Савбан


Расулуллахтын кызматчысы. 

Хазрети Савбан негизи йемендик болчу. Ал туткун катары сатылып жаткан. Пайгамбарыбыз аны туткундук акчасын берип сатып алды, андан соң аны азат кылган болчу. Бирок, Хазрети Савбан чексиз мээримдин деңизи болгон Расули акрамга ошол замат көңүлү жылыган болчу. Аны таштап кеткиси келген жок. Муну байкаган Пайгамбарыбыз ага төмөнкү сунушту айтты: 

- Кааласаң үй-бүлөңө кайт, алар менен жаша. Кааласаң биз менен биздин Ахли бейтибиз менен бирге жаша. 

Мартабасын көтөрөт 

Бул Хазрети Савбан чыдамсыздык менен күткөн сунуш эле. Ойлонбостон эле ааламдардын Мырзасы менен калууга макул болду.

 Ошентип, Хазрети Савбан Хазрети Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жана анын үй-бүлөсүнө кызмат кылуу сыймыгына ээ болду. Пайгамбардын жеке кызматчысы милдетин да аткарды. Ал акылдуу, кыраакы жана зээндүү адам эле. Пайгамбарыбыздын ар бир буйругуна жүгүрүп, ар бир жумушун аткарып, каалаган нерселерин эң кемчиликсиз түрдө орундачу.

 Күндөрдүн биринде мусулмандар Расулуллахтын кызматчысы Савбандан бир хадиси шариф накыл кылуусун суранышты. Хазрети Савбан айтты:

 Расули акрам хазреттери мындай деди: "Эгер бир мусулман Аллаху таалага бир сажда кылса, Аллаху таала анын мартабасын бир даражага көтөрөт жана күнөөлөрүн кетирет.”

 Асхаб-и Суффадан болгон Хазрети Савбан Расули акрамдан кийинки илим, пазилет жана фатва ээси кишилердин бири деп эсептелет. Анын чоң сабак чөйрөсү жана шакирттери бар эле. Хазрети Савбан Расулуллахка кызмат жана таазимде ушунчалык даражада эле, мусулмандар муну сөз менен түшүндүрө алышчу эмес.

 Расулуллахка болгон ушундай сүйүү жана берилгендиктин айынан ал көп жолу жабыркап, ал тургай жарадар болгон эле. Чындыгында, күндөрдүн биринде бир яхуди келип, Расули акрамга: "Ассаламу алайка, йа, Мухаммед!” – деген эле. Ошол жерде болгон Хазрети Савбан: "Эмне үчүн йа, Расулаллах деген жок?” - деп яхуди менен мушташып, жарадар болгон эле. 

 Хазрети Савбан: "Пайгамбарыбыздын атын жалгыз айтууну күнөө деп эсептейм”, - дечү.

 Хазрети Савбан Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сөздөрүн жана буйруктарын чын жүрөктөн, болушунча көңүл буруу менен угуп, аларга кылдаттык менен амал кылчу. Бир жолу Расули акрам Савбанга:

 - Эч кимден эч нерсе сураба жана суроо бербе! – деп буюрган эле. 

Хидаят чырактары 

Ошондон кийин Хазрети Савбан өмүрүнүн акырына чейин эч кимден эч нерсе сураган эмес жана эч кимге эч кандай суроо берген эмес. Атүгүл акыркы күндөрү атка минип же түшүүгө жардам берүүнү каалашчу, бирок, ал макул болгон эмес эле.

 Хазрети Савбан тарабынан накыл кылынган бир хадиси шарифте мындай деп айтылат:

 "Ихластуу адамдарга сүйүнчүлөр болсун! Алар хидаят чырактары. Алардан бардык караңгы фитналар кетет.”

 Хазрети Савбан мындай деп айтчу:

 "Бир мусулманга пайдасы тийген же бир мусулмандын зыянын кетирген жалгандан башка бардык жалган күнөө.” 

Хазрети Савбан Расулуллахтан ажырап калууга эч качан чыдай албаган Пайгамбардын ашыгы бир зат эле. Кээде түрдүү кызматтардан улам Расулуллахтан ажырап калган учурлары болчу. Күндөрдүн биринде жүдөгөн бир абалда Расули акрамдын даргейине келди. Анын өңү өчүп, денеси арыктап, жүзүндө муңайымдын, кайгынын белгилери байкалып турчу. Анын мындай абалын көргөн Пайгамбарыбыз ахыбалын сурады: 

- Эмне болду, ооруп жатасыңбы, эй, Савбан? 

Мага эч нерсе болгон жок 

Хазрети Савбан өз көйгөйүн мындайча түшүндүрдү: 

- Менин бир да жерим ооруп жаткан жок. Ден-соолугум жакшы, йа, Расулаллах! Биз даргейиңизге келип кеткен сайын жамалыңызды көрүп, алдыңызда отуруп, сукбатыңызда болуудабыз. Бирок, Сизди көрбөй калган кездеримде сүйүүм күчөп, Сизге жолукканча кайгыдан тажоодомун. Андан кийин акыретти эстеп, ал жактан Сизди көрбөй калуудан корком. Анткени, Сиз Бейиште башка пайгамбарлар менен бирге жогору мартабаларда болосуз. Мен болсо Бейишке кирсем да Сиздин даражаңыздан төмөн мартабаларда болом дагы Сизди ошол жерде көрө албайм деп кооптонуп жатам. 

Андан кийин Ниса сүрөсүнүн 69 жана 70-аяти карималары түшүрүлдү. Аларда мындай мааниде айтылды: 

"Аллаху таала жана Пайгамбарларга моюн сунгандар, мына ушулар, Аллаху таала өзүлөрүнө немат берген пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер жана жакшы адамдар менен бирге болушат. Алар – эң жакшы шериктер! 

Мына, моюн сунгандарга кылынган бул ихсан Аллаху тааладан. Бардык нерсени билүүчү катары Аллаху таала жетиштүү.”

 Бул аяттарды уккан Хазрети Савбан кубанычтан уча тургандай болду.

 Хазрети Савбан абдан садык, Пайгамбарыбызга чын жүрөктөн берилген, пазилет жаатынан үлгүлүү бир сахаба болчу.

 Хазрети Савбан Расули акрамдын дайыма жанында даяр туруп, кызмат кылгандардын бири эле. Бул жагынан ал Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан көп пайдаланган эле жана илим жагынан абдан бийик даражага жеткен эле. Ошондой эле 124 же 127 хадис риваят кылган эле. Көптөгөн хадиси шарифтерди жаттап, тараткандардын бири болгон эле. 

Ар дайым табылат 

Хадистерди жакшы жаттачу. Жаттаган хадистерин жайылтууну парз деп эсептечү. Эл анын хадис илиминдеги даражасын билгендиктен, андан дайыма хадиси шарифтерди сурап үйрөнчү. Ал накыл кылган кээ бир хадистерде мындай деп айтылган: 

"Менин үммөтүмдүн кээ бирлери мушриктерге кошула турган мезгил келет. Алар сыяктуу буттарга сыйынышат. Жалганчылар пайда болот. Алар өзүлөрүн пайгамбар деп ойлошот. Ал эми мен пайгамбарлардын акыркысымын. Менден кийин эч бир пайгамбар келбейт. Менин үммөтүмдүн ичинен туура жолдо болгондор ар дайым табылат. Аларга каршы болгодор Аллахтын буйругу келген учурга чейин аларга зыян келтире албайт.”

 "Билип койгула, силердин эң жакшы амалыңар - намаз. Жалгыз жетик момун гана даараттуу жүрөт.”

"Кимде-ким Рамазандан кийин алты күн орозо кармаса, бир жыл толук орозо кармагандай болот. Кимде-ким бир жакшылык кылса, ага анын он эсеси берилет.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш