Мугира-Табни Шуъба


Атактуу беш генийдин бири болгон сахаба. 

Атактуу араб генийлеринен болгон Мугира айтат: 

Биз арабдардын арасында өз динине өтө берилген жана Лат деген буттун кызматчысы болгон бир коом болчубуз. Коомубуздун мусулман болгонун көрө турган болсо да, аларды ээрчибейм деп ойлочу элем. Малик уулдарынан турган бир топ Мысырдын өкүмдары Мукавкиске барып, белек тартуулоо үчүн камданышкан эле. 

Эч ким жаныңда эмес! 

Алар менен бирге мен дагы барууга камданган элем. Авам Урва бин Масъуд менен кеңештим. Ал барууга тыюу салып, мындай деди: 

- Бир туугандарыңан эч ким сенин жаныңда эмес! 

Мен анын сөзүн укпадым. "Мен сөзсүз барам!” - дедим. Алар менен бирге жолго чыктым. Акыры Искендерия шаарына жетип бардык. 

Мукавкис мени карап, бирөөгө ким экенимди жана эмнени каалап жатканымды билүүгө буйрук берди. Ал киши менден сурады. Мен ага ким экенимди жана аны көргөнү келгенимди айттым. Ошондо Мукавкис бизди чиркөөгө түшүрүп, ошол жерде коноктоого буйрук берди. Бизди коноктошту. 

Кийин Мукавкис бизди чакырды. Мукавкис Малик уулдарынын көсөмүн карады. Аны өзүнө жакын чакыртты. Алар чогуу отурушту. Кийин андан сурады: 

- Булардын баары Малик уулдарынанбы? 

- Ооба! Бирок, бир киши гана шериктештерден. 

Кийин мени көрсөттү. Ал жердеги жамааттын ичинде Мукавкис үчүн эң маанисиз киши мен элем. Андан соң алардын ортосунда төмөнкүдөй сүйлөшүүлөр болду: 

- Силер менен менин ортобузда турган Мухаммед жана анын сахабаларынын силерди байкоого алууларынан кантип кутулдуңар? 

- Алардан коркконубуз үчүн деңиз жолун тандадык! 

- Анын силерди кабыл алууга чакырган нерсеси тууралуу эмне кылдыңар? 

- Бизден эч ким Ага баш ийген жок! 

- Эмнеге баш ийген жок? 

- Ал бизге азыркыга чейин ата-бабаларыбыз да, өкүмдарлар да карманбаган, кийин пайда болгон бир динди алып келди! Биз ата-бабаларыбыз карманган динге ишенебиз! 

- Анын чакыруусун коому кандай кабыл алды? 

- Ага коомунун жаштары баш ийишти, Аны коомунан жана башка араб каршылаштарынан коргошту. Алардын ортосунда орун алган согушта бир жолу коому, бир жолу болсо Ал жеңилди! 

- Силер Анын кабыл алууга чакырган нерселери тууралуу мага эң туура айтып берсеңер? 

- Ал бизди ата-бабаларыбыз кылып келген ибадаттарды таштоого жана эч нерсени шерик кошпостон жалгыз бир Аллахка гана ибадат кылууга чакырууда. Намаз окууга жана зекет берүүгө чакырууда! 

- Намаз менен зекетке дейсиңерби? Булар үчүн убакыт жана өлчөм көрсөтүлгөнбү? 

- Күнү-түнү күн сайын багымдат, бешим, аср, шам жана куптан убактарында беш жолу намаз окушат. 

Зекет беришет 

Ар бир жыйырма мыскал толгондо алтындан кыркта бирин, беш төө болгондо бир кой зекет беришет. Алар бардык мал-мүлктөрүнүн зекет нисабдарын билдиришет. 

Мукавкис Малик уулдарынын намаз убактылары жана зекет нисабы тууралуу берген маалыматтары боюнча суроолорун төмөнкүдөй улантты: 

- Ал алган зекетти кайда салып, кайда жумшаганын билесиңерби? 

- Кедейлерге берет. Тууган-уруктарды зыярат кылып, көз салууну, берилген сөзгө турууну буюрат. Пайызчылыкка, зина кылууга, ичикилик ичүүгө жана Аллахтан башканын атына чалынган курмандыктын этин жешке тыюу салат! 

Жеңиш Аныкы болот! 

Алардын бул жоопторунан кийин Мукавкис мындай деди: 

- Андай болсо, Ал бардык адамдарга жиберилген Пайгамбар! Эгер Ал кыбтилерге (египеттиктерге) жана гректерге келген, жеткен болгондо, алар Ага баш ийишмек. Анткени, Иса бин Мариям аларга ушул маселеде буйрук берген эле. Анын өзүнөн мурда жиберилген пайгамбарлар да Аны сүрөттөшкөн жана сыпаттарын айтышкан болчу. 

Акырында жеңиш Аныкы болот, Ага эч ким каршы тура албайт, динин буттар баскан ар бир жерге жеткирет, коому Аны найзалары менен коргойт! 

Малик уулдары мындай дешти:

- Элдин баары анын динине өтүп, Анын алдында чогулган болушса да, биз Анын динине өтпөйбүз, алдына барбайбыз!

Мукавкис таң калып башын чайкады жана ортолорунда төмөнкүдөй сүйлөшүү болду:

- Силер бекер кылып жатасыңар жана алаксып жатасыңар. Макул, Анын коомунун арасындагы теги жана тууган-уруктары кандай?

- Ал коомунун тек жана тууган-урук жагынан эң жогорусу жана тандалганы. 

- Масих, башкача айтканда, Хазрети Иса жана бардык пайгамбарлар да ушундай өзүлөрү таандык болгон коомдордун тек жана тууган-урук жагынан жогору жана тандалгандарынын арасынан тандалып жиберилген. Анын сөздөрүндөгү чынчылдыгы кандай? 

- Чынчылдыгы үчүн Ага Эмин деген ат берилген. 

- Ушул ишиңерди карагылачы! Араңардагы иштерде туура жана чынчыл болгон бир адам Аллахка каршы калп айта алат деп ойлойсуңарбы? Ага баш ийгендер кимдер? 

- Жаштар! 

- Масихке жана мурунку пайгамбарларга биринчилерден болуп баш ийгендер, ишенгендер да жаштар болчу! Тоорат ээси болгон мединалык яхудилер Ага каршы эмне кылышты, кандай мамиле кылышты? 

- Ага каршы мамиле кылышты. Ал да чабул коюп, аларды өлтүрдү жана туткунга түшүрдү. Алар туш тарапка чачырап кетишти. 

- Алар көралбастык кылып жатышат, Аны көралбай жатышат. 

Кээ бирин жогору коюшту 

Малик уулдары белектерин Мукавкистин алдына коюшту. Мукавкис сүйүнүп, кишилерине белектерди алып, аларга сыйлык берилүүсүн буйрук кылды. Сыйлык берилип жатканда алардын кээ бирин башкалардан жогору койду. 

Мага келгенде азайтып салышты. Айтууга арзырлык эмес аз жана маанисиз  бир нерсе биришти. Андан кийин Мукавкистин алдынан чыгып кеттик. 

Хазрети Мугире айтат: Биз Мукавкистен уккан сөздөрдөн Мухаммед алейхиссаламга карата маскара, шерменде болуп, кыйналып-кысталып калдык. Өзүбүзчө: "Чет элдик өкүмдарлар да Аны тастыкташууда, биз Анын туугандары, кошуналары болгонубузга карабастан, Анын чакыруучусу үйлөрүбүзгө чейин келгенине карабастан Ага барбай жатабыз”, - дедик. Биз өз жерлерибизге кайттык. 

Пайгамбарлардан келбеген ким калды? 

Искендерияда жашап жүргөнүмдө мен кирбеген чиркөө калган жок. Мен жолуккан бардык кыбтилерден, башкача айтканда, Мысыр калкынан жана грек дин адамдарынан Мухаммед алейхиссаламдын сыпатын сурадым. 

Алардын бири да Абу Гусайм чиркөөсүнүн башчысы кыбти поп болчу. Кыбтилер анын ыраазычылыгын жана дубасын алуу үчүн ага келишчү. Мен ибадатка андан да берилген башка адамды көргөн жокмун. Мен ага мындай дедим: 

- Пайгамбарлардан келбеген ким калды? Мага кабар берсең! 

- Макул! Ал пайгамбарлардын акыркысы. Аны менен Иса бин Мариямдын ортосунда пайгамбарлардан эч ким жок. Иса пайгамбар бизге баш ийүүнү буйрук кылган пайгамбар - Ал! 

Ал Пайгамбар умми (окуган-жазганды билбейт) жана араб. Анын аты Ахмед. Ал узун да, кыска да эмес. Анын көздөрүндө бираз кызылдык бар. 

Ал өтө ак да, кара да эмес. Чачын өстүрөт, кийимдин калыңыраагынан кийет, тамактардан тапканына канаат кылат, кылычын тагынып жүрөт, Аны менен согушууга аракет кылынмайынча өзүнөн-өзү эч ким менен согушпайт. 

Анын жанында Ал үчүн жанын аябаган, Аны өз перзенттеринен, аталарынан да көбүрөөк жакшы көргөн сахабалары болот. 

Ал селем дарактары өскөн Харемден чыгат, бир Харемге келет жана какыраган, курма дарактары өскөн бир жерге хижрат кылат. Ибрахим алейхиссаламдын дининде болот! 

- Мага Анын сыпатын дагы бираз айтып бере аласыңбы? 

- Ал өзүнөн мурунку пайгамбарларда кездешпеген кээ бир өзгөчөлүктөр жана артыкчылыктар менен өзгөчөлөнгөн. Ар бир пайгамбар өз коомуна гана жиберилген болсо, Ал бардык адамдарга жиберилет! 

Ал жерде намаз окуйт 

Бүткүл жер бети Ал үчүн мечит жана таза кылынат. Ал намаздын убактысын кайда түшүнсө, ошол жерде намазын окуйт. 

Бирок, Ага чейинки пайгамбарлар намаздарын чиркөөлөрдөн жана хавралардан (синагогалардан) башка жерлерде окуй алышчу эмес! 

Хазрети Мугира айтат: 

Анын жана башкалардын айткандарынын баарын эсимде сактап калдым. 

Малик уулдары үй-бүлөлөрүнө белектерди сатып алышты. Алар кубанып жатышты. Алардын эч кимиси мага эч кандай боорукердик кылган жок. 

Алар жолго чыгышып, өзүлөрү менен ичкиликтерди да алышты. Алар ичкилик ичип жатышты. Ар кандай шермендечиликти жасап жатышты. 

Таифке кайтып келгенден кийин Мукавкистин мени кордоп, кемсинткенин айтып коюшат деп Малик уулдарын өлтүрүүнү пландадым. Ирактын Бассак дарыясынын жээгинде жүргөнүбүздө мен калп эле ооруп калып, башымды байлап алдым. Алар менден: "Эмне болду?” – деп сурашты. 

Мен болсо: "Башым ооруп жатат!” – дедим. Шараптарын ортого коюп, мени чакырышты. Мен аларга мындай дедим: 

- Башым ооруп жатат, мен иче албайм. Бирок, силер менен отуруп, куюп берип тура алам. 

Мединага келдим 

Алар эч каршы болгон жок. Отурдум, аларга куюп берип турдум. Алар ичкен сайын табиттери ачылып, андан да көбүрөөк ичишти. Акыры мас абалда уктап кетишти. 

Мен болсо аларга кол салып, баарын өлтүрдүм. Мен аларда болгон мал-оокаттын баарын алып, Мединага келдим. Пайгамбарыбызды мечитте кутман сахабалар менен отурган жеринен көрдүм. Үстүмдө жүргүнчү кийими бар эле. Мен Ага мусулманча салам бердим. Хазрети Абу Бакр мени карап тааныды. Ал мага мындай деди: 

- Менимче, сен Урванын бир тууганынын уулу окшойсуң? 

Ошондо мен: "Ооба! Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммед Аллахтын элчиси деп күбөлүк берем!” - дедим. Расулуллах хазреттери айтты: 

- Аллахка мактоолор болсун, сени туура жолго салды, Исламга алып келди. 

Хазрети Абу Бакр сурады: 

- Искендерия шаарына аман-эсен жетип алдыңарбы? 

- Ооба! 

- Сени менен бирге болгон Малик уулдары эмне кылып жүрүшөт, ахыбалдары кандай? 

- Алар менен биздин ортобуздагы нерсе кээ бир арабдардын ортосундагы нерсе. Биз ширк дининде болчубуз. Мен аларды өлтүрдүм. Алардын кийимдерин чечип, Расулуллах хазреттерине алып келдим. Бештен бир бөлүгүн бөлүп алсын же аларды эмне кылууну туура көрсө, ошону кылсын. Ал мушриктерден олжо. Мен эми Мухаммед алейхиссаламды тастыктаган бир мусулманмын! 

Расулуллах хазреттери айтты: 

- Сенин мусулмандыгыңды кабыл алдым. Бирок, алардын мал-мүлктөрүнөн эч нерсени да албайм, бештен бирин да албайм. Анткени, ал гадр болуп, башкача айтканда, зулумдук менен, куулук менен алынган. Гадрда болсо жакшылык жок! 

Өзүнөн мурунку нерсени өчүрөт 

Пайгамбарыбыз ушинтип айткандан кийин мен мындай дедим: 

- Йа, Расулаллах! Мен аларды өз элимдин дининде жүргөндө гана өлтүрдүм эле. Ошондон кийин мусулман болуп, эми даргейиңизге келип турам! 

Расулуллах алейхиссалам кайра мындай деди: 

- Исламият өзүнөн мурун болуп өткөндөрдү жок кылат, өчүрөт! 

Мен Пайгамбарыбыз алейхиссаламга Мукавкистин айткандарын, кыбтиге, башкача айтканда, мысырдык жана грек дин адамдарына берген суроолорумду жана алардан уккан нерселеримди айтып бердим. Расулуллах алейхиссалам абдан кубанды жана сахабаларынын да муну угууларын каалады. Эки-үч күн да аларга айтып бердим. 

Хазрети Мугира мусулман болгондон кийин Пайгамбардын жанында болуп, Ага кызмат кылды. Согуштарда башчылык жана мужахиддик кылды. Ал Биат-и Ридванда болду. Худайбия келишиминде Пайгамбар менен бирге болуп, анын кызматында болду. 

Меккенин каратылышына, Хунайн казатына жана Табук жортуулуна катышты. Анын уруусу Таифте мусулман болгондон кийин авасы Урва шейит кылынып, сакифтиктер да зулум, кыйноо жана зордуктоого учурады. 

Биринчи сен бар! 

Сакифтиктер абалды Расулуллахка билдиришти. Сакифтин өкүлдөрү Мединадан чыгып кеткенден эки-үч күн өткөндөн кийин Пайгамбарыбыз Абу Суфян бин Харб менен Хазрети Мугираны Рабба (Лат) бутун жыгууга жөнөттү. 

Алар Таифке жакындашканда Абу Суфян Мугирага айтты: 

- Элиңдин жанына биринчи сен бар! 

Абу Суфяндын өзү болсо Зилхарамда калды. Ошондо Хазрети Мугира, жанында он тогуз адам менен куптан убагында Раббаны талкалоо үчүн Таифке кирди. Алар ошол жерде түнөштү. Эртең менен алар Раббанын үстүнө чыгып, Аны жыкмакчы болушту. 

Хазрети Мугира колуна балта алды. Раббанын үстүнө чыкты. Өз эли жана уруусу болгон Муаттиб уулдары  Урва бин Масъуд сыяктуу жараланып өлтүрүлөт деп коркуп, куралданышып, Хазрети Мугиранын жакынында аны кайтарып турушту. 

Ошол убакта ал жерге Абу Суфян да келди. Мушрик аялдар келип баштарын ачып, эркектеринин кылыч менен согушпай Раббаны мусулмандарга берип койгондуктарына нааразы болуп ыйлап жатышты. Кулдар, балдар, эркектер, жаш кыздар келишкен эле. Алардын баары Латтын жок кылынышынан улам кайгылуу эле. 

Хазрети Мугира колундагы балта менен Латка бир сокку урду. Абу Суфян мындай деди:

- Аттиң, аттиң, убал болсун сага! 

Хазрети Мугира титирегендей түр көрсөтүп, чалкасынан жыгылды. Таифтиктер капысынан кыйкырып жиберишти. Алар мындай дешти: 

- Аллах Мугираны ырайымынан алыс кылсын! Рабба аны өлтүрдү! 

Хазрети Мугиранын кулап, жыгылганын көрүп абдан кубанышты. Алар мындай дешти:

- Араңардан ким ага жакындап, аны жыгууга аракет кылууга батына алат? Аллахка ант болсун, ага эч кимдин күчү жетпейт! Жок! Силер Рабба өзүн коргой албайт, сактай албайт деп ойлодуңар эле! Мына, ал өзүн коргоду жана сактады! 

Болгону таштар гана 

Мугира бираз ошол абалда тургандан кийин күбүнүп отурду. Андан соң Таифтиктерге кайрылып, мындай деди: 

- Эй, таифтиктер! Араптар: "Арап урууларынын ичинде силерден өткөн акылдуу башка уруу жок”, - дешчү эле. Көрсө арап урууларынын ичинде силерден өткөн акылсыз уруу жок экен! 

Силерге убалдар болсун! Лат менен Узза дегениңер эмне болуптур? Мына бул таштар сыяктуу болгону таштар гана! Болгону таштан, кыштан гана турат! Алар өздөрүнө ким сыйынып жана сыйынбай жатканын биле алышпайт! 

Силерге убалдар болсун! Лат укчу беле? Көрчү беле? Кандайдыр бир пайда же зыян алып келчү беле? Келгиле, Аллахтын кечиримине жана лутуфуна сыйынгыла! Ага ибадат кылгыла! 

Хазрети Мугира таифтиктерге буттардын эч нерсе кыла албагандыктарын түшүндүргөн соң, жанындагылар менен чогуу Раббаны жыгууну, таштарды бир-бирден жерге түшүрүүнү улантты. Акыры аны жер менен жексен кылганадан кийин таифтиктер таң калышты. 

Латтын эшик ачары жана кароолчусу болго Ажлан бин Аттаб Малик уулдарынан болчу. Андан кийин бул кызматты анын балдары кылып жаткан болчу. Латтын кароолчусу мындай деп жатты: 

- Көрөсүңөр, пайдубалына түшкөндө пайдубал ушунчалык каарданып, ошол каары менен аларды жердин түбүнө киргизип салат! 

Пайдубалына чейин түштү 

Хазрети Мугира муну укканда пайдубалын да казып баштап, адамдын боюнун жарымына чейин казды. Пайдубалына чейин түштү. Ал жердеги алтын жана күмүштөрдү алып чыкты. 

Бут турган жердеги мал-мүлктөр бир жерге жыйналганда Хазрети Мугира Абу Суфянга мындай деди: 

- Расулуллах хазреттери сага ушул мал-мүлктөн Урва менен Асваддын карызын төлөөнү буюрган болчу. 

Ошондон кийин алардын карызын төлөштү. 

Хазрети Мугира Таифти күфүр караңгылыгынан нурга жеткирип, Меккеге Расулуллахтын жанына кайтып келди. Ал Коштошуу ажылыгына катышты. Расулуллах акыретке көчкөндө жаназа иштеринде кызмат кылды. Пайгамбарыбыз кабырга коюлгандан кийин үстүнө топурак ташталып жатканда шакеги түшүп калды. Хазрети Алиге жагдайды айтып, кабырдан шакегин алгысы келди. Ага уруксат берилгенде кабырга түшүп, шакегин алып жатканда Пайгамбарыбыздын бутун сылады. Ошентип, Расулуллахтын куттуу денесине акыркы жолу колун тийгизген адам болуп калды. 

Ошондон улам: "Расулуллахтан эң акыркы ажыраган адам менмин”, - дечү. 

Курайштык мушриктер Бани Сакиф уруусунун башчысы болгон авасы Урва бин Масудду элчи кылып жиберишти. Урва сүйлөө учурунда жахилия салты боюнча Пайгамбарыбыздын сакалын кармап, сылагысы келди. 

Хазрети Мугира авасы Урвага кылычынын учу менен тоскоолдук кылып, Расулуллахтын куттуу сакалына тийүүдөн кайтарды. 

Авасы анын Расулуллахка болгон сүйүүсүнө жана берилгендигине таң калды. 

Элчилик кызматын аткарды 

Хазрети Мугира Хазрети Абу Бакрдын халифалыгында өзүн жалган пайгамбармын деген Мусайламат-ул-Каззабга жана динден кайткан муртаддарга каршы жиберилген аскерге катышты. Ямама согушунда муртаддарга каршы, Шам жана Ярмукда гректерге каршы согушту. Ярмукта бир көзү жараланды. 

Хазрети Омардын халифалыгында Иракта орун алган согуштарга да катышты. Ирандагы Сасаний империясын жыккан Кадисия Майдан Согушуна чейин мусулмандардын элчилигин аткарды. 

Зулумдуктун негизинде түптөлгөн Иран Сасаний сарайынын шаан-шөөкөтүнө жана башчылар кеңешиндегилердин кооз кийимдерине каршы Мугиранын  жөнөкөй кийимин жана салабаттуу абалын көргөн ирандык кол башчылар таң калышты. 

Хазрети Мугира Саъд бин Абу Ваккас тарабынан элчи болуп жөнөтүлгөн эле. Ирандыктар катуу сүйлөп, мусулмандарды коркутабыз деп ойлошкон эле. Сөз кезеги Мугирага келгенде ал тайманбастык менен сүйлөй баштап, мындай деди: 

- Ислам дининин негиздери боюнча ар бир адам Аллаху тааланын алдында пенде катары бирдей. Бул жагынан эч кимдин экинчисинен артыкчылыгы жок. 

Кошоматчылык кылышыптыр               

Мугира хазреттеринин бул сөздөрүн уккан ирандык топ бири-бирин таң калып карап, эмне дээрин, эмне кыларын билбей туруп калышты жана дүрбөлөңгө түшүштү. Дүрбөлөңү жана таң калуусу ого бетер арткан Ирандын башкы колбашчысы Рустам, жакут, бермет жана алмаздар менен кооздолгон кылычын Хазрети Мугирага көрсөтүп, мындай деди: 

- Элчи хазреттери, бул кылыч көптөгөн адамдар тарабынан көп жолу өбүлгөн. 

Бул сөзгө чоң гений болгон Хазрети Мугира мындай деп жооп берди: 

- Сенин кылычыңды өпкөндөр кошоматчылык кылып, кылычыңды эмес, анын кынын өбүшкөн. 

Андан кийин өз кылычын көрсөтүп: 

- Бул кылыч андан да курч, көбүрөөк курчутулган. 

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин келишим түзүлгөн жок жана Кадисия Майдан Согушунда мусулмандар жеңишке жетишти. Бул согушта Хазрети Мугира чоң эрдик көрсөткөн болчу. 

Мугира хазреттери бир аялга үйлөнмөкчү болгон эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Мугирага айтты: 

- Сен аны көрдүңбү? 

- Жок йа, Расулаллах! 

- Аны көр! Анткени, бири-бириңерди көрүү ортоңордогу сүйүүнү арттырат. 

Хазрети Мугира мындай деди: 

- Эгер бир адам үйүнө киргенде салам берсе, шайтан: "Эми менин бул жерде турганга жерим калган жок”, - дейт. 

Эгер дасторконго отуруп тамактанып баштаганда Аллаху тааланын атын атаса, башкача айтканда, ыйык Бисмиллах сөзүн айтса, шайтан бул жолу: "Мен үчү бул жерде турууга бир да жер, жегенге бир да нерсе калган жок”, - дейт. 

Куру кол чыгып кетет 

Эгер суу ичкенде Аллаху тааланын атын атаса, шайтан бул жолу болсо мындай дейт: "Эми бул жерде мен үчүн турганга жер да, жегенге тамак да, ичкенге сууда калган жок.” Ошондон кийин шайтан куру кол чыгып кетет. 

Хазрети Мугира гений болуп, уюштуруучулукта кыраакы сахаба зат эле. Анын зээн жана акылын белгилүү генийлердин бири халифа Хазрети Муавия да жогору баалачу. Ал өзүнүн жогорку көрөгөчтүгү менен чоң маселелерди заматта чечип,  эң оор кырдаалдарда да чыгуунун жолун тапчу. 

Ал диний илимдерден кабардар жана камдуу зат эле. Көптөгөн шакирттерди тарбиялап, аларга диний илимдерди үйрөтүп, хадиси шарифтерди накыл кылды. Бир жүз отуз үч хадиси шариф накыл кылды. 

Ал кайтыш болоруна чейин Куфанын валиси болуп калды. Ал Куфада 670-жылы Шабан айында жетимиш жашында таун (чума) илдетинен кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш