Салама бин Аква


Жөө аскерлердин эң rайырлуусу (мыктысы, жакшысы). 

Худайбия келишими түзүлгөн күндөрдүн биринде эле. Худайбияда көңүл түйшөлткөн жана кооптуу күтүү өкүм сүрүп жатты. Кутман сахабалар Самура дарагынын түбүнө чогулуп, өмүрлөрүн ортого коюп Аллахтын Расулуна биъат кылып жатышты. Алардын арасында күчтүү жана эр жүрөк Салама бин Аква дагы бар эле. Расулуллах алейхиссалам: 

- Салама кайда? Келип биъат кылсын! – деп чакырды. 

Салама кайрадан биъат кылды. Мындай абал үч жолу кайталанды. Хазрети Салама ар бир биъаттын аягында Расулуллахка байлануу үчүн толук үч жолу сөз берген эле. 

Абаң менен сенин абалың 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Саламаны куралсыз көргөндө бир калкан берген эле. Үчүнчү биъаттан кийин Саламанын колундагы калканды көрө албаган Расулуллах хазреттери сурады: 

- Мен сага берген калкан кайда? 

- Йа, Расулаллах! Абам Амир куралсыз эле. Ага бердим. 

Расулуллах хазреттери жылмайып: 

Абаң менен сенин абалың, "Йа, Раббим! Мага өзүмдөн да сүйкүмдүү бир дос бере көр” деп дуба кылган адамдын абалына окшош. 

Биъаттан кийин сахабалар тарап кетишти. Салама болсо алыстагы бир бактын түбүнө барып эс алып жатты. Ошол убакта анын жанына төрт кишиден турган душман тобу келип, Расулуллахка тил тийгизе башташты. Расулуллахка өмүрүн ортого коюп байланууга сөз берген эр жүрөк сахаба ачуусун араң басып турду. Анткени, Расулуллах сахабаларды мушриктерге каршы кандайдыр бир иш-аракет кылууга тыюу салган эле. Ал ордунан туруп, башка бактын түбүнө барды. Мушриктер да куралдарын даракка илип, эс алып жатышты. 

Ошол маалда өрөөндүн төмөн жагынан бир үн угулду: 

- Жардамга эй, мухажирлер! Ибни Зунейн өлтүрүлдү! 

Бул кабарды уккан Салама мындан ары чыдай албады. Ал кылычын алды. Уктап жаткан мушриктердин алдына акырын келди. Алардын даракка илинип турган кылычтарын алды. Андан кийин кыйкырды: 

- Кыймылдагандын башын кесем! 

Капысынан эмнеге туш болгонун түшүнбөй калган мушриктер коркуп титирей башташты. Салама: 

- Ордуңардан тургула да, артыңарды карабай алдыма түшкүлө! – деп буйрук берди. 

Сиздин буйругуңузга даярмын 

Алардын баарын алдына салып айдап, Расулуллахтын даргейине алып келди. Расулуллах бере турган буйрукка жараша иш кылмак. Расулуллахтын согушпоо келишимин бузгусу келген жок. Ошондуктан, мындай деп буюрду:

 - Жамандыктын башы да, аягы да алардыкы болсун. Аларды бошотуп жибергиле!

 Худайбия келишимине ылайык мусулмандар Мединага кайтып келе жатышкан. Кечинде алар дагы эле мушрик болгон Лихян уулдары уруусуна жакын жерге жайгашышты. Ортодо бийик дөбө бар эле. Расулуллах хазреттери түндө душманга көз салып туруу үчүн бир ыктыярчыны издеп, ал үчүн Аллахтан кечирим тилей турганын айтты. Салама дароо алдыга чуркап:

 - Мен Сиздин буйругуңузга даярмын йа, Расулаллах!

 Ал ошол түнү душмандын кол салуу коркунучуна көңүл бурбай, жалгыз өзү көз салып турду. Кайраттуулугун жана жан аябастыгын дагы бир жолу далилдеди.

 Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын төөлөрүн Мединада жайлоого алып баруу милдетин бир чабан менен бирге Пайгамбарыбыздын кызматчысы Рабах өзүнө алган эле. Хазрети Салама тегерек душман урууларына толуп турган убакта төөлөргө кол салууга учурашы мүмкүн деп ойлоп, Рабах менен бирге барды. Габе тоосунун бооруна жеткенде Абдуррахман бин Авфтын кызматчысын жолуктурушту. Кызматчы аябай толкунданып турган эле. Хазрети Салама андан сурады:

 - Аллах сага жакшылык берсин, сага эмне болду?

 - Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын төөлөрүн алып кетишти. 

- Ким алып кетти? 

- Гатафан жана Фезари уруулары. 

Мен Акванын уулумун 

Ошентип, жагдайды түшүнгөн Салама дароо Мединага кабар берүү үчүн Рабахты жөнөттү. Ал өзү келе турган жардамчы күчтөрдү күтүп отурбастан жалгыз каракчылардын изине түштү. Ал жөө эле, бирок, абдан ылдам чуркап бара жатты. Акыры аларды кууп жетти. Салама бин Акванын кылычы менен жаасы жанында болчу. Ал дароо жаасына жебе салып, аларга жебелерди жаадыра баштады. 

Салама бин Аква бул абалды мындайча баяндайт:

 Алардан бир атчан адамды кууп жетип: "Мына сага! Мен Акванын уулумун! Бүгүн шерменделердин өлөр күнү!” – деп, ага бир жебе аттым.

 Жебемдин темири адамдын далысын тешип өттү. Аллахка ант болсун, мен аларга тынымсыз жебе атып жаттым жана аларды өлтүрүп жаттым.

 Мен токойлуу бак-дарагы жыш бир жерде болчумун. Бир атчан аскер бурулуп, мени көздөй келе баштаганда бир бактын түбүнө отуруп алдым. Андан кийин бир жебе атып, аны өлтүрдүм. Мени көздөй бурулуп мен өлтүрбөгөн бир атчан болгон жок. Тоо жолу тарайып, мушриктер капчыгайдын тар, жебе жетпеген жерине киргенде мен да тоого чыгып, аларга таш ыргыта баштадым.

 Аллах жараткан макулуктарынын болуп, Расулуллах алейхиссаламга таандык болгон төөлөрдү алардан куткарып, кайра алганга чейин аларга жебе атып, таш ыргыта бердим. Андан кийин аларды кууй баштадым. Мен аларга жебе, таш жаадыра бердим. Мушриктер мага туруштук бере албастыгын түшүнүшкөн соң бир нече төөлөрдү жана бир нече найзаларды калтырып, качууга аргасыз болушту. 

Бизди жүдөттү 

Мен алар таштап кеткен буюмдарды Расулуллах алейхиссалам таанысын деп, белги коюп жолго таштап бара жаттым. 

Таң аткан убакта Уйайна бин Хысн ал-Фезари чабуулчу мушриктерге жардамга келген эле. Алар отуруп таңкы тамагын жей башташты. Мен болсо алардын үстүндөгү кичинекей тоонун чокусуна барып отурдум. Уяйна алардан сурады: 

- Мен силерде көргөн бул аянычтуу абал эмне? 

Алар да мындай дешти: 

- Тигил адам бизди жүдөттү. Кудайга ант болсун, таң заардан бери артыбыздан кетпей койду. Колубуздагы нерселердин баарын таштаткыча бизге жаа атты. 

Уйайна жооп берди: 

- Артыңарда таштап кеткен нерселерди изилдеп көрсөңөр жакшы болмок. Араңардан бир нече киши туруп, аны көздөй жөнөсүн! 

Уйайнанын буйругу менен төрт киши ордунан туруп, Саламага жакындаш үчүн тоого чыгышты. Салама андан кийин эмне болгонун мындайча баяндайт: 

- Мени тааныйсыңарбы? 

- Жок, тааный алган жокпуз! Сен кимсиң? 

- Мен Салама бин Аквамын! Аллахка ант берем, мен силерден кимди кармагым келсе аны сөзсүз кууп жетем! Силерден мени кармагысы келген адам мени эч качан кууп жете албайт! 

Араларынан бирөө аларга: "Мен да ал ушундай деп ойлойм!” – дегенде, артка бурулуп кетишти. 

Шейиттик менен ортобузга кирбе! 

Ошентип, мен да тоодон түшүп, Ахремдин жолун тосуп, атынын тизгинин кармап мындай деди: 

- Эй, Ахрем! Бул уруудан алыс бол! Расулуллах алейхиссаламдын сахабалары жетип келгиче сени жүрөгүңөн атып өлтүрбөйт деп ишене албайм! 

Ахрем мага мындай деп жооп берди: 

- Эй, Салама! Эгер сен Аллахка жана акырет күнүнө ишенсең, Бейиш менен Тозокту хак жана чындык деп билсең шейиттик менен ортобузга кирбе! 

Ошондон кийин мен анын атынын тизгинин коё бердим. Андан кийин Ахрем эч ойлонбостон атын каракчыларды көздөй сүрдү. Бирок, мушриктер аткан жаанын окунан шейит болду.” 

Салама бин Аква мындай дейт: 

Чабуулчу мушриктер чарчатып дөбөдө калтырып кеткен эки атты алдыма салып, Расулуллах хазреттерине алып келе жатсам, абам Амир бир тулуп суу кошулган сүт жана бир тулуп суу менен кезигип калды. Суу менен даарат алдым, сүттөн да ичтим. Андан кийин Пайгамбарыбыздын даргейине келдим. 

Өзү мен чабуулчу мушриктерге суу ичирбей койгон суунун башында Зу Каредде эле. Жанында болсо беш жүз адамдан турган жамаат бар эле. 

Жумшак мамиле кыл 

Мен болсо Расулуллах алейхиссаламдын атчан аскерлеринин келгенин көргөнчө ордумдан жылбадым. Атчан аскерлер бактардын арасына кире башташты. Алардын биринчиси Ахрем Мухриз ал-Асади болчу. Анын артында Расулуллах хазреттеринин атчан аскерлери Абу Катада жана Микдад бин Асвад бар болчу. Чабуулчу мушриктер артка бурулуп качып кетишти. 

Расулуллах алейхиссалам мен чабуулчу мушриктерден куткарып, артта калтырып кеткен төөлөр менен мушриктерге калтырган нерселердин баарын, бардык найзаларды жана кийимдерди алган эле. Мен айттым: 

- Йа, Расулаллах! Мен аларга суу ичирбей койгон элем. Алар азыр катуу суусап, согушууга күчү жетпейт. Жүз кишини мага берсеңиз, аларды кууп кетип, колдорунда калган башка төөлөрдү да куткарсам, алардын эч кимисин тирүү калтырбай өлтүрүп салсам болобу? 

Расулуллах алейхиссалам болсо менден сурады: 

- Эй, Салама! Эгер мен сени коё берсем, сен ушул айтканыңды кыла аласыңбы? 

- Ооба! Сизди пайгамбарлык менен сыйлаган Аллаху таалага ант берем, мен кыла алам!

Расулуллах хазреттери жылмайып мындай деди: 

- Аларга азыр Бани Гатафандардын жеринде тамак тартууланып жаткан болсо керек! Күчүң жетеби, жумшак мамиле кыл, кечиримдүү бол, катуулукту ташта! 

Салама айтат: 

"Түнү Расулуллах алейхиссалам жана сахабалары Билал Хабаши бышырган эттен жеп жатканда Гатафандыктардан бир киши келип, мындай деди: 

- Баланча киши аларга төө сойдурткан эле. Алар төөнүн терисин сыйрып жатышканда алыстан чаң көтөрлүгөнүн көрүштү. "Силердин артыңардан мусулмандар келе жатышат!” – дешип, качып жөнөштү. 

Жөө аскерлердин кайырлуусу 

Эртең менен турганыбызда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

 - Бүгүн биздин атчандардын эң кайырлуусу Абу Катада болду. Жөө аскерлерибиздин эң кайырлуусу Абу Салама болду!

 Муну айткандан кийин мага бирөө атчан, бирөө жөө аскер үлүшү катары эки үлүш берип, экөөсүн мен үчүн бириктирди.”

 Салама мындай дейт:

 "Ачкалыгым менен чарчоомду сахабаларга жолукканда гана сездим. Ошол жерде бир чыны сүт ичип, суу менен даарат алганымда ачкалыгым да, чарчоом да калган жок.”

 Чабуулчу мушриктер айдап кеткен жыйырма төөнүн ону куткарылган эле. Калган он төө болсо качып жөнөгөн мушриктердин колунда болчу.

 Салама бин Аква мындай дейт:

 "Расули акрам алейхиссалам мени төөсүнө учкаштырып алган эле. Мединага кайтып кирип бараткан учурда чуркоодо эч ким жеңе албаган ансарлардан бир зат мындай деди:

 - Мединага чейин мени менен чуркоого жарыша турган атаандаш жокпу?

 Ал бул сөздөрдү кайталап тура берди. Мен бул сөздөрдү укканда абдан чарчаганыма карабай мындай дедим:

 - Йа, Расулаллах! Мага урусат берсеңиз, ушуну менен жарышайын.

 Расулуллах буюрду:

 - Эгер жарышкың келсе жарыш!

 Мен ал кишиге айттым: 

- Кана, сен Мединаны көздөй чурка!

 Ошентип мен дароо төөдөн секирип түштүм. Буттарымды чыңдап чуркай баштадым. Акыры мен аны кууп жеттим. Мен анын эки күрөгүнүн ортосуна колум менен уруп, мындай дедим:

 - Кудайга ант болсун, мен сенден озуп кеттим!

 Ал дагы мындай деп жооп берди:

 - Мен да ошондой деп ойлойм!

 Ошентип, Мединага чейин анын алдында чуркап бардым.” 

Суусунубуз канды 

Салама бин Аква мындай дейт:

"Биз Расулуллах алейхиссаламдын буйругу менен Худайбияга келдик. Ошол күнү биз жүз кишиден турган он төрт бөлүк болчубуз. Кудуктун жанында элүү кой да бар болчу. Кудуктун суусу бул койлорго да жетпей жатты.

 Расулуллах алейхиссалам кудуктун четине отуруп дуба кылды. Ошол замат кудуктун түбүнөн суу атылып чыгып, көтөрүлө баштады. Биз ошол жерде койлорду да сугардык, суусунубуз да канды.”

 Салама андан кийинки жашоосунда көп эрдиктерди көрсөттү. Өмүр бою 14 казатка катышкан болуп, анын жетөөсү Расулуллах менен бирге болгон эле. Алардын баарында эрдик көрсөтүп, тилдерге дастан болду.

Көп жолу Расулуллахтын илтифат жана дубаларын алган бул куттуу сахаба Мединада хижраттын 74-жылы сексен жашында көз жумду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш