Абдуллах бин Атик


Мединалык алгачкы мусулмандардын бири. 

Мединада хижраттан мурда Хазрети Асад бин Зурара жана Пайгамбарыбыз тарабынан ошол жерге Курани карим жана Исламды үйрөтүү үчүн жөнөтүлгөн Хазрети Мусъаб бин Умайрдын таблиг кызматтары себептүү көптөгөн адамдар ыйман келтирген эле. Пайгамбарыбыздын хижратына чейин эле мусулман болуу сыймыгына ээ болгондордун бири да Хазрети Абдуллах бин Атик эле. 

Хазрети Абдуллах бин Атик Бадр жана Ухуд согуштарында Расулуллахтын жанында көптөгөн кызматтарды аткарган эле. 627-жылы Мединаны коргоо үчүн болгон Хендек согушуна да катышкан эле. 

Ар тараптан жардам беришти 

Меккеде мушриктердин зулумдугунан кутулуу үчүн Пайгамбарыбыз менен мусулмандар Мединага көчүшкөн эле. Бул жерде жашаган Авс жана Хазраж урууларынын баары Исламды кабыл алып, Расулуллахка ар тараптан жардам беришкен эле. 

Аларга көптөн бери душмандык кылып келген яхудилердин жек көрүүлөрү Исламга карата душмандык менен айкалышты. Расулуллах алейхиссаламга душмандык кылып чектен ашкандардын бири да Хайбар яхудилеринин башчысы Абу Рафи Салам бин Абу Хукайк эле.

 Хайбар яхудилеринин башчысы болгон Абу Рафи Исламга катуу душман болчу. Ал көп жолу Расулуллахтын тынчын алып жатканда эле, сахабаларын да жөн койбой жатты. Мүмкүнчүлүк болгондо аларды кыйноого алып жатты. Ал мусулман эместерди Исламга каршы душмандыкта чогултуп, аларды тынымсыз тукуруп жатты.

 Ал бай болгондуктан Расулуллахтын душмандарына дүнүйөлүк жагынан жардам да берип жатты. 

Кутман сахабалар өзүлөрүнө ыраа көрүлүп жаткан кыйноолорго чыдап жатты. Бирок, Расулуллахка ыраа көрүлгөн кыйноого көнүлдөрү таптакыр ыраазы болбой жатты. Ушул себептен улам, алар өз ара чогулуп, көйгөйдү чечүү жолун издешти. Акыры Абу Рафини өлтүрүүнү чечишти. Беш киши бул ишке уруксат алуу үчүн Расулуллахка барышты. 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам уруксат берип, аларга Хазрети Абдуллах бин Атикти башчы кылып дайындады. Абу Рафини гана өлтүрүүнү, аялдарына жана балдарына тийбөөнү буйруду. 

Абу Рафинин өзүнө тийиштүү бекем чеби бар эле. Ал бул жерден сыртка чыкчу эмес. 

Чепке жакын келишкенде Хазрети Абдуллах досторуна мындай деди: 

- Силер ушул жерде калгыла, чепке жакындабагыла! Мен чепте жашаган адамдай болуп, кирүүгө аракет кылам. 

Баары ичке кирсин! 

Чептин дарбазасына аябай жакындап калганда дарбазалар жабылып жаткан эле. Ал дарбазанын жанындагылардын арасына кирип, алардын бирине окшоп бир нерселер менен алагды боло баштады. Ошол учурда дарбазачы кыйкырды: 

- Баары ичке кирсин, дарбазаны жаап жатам, болбосо сыртта калып кетесиңер! 

Хазрети Абдуллах бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дароо ичке кирип келди. Андан кийин эмне болгонун өзү мындайча баяндайт: 

Ичке киргенден кийин акырга кирип жашындым. Мен жашынган жеримден дарбазачыны байкап турдум. Дарбазаны бекитип, ачкычтарды тирекке илип, кетип калды. Мен ачкычтарды алып, ары-бери кыдырып жүрдүм. Карасам, эң үстүнкү кабатта Абу Рафи достору менен сүйлөшүп отурган экен. 

Мен Абу Рафинин сүйлөшүп жаткан жеринен кетишин күттүм. Сүйлөшүүлөр бүтүп, баары тарап, ал жаткандан кийин ишке кириштим. Мен көп эшиктен өттүм. Ар бир эшикти ачкан сайын эшикти ичинен бекитип жаттым. Мен муну Абу Рафинин адамдары мени байкап калышса, аны өлтүргүнчө мага жетиштүү убакыт камсыз кыла тургандай кылып жаттым. Ошентип Абу Рафи уктап жаткан бөлмөгө жеттим. 

Эмне каалайсың? 

Анын бөлмөсү караңгы болгондуктан, жаткандардын кайсынысы экенин биле алуу үчүн "Эй, Аба Рафи” деп чакырдым. "Ал ким?” – деп, жаткандардын биринен үн чыкты. Мен дароо үн чыккан тарапка секирип, кылычымды шилтедим. Бирок, кылыч толук тийбей калды. 

"Жардам бергиле, бирөө мени өлтүргүсү келип жатат!” – деп кыйкырды. Бул арада мен дароо сыртка чыгып, башкача үн менен айттым:

 - Эй, Аба Рафи, эмне каалайсың?

 - Тозоктун отуна күйсүн! Сен чакырганга чейин бирөө келип, бөлмөдө мени кылыч менен жаралады!

 Эми мен максатымды так аныктадым. Дагы жакшы бир кылыч соккусу урдум. Ал дагы эле жыгылган жок. Бул жолу кылычымды анын курсагына сайдым. Жерге кулаганда бөлмөдөн чыгып, тепкичтен бирден-экиден секирип түшө баштадым. Акыры тепкичтин аягына келдим деп ойлоп, өзүмдү жерге таштадым. Бирок, мен жогоруда болчу экенмин. Мен жерге жыгылып, балтыр сөөгүмдү сындырып алдым. Бутумду чүпүрөк менен ороп, ошол жерде отурдум да, өзүмчө: "Мен аны өлтүрдүмбү же жокпу, жакшылап билмейинче бүгүн кечинде чептен чыкпайм”, - дедим.

 Мен катуу ооруп жана кыйналып күтө баштадым. Бир аздан кийин чептин дубалдарына бирөө чыгып кыйкырды:

 - Эй, Хижаз калкы! Улуу соодагер Абу Рафи өз бөлмөсүндө өлтүрүлгөн абалда табылды. Мен жарыялап жатам! 

Абу Рафинин иши бүттү! 

Эми максат аткарылган эле. Кубанычтан бутумдун ооруганын эчак эле унутуп койгон элем. Мен дароо досторума бардым да, мындай дедим: 

- Мына эми биз кутулдук! Абу Рафинин иши бүттү! 

Баарыбыз бирге Расулуллахтын алдына барып, сүйүнчүлүү кабарды жеткирдик. Расулуллах абдан кубанды. Бутумдун сынганын угуп, мага мындай деди: 

- Бутуңду сун!

 Мен да бутумду сундум. Расулуллах хазреттери бутумду сылады. Кудум ооруну таптакыр сезбеген адамга айлангандай болдум. Сынык толугу менен айыгып кеткен эле.

 Хазрети Абдуллах бин Атик бул чакан жортуулдан кийин Хайбарды фатх кылууга катышып, бул жерде да чоң пайдаларын тийгизди. Андан кийин Меккенин фатхына жана Хунайн согушуна катышып, көп кызмат кылды. 

Абдуллах бин Атик хазреттери муртаддар менен болгон согушта абдан сагынган шейиттик даражасына жетти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш