Абу Салама


Өзү жалгыз хижрат кылган сахаба.

Аллаху тааланын буйругу менен сүйүктүү Пайгамбарыбыз мусулмандарга Мединага хижрат кылууга уруксат берди. Ошондон кийин көптөгөн сахабалар хижратка даярдана башташты.

Хазрети Абу Салама да төөсүн алып келип, ага аялы минди. Баласын кучагына отургузду. Жаныбардын тизгинин тартып, одунан тургузганга аракет кылып жатты. Ошол маалда жаалданган кишилер келип, колундагы тизгинди алышты.

Хазрети Абу Салама эмне болгонун түшүнө алган жок. Адамдар аялына кыйкырып жатышты:

- Төөдөн түш! Бол, тезирээк!

Ал биздин уруунун кызы

Булар Мугира уулдары болуп, анын аялынын туугандары эле. Бир жагынан аялды күч менен тартып, экинчи жагынан күйөөсүнө:

- Сен өзүң бизди укпадың! Буттарыбызды таштап мусулман болдуң. Эми болсо биздин уруунун кызын ала качууга аракет кылып жатасың! Аны дагы каякка алып барасың? Буга эч качан жол бере албайбыз, - деп кыйкырып жатышты.

Албетте, баласы да энеси менен төөдөн түшүрүлдү. Ансыз да анын колун бекем кармап жатышты. Мугира уулдары көпчүлүк эле. Ал бейбаштар менен күрөшүү мүмкүн эмес эле. Ушуга карабастан, талаш-тартыш өтө узакка созулду. Окуяны уккан Асад уулдары да ошол жакка чуркашты. Алар болсо Хазрети Абу Саламанын уруусунан эле. Эмне болгонун сурашты. Алардын да көбү мусулман эмес эле. Бирок, ушуга карабастан сурап туруп алышты:

- Эгер силер биздин тууганыбыздын аялын жибербей жаткан болсоңор, анда биз да анын баласын силерге калтырбайбыз!

Энесинин колунан ажырагысы келбеген наристени сүйрөп жатышты. Чыр-чатактын ортосунда кичине бала ыйлай баштады. Анткени, колу чыгып кеткен эле. Мынчалык зулумдуктан кийин баланы Асад уулдары, энесин болсо Мугира уулдары алып кетишти. Хазрети Абу Салама ал жерде төөсү менен гана калды.

Алгачкы мусулмандар да ушундай азаптарга, кыйноолорго жана кырсыктарга көнүп калышкан эле. Алар окуяларга сабыр жана чыдамкайлык көрсөтүүгө аракет кылып жатышты. Анткени, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буйругу ушундай болчу.

Мына ушундан улам Абу Салама хазреттери Хижратты өзү жалгыз улантууга чыдады. Аллахтын ыраазылыгына жетүү үмүтү менен жолго чыкты. Көздөрүнө жаш тегеренип, акыры Мединага жетип барды. Меккеде калган аялы болсо күн сайын эртең менен шаардын сыртындагы Абтах деген жерге чыгып жатты. Ал жерде Мединадан келген жүргүнчүлөрдү күтүп, күйөөсүнөн кабар алууга аракет кылып жатты.

Бир да адамгерчилик жокпу?

Жанында эч ким жокто көпкө ыйлап жатты. Күч менен ажыратышкан уулу менен аялын жоктоп ыйлап жатты. Агасынын уулдарынын бири Аны ошондой абалда көрүп калды. Анын аянычтуу абалына боор ооруду. Ал түз эле өз уруусундагы ээн баштарга барып кыйкыра баштады:

- Качанкыга чейин бул бечарага дагы зулумдук кыласыңар? Аны күйөөсүнөн да, уулунан да ажыраттыңар. Силерде бир да адамгерчилик жокпу? Анын үстүнө өз тууганыңарды кыйнап жатасыңар.

Бул сөздөрдөн кийин заалымдар ынсапка келишти. Андан кийин кайгылуу аялга:

- Кааласаң күйөөңдүн жанына барсаң болот, - дешти.

Анын Мединага жибериле турганын билген Асад уулдары да чыдап тура алышкан жок. Баласын алып келип, ага тапшырышты.

Аллахтын жана Расулуллахтын жолунун жолоочулары жарык күндөрдү көздөй басып бара жатышты. Хазрети Саламанын эне-атасынын дубалары кабыл болгон эле. Узакка созулган ажырашуу жана сагынычтан кийин акыры Кубада бардыгы жолугушту.

Хижраттан кийин куттуу Мединада Исламдын жана Абу Саламанын үй-бүлөсүнүн жакшы күндөрү башталды. Бардык момундар Исламды жайылтуу үчүн катуу аракет кылып жатышты. Бадрда меккеликтерге каршы биринчи жеңиш болду. Бул жеңишке жеткен мужахиддердин бири да Хазрети Абу Салама эле.

Хазрети Абу Салама сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жакын тууганы болгон. Хазрети Абу Саламанын апасы Пайгамбарыбыздын таежеси эле. Хазрети Абу Салама жихад же согуш болбогондо көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылган.

Сүйүндүрүүчү сөз

Бир күнү Масжиди Набавиден кубаныч менен үйүнө келди. Аны тосуп алган жубайына мындай деди:

- Азыр эле мен Аллаху тааланын Расулунан өтө сүйүндүрүүчү бир сөз уктум.

Жубайы кызыгып сурады:

- Жакшылык болсун Кудай кааласа! Эмне уктуңуз?

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мусулмандар, ар кандай кыйынчылыкка кабылса, Инна лиллахи ва инна илайхи ражиун дегенден кийин, Йа, Рабби! Мен кабылган ушул кыйынчылыктын сооп-сыйлыгын ихсан кыла көр. Мага андан да жакшыраагын бере көр деп дуба кылса, Аллаху таала анын дубасын кабыл кылат”, - деп буюрду.

Алар дагы көпкө сүйлөшүштү. Бир убакта аялы айтты:

- Эй, Аба Салама!.. Кел, сени менен келишим түзөлү.

Күйөөсү таң калып сурады:

- Тынччылыкпы! Кандай келишимди каалап жатасың?

- Кимибиз биринчи өлсөк, калганыбыз кайра үйлөнбөсүн! Буга убада бере аласыңбы?

Абу Салама бираз ойлонуп туруп сурады:

- Эй, жубайым! Сен мени угуп баш ийесиңби?

- Ооба! Угам жана баш ийем.

- Сен менин сөзүмдү ук жана мен өлсөм турмушка чык!

Хазрети Абу Салама ушинтип айткандан кийин колдорун жайып, ошол бекем ыймандуу жубайына жана бардык мусулмандарга дубаларды кылды.

Бадрдагы жеңилүүнүн отуна күйгөн Курайш мушриктери бардык өчтөрү менен Ухудда чабуул жасашты. Алар Мединанын айланасындагы яхудийлерди да тукуруп жатышты. Ошол казаттын чыныгы каармандарынын бири Хазрети Абу Салама болчу. Ал бүт ыйманы, бар күчү менен согушуп жатты. Анын негизги максаты шейит болуу эле. Бирок, ал колунан жана муунунан гана жаракат алды. Жарааты кичине болсо да кан жоготуп жатты.

Мушриктерди таркатып салышты

Казаттан кийин да көпкө чейин үйдө жатты. Аялы аны өтө жакшы дарылап жатты. Бир айдан кийин айыгып, ордунан турду.

Исламдын чек аралары кеңейген сайын душмандары да көбөйө баштады. Кутн аймагындагы кээ бир уруу башчылары дагы эле текебердик кылып, менменсинип жатышты. Ал жерде башталган чагымчыл окуялардан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир эскертүү жасоо аракетин туура көрдү. Бул ишке Хазрети Абу Салама менен анын кээ бир достору милдеттендирилди.

Алар да кыска убакыттын ичинде Кутндун айланасындагы козголоңчуларды жана мушриктерди таркатып салышты. Көп олжо алып, Мединага кайтып келишти. Кайтып келе жатканда Хазрети Абу Саламанын ден соолугу начарлады. Анткени, Ухудда алган жаракаты кайра ачылган эле. Бардык аракеттерге карабастан, ал көп кан жоготуудан көз жумду.

Умму Салама айым күйөөсү Абу Салама шейит болгондон кийин "Инна лиллах ва инна илайхи ражиун” дегенден кийин дуба кылды.

Аягында түз эле сүйүктүү Пайгамбарыбыздын алдына барып мындай деди:

- Йа, Расулаллах! Абу Салама кайтыш болду.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам ордунан туруп, эжесинин уулун көргөнү барды. Куттуу колдору менен али ачык турган көздөрүн жапты да, мындай деди:

- Чындыгында, рух алынып жатканда көз рухтун артынан карап калат!

Периштелер оомийн деп жатышат

Расулуллах алейхиссалам ошол учурда ыйлап, сыздап жаткан аялдарга жана үйдөгү башка адамдарга:

- Силер азыр өзүңөр үчүн жакшылыктан башка дуба кылбагыла. Анткени, периштелер ушул учурда дубаңарга оомийн деп жатышат, - деп эскертти.

Андан кийин болсо минтип дуба кылды:

- Йа, Аллахым! Абу Саламаны ырайымыңа жеткире көр! Туура жолго түшкөн пенделериңдин арасында даражасын бийиктет! Артында калгандардан ага жакшы бир жолун жолдоочу ихсан кыла көр! Бизди жана Аны кечире көр. Аны кабырында кубанта көр жана нурданта көр.

Хазрети Абу Салама Мединадагы Бакиъ көрүстөнүнө коюлду. Мубарек аялы дайыма болгондой сабыр кылды, дубаларды кылды. Анын жетим калган перзенттери менен оокат кылуу түйшүгүн чечүүгө аракет кылды.

4-5 айдан кийин Пайгамбарыбыз досторунун бирин ага жиберди. Келген зат мындай деди:

- Сүйүнчү эй, Умму Салама! Расулуллах хазреттери Аллахтын буйругу менен сени никесине алгысы келет.

Бул чоң куш кабарга карабастан, Хазрети Умму Салама ойлуу көрүнүп жатты. Бираздан кийин ал мындай деп жооп берди:

- Эй, Расулуллахтын элчиси! Кош келиңиз, кубанычтар алып келдиңиз! Бирок, мына бул маселелерди Хазреттерибизге сунууга тийишсиң:

1) Мен кары жана кызганчаак аялмын. Балким, мен орунсуз бир иш кылып коюп, кийин Аллахтын каарына учуроодон корком.

2) Менин жетим балдарым бар. Аларды да багуу Өзүнө жүк болуп калбайбы?

3) Никемди жасай турган велилерим (ата-энем) жанымда эмес.

Элчи бул маселелерди дал өзүндөй сүйүктүү Пайгамбарыбызга сунду.

Биз да карып калдык

Бир нече күндөн кийин эки дүнүйөнүн Султаны өзү келди. Абдан толкунданган хазрети Умму Саламага сунушун Өзү кайталады. Жана мындай деди:

- Билесиң, биз да карып калдык. Кийин сенин ошол кызганчаак абалыңды кетирүү үчүн Аллаху таалага дуба кылабыз. Балдарыңа келсек, алар Биздин да балдарыбыз. Велилериңдин арасында биздин баш кошуубузду каалабаган адам чыкпайт.

Ошентип, Аллахтын буйругу менен никелери кыйылды. Хазрети Абу Саламанын ардактуу жубайына айткан осуяты да орундалган болду.

Абу Саламанын чыныгы аты Абдуллах, атасы Абдуласад, энеси Абдулмутталибдин кызы Барра эле. Ал окуганды жана жазганды өтө мыкты билчү жана каалагандардын баарына үйрөтчү...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш