Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) мубарек
жубайларынан. Ысымы Айша бинти Абу Бакр. Башкача айтканда, Абу Бакрдын
(радыяллаху анх) кызы. Энеси Умму Руман бинти Амир Ибни Уваймир. Күнясы Умму Абдуллах, лакап аты Сыддыка, наамы Умм-ул-муминин (момундардын
энеси). Хазрети Айшанын баласы жок эле. Ушул себептен кунясы да жок эле. Арабдарда күняга
абдан маани берилчү. Ошондуктан, Хазрети Айша капа болчу. Бир күнү Хазрети Пайгамбарга муну билдиргенде Пайгамбарыбыз
(алейхиссалам) да: "Сен жээниң
Абдуллах бин Зубайрды өзүңө бала кылып аласың, Анын ысымына байланыштуу да күня
аласың”, - деди. Мындан кийин
Хазрети Айша жээни Абдуллах бин Зубайрга байланыштуу Абу Абдуллах деген куния алды.
Хазрети Айша Хижраттан сегиз жыл мурда Меккеде
төрөлгөн. (м.614). 57 (м.676) жылдын Рамазан айынын 17.Шейшемби күнү Мединада
көз жумду. Намазын Мединанын башчысы Абу Хурайра (радыяллаху ахн) окутту.
Осуятына ылайык түнү Бакы көрүстөнүнө жерге берилди.
Хазрети Айша энебиз кичине жашта окуганды-жазганды
үйрөнүп, өтө зээндүү жана кабилиеттүү эле. Ар бир окуя болгондо дароо бир ыр
түрүндө айтуусу анын зээнинин курчтугуна далил болуп саналат. Үйрөнгөн жана
жаттап алган бир нерсени эч унутчу эмес. Өтө акылдуу, зээндүү, аалым, адептүү,
уяттуу жана салиха эле. Эс тутумуну укмуштуудай кубаттуу болгондугу үчүн Асхабы
кирам көптөгөн нерсени андан сурап үйрөнүшчү эле. Ыйык аяттар менен макталган.
Расулуллах алейхиссалам экинчи жолу элүү беш
жашында Абу Бакрдын (радыяллаху анх) кызы Айша (радыяллаху анха) менен үйлөндү.
Аны Хадижа-и кубранын кайтыш болуусунан бир жыл өткөндө Аллаху тааланын буйругу
менен никелеген эле. Өлгөнгө чейин сегиз жыл аны менен жашады.
Пайгамбарыбыздын Хазрети Айша менен
үйлөнүүлөрүндө эң маанилүү нерсе нике актынын Хазрети Пайгамбардын каалоосу
менен эмес Аллаху тааланын буйругу менен болуусу. Бухари менен Муслимдин
риваяттарында жана Мавахиби Ладуниййа китептеринде Пайгамбарыбыз алейхиссалам
Хазрети Айшага мындай деп буюрду: «Сени үч түн түшүмдө көрдүм. Бир периште жибек кездемеге орогон абалда «Бул сенин
жубайың» деди. Мен болсо жүзүңдү ачып: «Эгер Аллах тарабынан болсо Аллаху таала
кол койсун», - дедим». Башкача айтканда, эгер түш рахмани болсо Аллаху таала
ишке ашырсын деген сөз. Тирмизинин баянына караганда: «Жабраил алейхиссалам
Пайгамбарыбызга жашыл бир жибектин ичинде Хазрети Айшанын сүрөтүн алып келип:
«Бул сенин дүнүйөдө жана акыретте жубайың», - деди.»
Хазрети Айшанын айтуусу боюнча; Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) ар күнү кеч
жана таңерте Хазрети Абу Бакрдын үйүнө баш багуусу ыйык адаты эле. (Мушриктер
Дарун Надвада топтолушуп, шайтан Нажддик бир шейхтин келбетинде келип,
мушриктерге Хазрети Пайгамбарды өлтүрүүнү сунуштап, Хазрети Пайгамбарды
өлтүрүүгө чечим чыгарышкан эле. Жабраил алейхиссалам муну Хазрети Пайгамбарга
(алейхиссалам) кабарлап, хижрат
кылууга (көчүүгө) Аллаху таала уруксат бергендигин билдирди.) Хазрети Пайгамбар
хижратына уруксат берилген күнү бешим убактысы күн ысыкта эч келбеген бир
убакытта башын орогон абалда Хазрети Абу Бакрдын үйүнө келди. Абу Бакрга Аллаху
тааланын хижрат үчүн уруксат бергендигин жана Хазрети Абу Бакрдын дагы өзү
менен бирге боло тургандыгын кабарлады. Бул кабарды укканда Хазрети Абу Бакыр сүйүнүчүнөн
ыйлады. Хазрети Айша ошол күнгө чейин сүйүнүчүнөн мынчалык ыйлаган эч бир адам
көрбөгөндүгүн айткан.
Хазрети Айша дагы айтат:
"Расулуллах Мединага хижрат кылган кезде бизди жана кыздарын Меккеде калтырган
эле. Мединага баргандан кийин азат кылынган кулу Зейд бин Хариса менен Абу
Рафини эки төө жана зарыл боло
турган нерселерди сатып алуу үчүн 500 дирхам чөнтөк акчасы менен бизге жөнөттү.
Хазрети Абу Бакр да
Абдуллах бин Урайкытты эки-үч төө менен аларга кошуп, аялы Умму Руман, мени
жана сиңдим Эсманы төөлөргө мингизип жөнөтүүнү уулу Абдуллах бин Абу Бакрга кат жазып буюрду. "Хазрети Айша, энеси Умму Руман жана Расулуллахтын ардактуу кыздарынан Хазрети Зейнептен башкалары менен кербен болуп чогуу жолго чыкты. Кубайд деген жерде Хазрети Зейд
500 дирхамга дагы үч төө сатып
алды. Кербенге Талха бин
Убайдуллах (радыяллаху
анх) да кошулду. Мина деген аймактагы Бейда деп аталган жерге жеткен кезде
Хазрети Айшанын төөсү качып кетти. Хазрети Айша айтат: "Төөм качып кетти. Мен Махфенин (төөнүн үстүндөгу
аялдар отурчу чатыр, жай) ичинде элем.
Энем да жанымда
эле. Энем: "Аттиң кызым, аттиң келиним”, - деп кыйналып жатты. Аллаху таала төөбүзгө тынчтык берди жана бизди
куткарды. Акыры Мединага келдик. Мен Хазрети Абу Бакрдын үй-бүлөсү менен бирге
түштүм.” Ал убакта Масжид-и Набави жана анын айланасында бөлмөлөр курулган
болчу.
Абдулхак Дехлеви өзүнүн "Жазб-ул-Кулуб” китебинде фарсы тилинде мындай
дейт: Масжид-и шариф курулуп
жатканда Айша жана Севда (радыяллаху анха) үчүн бирден бөлмө салынды. Кийинчерээк муктаждыкка жараша бирден бөлмө
кошулуп отуруп, алардын саны тогузга жетти. Бөлмөлөр араб салты боюнча хурма
дарактарынын бутактарынан жасалган эле. Үстүлөрү кылдан жасалган кийиз менен жабылган эле. Эшиктерине көшөгө гана илинген эле. Бөлмөлөр мечиттин түштүк, чыгыш жана түндүк
тарабында жайгашкан эле. Кирпичтен
жасалганы да бар эле. Көпчүлүк бөлмөлөрдүн
эшиги мечитке ачылчу. Шыптарынын бийиктиги орто бойлуу адамдын боюнан бир карыш
бийик эле. Хазрети Фатима менен Хазрети Айшанын бөлмөлөрүнүн ортосунда эшик бар
эле. Расулуллах (алейхиссалам) кайтыш
болордон бир нече күн
мурун Хазрети Абу Бакрдан башка сахабалардын бөлмөлөрүнүн мечитке ачылып турган
эшиктерин жаптырды.
Меккеден келген Расулуллахтын үй-бүлөсү өздөрүнүн бөлмөлөрүнүн алдына түштү.
Хазрети Айша энебиз (радыяллаху анха) Хазрети Абу Бакрдын үйүндө бир канча
убакыт жашады. Хазрети Абу Бакр бир күнү Расулуллахка (саллаллаху алейхи
васаллам): "Йа, Расулаллах, сизди жубайыңыз менен баш кошуудан эмне тосуп
турат?” – деп сурады.
Расулуллах: "Махр”, - деп жооп
берди. Хазрети Абу
Бакр Расулуллахга махр акчасын жөнөттү. Ошондон кийин Расулуллах (саллаллаху
алейхи васаллам) Хазрети Айша менен нике кыйылган Шаввал айында үйлөндү.
Хазрети Айша энебиз айтат: "Биз Мединага хижрат кылып көчүп келгенде бул жер оорулуулар көп болгон жер
эле. Бардык Асхабы кирам ооруп
калышты. Бул оорудан бир гана Расулуллах (алейхиссалам) Аллаху тааланын коргоосу менен кутулуп калды.” Хазрети
Айша да ооруп калды. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Хазрети Айшага: "Сенде эмне болуп
жатат?” – деп сураганда,
Хазрети Айша: "Эне-атам сизге курман болсун, йа Расулаллах, дене табым көтөрүлүүдө. Аллах аны курутсун”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Жок,
ага жаман сөз айтпа. Ал милдеттүү, кааласаң сага бир дуба үйрөтөйүн. Аны
окуганыңда Аллаху таала аны
сенден кетирет”, - деди. Хазрети Айша: "Үйрөтүңүз, йа Расулаллах”, - деди.
Хазрети Пайгамбар дубаны үйрөткөндө оорусу кетип, сакайды. Хазрети Айша энебиз ооруп жатканда атасы Хазрети
Абу Бакр Аны бетинен өөп: "Сүйүктүү кызым, кандайсың?” - деп абалын сурады.
Хазрети Айша энебиз Мединада Расулуллахтын (алейхиссалам) казаттарына
катышкан башка сахаба аялдар сыяктуу эле жарадарларды дарылоо жана аларга кам
көрүү менен алек болуп, чоң кызматтарды көрсөткөн эле. Согуш талааларында колуна кылыч алып, согушууну каалаган болсо да Расулуллах
(алейхиссалам) ага уруксат берген эмес эле. Мисалы, Ухуд күнү Хазрети Пайгамбар (алейхиссалам) жарадар болуп,
мубарек жүзү мушриктер ыргыткан таш менен жараланып, канга боёлгон эле. Хазрети
Фатима энебиз Расулуллахтын мубарек жүзүн жууп, бирок, кан токтобогондуктан жүндөн жасалган кийизди өрттөп, күлүн ааламдарга
ырайым болуп келген Пайгамбарыбыздын мубарек жүзүнө басып, канды токтоткон эле. Хазрети Айша энебиз да жонунда азык-түлүк жана суу көтөрүп, Ухудга келген эле. Хазрети Айша жана Умму Сулайм чанач менен суу
ташып жатышса, Хамна (радыяллаху анха) суусуздарга суу берип жаткан эле. Энес бин Малик (радыяллаху анху) айтат: "Ухуд казатында мусулмандар кыйрап, Расулуллахтын жанынан тарап кеткен кезде Хазрети
Айша менен Умму Сулайм бинт-и Милханды көрдүм. Жонундагы чаначтар менен чуркап суу ташып, жарадарлардын
ооздоруна куюп жатышты. Чаначтары бошогон сайын чуркап барып толтуруп, кайра
чуркап келип жарадарларга суу берип
жатышты”. Аялдардын Ухуд согушуна катышуусуна жарадарларды дарылоо үчүн уруксат
берилген эле.
Хазрети Айша энебиз Бани Мусталык (же Мурайси) казатына да катышкан эле. Бул казатта ага карата айтылган жалган жалаа
тууралуу Хазрети Айша: "Мага карата жабылган жалаанын жалган экени Аллаху таала тарабынан билдирилди”, - деп айтчу. Ал тургай, муну айтып мактанчу эле. Аллаху таала Нур сүрөсүндөгү он жети аятты түшүрүп, Айшага жалаа
жапкандардын Жаханнамга бараарын билдирди.
Хазрети Айшанын ызаат жана атак-даңкынын бийиктиги бул аяти карималар менен да белгилүү болду.
Хазрети Айшага жалаа Хижраттын бешинчи жылы Мурайси казатында болгон эле. Бул согуш Бани Мусталык казаты деп да аталат.
Расулуллах бул казатка миң киши менен барган эле. Хазрети Айша менен Умму Саламаны да ала кеткен эле. Олжо алуу үчүн көп сандаган мунафыктар да келген эле. Расулуллах (алейхиссалам) аскердин алдына Хазрети
Омарды койду. Кандуу согуштан кийин беш миң кой менен он миң төө жана жети
жүздөн ашык туткун алынды.
"Меариж-ун-Нубувва”да мындай деп айтылат: Расулуллах казатка бара жатканда аялдарынын арасында куръа (чүчү кулак) тартчу. Кимдин ысымы чыкса аны өзү менен кошо ала кетчү. Бул казатка Хазрети Айша менен Хазрети Умму Салама
барган эле. Хазрети Айша айтат: "Аялдардын оронуулары үчүн аят түшкөн эле. Мага бир чатыр жасашты. Чатыр
менен төөгө мингизишчү. Казаттан кайтып келе жатканда Мединага жакын жерге конгон
элек. Таң эрте көчүү үндөрү угулду. Даарат алуу үчүн аскерлерден алыстадым эле.
Дароо келдим. Бирок, мончогумду таба албадым. Кайра кеттим. Издеп жүрүп таптым.
Ордума келсем аскерди көрө албадым. Кетип калышкан эле. Мени чатырдын ичинде деп ойлоп, төөгө жүктөшүптүр.
Ошол убакта аз жечүмүн. Алсыз элем. Он төрт жашта элем. Таң калып турдум. Мени
таба алышпаса издеп келишээр деп отуруп
күттүм.
Уктап кетиптирмин. Расулуллах (алейхиссалам) Сафванга артынан келүүсүн
буюрган эле. Ал келип мени уктап жаткан жерде көрүп кыйкырыптыр. Үнүнөн ойгондум. Аны көргөндө жүзүмдү жаптым. Төөсүн чөгөрдү. Алыстап, "Төөгө мин”, - деди. Миндим. Сафван жүгөндү кармады. Күндүн ысык
аптабы баскан учурда аскерге жетип
бардык. Биринчи мунафыктарга жолуктук. Жаман нерселерди сүйлөшүштү. Аларды Ибни Аби Салул тукуруп жаткан.
Мусулмандардан Хассан бин Сабит жана Мистах да аларга кошулушкан эле. Мединага келгенде ооруп калдым. Жалаа сөздөрү
бардык жерге тараган экен. Менин
кабарым жок эле. Бирок, Расулуллах мурдагыдай ал-ахыбалымды сурабай,
ооруганымда зыярат да кылбай калган эле. Себебин түшүнө албай жаттым. Бир түнү
Мистахтын энеси менен муктаждык үчүн сыртка чыктым. Этектери бутуна чалынып
жыгылды. Уулу Мистахка каргыш айтты. "Эмнеге сөгүүдөсүң?” – дедим. Айткан жок. Бир нече жолу сурадым. "Эй, Айша! Анын эмне деп айтканын укпадыңбы?” – деди. Сурадым, жалаа сөздөрүн мага айтып берди.
Оорум дароо күчөдү. Дене табым көтөрүлүп кетти. Башыман түтүн чыкты деп
ойлодум. Эсимен кетип жыгылдым. Эсиме келгенде үйүмө бардым. Атамдын үйүнө
баруу үчүн Расулуллахтан уруксат сурадым, уруксат берди. Эмне болгонун билгим
келип жатты. Энемен сурадым. "Кызым, эч кайгырба! Сенин ишиң оңой. Сулуу болгон
жана күйөөсү тарабынан абдан сүйүлгөн ар бир аял тууралуу ушундай нерселерди
айтышат”, - деди. Таң калдым. Кызык, ушундай сөздөр Расулуллахтын мубарек
кулагына да жеткенби? Атам да укканбы деп капа болдум. Көп ыйладым. Атам башка
бөлмөдө Курани карим окуп жаткан эле. Үнүмдү угуп энемен сураптыр. Энем болсо ооздон
оозго тараган сөздөрдү жаңы эле укту дептир. Атам да ыйлады. Андан соң жаныма
келип: "Кызым, сабыр кыл! Аллаху тааладан кандай аят келерин күтөлү”, - деди.
Ал түнү таң атканга чейин уктай алган жокмун. Көз жашым тынбады.”
Расулуллах (алейхиссалам) Хазрети Али менен
Усаманы (радыяллаху анх) чакырып: "Бул иш эмне менен бүтөт экен?” - деди.
Усама: "Йа, Расулаллах! Биз сиздин жубайыңыздын жакшы экенин гана билебиз”, -
деди. Хазрети Али да: "Жер бетинде аялдар көп. Аллаху таала жер бетин сизге тар
кылган жок. Айша тууралуу анын күңү болгон Бурайдадан сураңыз!” - деди. Андан
сурашканда: "Аллахка ант ичем, мен анда эч кандай кемчилик көргөн жокмун. Кээде
кичине уктачу. Кой келгенде ун менен камыр жасап жечү. Көп убакыт анын жанында
болдум. Анда эч кандай айып көргөн жокмун. Эгер тилдерде айтылып жургөн сөздөр
чын болгондо Аллаху таала аны сизге билдирмек”, - деди. Расулуллах
(алейхиссалам) бир күнү үйүндө капаланып отурган эле. Хазрети Омар-ул-Фарук келди.
Расулуллах анын эмне деп ойлоп жатканын сурады. "Йа, Расулаллах! Мен жакшы
билем, мунафыктар жалган айтып жатышат. Аллаху таала сиздин үстүңүзгө чымын да
кондурбайт. Бир ыплас жерге конуп алып, анан соң сиздин үстүңүздү булгабасын
деп сактайт. Сизди мындай аз кирден да сактаган Аллах кирлердин эң жаманынан
сөзсүз сактайт”, - деди. Хазрети Омардын бул сөзү Расулуллахка жакты. Мубарек
жүзү күлдү.
Андан соң Хазрети Османды чакырып андан да
сурады. "Бул сөздү мунафыктар таратканынан жана жалган экенинен шегим жок.
Баары жалаа. Аллаху таала сиздин көлөкөңүздү жерге түшүрбөйт. Мубарек көлөкөңүздүн
да ыплас жерге түшүүсүнө же жаман бир адамдын ошол көлөкөгө басып өтүүсүнө жол
бербейт. Мубарек үйүңүзгө ыпластык киргизүүнү каалайт беле?” - деди. Бул сөздөн
да мубарек жүрөгү тынчтанды. Анан соң Хазрети Алини чакырып сурады. Ал да: "Бул сөздөр
жалган, жалаа. Мунафыктардын ойлоп тапканы. Биз сиз менен намаз окуп жаткан
элек. Сиз намаздын ичинде мубарек наалыныңызды (бут кийимиңизди) чечтиңиз. Сизге окшоп биз да чечтик. "Наалыныңарды эмнеге чечтиңер?” - дедиңиз. "Сизге уюу үчүн”, - дедик. Сиз болсо: "Жабраил алейхиссалам келди. Наалынга нажас
(ыпластык) жукканын мага кабарлады. Ошондуктан чечтим”, - деген элеңиз. Намаздын ичинде да вахий кылып сизди ыпластыктан коргогон
Аллаху таала,
мубарек жубайларыңызга мындай ыпластык кылынуусуна уруксат береби? Эгер мындай нерсе болгондо муну да дароо кабарламак. Мубарек жүрөгүңүз капаланбасын. Аллаху таала вахий кылып, мубарек жубайыңыздын таза экенин албетте сизге билдирет”, - деди. Бул
сөз да Расулуллахты кубантты. Дароо Хазрети Абу Бакр Сыддыктын үйүнө барды.
Хазрети Айша (радыяллаху анха) айтат: "Ошол күнү мен тынымсыз ыйлап жаттым. Ансарлардан бир аял келип ал да
ыйлап жатты. Эне-атам жанымда отурушкан эле. Күтүлбөгөн жерден Расулуллах келип
салам берди. Жаныма отурду. Ошол күндөн бери жаныма бир да келген эмес болчу. Бир ай өтүп кеткен эле. Бир да
вахий түшкөн жок эле. Расулуллах
отургандан кийин, Аллаху таалага хамду санаа айтты. Шахадат келимесин окуду. Мага бурулуп: "Эй, Айша! Сен тууралуу мага мындай деп айтышты. Эгер сен алар айткандай
болбосоң, Аллаху таала жакын арада
сенин туура экениңди билдирет. Эгер кандайдыр бир күнөө орун алган болсо, тообо-истигфар кыл! Аллаху таала күнөөсүнө тообо кылгандардын тообосун кабыл кылат”,
- деди. Расулуллахтын мубарек үнүн уккандан кийин ыйлаганымды токтоттум. Атама
кайрылып, жооп берүүсүн айттым. "Аллахка ант болсун, мен Расулуллахка
(алейхиссалам) эмне деп жооп береримди билбейм. Биздин коомубуз жахилият
доорунда бутпарас эле. Адам кейпиндеги айкелдерге сыйынып, ибадат кылууну
билишчү эмес. Эч ким биздин аялдарыбыз тууралуу мындай нерсе айта алчу эмес
эле. Азыр алхамдулиллах жүрөгүбүз Ислам нуру менен жаркырады. Үйүбүз Ислам нуру
менен нурланды. Баары биз тууралуу ушундай деп айтышууда. Мен Расулуллахка эмне дейин?” - деди. Кийин энеме кайрылдым.
Сен жооп бер дедим. Ал да: "Мен таң калдым. Эмне айтарымды билбейм. Сен айт
деди”. Анан соң мен сөздү баштадым. "Аллаху таалага ант берем, мубарек
кулагыңызга келген сөздөрдүн баары жалган. Эгер аларга ишенген болсоңуз мен
канчалык тазамын десем да мага ишенбейсиз. Аллаху таала билет, менин эч
нерседен кабарым жок. Кылбаган нерсеме ооба десем өзүмө жалаа жапкан болом.
Валлахи, башка айта турган сөзүм жок. Бир гана Юсуф алейхиссаламдын айтканын
айтам: "Сабыр кылуу жакшы. Алардын айткандары үчүн Аллаху тааладан жардам
күтөм.” Таң калганыман Якуб (алейхиссалам) дей турган жерге Юсуф (алейхиссалам)
дедим. Кийин жүзүмдү буруп, жөлөндүм. Раббимин мени актай турганын, Аллахтын
акысы үчүн дайыма күтүп жаттым. Анткени, өзүмө ишенчүмүн. Күнөөм жок болчу.
Бирок, Аллаху тааланын мен үчүн аяти карима түшүрөөрүн ойлогон эмесмин.
Кыяматка чейин бардык жерде мен тууралуу аяти карима окуларын акылыма сыйдыра
албай жаттым. Аллаху тааланын улуулугун жана өзүмдүн төмөндүгүмдү билгендиктен
мен үчүн аят түшүрөөрүн таптакыр үмүт кылбай жаттым. Бирок, күнөөсүз экенимди,
жүрөгүмдүн тазалыгын Пайгамбарына түшүндө билдирет же ыйык жүрөгүнө илхам кылат
деп жаттым. Аллахтын акысы үчүн чындыкты айтып жатам, Расулуллах отурган
жеринен али тура элек болчу жана эч ким бөлмөдөн сыртка чыга элек болчу.
Мубарек жүзүндө вахий белгилери көрүндү. Отургандардын баары вахий келгенин
түшүндү. Атам бул абалды көргөндө териден жасалган бир жаздык бар эле. Жаздыкты
Расулуллахтын мубарек башынын астына койду. Бир йемений шейшеп менен үстүн
жапты. Вахий келүүсү бүткөндөн кийин мубарек жүзүнөн жабууну алды. Гүлгө окшош
кызгылт жүзүнөн бермет сыяктуу жаркыраган терлерин мубарек колдору менен
сүрттү. Жылмайып: "Сүйүнчүлөр болсун сага, эй Айша! Аллаху таала сени актады. Сенин
пакиза экениңе күбө болду”, - деди. Атам дароо: "Тур, кызым! Расулуллахка тез
ыраазычылык билдир!” – деди. Мен болсо: "Валлахи турбайм, Аллаху тааладан
башкага шүгүр кылбайм (ыраазычылык билдирбейм)! Анткени, Раббим мен үчүн аяти
карима түшүрдү”, - дедим. Анан соң Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Нур
сүрөсүнүн он биринчи аятынан баштап он аяти карима окуду. Атам дароо туруп
башыман өптү.
Айша (радыяллаху анха) жөнүндө бул аяти карима
келгенге чейин Хазрети Абу Аййуб Халиддин жубайы: "Айша тууралуу эл оозунда
айтылып жүргөн сөздөргө эмне дейсиз?” - деп Хазрети Халидден сураган экен.
Хазрети Халид да: "Аллах үчүн, бул сөздөр жалган. Сен мага карата ушундай
жамандык кыласыңбы?” - деди. "Кудай сактасын, кылбайм”, - дегенде, Хазрети
Халид да: "Айша, дини бизден да бүтүн болуп туруп, Расулуллахка карата ушундай
нерсе кыла алмак беле? Биз андай деп айткан жокпуз. Бул сөздөр чоң жалаа”, -
деген экен. Хак таала да, Хазрети Халиддин дал ушул сөзү сыяктуу аят түшүргөн
эле. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) дароо сахабаларын мечитке
чогултту. Келген аяти карималарды окуду. Аяти карималардын берекеси менен
момундардын жүрөгүндөгү шектер кетти. Мистах Хазрети Абу Бакрдын тууганы эле.
Кедей эле. Хазрети Абу Бакр анын оокатына жардам берчү. Мистах бул иште
мунафыктар менен бир болгондуктан, эми ага жардам бербөөгө ант берди. Мындан
улам, Аллаху таала Нур сүрөсүнүн жыйырма экинчи аятын түшүрдү. Абу Бакр Сыддык
бул аяти кариманы уккандан кийин: "Аллаху тааланын мени кечиришин жакшы көрөм”,
- деди. Мистахга мурдагыдай жардам берди. Хазрети Айшанын таза экенин билдирген
аяти карималар келгенден кийин Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) бул
сөздөрдү айткандарга "Казф жазасы берилсин” деп буюрду. Төрт кишиге сексенден
таяк урушту. Бирөө аял эле жана Расулуллахтын балдызы эле.” "Меариж” китебинин
жазуусу аяктады.
Хазрети Айша тууралуу келген он жети аяти
кариманын биринчисинин тафсирин "Мавакиб тафсири” мындайча билдирет: "Айшага (радыяллаху
анха) жалаа жапкандар силерден бир нече киши. Силер бул жалааны өзүңөр үчүн
жамандык деп ойлобогула! Бул силер үчүн жакшылык. (Бул жалаа себеби менен көп
сооп таптыңар. Алардын жалганы ачыкка чыккандыктан, силердин даңкыңар,
кадыр-баркыңар артты. Аяти карима силердин таза экениңерди билдирди: "Ал жалаа
жапкандардын ар бири үчүн тапкан күнөөсүнө жараша жазалар бар. Чоң жалааны
ойлоп таап, өтө жийиркеничтүү нерсени айткандарга дүнүйөдө жана акыретте чоң
азап бар”. Буларга жаза
берилгенден кийин Абдуллах бин Аби Салул кор болуп, маскараланды. Хассан
өлгөнгө чейин сокур болуп калды. Мистахтын колу шал болуп калды. Он экинчи аяти
каримада: "Бул жалааны укканда момун эркек жана аялдар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө
жакшы көз менен карашы керек. Бул, ачыктан-ачык жалган жана жалаа деп айтышы
керек”, он тогузунчу аяти каримада момундардын жаман аты чыгышын жакшы көргөндөргө
дүнүйө жана акыретте азаптуу жазалар бар жана жыйырма алтынчы аяти каримада:
"Жаман сөздөрдү айтуу жаман адамдарга ылайыктуу. Жаман адамдарга жаман сөз
жарашат”, - деп айтылды. Расулуллах жана Хазрети Айша жана
Сафван (радыяллаху анхум) ал
пастардын айткандарынан алыс. Алар үчүн кечирим, магфират жана Жаннатта нематтар бар.”
Көрүнүп тургандай, Хазрети Айшага жалаа жапкандарды Аллаху таала төмөн дейт.
Аларга өтө оор азаптарды бере турганын
билдирүүдө. "Хасаис-ул-хабиб” китебинде айтылат, Расулуллахтын мубарек жубайларынын бирин "казф” кылгандын (жалаа жапкандын), жамандагандын капыр боло турганына жана тообосунун
кабыл болбой турганына Абдуллах Ибни Аббас хазреттери фатва берген. Ал эми,
Хазрети Айшага жаман деп айтуу Курани каримди четке каккандык болот. Мунун күфр болору бир добуштан билдирилген.
Асхабы кирамдын биринин энесине жаман деп айткандын жазасы да, казф жазасынын
эки эселенген түрү.
Хазрети Айша айтты: "Расулуллахтын
(алейхиссалам) биринчи оорусу Хазрети Маймунанын
үйүндө болду. Ал күн Расулуллахтын Хазрети Маймунага барган күнү эле. Бул жерде
Расулуллахтын (алейхиссалам) оорусу күчөдү. Башка азваж-и тахират келип
Расулуллахтын кызматына киришишти. Пайгамбарыбыз да: "Эй, менин
жубайларым кечиргиле, үйлөрүңөрдү кыдырууга күчүм жок болуп турат. Уруксат
бергиле, Айшанын үйүнө барайын, мага ошол жерде кызмат кыласыңар”, - деп буюрган. Расулуллах (алейхиссалам) Хазрети Аббас жана Хазрети
Алинин ийиндерине таянып, Хазрети Айшанын бөлмөсүнө барды. Бара жатканда
мубарек буттары араң басып жатты. Келип төшөккө жатты. Бул бөлмөдө 11-жылы (м.
632) Рабиул аввал айынын он экинчи дүйшөмбү күнү түштөн мурун мубарек башы
Хазрети Айша энебиздин көкүрөгүндө болгон абалда кайтыш болду. Кайтыш болгон
жерине, Хазрети Айшанын бөлмөсүнө жерге берилди.
Расулуллах (алейхиссалам) кайтыш болгондон кийин
да Асхабы кирамдын (алейхимуррыдван) Хазрети Айша энебизге Умм-ул-мүминин,
момундардын энеси катары сый-урматтары, жакшылыктары жана иззааттары абдан көп
эле. Атүгүл, бул тууралуу Хазрети Омар (радыяллаху анх) бул жагынан ушунчалык
алдыга кеткендиктен, Хазрети Айша: "Расулуллах кайтыш болгондон кийин Хазрети
Омар мага абдан көп жакшылык кылды. Йа, Рабби мындан ары мени Анын ихсаны жана
жакшылыктары үчүн тирүү калтырба”, - деди. Хазрети Айша энебиз Расулуллахтын ыйык
кабырынын жанында өзү үчүн бөлүп койгон жерин Хазрети Омарга (радыяллаху анх)
берди. Хазрети Омар ушул жерге коюлду.
Хазрети Айша энебиз Хазрети Османдын доорунда да
Ислам динин үйрөтүү менен алек болгон. Осман (радяяллаху анх) халифалыгынын
акыркы мезгилинде Куфа жана Мысырдагы козголоңчулар Мединага басып кирип,
Хазрети Османды шейит кылышты. Хазрети Али халифа болгондо колу кандууларды
издеп, кысас кылууну (өч алууну) кечиктирүүнү туура көрдү. Бирок, каракчылар
муну пайдаланып, кыянаттыктарын улантышты. Хазрети Османды жамандап, өздөрүнүн
туура экенин далилдеген сөздөрдү бардык жерге тарата башташты. Асхабы кирамдын
улууларынан Талха, Зубайр, Нуъман бин Башир, Каъб бин Ажра жана башкалар бул
абалга катуу кайгырышып: "Эгер иштин аягы мындай болорун билгенибизде Хазрети
Османды каракчылардан коргомокпуз”, - дешти. Кылмышкерлер муну уккандан кийин
бул сахабаларды да шейит кылууну чечишти. Булар да Мекке-и мукаррамага барышты.
Ажылык кылуу үчүн Меккеге келген Хазрети Айшага баарын айтып, ага баш
калкалашты. "Халифа фитнаны баскыча каракчыларга жол берип жатат. Алар болсо кутуруп,
кыянаттыктарын жана кыйноолорун күчөтүп жатышат. Өч алынмайынча жана заалымдар
жазаланмайынча кан төгүү токтобойт”, - дешти. Хазрети Айша да: "Бул шакилер
Мединада калып, момундардын Эмиринин тегерегин курчап турган бир учурда
силердин Мединага барышыңар туура эмес. Азырынча коопсуз жерге барып, иштин
аягын күтүп тургула. Хазрети Алиге бул каракчылардын колунан куткаруу үчүн
алыстан жардам бергиле, биринчи мүмкүнчүлүктө халифаны араңарга алып,
каракчыларга каршы чыккыла. Адам өлтүргүчтөрдү кармап, өч алуу оңой болот.
Ошентип кыяматка чейин заалымдарга сабак берген болосуңар! Бул иш азыр оңой
эмес. Шашпагыла”, - деп айтты. Асхабы кирам Хазрети Айшанын сөздөрүн кабыл
кылып, Ислам аскерлеринин топтолуучу жери болгон Ирак жана Басра тарапка
кетүүнү туура көрүштү. Хазрети Айшага: "Фитна жоюлуп, абал оңолгончо жана
халифага жолукканча бизди корго! Сен мусулмандардын энесисиң жана Расулуллахтын
урматтуу жубайысың. Ага баарынан да жакын жана сүйүктүүсүң. Сени баары сыйлагандыктан каракчылар сага жакындай
алышпайт. Биз менен бирге бол! Бизге күч бол!” – деп жалбарышты. Хазрети Айша мусулмандардын
тынчтыгы үчүн жана Расулуллахтын сахабаларын коргоо үчүн алар менен бирге
Басрага жөнөдү. Халифанын тегерегин курчап алган жана көп иштерге кийлигишип
жаткан адам өлтүргүчтөр бул кабарды Хазрети Алиге башкача айтып беришти.
Халифаны да Басрага барууга мажбурлашты. Имам Хасан, Имам Хусейин, Абдуллах бин Жафари Таййар жана Абдуллах бин Аббас сыяктуу сахабалар халифага шашпоону,
мунафыктардын сөзүнө алданбоону айтышса да, каракчылар үстөмдүк кылып, Эмир
хазреттерин Басрага алып кетишти. Адегенде Каъкаъ аттуу бирөөнү жөнөтүп,
Хазрети Айшанын жанында болгондордун ойлорун сурады. Алар тынчтыкты орнотуп
жана фитнанын алдын алууну
каалашканын, ал үчүн алгач адам
өлтүргүчтөрдү кармоо зарыл экенин айтышты. Халифа бул өтүнүчтөрүнө макул болду.
Эки тараптагы мусулмандар кубанышты. Үч күндөн кийин биригүүгө
макулдашышты. Жолугушуу убактысы жакындаганда адам өлтүргүчтөр кабар алышты.
Алар таң калышты. Алардын башчысы болгон яхуди Абдуллах бин Сабанын тегерегине чогулушту.
Буга арга табуусун суранышты. "Акыркы
аргабыз - бул түнү халифанын аскерлерине кол салып, дароо халифага барып
"Айшанын жанындагылар сөзүнө турбады. Бизге кол салышты” деп айткыла.
Бир топ атчан
аскерлер менен да каршы тарапка кол салышты. Бир нече күн мурун жөнөткөн тыңчылары да каршы тараптан имиш болуп "Халифа сөзүндө турбады.
Бизге кол салышты” деп кыйкырышты. Ошентип, согуш башталды. Төө окуясы ушинтип күтүлбөгөн
жерден тутанды.
Төө окуясынын аягында Хазрети Али Хазрети Айшаны
урматтап сыйлаган жана аны Медина-и мунавварага жөнөткөн эле. Хазрети Айшанын
(радияллаху анха) Төө окуясына чыгышы согуш үчүн эмес, оңдоо, фитнаны басуу
үчүн болгон эле.
Хазрети Айша момундардын энеси жана Расулуллахтын жубайы. Хазрети Алинин да энеси макамында экени Курани каримде
билдирилген. Ижтихады Хазрети Алинин ижтихадына дал келген эмес. Хазрети Айша
Хазрети Алини абдан жакшы көрчү. Анткени, "Алини сүйүү – ыймандан” хадиси шарифин
Хазрети Айша кабарлаган. Ошентип аны жакшы көрөрүн жана баарынын да жакшы көрүүсү зарыл экенин билдирген. Хазрети Али шейит кылынганда абдан ыйлаган жана кайгырган эле.
Сеййид Ахмед бин Али Рыфаи айтат: "Асхабы кирам (алейхимуррыдван) арасында болуп өткөн окуялар тууралуу ашыкча сүйлөө, ой
жүгүртүү таптакыр жаиз эмес. Ар бир мусулман сахабалар жөнүндө тилин тыйып, дайыма ошол улуулардын баарын жакшы жактарын айтып, баарын
жакшы көрүп, мактоосу керек. Анткени, алар бири-бирин жакшы көрүшчү”.
Хазрети Айша мужтахид эле. Бардык Ислам илимдеринде абдан чоң даражасы
бар эле. Өзгөчө аялдарга тиешелүү абалдарга, маселелерге байланыштуу фикх
өкүмдөрү андан суралчу. Анткени, Хазрети Айша момундардын энеси гана эмес, диндерин үйрөнө турган муфтий
мужахида эле. Аяти карима менен макталган, даңазаланган. Аалым, адип, абдан
акылдуу жана устат эле. Абдан фасих (көркөм) жана балиг (таасирдүү) сүйлөчү.
Айша Сыддыка хазреттеринин пазилеттери,
үстөмдүктөрү саналгыс көп. Асхабы кирамга фатва берчү. Аалымдардын көбүнүн
пикиринде фикх маалыматтарынын төрттө бирин Хазрети Айша кабарлаган. Хадиси
шарифте: "Диниңердин үчтөн бирин Хумейрадан үйрөнгүлө!” – деп айтылган.
Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Хазрети Айшаны абдан жакшы
көргөндүктөн, ага "Хумейра” деп кайрылчу. Асхабы кирамдан жана Табииндерден көп
киши Хазрети Айшадан уккан хадис шарифтерди кабарлашкан. Урватубни Зубайр
хазреттери мындай дейт: "Курани каримдин маанилерин, халал-харамдарды, араб
ырларын жана несеб (санжыра) илимин Хазрети Айшадан өткөн билген кишини көргөн
жокмун”.
Асхабы кирам белектерин Расулуллахка Айшанын
үйүнө алып келишип, ошентип анын сүйүүсүнө жетүүгө жарышышчу. Жубайлар эки
топто болчу. Айша тарабында Хафса, Сафия, Севда бар эле. Экинчисинде Үммү
Салама жана башкалар бар эле. Алар Үммү Саламаны Расулуллахка жиберип:
"Сахабаларыңызга буйрук кылыңыз. Белек алып келүүнү каалаган адам кайсы жубайыңыздын
жанында болсоңуз ошол жакка алып келсин!” – дешкенде, Расулуллах: "Мени Айша
жөнүндө таарынтпагыла! Жабраил (алейхиссалам) мага жалгыз Айшанын жанында
болгонумда келди”, - деди. Үммү Салама айтканына өкүнүп, тообо кылып, кечирим
сурады. Бирок, жубайлар Хазрети Фатима (радыяллаху анха) аркылуу да кабар
жиберишти. Жообунда: "Эй, кызым, менин сүйгөнүмдү сен сүйбөйсүңбү?” – деди.
Фатима: "Албетте сүйөм”, - деди. Жообунда: "Андай болсо, Айшаны сүй!” – деди.
Айша (радыяллаху анха) мындай деди: "Расулуллахтын жубайларынын арасында
Хадижага (радияллаху анха) кайрат кылганымдай (кызганганымдай) башка эч кимге
суктанган жокмун. Негизи аны көргөн эмес элем. Анткени, ал кайтыш болгонуна
карабастан анын атын көп айтчу. Качан бир кой союп таратса сөзсүз бир бөлүгүн
Хадижанын туугандарына жөнөтчү. Муну көргөндө бир жолу: "Аллаху таала сизге
Хадижадан башка аял берген жокпу, дайыма аны айтасыз”, - дедим. "Ооба, башка
аялдарым болду. Бирок, ал мындай эле, тигиндей эле жана андан балдарым болду”,
- деди.
Тирмизиде Муса бин Талха мындай дейт: "Хазрети
Айшадан өткөн фасих (көркөм), түз сүйлөгөн кишини көргөн жокмун”. Расулуллахты
мактаган бул эки бейт Хазрети Айшага таандык:
Ва лав самиъу
ахл-у Мысра авсафа хаддихи,
Лама базулу фи
савми Юсуфа мин накдин.
Лавима Залиха лав
раайна жабинаху,
Ла асарна
билкатъил-кулуби алал айди.
Эгер Мысырдагылар анын жүзүнүн сулуулугун укканда
Юсуф алейхиссаламдын базарында эч кандай акча беришмек эмес. Башкача айтканда,
бүт байлыктарын анын жүзүн көрө алуу үчүн сакташмак. Эгер Зелиханы жамандаган
аялдар анын жаркыраган маңдайын көрүшкөндө колдорунун ордуна жүрөктөрүн
кесишмек (жана оорусун сезишмек эмес).
Хазрети Айшанын атак-даңктарынын бири –
Расулуллахтын сүйүктүүсү болгондугу. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам)
аны абдан сүйчү. Расулуллахтан: "Кимди эң көп сүйөсүң?” – деп сурашканда,
"Айшаны”, - деди. "Эркектерден кимди?” –дешти. "Айшанын атасын”, - деди.
Башкача айтканда, эң көп Хазрети Абу Бакрды сүйөрүн билдирди. Хазрети Айшадан: "Расулуллах
эң көп кимди жакшы көрчү?” – деп сурашты. "Фатиманы жакшы көрчү”, - деди. "Эркектерден
эң көп кимди жакшы көрчү?” – деп сурашты. "Фатиманын күйөөсүн”, - деп жооп
берди. Мындан түшүнүктүү болгондой, жубайларынын арасынан Хазрети Айшаны,
балдарынын арасынан Хазрети Фатиманы, Ахли-бейтинин арасынан Хазрети Алини,
сахабаларынын арасынан болсо Хазрети Абу Бакрды эң көп жакшы көрчү. Хазрети
Айша айтат: "Бир күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мубарек бут
кийиминин кайыштарын оңдоп жаткан эле. Мен болсо жип ийрип жаттым. Мубарек
жүзүн карадым. Жаркыраган чекесинен тер тамчылап жаткан эле. Тер тамчысы бардык
тарапка нур чачып жаткан. Көзүмдү чагылдырып жатты. Таң калдым. Мени карап:
"Сага эмне болду, эмнеге мындай ойлуу турасың”, - деди. "Йа, Расулаллах!
Мубарек жүзүңүздөгү нурлардын жарыгын жана мубарек чекеңиздеги тер тамчыларынын
чачкан жарыктарын карап өзүмдү жоготтум”, - дедим. Расулуллах туруп жаныма келди.
Көздөрүмүн ортосунан өөп: "Йа, Айша! Аллаху таала сага жакшылыктарды берсин!
Мени кубандырганыңдай сени кубандыра албадым”, - деди. Башкача айтканда, сенин
мени кубандырганың менин сени кубандырганымдан көп деди. Хазрети Айшанын
мубарек көздөрүнүн ортосун өпкөнү, Расулуллахты сүйүп, анын жамалын түшүнүп
көргөндүгү үчүн алкыш жана ыраазычылык болуп саналат. Бейт:
Кандай жакшы ал
көздөр, сулуулукту карап турган,
Кандай бактылуу ал
жүрөк, ал үчүн күйүп турган!
Табииндердин улууларынан болгон Имам Масрук
Хазрети Айшадан келген бир кабарды билдирип жатканда "Расулуллахтын сүйүктүүсү
жана Абу Бакр Сыддыктын кызы болгон Хазрети Сыддыка мындай деп айтчу” деп сөз
баштачу. Кээде "Аллаху тааланын жана асмандагылардын сүйгөндөрүнүн сүйүктүүсү
мындай дейт” дечү. Айша (радыяллаху анха) өзүнүн азваж-и тахираттын баарынан да
жогору экенин айтып, Аллаху тааланын нематтарын саначу жана мактанчу:
Булардан да кээ бири төмөнкүлөр:
1-"Расулуллах
колумду сурай электе Жабраил алейхиссалам менин сүрөтүмдү алып келип көрсөттү
жана бул сенин жубайың болот деди”, - дечү.
2-"Расулуллах
түнү намаз окуп жаткан эле. Мен анын жанында жаткан элем. Бул абал жалгыз мага
гана тиешелүү болчу (деп мактанчу). Саждада мубарек колдору буттарыма тийгенде
буттарымды тартчумун”.
3-"Расулуллахтын
жубайларынын ичинен менден башка күйөө көрбөй туруп Расулуллах менен үйлөнгөн
болгон эмес”.
4-"Азваж-и
Тахираттын ичинде жалгыз менин жанымда болгондо вахий келди. Расулуллах
(алейхиссалам) кээ бир жубайларына: "Айшаны капа кылып, мени таарынтпагыла!
Билип койгула, анын төшөгүндө болгондо мага вахий келүүдө”, - деп айткан.
5-"Расулуллахтын
(алейхиссалам) жубайларынын арасында менден башка эч кимисинин атасы да, энеси
да хижрат кылган эмес.”
6-"Аллаху таала
мен тууралуу Бараат аятын түшүрдү.”
7-"Расулуллах
рухун тапшырып жатканда мубарек башы менин көкүрөгүмдө болчу.”
8-"Расулуллах
менин үйүмдө кайтыш болду.”
9-"Менин бөлмөм
Расулуллахтын күмбөзү болуп калды.”
Хазрети Аиша энебиз Расулуллахтын ыраазычылыгына
жетүү үчүн түну-күнү аракет кылчу. Аны (алейхиссалам) кичине эле капалуу көрсө
көңүлүн жубатуу үчүн колунан келгендин баарын жасачу. Атүгүл, Расулуллахтын
туугандарын да карап, аларга да ар кандай жакшылыктарды кылчу. Айша (радыяллаху
анха) айтат: "Бир күнү экинчи жолу тамак жеп жаткан элем. Расулуллах
(алейхиссалам) көрүп: "Йа, Айша! Жалгыз курсагыңды тойгузуу гана сага бардык
иштен таттуу болуп жатабы? Күнүнө эки жолу тамактануу да ысыраптан. Аллаху
таала ысырапчылык кылгандарды сүйбөйт”, - деди.” Раматылык Хадими бул жерди
мындайча түшүндүрөт: "Расулуллах (алейхиссалам) Айшанын (радыяллаху анха)
экинчи тамагын ачка болбостон жеп жатканын түшүнүп ошентип айткан эле. Болбосо,
каффараттар үчүн күнүнө эки жолу тамак берүү керек экендиги айкын.”
Расулуллах кайтыш болгондондон кийин Хазрети
Айшадан тамак жеп же жебегенин сурашты. "Эч качан тойо жеген эмесмин”, - деп
жооп берди жана ыйлады. Дайыма орозо кармачу. Тахажжуд намазын да эч качан
таштачу эмес. Көп учурларда Хазрети Пайгамбар менен (алейхиссалам) биргеликте
окучу. (Тирмизи-Зухд)
Расул-и Акрам (алейхиссалам) хазреттеринен 2210
хадиси шариф накыл кылган. Өзүнөн да сахабалар жана табииндердин бир канчасы
хадиси шариф накыл кылышкан. Хазрети Айшанын илимин эң көп жайылткан киши – эжеси
Асманын уулу Урва Ибн-уз-Зубайр жана бир тууган жээни Касым бин Мухаммед бин
Абу Бакр. Ахмед Бин Ханбал "Муснат” китебинде Хазрети Айшанын хадистерин (253)
бетке жыйнаган. Сахих хадис китептери Хазрети Айшанын фатваларына толо. Диний
маселелерди чечүүдө алгач Курани каримге, андан соң хадиси шарифтерге кайрылып,
андан кийин насстардан (аят жана хадис) чыккан өкүмдөр менен салыштыруу аркылуу
ижтихад кылышчу.
Ал ошол доордун белгилүү аалымдарынан жана фукаха-и
сабъадан бири эле. "Фукаха-и Сабъа” жети фикх аалымы дегенди билдирет,
алар: Хазрети Омар, Хазрети Али, Ибни Масъуд (радыяллаху анх), Зейд бин Сабит
(радыяллаху анх), Хазрети Айша, Абдуллах Ибни Аббас (радыяллаху анх) жана
Абдуллах Ибни Омар (радыяллаху анх).
Фикх жана ижтихадда көз карашы курч жана күчтүү
эле. Фикх илиминин негиздөөчүлөрүнөн. Ислам дининде өтө бийик даражага ээ
болуп, хадис жана фикх аалымдары тарабынан жогору бааланып, мактоого
арзыгандардын башында турат.
Табииндерден Масруктан: "Хазрети Айша Фараиз
илиминен бир нерселерди билчү беле?” – деп сурашты. Ал: "Аллахка ант берип
айтам, Асхабы кирамдын алдыңкыларынын көбү келип Хазрети Айшадан фараиз илимине
тиешелүү нерселерди сурап үйрөнүшчү”, - деп жооп берди.
Имам Зухри: "Эгер доорунун бүткүл аалымдары жана
Пайгамбарыбыздын башка жубайларынын илими бир жерге чогулса дагы, Хазрети
Айшанын илими баары бир көп болмок”, - деп айтчу.
Абу Мусаъл Ашъари (радыяллаху анх) мындай деди:
"Биз (Асхабы кирам) кыйын бир маселеге туш болгондо Хазрети Айшага барчубуз.
Хазрети Айшанын илими өтө көп болчу.”
Урва бин Зубайр: "Фикхта да, табыпчылыкта да,
ырда да Хазрети Айшадан көбүрөөк илими бар киши жок болчу”, - деп айткан.
Абдуррахман бин Авф (радыяллаху анх)
хазреттеринин уулу Абу Салама: "Расулуллахтын сүннөтүн Хазрети Айшадан жакшыраак
билген, динде табаххур кылган (дарыядай кең илимге ээ болгон), аяти карималарды
билген жана түшүү себептерин билген, фараиз илиминде мыкты болгон бир да адамды
көргөн жокмун”, - деп айткан.
Ата бин Аби Рабах: "Хазрети Айша сахабалардын
ичинен эң көп фикх билген, ысабет-и рей (туура чечим кабыл алуу, көрөгөчтүк)
жагынан эң алдыңкы орунда турган киши эле”, - деп айткан.
Хазрети Айша энебиз бүт Ислам илимдерин билген,
мужтахид, адип (акын), зүхд жана вараа ээси, өтө жоомарт бир Расулуллахтын
жубайы эле. Анын кйтыш болгонуна бүт мусулмандар ыйлады. Анткени, Ал Умм-ул-Муминин
(момундардын энеси) эле.
Хазрети Айша (радыяллаху анха) жөнүндө көптөгөн
хадиси шарифтер бар. Булардын бири
Имам Мунавинин Аби Шайбадан билдиргени
"Айша Жаннатта да менин
жубайым болот” деген хадиси шарифтери. Рамуз-ул-ахадисте жеке өзүнө кайрылып айтылгандыгы билдирилген хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүлөр:
"Эй, Айша, бир да
жолу хайасыз (уятсыз) сөз сүйлөгөнүмдү көрдүң беле? Кыямат күнү Аллахтын
алдында эң жаман адам – жамандыгынан качып, адамдар таштап кеткен киши.”
"Эй, Айша, Аллах
кулдарына лутф (жумшактык, сылыктык) менен мамиле
кылуучу. Ар бир иште жумшак мамиле кылынуусун жакшы көрөт.”
"Эй, Айша, жумшак
бол! Анткени, Аллаху таала
бир кулуна жакшылыкты кааласа, аларга рыфк (жумшактык) эшигин көрсөтөт.”
"Эй, Айша, билбейсиңби? Кул сажда кылган кезде Аллаху таала
анын сажда кылган жерин жети кабат жердин аягына чейин таптаза кылат.”
"Эй, Айша, сага
бирөө сурабай туруп бир нерсе берсе кабыл ал. Анткени, ал - Аллаху
тааланын сага жиберген бир ырыскысы.”
Хазрети Айша (радыяллаху анха) бир күнү Расулуллах алейхиссаламдан: "Шейиттердин
даражасына көтөрүлгөн болобу?” – деп сураганда, "Күн сайын жыйырма жолу өлүмдү ойлогон адам шейиттердин
даражасын табат”, - деп жооп берген эле.
"Эй, Айша!
Түндөрү төмөнкү төрт нерсени кылмайынча уктаба!”
- Курани каримди хатим
кылмайынча.
- Менин жана башка пайгамбарлардын
шапааттарына жетмейинче.
- Момундарды өзүңөн ыраазы
кылмайынча.
- Ажылык кылмайынча!”
Буларды айткандан кийин намазга турду. Намазын
окуп бүтүп, алдыма келгенде өзүнөн сурадым:
- Эй, эки дүнүйөнүн күнү болгон Мырзам! Эне-атам,
жаным сизге курман болсун. Мага төрт нерсени кылууну буюруудасыз. Мен буларды
ушул кыска мөөнөттө кантип кыла алам?
Күлүмсүрөп мындай деди: "Йа, Айша! Андан жеңил
эмне бар? Үч Ихласы шарифти жана бир Фатиха сүрөсүн окусаң Курани каримди хатим
кылган болосуң. Мага жана башка пайгамбарларга салават айтсаң шапаатыбызга
жеткен болосуң. Адегенде момундардын, анан соң өзүңдүн кечирилүүңдү тилесең
момундарды өзүңөн ыраазы кылган болосуң. "Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла
илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах. Лахул мулку ва лахулхамду ва хува ала
кулли шайъин кадир” тасбихин окусаң ажылык кылган болуп эсептелесиң!”
Табииндерден жаштар Хазрети Айшага келип, Расулуллахтын (алейхиссалам) ахлакын
сурашты. Мындай деп жооп берди: "Анын ахлагы Куран эле. Курани каримдин жакшы
көргөнүн кабыл алып, ыраазы болчу. Жакшы көрбөгөнүн өзү да жакшы көрчү эмес
жана сактанчу.”
"Расулуллах (алейхиссалам) эки нерсенин бирин
тандашы керек болгон учурда ал эки иштин эң оңоюн алчу (күнөө болбосо). Күнөө
болгон кезде андан баарынан көп алыстачу. Эч качан Аллахтын Расулу
(алейхиссалам) өз напси үчүн өч алууга аракет кылган эмес. Жалгыз Аллахтын
буйругу бузулган учурдан башка.”
"Расулуллахтын (алейхиссалам) төшөгү ичи хурма
буласына толтурулган тери эле.”
"Пайгамбардын (алейхиссалам) курсагы (эч качан)
тамакка тойгон эмес. Бул тууралуу эч кимге даттанган эмес. Муктаждык ал үчүн
байлыктан да жакшыраак эле. Түнү бою ачкалыктан кыйналса да Анын бул абалы
күндүз орозо кармоодон токтотчу эмес. Эгер каалаганда Раббинен жер жүзүнүн бүт
казыналарын, мөмө-жемиштерин жана жыргал турмушун сурамак. Ант болсун, Анын
ошол абалын көргөн кезде боор ооручумун жана ыйлачумун. Колум менен курсагын сылап, айтчумун:
"Жаным сизге курман болсун! Сизге күч бере турган
ушул дүнүйөдөн кээ бир пайдалар (жегенге жана ичкенге нерселер) камсыздасаңыз
болбойбу?”
- Эй, Айша,
дүнүйөнүн мага эмне кереги бар! Улул азмдан болгон пайгамбар боордошторум мындан
да оор болгонуна каршы чыдамкайлык көрсөтүштү. Бирок, ошол абалдары менен жашоолорун улантышты. Раббилерине кайтышты, ушул
себептен Раббилери алардын Өзүнө кайтышын абдан жакшы кылып жасады. Соопторун
арттырды. Мен ырахат турмуш
жашоодон уялам. Анткени, мындай жашоо мени алардан артта калтырат. Мен үчүн эң кооз жана сүйүктүү
нерсе – боордошторума,
досторума жетүү жана аларга кошулуу”, - деди.
Айша (радыяллаху анха) айтты: Бул сөздөрүнөн бир айдан кийин (көп) калбай
кайтыш болду (алейхиссалам). "Расулуллах (алейхиссалам) бүт түнү бир эле аят
менен намаз окуду.”
Аллаху тааланын, адамдардын эң улуусу болгон Хазрети Мухаммедге
(алейхиссалам) Пайгамбардык менен бирге шейиттик даражасын да бергендиги
Хазрети Айша Сыддыканын кабар берген төмөнкү хадиси шарифинен белгилүү болууда: "Хайбарда жеген ууланган эттин ачуусун сезип жатам. Ошол уунун таасири менен абхар (аорта)
тамырым азыр иштебей
турган абалга келди.”
Абу Давуд Хазрети Айшадан (радыяллаху анха) билдирет: карындашым Асма
Расулуллахтын жанына келди. Артында жука кийим бар эле.
Терисинин түсү көрүнүп турчу. Расулуллах (алейхиссалам) балдызын карабады.
Мубарек жүзүн буруп: "Йа, Асма! Бир аял намаз окуй турган жашка жеткен кезде
анын бетинен жана эки колунан башка жерлерин эркектерге көрсөтпөөсү керек”, - деди.
Хазрети Омардын кабар берген хадиси шарифинде Расулуллах (алейхиссалам) Хазрети Айшага: "Динде фыркаларга бөлүнүштү аяти каримасы бул үммөттө пайда боло турган бидат ээлерин жана
напсилерин ээрчигендерди кабар берет”, - деди.
Расулуллах (алейхиссалам) жалкоолуктан Аллаху таалага жалбарып, "йа, Рабби! Мени кеселден сактай көр!” – деп дуба кылганын Айша (радыяллаху анха) жана Энес
бин Малик "Бухари” жана "Муслим”де
билдиришкен. "Эшиъат-ул-лемаъат”та "Баян ва Шиир” бөлүмүндө
айтылат, Айша (радыяллаху анха) билдирген хадиси шарифте "Шиир (ыр), жакшысы
жакшы болгон, жаманы жаман болгон сөз” деп айтылган. Башкача айтканда, везн (ритм) жана каафия (рифма) бир сөздү
жаман кылбайт. Шиирди жаман кылган нерсе анын мааниси.
Расулуллахка (алейхиссалам) бирөө келди. Аны
алыстан көргөндө: "Уруусунун эң жаманы”, - деди. Бөлмөгө киргенде күлүп тосуп алды жана илтипат кылды (сый
көрсөттү). Кеткенде, Хазрети Айша (радыяллаху анха) себебин сурады. "Адамдардын
эң жаманы - зыянынан кутулуу үчүн жанына барылбаган адам”, - деди. Ал
мусулмандардын башында турган бир мунафык эле. Мусулмандарды анын зыянынан
сактоо үчүн мудара кылды (жакшы мамиле кылды).
Мединада каат (кургакчылык) болду. Хазрети Айшага
келип жалбарышты. Расулуллахтын күмбөзүнүн чатырын тешкиле деди. Айткандай кылышты. Көп жамгыр жаады. Кабр-и шериф
нымдалды.