Нуман Бин Мукаррин


Кутман сахабалардын белгилүү колбашчыларынын бири. 

Хазрети Омар кутман сахабаларды чогултуп сурады: 

- Мен бир аскер түзүп, аны Иранга жибергим келет. Бул маселе боюнча силердин ой-пикириңер кандай? 

Ар кандай ой-пикирлер айтылды. Сахабалардын бири мындай деп сунуш кылды: 

- Шам жана Йемен аскери толугу менен Иран чек арасына карай сапарга аттансын. Сен да Мекке жана Мадина калкы менен Басра жана Куфа тарапка баргыла, бардык мусулмандарды капырларга каршы жибер! 

Хазрети Али ордунан туруп, өз оюн айтты: 

- Эй, момундардын эмири! Эгер Шам аскерин Иранга жибере турган болсоң, гректер алардын бала-бакырасына кол салат. Эгер Йемен аскерин жибере турган болсоң, анда хабаштыктар бул жакка өтөт. Эгер бул аймакты жалгыз калтырсаң, айланабыздагы арабдар козголоң чыгарып, чыккынчылык кылып, сенин алдыңдагы ишиңди унуттурат. 

Ордунда калсын

 Булар ордунда калсын. Басра эли үчкө бөлүнсүн. Бир бөлүгү бала-бакырасын коргош үчүн калсын. Бир бөлүгү болсо ахл-и зимматтын, башкача айтканда, мусулман эмес, хараж жана жизйа берген жарандарды коргош үчүн башчы катары калсын. Үчүнчү бөлүгү болсо Куфа аскерлерине жардам берүү үчүн жүрүш жасасын. 

Эгер перстер сени чек арадан көрүшсө, момундардын эмири, арабдардын кол башчысы деп көбүрөөк каалоо менен кол салышат. Алардын санынын көптүгүнө келсек биз али сандын көптүгү менен согушкан жокпуз. Аллаху тааланын жардамы менен аракет кылдык, жеңишке жетиштик.

Хазрети Омар бул пикирди туура көрүп, мындай деди: 

- Бул ишке ирактык колбашчылардын бирин тандагыла, чек ара маселелерин ага тапшырайын! 

Кеңешме тобунун курамына киргендер: 

- Сен аскердин абалын жакшыраак билесиң. Анткени, сен алар менен көрүштүңАлардын жагдайынан кабардарсың. Аларды жакшы билесиң, - деп сунуш кылышты. 

Ошондон кийин Хазрети Омар Нуман бин Мукаррин ал-Музенини кол башчы кылып дайындады. 

Нуман бин Мукаррин бир канча Куфа аскерлери менен Жундишапур жана Сус аскер тобунда болчу. Хазрети Омар ага жазуу түрүндө буйрук жөнөтүп, тегерегиндеги аскерлерди чогултуп, Нихавентке чабуулга өтүүгө буйрук берди. 

Ал Куфанын башкы командачысына да элди Аллахтын жолунда согушууга үндөп, аларды Нуман бин Мукарриндин буйругуна жөнөтүүсү үчүн кат жазды. Аймактагы колбашчыларга Ахваз аскерлери менен Фарис жана Исфахан чек араларында күтүүлөрүн жана Нихавенттин ошол тараптан келе турган жардамын токтотууну буюрду. 

Такбир үндөрү 

Нуман бин Мукаррин Хазрети Омардын буйругу боюнча аскери менен жүрүш жасады. Бул аскерге Куфадан Хузайфа бин Йаман кол башчылыгында күчтөр менен Мугира бин Шуъба кол башчылыгында Мединадан келген күчтөр да кошулду. Нуман бин Мукарриндин жанында 30 миңге жакын аскер чогулду. Иран аскеринин саны болсо 150 миңдей эле. Ирандын башкы кол башчысы Фирузан болчу. 

Нуман бин Мукарриндин аскеринде Жарир бин Абдуллах Бежелли, Мугира бин Шуъба сыяктуу улуу инсандар, Тулейха бин Хувайлид, Амр бин Маъдыкариб сыяктуу миңге жакын баатырлар бар болчу. 

Нуман хазреттери Тулейха менен Амрды чалгындоо үчүн Нихавентке жөнөттү. Алар эч кимди жолуктурбай артка кайтышты. Ислам аскери менен Нихавенттин ортосундагы аралык жыйырма сааттан ашык болчу. Бул аралыкта эч кандай кооптуу абал жок экенин түшүнгөндөн кийин Нихавентти көздөй жүрүш башталды. 

Бир шаршемби күнү эки кошуун бири-бирине туш келди. Нуман бин Мукаррин такбир айткан кезде бүткүл Ислам кошууну такбир айтты. Такбирдин үнүнөн жер менен асман жаңырды. Такбирдин үндөрү Иран кошуунунда терең коркунуч пайда кылды. 

Нуман бин Мукарриндин командачылыгындагы Ислам аскери менен Нихавентке жакын жерде бутпарас Иран аскеринин ортосунда согуш башталды. Иран аскери тегерегин аңгектер жана көптөгөн тоскоолдуктар менен бекемдеген болчу. Ирандыктар өз аңгектеринен каалаган убакта чыгып, андан соң кайра кайтып келе алышчу. Ошондуктан, согуштан эч кандай жыйынтык чыкпай жатты. 

Бир убакта Иран аскери аңгектерден чыгып, Ислам аскерине жакын жерге чейин келип жаа ата баштады. Мусулмандардан жаралангандар болду. Ал күнү Жума болчу. Нуман хазреттери Ислам аскерине: 

- Момундардын эмири минбарга чыгып, хутбада мусулмандардын жеңиши үчүн дуба кылгыча кол салбай тургула, - деп буйрук берди. 

Бизге жакындап келишти 

Ошол убакта Мугира бин Шуъба Нуман хазреттерине айтты: 

- Кырдаалды көрүп турасың. Алар бизге жакындап келишти. Алар бизди көздөй жүрүшкө өтүштү. Жаа атып, кээ бирибизди жарадар кылышты. Эми чабуулга өтөлү. 

- Ооба, туура. Сен тилдерге дастан болгон инсансын. Бирок, мен Расулуллахтын согуштарында болдум. Эгерде сутканын алгачкы сааттарында согушпаса, күндүн ысыгы кетип, шамал согуп, Аллаху тааланын жардамы келгенге чейин согушту кечиктирчү. 

Андан соң Нуман бин Мукаррин атына минип, аскерди кыдырды. Ар бир туунун алдында туруп, аларды согушка үндөп шыктандырды. Кийин мындай деди: 

- Мен тууну үч жолу желбиретем. Биринчи желбиреткенде ар ким өз муктаждыгын кетирип, даараттарын жаңылашсын. Экинчиде согушка даяр болушсун. Үчүнчүдө баарыңар чабуулга өткүлө. Эгер мен болсом да кимдир бирөө шейит кетсе, эч ким анын алдында жыйналбасын. Эч ким чабуулдан артка чегинбесин! - деди. 

Анан минтип дуба кылды: 

Аллахым! Мусулмандардын жеңишке жетүү жолунда Нуманга шейиттик ихсан кыла көр. Жеңишти насип кыла көр! 

Бүткүл Ислам аскери "Оомин” дешти. 

Хазрети Нуман тууну үч жолу желбиретти. Андан соң Ислам аскери чабуулга өттү. Согуш башталган эле. Катуу согуш болду. Мусулмандардын бири жерге жыгылган эле. Бул Ислам аскеринин кол башчысы Нуман бин Мукаррин эле. Нуман бин Мукаррин: 

- Үстүмдү бир кийим менен жаап койгула, күтпөстөн душманга кол салгыла, бул жагдайым силерди коркутуп, бошоңдотпосун, - деп буюрду. 

Эч ким жыгылган менен алаксыбасын 

Нуман бин Мукаррин жерге жыгылганда тууну Хузайфа бин Йаман көтөрдү. Ошол учурдагы көрүнүштү Хазрети Маъкил бин Йасар мындайча баяндайт: 

"Нуман бин Мукаррин жарадар болуп жыгылганда мен анын жанына бардым. "Эч ким эч ким менен алаксыбасын, эгер мен болсом дагы”  сөзү эсиме түшкөндө мен ал жерде күткөн жокмун. Мен жөн гана белгилүү болсун деп бир белги койдум. Душман колбашчылары өлтүрүлгөндө анын тегерегине топтолуп, согушка анча кызыкпай калышчу. 

Акыры Иран аскеринин кол башчысы өзүнө таандык боз качырынан жыгылып, курсагы жарылып кеткен эле. Ушундай себеп менен Аллаху таала мусулмандарды жеңишке жеткирип, Иран аскери жеңилген эле. Согуш бүткөн эле. Нуман бин Мукарринге бардым. Ал көз жумуу алдында эле. Суу алып келип, жүзүн жуудум. Ал менден сурады: 

- Сен кимсиң? 

- Мен Маъкил бин Йасармын. 

- Мусулмандар эмне кылышты? 

- Аллаху таала жеңишти насип кылды. 

- Алхамдулиллах! Бул жеңишти Хазрети Омарга жазгыла.” 

Ошондон кийин Хазрети Нуман бин Мукаррин калимаи шахадатты айтып, шейит болду. 

Нуман бин Мукарриндин шейит болушу жана мусулмандардын жеңиши тууралуу кабар Медина-и Мунавварага кеч жеткен болчу. Хазрети Омар тынымсыз Ислам кошуунунун жеңиши үчүн дуба кылып жатты. Мединалык аалымдардан жашы улуу бир зат мындайча баяндады: 

Мединага чабан келип сурады: 

- Нихавент жана Ибни Мукарринден кабарыңар барбы? 

- Эмнеге сурап жатасың? 

- Жөн эле, сурап жатам да! 

Бул жагдай Хазрети Омарга кабарланды. Хазрети Омар аны чакырып, мындай деди: 

- Нихавент жана Ибни Мукаррин жөнүндө сөз кылуу сенин бир нерселерди билгениңди көрсөтөт. Билгендериңди бизге баянда. 

Кызыл төө

Ал киши баяндай баштады: 

- Эй, момундардын эмири! Мен баланчамын. Мал-мүлкүм, байлыгым жана бала-чакам менен Аллах жана Анын Расулу үчүн хижрат кылуу максатында жолго чыктык элек. Биз баланча жерде түнөп калдык. Ал жерден кеткенибизде капысынан биз мурда көрбөгөн, кызыл төө минген бир кишиге жолуктук. Кайда бара жатканын сураганда ал Ирактан келгенин айтты. Ошондо ал жердеги мусулмандардын абалын да сураганда мындай деди: 

- Алар душмандары менен согушту. Аллаху тааланын уруксаты менен душман жеңилди. Нуман бин Мукаррин шейит болду. Аллахка касам, мен Нуманды да, Нихавентти да билбейм.

 Хазрети Омар согуш кайсы Жума күнү болгонун билип билбесин сурады. Бедуин кайсы Жума күнү экенин билбей турганын, бирок, биз баланча күнү көчтүк, баланча күнү, баланча жерде түнөп калдык деп согуш орун алган убакытты кабарлады. Ал ушуларды айтканда Хазрети Омар мындай деди:

 - Ал күн Жума. Чамасы сен чабарманды жолуктурган окшойсуң. Алардын ушундай чабармандары бар.

 Кийинчерээк алынган кабардан Нихавент согушу бедуин киши кабарлаган күнү орун алгандыгы белгилүү болду. Хазрети Омарга Нуман бин Мукарриндин шейит болгондугу кабары келгенде мечитте минбарга чыкты. Мусулмандарга Нуман бин Мукарриндин шейит болгонун кабарлап, ыйлады.

 Абдуллах бин Масъуд айтты:

 - Ыймандын жана мунафыктыктын көптөгөн жерлери, үйлөрү бар. Мукаррин уулдарынын үйү ыйман жайгашкан үйлөрдүн бири. 

Бир туугандары да колбашчы 

Шейиттик сыяктуу бийик мартабага жеткен Нуман бин Мукаррин Музани уруусунан. Каймана аты Абу Амр. Бир туугандары Сувейд бин Мукаррин жана Нуайм бин Мукаррин менен бирге Худайбия келишимине чейин мусулман болгон эле. Анын бир туугандары да Нуман сыяктуу аскер кызматы жана баатырдыгы жагынан атактуу сахабалардан. 

Нуман бин Мукаррин Расулуллах менен бирге Меккенин алынуусуна жана Хунайн казаттарына катышкан болчу. Коштошуу Ажылык сапарында да болгон эле. 

Расулуллах кайтыш болгондон кийин халифа болуп Хазрети Абу Бакр шайланган эле. Бул арада чоң иртидат, башкача айтканда, динден чыгуу кыймылы башталган эле. Хазрети Абу Бакр бул фитнага керектүү жоопту берди. 

Нуман бин Мукаррин бул динден чыгуу фитнасына каршы жүзөгө ашырылган күрөшкө да катышты. Ошентип, динден чыгуу фитнасынын күчөшүнө жол бербөө менен чоң апааттын алды алынган болду. Нуман бул кызматтарын Хазрети Омардын халифалык доорунда да улантты. Анын кызматтары Ирак менен Иранда да көп болду. 642-жылы Нихавентте шейит болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш