүү үчүн мусулмандарды сарайга чакырды. Мусулмандар адегенде өз ара кеңешип: "Хабаш өкүмдарына жага турган жана анын мүнөзүнө ылайыктуу боло тургандай эмнелерди айталы?” – деп сүйлөшүштү. Хазрети Жафар айтты: 

- Биздин бул маселе боюнча билгендерибиз Пайгамбарыбыздын бизге буйруганынан турат, дейбиз. Натыйжа кандай болсо дагы биз ыраазыбыз. 

Алардын баары макул болушту. Хазрети Жафардын гана сөз сүйлөй турганына макулдашышты. 

Чоң жыйын уюштурулду 

Нажаши да аалымдарын чогултту. Чоң жыйын уюштурулду. Андан кийин мухажирлерди алып келишти. Мусулмандар келгенде салам берип, сажда кылышкан жок. Нажаши мусулмандардан сурады: 

- Эмнеге сажда кылбадыңар? 

- Биз Аллаху тааладан башкага сажда кылбайбыз. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бизди Аллахтан башкага сажда кылуудан кайтарып: "Сажда бир гана Аллаху таалага таандык”, - деп буюрган. 

Нажаши айтты: 

- Эй, менин алдыма алып келинген жамаат! Мага айтсаңар. Мамлекетиме эмне үчүн келдиңер? Кандай жагдайдасыңар? Силер соодагер эмессиңер, сураган бир нерсеңер да жок. Силердин ошол ачыкка чыккан Пайгамбарыңардын жагдайы кандай? 

Хазрети Жафар мындай деп жооп берди: 

- Эй, Өкүмдар! Мен эң алгач үч сөз айтам. Эгерде чын айтсам мени ырастагыла, калп айтсам төгүндөгүлө. Баарынан мурда  буйрук берсеңиз, бул адамдардан бирөө гана сүйлөсүн, калгандары унчукпасын! 

Меккеликтердин атынан Амр бин Ас мындай деди: 

- Мен сүйлөйүн. 

Ошондо Нажаши: 

- Эй, Жафар! Алгач сен сүйлө! – деди. 

Хазрети Жафар сөз баштады: 

- Менин үч сөзүм бар. Ушул адамдан сурасаңыз. Биз  кармалып, кожоюндарыбызга өткөрүлүп бериле турган кулдарбызбы? 

Нажаши сурады: 

- Эй, Амр! Алар кулбу?

 - Жок! Алар кул эмес, эркин! 

Хазрети Жафар дагы сүйлөдү: 

- Биз бирөөнүн канын адилетсиздик менен төктүк бекен? Ошондуктан каны төгүлгөндөргө тапшырыла турган адамдар болдук бекен? 

Алар бирөөнүн канын төгүштүбү? 

Нажаши Амрдан сурады:

 - Булар адилетсиз бирөөнүн канын төгүштүбү? 

- Жок, алар бир тамчы да кан төгүшкөн жок. 

Бул жолу Хазрети Жафар Нажашиге кайрылып, мындай деди: 

- Бирөөнүн мал-мүлктөрүнөн адилетсиз түрдө алган, мойнубузда төлөп берүүгө милдеттүү болгон мал-мүлктөр барбы? 

Нажаши Амрдан дагы сурады:

- Эй, Амр! Эгер булар төлөй турган өтө көп алтындар дагы болсо, карыздары бар болсо, аны мен төлөйм! Айткыла! 

- Жок, бир тыйын да жок! 

- Анда силер булардан эмне каалап жатасыңар? 

- Биз алар менен бир динде болчубуз. Алар аны ташташты. Мухаммедди жана динин ээрчишти. 

Нажаши Хазрети Жафарга айтты: 

- Эмне үчүн өз диниңерди таштап, башканы ээрчип кеттиңер? Өз элиңердин динин таштап, менин динимде да, булардын дининде да болбогонуңардан кийин, силер карманган ошол дин жөнүндө маалымат берсеңби? 

Хазрети Жафар мындай деп жооп берди: 

- Эй, өкүмдар! Биз жахил эл элек. Буттарга сыйынчу элек. Өлгөн малдын тарпын жеп, ар кандай жамандыктарды кылчу элек. Туугандарыбыз менен мамилебизди үзүп, кошуналарыбызга жамандык кылчу элек. Күчтүүлөрүбүз алсыздарыбызды эзчү элек. 

Аллаху таала бизге өзүбүздөн чынчылдыгын, ишеничтүүлүгүн, аруулугун, тазалыгын жана ата-тегинин таза экенин билген бир Пайгамбарды жибергенге чейин ушундай абалда болчубуз. Ошол Пайгамбар бизди Аллаху тааланын бар экенине жана жалгыздыгына ишенүүгө, Ага ибадат кылууга, биз жана ата-бабаларыбыз сыйынып келген таштар менен буттарды таштоого чакырды. 

Жалаа жабуудан кайтарды 

Чынчыл болууга, аманатка кыянат кылбоого, тууганчылык укуктарын сактоого, коңшулар менен жакшы мамиледе болууга, күнөөдөн, кан төгүүдөн сактанууну буюрду. Ар кандай бузукулуктан, жалган айтуудан, жетимдердин малын жештен, намыстуу аялдарга тил тийгизүүдөн жана жалаа жабуудан кайтарды. 

Бизге Аллаху таалага шерик кошпостон ибадат кылууну, намаз окууну, зекет берүүнү, орозо кармоону буюрду. Биз болсо кабыл алдык жана ыйман келтирдик. Ал Аллахтан алып келип билдирген нерселерге моюн сундук. Аллаху таалага ибадат кылдык, Ал бизге арам кылганын арам, адал кылганын адал катары кабыл алдык. 

Ошондуктан, элибиз бизге душман болуп, бизге зулумдук кылды. Бизди динибизден кайтарып, Аллахка ибадат кылууну таштатып, буттарга сыйынтуу үчүн ар кандай кыйноолорго салышты. Алар биздин айлабызды кетиришти. Бизди кайра буттарга сыйынтуу үчүн бизге зулумдук кылышты. Алар бизди барган сайын кыйноодон кыйноого салышты. Алар динибиз менен биздин ортобузга кирип, бизди динибизден ажыратууну каалашты. 

Биз болсо өз мекенибизди, үйүбүздү таштап, сиздин өлкөңүзгө баш калкаладык. Биз сизди башкалардан артык көрдүк. Биз сиздин коргооңузга, кошуначылыгыңызга умтулдук. Сиздин алдыңызда зулумдукка, адилетсиздикке кабылбайбыз деп үмүттөнүүдөбүз. 

Нажаши Хазрети Жафарга мындай деди: 

- Сен Аллах билген нерселерден бираз билесиңби? 

- Ооба, билем. 

- Андан мага бир аз окуп бер! 

Таттуу жана көркөм сөз 

Хазрети Жафар болсо Мариям сүрөсүнүн алгачкы аяттарын окуй баштады. Ал окуган сайын Нажаши ыйлап жатты. Көздөрүнөн аккан жаштар сакалын суулап жатты. Поптор дагы көп ыйлашты. Нажаши менен поптор мындай дешти: 

- Эй, Жафар! Бул таттуу жана көркөм сөздөн дагы бираз оку! 

Хазрети Жафар "Кахф” сүрөсүнөн окуду. Нажаши өзүн кармай албай: 

- Аллахка касам, бул бир эле чырактан чыккан нур. Хазрети Муса менен Хазрети Иса да ошону алып келген, - деди. 

Нажаши андан кийин Курайш элчилерине кайрылып: 

- Кеткиле! Аллахка касам, мен аларды силерге тапшырбайм жана аларга эч кандай жамандык да ойлобойм. 

Ошондо Абдуллах бин Аби Ребия менен Амр бин Ас Нажашинин алдынан чыгып кетишти. 

Амр бин Ас Нажашинин алдынан куру кол чыкканда досу Абдуллахка мындай деди: 

- Алардын бир айыбын Нажашинин алдында ачып берип, тамырларын курутам да, сен ошондо көр. Мен алардын Мариям уулу Исаны бир кул катары билишкенин кабарлайм. 

Эртеси Нажашиге барып: 

- Эй, Өкүмдар! Алар Мариям уулу Иса жөнүндө оор сөздөрдү айтышат. Алардан Хазрети Иса жөнүндө эмне дешкенин сурап көрүңүз, - деди. 

Эмне деп жооп беребиз? 

Ошондо Нажаши бир кишини мухажир мусулмандарга жөнөттү. Мусулмандар кайрадан чогулду. Алар бири-биринен сурашты: 

- Эгер Иса алейхиссалам жөнүндө сурашса, эмне деп жооп беребиз? 

Хазрети Жафар айтты: 

- Хазрети Иса жөнүндө Аллаху таала билдирген жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам бизге алып келген нерсени айтабыз. 

Нажашинин алдына келгенде Нажаши сурады: 

- Силер Мариям уулу Иса жөнүндө эмне билесиңер? 

Хазрети Жафар мындай жооп берди: 

- Биз Хазрети Иса тууралуу Пайгамбарыбыз алейхиссалам бизге Аллаху тааладан алып келип, жеткирген нерсени айтабыз. Анын Аллахтын кулу жана элчиси экенин, дүнүйөдөн, эркектерден баш тартып, Аллахка берилген афифа (ар-намыстуу) кыз болгон Хазрети Мариямдан атасыз төрөлгөнүн кабыл алабыз. Аллаху таала Хазрети Адамды топурактан жаратканы сыяктуу Хазрети Исаны да атасыз жаратты дейбиз. 

Нажаши колун жерге сунуп, жерден бир саман чөбүн алып: 

- Ант берем, Мариям уулу Иса да силер айткан нерседен артык эмес. Ортодо мына бул  чөптөй да айырма жок. 

Силер эмне десеңер дегиле 

Нажаши муну айткандан кийин анын тегерегиндеги өкүмөт мүчөлөрү жана кол башчылар өз ара шыбырашып, күңкүлдөп сүйлөнө башташты. Нажаши муну көргөндө аларга: 

- Ант берем, силер эмне десеңер дегиле, мен алар жөнүндө жакшы ойдомун, - деди. 

Андан кийин мусулман мухажирлерге кайрылып, сөзүн улады: 

- Силерди жана силер жанынан келген Затты куттуктайм! Мен Анын Аллахтын Расулу экендигине ишендим. Ансыз да биз Аны буга чейин Инжилде көргөн болчубуз. Ал Расулду Мариям уулу Иса да кабарлады. Кудайга касам, эгер Ал бул жерде болгондо барып Анын бут кийимин көтөрүп жүрмөкмүн жана буттарын жуумакмын! Баргыла! Менин өлкөмдүн кол тийбеген бөлүгүндө, ар кандай кол салуудан алыс, коопсуздукта жана тынчтыкта жашай бергиле. Силерге жамандык кылганды курутам. Мага тоодой алтын беришсе да, эч кимиңерди капа кылдыртып койбойм. 

Нажаши андан кийин Курайш элчилери алып келген белектерге байланыштуу: 

- Мен бул нерселерге муктаж эмесмин! Башкалар тартып алган бул мүлкүмдү Аллах мага кайтарып бергенде, элди мага моюн сундурганда менден эч кандай пара алган жок, - деп белектерин кайтарып берди. 

Нажаши Исламды кабыл алып, кутман сахабаларды абдан сүйүнткөн эле. 

Бир күнү Нажаши эски кийимдерин кийип, сарайынан чыкты. Башында таажы, үстүндө падышалык кийими жок болчу. Ал жерге отурду. Поптор буга таң калышты. Андан соң Хазрети Жафарды жана башка кутман сахабаларды чакырды. Алар келишти. Падышанын бул абалын көрүп, унчукпай калышты. Нажаший Хазрети Жафарга айтты: 

- Мен айланага кабарчыларды жибердим. Алар мага куш кабар алып келишти. Аллаху таала Расулуна жардам бериптир, Бадр согушунда душмандарын курутуптур. Капырлардан Шейба, Утба бин Ребия, Абу Жахл, Умайя бин Халаф бардыгы өлүптүр жана көбү да туткунга алыныптыр. 

Хазрети Жафар кубанычын айтып, шүгүр кылгандан кийин сурады: 

- Эй, Өкүмдар! Мындай эски кийимдерди кийүүгө эмне себеп болду? 

Кайсы бирине кубанайын? 

Нажаши мындай деп жооп берди: 

- Мен Инжилден көрдүм, Аллаху таала пенделерине бир нематты кабарлаган адам кичипейилдик көрсөтүшү керек деп буюрууда. Эми Аллау таала Сүйүктүү Пайгамбарына жеңиш ихсан кылыптыр. Мен да аны силерге кабарлаш үчүн ушундай кылдым. 

Хазрети Жафар жана аны менен бирге болгон мусулмандар бир нече жыл тургандан кийин Хабашстандан Мединага келишти. Ошентип, алар эки жолу хижрат кылышты. Алардын кайтуулары хижраттын жетинчи жылы Худайбиядан кийин жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хайбарда болгон кезде орун алган эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Жафарга жолукканда анын чекесинен өөп, бооруна басып, мындай деди: 

- Мен Хайбардын алынуусуна же Жафардын келишине кубанарымды биле албай турам. Силердин хижратыңар эки жолу. Силер Хабаш жерине да, менин журтума да хижрат кылдыңар. 

Хазрети Жафар Хабашстандан кайтып келгенден эки жылдан кийин Мута жортуулу чечилди. Ислам аскери кыска убакытта даярдалды. Расулуллах алейхиссалам куттуу тууну Хазрети Зейд бин Харисага тапшырып мындай деди: 

Мен Зейд бин Харисаны жихадга чыга турган бул кишилерге кол башчы кылып дайындадым. Эгер ал шейит болсо, ордуна Жафар бин Абу Талиб өтсүн, ал да шейит болсо ордуна Абдуллах бин Раваха өтсүн. Эгер ал да шейит болсо мусулмандар араларынан ылайыктуу бир адамды тандап, аны өздөрүнө кол башчы кылып алышсын! 

Алардын саны абдан көп эле 

Мужахиддер алга жылган сайын Мешариф деген кыштакта душман аскерлеринин жакын келип калганын көрүп, дароо Мутага чегинип, согуш тартибине киришти. 

Эки тараптын ортосунда айыгышкан согуш башталды. Мусулмандардын башында турган Хазрети Зайд бин Харисанын колунда Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын туусу бар эле. Грек аскерлеринин найза соккулары менен куттуу денеси ыдырап, акыркы тамчы каны калганча баатырларча салгылашып, шейит болду. 

Ошондон кийин Хазрети Жафар дароо тууну көтөрдү. Колунда туу, атын душманды көздөй сүрдү. Душман аскерлери Хазрети Жафардын айбатынан коркуп, өз-ара мындай дешти: 

- Муну ким жыга алат? 

Тууну жерге түшүргөн жок 

Хазрети Жафар душман аскерлерине терең сүңгүп кеткен эле. Акыры бир душман аскери Хазрети Жафардын колуна кылыч менен сокку урду. Оң колу кесилген Жафар тууну экинчи колуна алды. Бираздан кийин ал колу да кесилгенде тууну коё бербеш үчүн ийин менен чыканак ортосундагы булчуңдары менен көкүрөгүнө көтөрдү. 

Акыры найза жана кылычтын соккусу менен шейит болду. Ал шейит болгондо анын куттуу денесинде жетимиштен ашык найза, кылыч, жебе жаралары көрүлгөн болуп, баары денесинин алдыңгы бөлүгүндө эле. Андан кийин тууну Абдуллах бин Раваха алып, ал дагы шейит болгондо Халид бин Валид алган эле. 

Гректер менен болгон бул согушта кол башчылардын шейит болгонун Жабраил алейхиссалам  Пайгамбарыбыз алейхиссаламга кабарлады. Хазрети Пайгамбарыбыз болсо мечитте мусулмандарга кабар берген эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам абдан капа болгон эле. Кутман сахабалар айтты: 

- Йа, Расулаллах! Сиздин капа болгонуңузду көрүү бизди ого бетер капалантууда. 

Ошондо шейиттердин Бейиште бири-бирине бетме-бет тактылардын үстүнө отурганы өзүнө көрсөтүлгөнчө кайгылары улана турганын айтты. 

Жафари Таййардын жубайы Хазрети Эсма бинти Умейс мындайча баяндайт: 

"Ошол күнү нан жасай турган камыр жууруп, балдарымды жуунттум, тазаладым, атыр жыттарды сүрдүм. Расулуллах келди. Мындай деди: 

- Эй, Эсма! Жафардын балдары кайда? Аларды мага алып кел!

 Балдарды алып келдим. Аларды сүйүп, эркелетти жана куттуу көздөрүнөн жаш тегеренди. Ошондо мен сурадым: 

- Йа, Аллахтын Расулу! Эмнеге ыйлап жатасыз? Же Жафар менен жана анын досторунан Сизге кабар келдиби? 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты: 

- Ооба, алар бүгүн шейит болушту. 

Муну укканда ыйлай баштадым. Пайгамбарыбыз мага эч кандай орунсуз сөздөрдү сүйлөбөөнү эскертти да, үйүнө кайтып кетти.” 

Ошондон кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Фатимага барды. Ал да ыйлап жатты. 

Пайгамбарыбыз Хазрети Жафардын үй-бүлөсүнө тамак даярдалсын деп буюрду. Үч күн бою үйдөгүлөргө тамак берилди жана бул сүннөт болуп калды. 

Факирлердин атасы 

Пайгамбарыбыз алайхиссаламдын кайгысы уланып жатканда Жабраил алейхиссалам келип, Хазрети Жафардын кесилген эки колунун ордуна Аллаху таала тарабынан жакуттан эки канат берилгенин, ошол канаттар менен Бейиште учуп жүргөнүн кабарлаганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Жафардын үй-бүлөсүнө: 

Эй, эки канаттуу бактылуу адамдын перзенттери, - деп бул кабарды аларга сүйүнчүлөгөн эле. 

Ушул себептен Хазрети Жафар "Таййар=Учуучу” деген ат менен белгилүү болгон эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш