Абдуррахман бин Авф


Жаннат менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири. 

Абдуррахман бин Авф соода менен алектенчү. Ушул себептен улам соода кылууга ар кайсы жерлерге барчу. Мындайча баяндайт: 

Пайгамбарыбыз алейхиссаламга пайгамбардык буйругу билдирилгенге чейин бир жыл мурун соода үчүн Йеменге барганымда, Аскелан бин Авакир-ул-Химеринин коногу болдум эле. Ал зат абдан карыган эле жана ал жерге ар барганымда анын коногу болчу элем. Ал дагы менден Меккеден кабар сурап, мындай дечү: 

- Араңарда өзү тууралуу жөнүндө кабар жана сөз болгон бир зат чыктыбы? Диниңерге байланыштуу силерге каршы болгон бир адам барбы? 

Мен болсо дайыма "жок” деп айтчумун. 

Ага китеп түшүрдү 

Акыры, Расулуллах алейхиссаламга пайгамбардык билдирилип, Ислам динин адамдарга жашыруун жеткире баштаган жылы эле. Дагы Йеменге барып, ошол эле заттын коногу болгонумда ал мага мындай деди: 

- Мен сени соодадан да жакшыраак бир куш кабар менен сүйүнчүлөйүнбү? 

- Ооба, сүйүнчүлөңүз. 

- Күмөнсүз, Аллах сенин коомуңан Андан ыраазы болгон, тандап алган бир пайгамбарды жиберди жана Ага Китеп да түшүрдү. Ал адамдарды буттарга сыйынуудан кайтарат жана Исламга чакырат. Ал хакты буюрат, ишке ашырат, жаңылыштан кайтарат жана жок кылат. Ал Хашим уулдарынан. Силер Анын таякелерисиңер. Тезирээк кайт! Барып, Ага жардамчы бол! Аны тастыкта жана бул бейттерди Ага алып бар! 

Йемендик карыянын айткан бейттерин жаттап, кайра Мекке-и мукаррамага кайтып барып, Хазрети Абу Бакрга жолуктум. Мен ага йемендик карыянын айткандарын кабарладым. Абу Бакр айтты: 

- Ал киши - Абдуллахтын уулу Мухаммед алейхиссалам. Аллаху таала Аны адамдарга пайгамбар кылып жиберди. Дароо Ага барып, ыйман келтир!

 Мен дароо Расулуллахтын үйүнө бардым. Расулуллах алейхиссалам мени көргөндө күлүмсүрөп сурады:

- Эй, Абдурахман! Кандай кабар алып келүүдөсүң? 

- Йа, Мухаммед! Муну кандай түшүнүүгө болот? 

- Ал адамдын сен аркылуу мага аманат кылып жиберген нерсени алып кел, бер. Аны мага жөнөткөн адамдын Химярдын уулдарынын момундарынын үстөмдөрүнөн экендиги талашсыз. 

Чыныгы боордошторум 

Расулуллах хазреттеринин бул сөздөрүн укканда дароо калима-и шахадатты айтып, мусулман болуу аброюна жеттим жана йемендик карыянын айткан бейттерин окуп, ал билдирген нерселерди айтып бердим. Ошондо сүйүктүү Пайгамбарыбыз айтты: 

- Маал-маалы менен ушундай момундар пайда болуп, алар мени көрбөй туруп мага ишенишет жана мени тастыкташат. Мына ошолор менин чыныгы боордошторум.

 

Хазрети Абдуррахман Исламды кабыл алганда башка мусулмандар сыяктуу кыйноо жана зулумдуктарга дуушар болду. Ошентип, ал мекенин таштап хижрат кылууга аргасыз болду. Хабашстанга хижрат кылган мусулмандар менен бирге ал мамлекетке барды. Көп өтпөй Пайгамбарыбыз алейхиссалам Медина-и мунавварага хижрат кылгандан кийин Мединага келип, Расулуллахка кошулду. 

Хазрети Абдуррахман бардык согуштарга катышты. Бадрда көрсөткөн баатырдыктары  көп болду.

Абдуррахман бин Авф хазреттери Бадр согушунда өзү күбө болгон бир окуяны мындайча баяндайт: 

"Согуш учурунда жанымда ансарлардан эки жаш жигит пайда болду. Мага жаштардын кайраттуулугу жакты. Мен аларды сүйүү менен карадым. Жаштардын бири жаныма келип сурады: 

- Биз Исламдын душманы Абу Жахлды өлтүрүүгө бел байладык. Бирок, биз аны тааныбайбыз. Бизге аны көрсөтө аласызбы? 

- Макул, бул иш колуңардан келеби? 

- Расулуллахка жана Ислам динине акаарат келтирген адам тирүү болсо, биздин тирүү калышыбыз маанилүү эмес. Аллахка ант беребиз, аны көргөндө каныбыздын акыркы тамчысына чейин аны өлтүрүүгө аракет кылабыз. 

Кимиңер өлтүрдүңөр? 

Жаштардын мындай чечкиндүү абалына суктандым. Бул учурда Абу Жахил каршы тараптан өтүп бара жатты. Мен жаштарга айттым: 

- Мына, силер издеген адам тээ каршыдан өтүп бара жаткан адам. 

Абу Жахилди көргөн жаштар Абу Жахлдин жоокерлеринин көптүгүнө карабай кылычтарын суура салып ага кол салышты. Абу Жахлдин жоокерлери мындай күтүүсүз жагдайга таң калып, таштай катып калышты. Алардын таң калганы өтүп кете электе жаштар Абу Жахлди өлгүчө кылычтап салышты. 

Андан кийин алар кайтып келип, Расулуллахтын алдына келишти. Жана болуп өткөн окуяны айтып беришти. Пайгамбарыбыз алейхиссалам абдан ыраазы болуп, жаштардан сурады: 

- Аны кимиңер өлтүрдүңөр? 

Экөө тең дароо айтты: 

- Мен өлтүрдүм. 

Ошондо жаштардын кылычтарын карап көргөн соң; 

- Аны экөөнөр өлтүргөн экенсиңер, - деди. 

Абдуррахман бин Авф хазреттери Ухуд согушунда жыйырма жеринен жарадар болду. 12 тиши сынды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам аны Мединада Саид бин Рабий хазреттери менен тууган кылды. Тууганы аны мал-мүлкүнө жана байлыгына шерик кылгысы келгенде мындай деди: 

- Кадырлуу боордошум, Аллах сага жана бала-бакыраңа береке ихсан кылсын, мал-мүлкүңдү көбөйтсүн! Сен мага базардын жолун көрсөт, мен ал жерде соода кылып, муктаждыктарымды камсыз кылам.

Бул байлыкты кантип таптыңыз? 

Бул сөз Пайгамбарыбыз алейхиссаламга айтылганда абдан кубанды. Ал үчүн кайырлуу дуба кылды. Бул дубадан кийин кылган соодасынын аркасында кыска убакыттын ичинде абдан байыды. Ал мындай деди: 

- Ташка колумду сунсам ал таштын астынан же алтын, же күмүшкө туш келчүмүн. 

Абдурахман бин Авф хазреттеринен сурашты: 

- Бул чоң байлыкка кантип таптыңыз? 

- Мен абдан аз кирешеге ыраазы болдум. Бир да кардарды бош кайтарган жокмун. 

Абдуррахман бин Авф Расулуллах тирүү кезинде Аллах жолунда көп акча сарптады. Үч жолу мүлкүнүн жарымын берди. Биринчи жолу 4000 дирхам, экинчи жолу 40 000 дирхам, үчүнчү жолу болсо 40 000 алтынды садака катары Аллах жолунда таратты. 

Ухуд согушунун туткундарынан 30 кишини бошоттуруп, ар бирине 1000 алтын таратты. Табук сапары үчүн 500 ат жана 500 жүктүү төө берди. 

Күндөрдүн биринде буудай, ун жана ар кандай азык заттар жүктөлгөн 700 төөсү менен Мединага киргенде Хазрети Аиша Расулуллах алейхиссаламдын: 

- Абдуррахман бин Авф Бейишке жөргөлөп кирет, - деп айтканын билдиргенде Абдуррахман бин Авф төөлөрүнүн бардыгын жүктөрү менен Аллах жолунда таратып бере турганына сөз берип, аны күбө кылган эле. 

Расулуллахка имам болду 

Бадр согушуна катышып, аман калгандардын ар бирине өз мал-мүлкүнөн 400 дирхам алтын акча берилүүсүн осуят кылды. Осуяты дароо орундалды. 

Табук согушунан кайтышта Пайгамбарыбыз алейхиссалам кечигип калганда намаз өтүп кетпесин деп Абдурахман бин Авф хазреттери имам кылынды. Ал экинчи рекетте турганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам жетишип келип, ага уйду. Намаздан кийин: 

- Бир пайгамбар салих бир адамдын артында намаз окумайынча руху алынбайт, - деп буюрду. 

Абдурахман бин Авф хазреттери накыл кылат: 

Бир күнү Пайгамбарыбыз алейхиссалам жалгыз жолго чыкты. Мен да артынан ээрчип жүрдүм. Ал курма бактуу бир жерге барды. Ал саждага жыгылды. Сажда ушунчалык узакка созулгандыктан өзүмө-өзүм: "Йа, Рабби! Расулуллахка бир нерсе болуп кеттиби?” – деп абдан коркуп жанына келип отурдум. 

Расулуллах саждадан башын көтөрүп сурады: 

- Сен кимсиң? 

- Мен Абдурахманмын. 

- Бир нерсе болдубу? 

- Жок, йа, Расулаллах! Саждаңыз көп узап кеткендиктен сизге бир нерсе болуп кетеби деп чочуладым.

- Эй, Абдуррахман! Жабраил алейхиссалам мына бул нерсени сүйүнчүлөдү: "Йа, Расулаллах! Кимде-ким сага салават жана салам айтса, Аллаху тааланын магфираты менен саламына ээ болот.” Мен дагы бул сүйүнчүнүн себеби менен шүгүр саждасына жыгылдым. 

Сени ыйлаткан нерсе эмне? 

Абдуррахман бин Авф хазреттери Расулуллах акыретке көчкөндөн кийин Аны менен өткөргөн күндөрүн эстеп дайыма ыйлачу. Анын сукбаттарынан ажырап калгандан кийин ага дүнүйөнүн эч кандай мааниси калбаганын айтчу. 

Навфал бин Ийас хазреттери айтат: 

Абдурахман бин Авф хазреттери бир күнү бизди үйүнө алып барды. Ал бизге идиште даамдуу тамактарды сунду. Тамакты алдыбызга койгондо ыйлай баштады. Ал ыйлаганда биз да ыйлай баштадык. Бирок, эмнеге ыйлаганыбызды билбей калдык. Мен сурадым: 

- Эй, Абдурахман! Сени мынча ыйлаткан нерсе эмне? 

- Биз ушунча көп нематтардын ичиндебиз. Расулуллах кайтыш болду. Бирок, Ал жана үй-бүлөсү арпа нанынан да бир жолу болсо дагы тойгончо жеген жок. Биз ушул жегендерибиздин шүгүрүн кантит орундайбыз? Мына ошон үчүн ыйлап жатам. 

Абдуррахман бин Авф Хижраттын 6-жылы Расулуллах алейхиссалам  тарабынан Келб уруусун Исламга чакыруу үчүн Думет-ул-Женделге жиберилген 700 кишилик кошуундун кол башчысы болуп дайындалды. Думет-ул-Жендел Табук калаасына жакын жерде болуп, ири жарманке жана соода борбору эле. Расулуллах алейхиссалам Абдурахман бин Авфты жанына чакырып мындай деди: 

- Даярдан! Сени бүгүн же эртең таңга маал Кудай кааласа аскер бөлүктүн башында көрөм. 

Жолчулук кийимим үстүмдө 

Багымдат намазын мечитте окугандан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын Думет-ул-Женделди карай жылуусун жана ал жердин элин Ислам динине чакыруусун буюрду. Думет-ул-Женделге бара турган кошуун таңга маал Мединанын сыртындагы Журуф делген жерге чогулушту. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абдурахман бин Авфтын артта калып кеткенин көргөндө мындай деди: 

- Эмне үчүн досторуңан артта калдың? 

- Йа, Расулаллах! Мен эң акыркы жолугушуумдун, сүйлөшүүмдүн Сиз менен болушун кааладым. Жолчулук кийимим үстүмдө. 

Абдуррахман бин Авф башына кара кебезден жана калың чүпөрөктөн бир кездеме ороп алган эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам анын селдесин колу менен чечип, селденин учун эки далысынын ортосунан ылдый түшүрүп байлады да: "Эй, Ибни Авф! Сен селдеңди мына ушинтип оро”, - деди. Андан кийин колуна бир тууну карматып, сөзүн улады: 

- Эй, Ибни Авф! Аллаху тааланын аты менен Анын жолунда жихад кыл жана Аллахты четке каккандар менен согуш. Зулумдук кылба жана чектен ашпа. Аллахтын буйругунун негизинде амал кыл. Балдарды өлтүрбө. Эгер ал калаанын тургундары сенин чакырыгыңды кабыл алышса ал уруунун башчысынын кызына үйлөн. 

Абдуррахман бин Авф буйругуна берилген 700 кишиден турган аскери менен Думет-ул-Женделге жетти. Келб уруусун таттуулук менен Исламга чакырды. Ал жерде үч күн тургандан кийин Келб уруусунун башчысы Эсбаг бин Амр жана элинин көбү мусулман болуп, христиандыкты ташташты. Алардын айрымдары христиан бойдон калып, жизя төлөөнү кабыл кылышты. 

Абдуррахман бин Авф мусулман болгон Эсбагдын кызы Тумадырга үйлөндү. Аны менен бирге Мединага келди. Тумадыр Абдуррахман бин Авфтын уулу Абу Саламанын энеси. Абу Салама болсо Мединанын жети улуу фикх аалымынын бири. 

Аларды коргойлу 

Хазрети Омардын халифалык доорунда бир соода кербени келип, түн ичинде Мединанын сыртына жайгашты. Чарчашкандыктан дароо уктап калышты. Халифа Омар шаарды кыдырып жүрүп аларды көрүп калды. Абдуррахман бин Авфтын үйүнө келип мындай деди: 

- Бүгүн түнү кербен келиптир. Алардын баары капыр. Бирок, бизге жат болгондор, жолчулар аларды тоноп кетпесе экен деп корком. Кел, аларды коргойлу. 

Таңга чейин күтүп, багымдат намазында мечитке жөнөштү. Алардын ичинен бир жигит уктаган эмес эле. Ал алардын артынан жөнөдү. Териштирип, аларды кайтарган адамдын халифа Омар экенин билди. Ал келип досторуна айтып берди. Рим жана Иран аскерлерин кыйраткан, миңдеген шаарларды багынткан, адилеттүүлүгү менен атагы чыккан улуу халифанын бул мээримдүүлүгүн жана боорукердигин көрүп, Исламдын чыныгы дин экенин түшүнүштү. Алардын баары өз каалоосу менен мусулман болушту. 

Абдуррахман бин Авф хазреттери пазилеттүү жана кемел  ээси (жетик) инсан болгон. Анын жүрөгү бир гана Аллахтан коркуу, Анын Расулуна болгон сүйүү, чынчылдык, аруулук, ырайымдуулук жана боорукердикке толо эле. Мал-мүлкүн Аллах жолунда таратуудан ырахат алчу. 

Ал кутман сахабалардын эң байларынан болгону менен, анда мал-мүлккө карата кымындай да сүйүү жок болчу. Дайыма дүнүйөнүн ордуна акыретти тандачу. Анын эң чоң каалоосу – диндин буйруктарын толук аткара алуу эле. 

Буттары ачык калып жатты 

Бир күнү бир жерден тамак сунулуп жаткан эле. Ал күнү өзү орозо кармаган болчу. Орозосун ачайын деп турганда бир эскерүүсүн айтып берүүсүн суранышты. Ал дароо эскерүүсүн айтып бере баштады: 

"Менден алда канча жакшыраак болгон Мусъаб бин Умайр шейит болгондо, аны бир бөлүк кездеме менен кепендедик. Башын жапканыбызда буттары, буттарын жапканыбызда башы ачык калып жатты. 

Андан кийин Хазрети Хамза шейит болду. Ал дагы менден алда канча жогору болчу. Аны дагы оор шарттарда жерге бердик. Алар менден алда канча жакшы болушса да, бул дүнүйөнү таштап кетишти. Андан кийин бизге дүнүйө эшиги ачылды. Ар кандай нематтарга ээ болдук. Булардын эсебин кантип беребиз?” – деп ыйлап баштады. 

Орозо кармаганын унутуп, ифтар тамагын да жебеди. Анткени, ошол күндөрдү эстегенде тамак жегенге да чамасы жетпей калчу. 

Халифа Омар Шамга бара жаткан. Шамда таъун (чума) оорусу бар экени угулду. Аны менен бирге болгондордун кээ бирлери: "Шамга кирбейли”, - дешти. Кээ бирлери да айтты:

- Аллаху тааланын тагдырынан качпайлы. 

Ошондо халифа дагы мындай деди: 

- Аллаху тааланын тагдырынан дагы Анын тагдырына качалы, шаарга кирбейли. Силерден бирөөнүн көк жайыты менен чөп өспөгөн таштак жери бар болсо, үйүрүн кайсы жакка жиберсе, ал Аллаху тааланын тагдыры менен жиберген болот. 

Андан кийин Абдурахман бин Авфты чакырып сурады: 

- Сен эмне деп ойлойсуң? 

- Расулуллах алейхиссаламдан уктум эле. "Таъун оорусу бар жерге кирбегиле жан таъун оорусу бар жерден башка жерге барбагыла, ал жерден качпагыла”, - деп буюрган эле. 

Халифа да: "Алхамдулиллах, менин сөзүм хадиси шарифке туура келди”, - деп, Шамга киришкен жок. 

Чума оорусу бар жерден качуу 

Чума чыккан жерден сыртка чыгууга тыйуу салынганынын себеби, дени сактар чыкканда оорулууларды караган киши калбайт, кырылууга дуушар болушат. Чума чыккан жердеги вирустуу аба ар кимдин ичине жайгашканда, качкандар оорудан кутула албайт жана ооруну башка жактарга алып барган, жуктурган болушат. Хадиси шарифте мындай деп айтылат: 

"Чума оорусу чыккан жерден качуу согушта капырдын каршысынан качуу сыяктуу чоң күнөө.” 

Хазрети Омар кайтыш болордун алдында халифалыкка талапкер кылып көрсөткөн 6 адамдын бири да Абдуррахман бин Авф болчу. Хазрети Омардын жаназасы коюлгандан кийин көрсөтүлгөн бул алты сахаба чогулушту. Алгач Абдурахман бин Авф сөз алып мындай деди: 

- Эй, жамаат! Бул маселе боюнча баарыбыздын оюбуз бар. Уккула, үйрөнөсүңөр, түшүнөсүңөр. Албетте, бутага тийген жебе бутага тийбеген жебеден жогору. Бир ууртам даамсыз, бирок, муздак суу ооруга себеп болгон таттуу суудан пайдалуу. 

Силер мусулмандардын жол көрсөтүүчүлөрү жана баары кайрылчу аалымдарысыңар. Андыктан ортоңордо пайда болчу карама-каршылыктарда бычактын мизин майтарбагыла. Кылычтарыңарды душмандарыңардан ажыратып, кынына салбагыла. Болбосо, душмандарыңардын алдында жалгыз каласыңар, амалдарыңарда кемчилик кетирген болосуңар. 

Фитначылар 

Ар бир адамдын белгилүү бир ажалы бар, ар бир үйдүн буйругу аткарылган, тыюуларынан сактанган эмири, башчысы бар. Андай болсо, араңардан кызматыңарды кыла турган бириңерди эмир кылып дайындагыла. Ошентип, максатыңарга жетесиңер. Эгер сокур фитна жана адаштыруучу далалет болбогондо, ниеттерибиз билгендерибизден, амалдарыбыз ниеттерибизден башка болмок эмес. Анткени, фитначылар көздөрүнүн көрбөгөнүн, фитнанын аларды чөлдө адашып, кайда барарын билбей тургандай таштап кеткенин айтышат. 

Напсиңерди жана фитначылардын сөздөрүн ээрчүүдөн сактангыла. Сөз менен болгон куулук кылычтын жарасынан да оор. Халифалыкты кыйынчылык жана оор учурларда кайраттуу, сабырдуу, бул жумушта ийгиликке жетет деп үмүт кылган, ал силерден, силер андан ыраазы боло турган адамга бергиле. Силерге насаат айткансып көрүнгөн бузукуларга баш ийбегиле. Силерди туура жолго салган жол көрсөтүүчүгө каршы чыкпагыла. Менин айтайын дегендерим ушу. Аллаху тааладан өзүм үчүн жана силер үчүн кечирим тилейм. 

Абдурахман бин Авф андан кийин төмөндөгүлөрдү сунуштады: 

- Арабыздан үчөөбүз калган үчөөнүн пайдасына талапкерликтен баш тарталы. 

Абдуррахман бин Авфтын сунушу дароо кабыл алынып, Зубейр Али үчүн, Талха Осман үчүн, Саад бин Аби Ваккас болсо Абдуррахман бин Авф үчүн добуштарын беришти. Андан соң Абдуррахман бин Авф да талапкерликтен баш тартты, Хазрети Осман менен Хазрети Али калды. Натыйжада Хазрети Османга биъат кылынды. 

Сен ишенимдүүсүң 

Хазрети Абдурахман жогору ахлактуу, пазилеттүү жана кемал ээси, өтө жакшы, өтө таза жана эрки күчтүү бир инсан эле. Анын жүрөгү Аллахтан коркууга, Расули акрамга болгон сүйүүгө, чынчылдыкка, аруулукка, ырайымга жана боорукердикке толо эле. Ал жоомарт эле. Мал-мүлкүн Аллах жолунда таратуудан ырахат алчу. Жүрөгүндө Аллахтан коркуу ушунчалык терең болгондуктан, ал эч качан дининин ордуна дүнүйөсүн тандаган эмес, жашоодо байлык жана мал-мүлккө ээ болууга маани берген эмес, толук мусулманча жашоону бардык нерседен жогору койгон эле. 

Абдуррахман бин Авфты Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана кутман сахабалардын улуулары макташкан эле. Расулуллах хазреттери ал тууралуу мындай деген эле: 

- Асмандагылар менен жердегилердин алдында сен ишенимдүүсүң.

Абдуррахман бин Авф 651-жылы 75 жашында кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш