Ислам дини » Пайгамбарлар, аалымдар » Силсиле-и Алийя-и Накшбандийя » Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам




Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам


Мухаммед алейхиссалам - Аллаху тааланын Расулу (Элчиси), Хабиби, башкача айтканда, сүйүктүүсү. Пайгамбарлардын эң улуусу жана эң акыркысы. Атасынын аты - Абдуллах. 571-жылы апрель айынын жыйырмасына дал келген Рабиуль аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Пайгамбарыбыз туулганда атасы кайтыш болгон эле. Алты жашында энеси, сегиз жашына чыкканда чоң атасы кайтыш болду. Кийин атасынын бир тууган агасы болгон Абу Талибдин карамагында чоңойду. Жыйырма беш жашында Хадича-тул-кубра менен баш кошту. Андан төрт кыз жана эки уулдуу болду. Улуу баласынын аты Касым эле. Ошондуктан Ал киши "Абул-Касым” деп дагы аталган. Кырк жашында бүткүл адамдарга жана жиндерге Пайгамбар экендиги билдирилди. Андан үч жыл өтүп, элди ыйманга чакыра баштады. Элүү эки жашында, түндөрдүн биринде Меккеден Кудуска (Иерусалим) жана ал жерден көктөргө алып чыгып келинди. Бул окуя "Мираж” деп аталат. Миражда Бейишти, Тозоктуу жана Аллаху тааланы көрдү. Беш маал намаз ошол түнү фарз болду. Тарыхчылардын айтымында, миладий (Григоряндык жыл санак боюнча) 622-жылы Аллаху тааланын буйругу менен Меккеден Мединага барды. Бул сапары "Хижрат” деп аталат. Медина шаарынын Куба деген айылына келген күнү болгон Рабиул авалдын сегизи, сентябрь айынын жыйырманчы Дүйшөнбү күнү мусулмандардын Хижри шамси жыл санагынын башталышы катары кабыл кылынган. Мусулмандардын Хижри камари жылдары болсо, ошол жылдын Мухаррам айынан башталат жана ай жолдошунун жер планетасы айланасында он эки жолу тегеренип өтүшү бир камари жылга тең болот.

Мухаммед "алейхиссалам” ак жуумал жана адамдардын эң сулуусу эле. Сулуулугун жана көркөмдүгүн баарына да көрсөтө берчү эмес. Ал заттын сулуулугун бир жолу көргөн, жада калса, түшүндө көргөн адамдардын дагы жашоосу лаззат жана куунактык менен өтүүдө. Ал зат бардык доорлордо дүнүйөнүн каалаган бир аймагында жашаган, туулган бардык адамдардан ар тараптан эң жогору болуп саналат. Акылы, ой-пикири, көркөм мүнөзү жана бардык мүчөлөрүнүн кубаты бардык адамдардыкынан артыкча болчу.

Балалык чагында эки ирет соода кербени менен Шам элине барды жана Бусра делген жерден артка кайтты. Андан башка эч качан эч жакка барган эмес. Умми болчу, б.а., эч бир мектепке барган эмес. Эч кимден сабак алган эмес. Бирок, бардык нерсени билчү. Тагыраак айтканда, эмнени ойлосо жана эмнени билүүнү кааласа Аллаху таала ошол замат Ал затка билдирип турчу. Жабраил "алейхиссалам” аттуу периште келип, Ал зат каалаган нерсени билдирип кетчү. Ыйык жүрөгү күндөй жарык чаччу. Андан чачылган илим жана маарифат нурлары радио толкундары сыяктуу жер, асман жана ар тарапка жайылчу. Азыр болсо бул нур ыйык мазарынан жайылууда. Жайылуу кубаты ар секунд сайын көбөйүүдө. Электромагниттик толкундарын кабыл алуу үчүн радио кабылдагыч керек болгондугу сыяктуу Анын пейздерин (нурун) ала билүү үчүн Ага ишенген, сүйгөн жана көрсөткөн жолунда жүрүп таза болгон жүрөк зарыл. Ушундай жүрөк ээси болгон адам ошол нурларды алат жана өз кезегинде ал дагы айланасына тарата баштайт. Мындай улуу инсандар "Вали” (олуя) деп аталат. Мына ушундай бир валини тааныган, ишенген жана сүйгөн адам анын алдында адептүүлүк менен отуруп же алыстан аны адептүүлүк менен, махабат менен эстесе, ойлосо, ошол адамдын жүрөгү дагы нур жана пейз алып, тазарып жетиле баштайт. Аллаху таала денебизди карап жетилдирүү үчүн күндүн энергиясын себеп кылганы сыяктуу рух жана жүрөгүбүздү жетилиши үчүн Мухаммед алейхиссаламдын жүрөгүн жана ал жерден жайылган нурларды себеп кылган. Адамды тойдурган, клетка жана булчуңдарга кубат берген жана энергия менен камсыз кылып турган бардык азык заттар күндүн энергиясы жана ар турдүү реакциялар аркылуу пайда болгондой жүрөккө, рухка азык болгон олуянын сукбаттары, сөздөрү жана жазуулары дагы бардыгы Расулуллахтын ыйык жүрөгүнөн жайылып жаткан нурдан пайда болгон.

Ааламдардын Мырзасы (саллаллаху алейхи васаллам) отуз жети жашында эле кайыптан "Оо Мухаммед” деп аны чыкырып жаткан добуштарды укчу. Отуз сегиз жашында бир канча нурларды көрө баштады. Окуяларды бир гана Хадича энебизге айтып берчү. Мухаммед алейхиссаламга пайгамбардыктын билдирилиши жакын калган кездерде доорунун таанымал акындарынан Кус бин Саида Указ базарында төөсүнүн үстүндө туруп, жыйылган калың элге окуган хутбасы Анын (пайгамбардын) келишинин сүйүнчүлүү кабарын берген эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дагы ошол хутбаны тыңдагандардын арасында эле. 

Ал кездерде бүткүл Арабстан боюнча адамдар Аллахтын мыйзамынан алыстап кеткен болчу. Алар бай-кембагал, күчтүү-күчсүз, кожоюн жана кул сыяктуу таптарга бөлүнүп алышкан болчу. Бираз өздөрүн жогорураак, маданияттуураак деп эсептегендер калгандарга зулумдук кылышчу, аларды адам деп эсептешчү эмес. Күчсүздөрдүн мал-мүлктөрү тартып алынчу, бирок, мындай адилетсиздиктерге тоскоол боло турган бир да жоопкер киши табылчу эмес. Аллаху таалага ыймандан пайда болуучу уяттуулук жана коркуу сезимдеринен жана көркөм мүнөздөрдөн өтө алыс болушчу. Ар түрдүү бузукулук, сый-урматты жана намысты тебелөө сыяктуу жаман кулк-мүнөздөр эч бир кыйынчылыксыз жасалчу, кумар, аракечтик, напсинин каалоолорун кандыруу сыяктуу букулуктар кеңири жайылган болчу. Күн сайын кайталанып турган адам өлтүрүүлөр, зина жана каракчылык абдан тажаткан болчу, күнөөсүз адамдардын кыңкыстоолору жана ачуу көз жаштары Аршты титиретип жаткан болчу.Толугу менен ахлак жагынан пас кылык-жоруктар өкүм сүрчү, адамдар жахалат (сабатсыздык) баткагына баткан болчу. Аял киши жөнөкөй эле бир буюмдай алынып сатылчу, кыз балдар тирүү бойдон ынсапсыздык менен көмүлчү. Эң жаманы, таш жүрөк, өжөр жана ырайымдан узак бул эл өз колдору менен жасап алган пайдасы да, зыяны да жок болгон жансыз буттарга сыйынып-табынууну чоң абийир деп кабыл кылышчу.

Адам алейхиссаламдан бери дүнүйөдө мындай зулум, жолдон таюу, ахлаксыздык, ыймансыздык, сафахат (напсинин каалоолорун кандырууга абдан берилип кетүү) кездешкен эмес болчу. Адамдар айбан кебетесине кирип калгандай эле. Баары бири-бирине душман, коомчулук ар заматта жарылууга даяр турган вулкан сыяктуу кайнап жаткан эле. Адамдардын бейпилдикке жетүүлөрү үчүн мындай караңгылыктын түбүнөн бакыттуулук күнү чыгышы керек болуп жаткан. Эгер ушундай бир нур чыкса, куфурдун ордун ыйман, зулумдуктун ордун адилеттүүлүк, сабатсыздыктын ордун илим ээлөчү жана адамдар түбөлүк бакытка жетишкен болмок.

Пайгамбарыбыз кырк жашында, Рамазан айында, Хира тоосуна чыгып, тафаккурга (терең ой жүгүртүүгө батуу) берилген болчу. Рамазандын 17-чиси, Дүйшөнбү күнү жарым түндөн кийин атын атап чакырган бир үндү укту. Башын көтөрүп тегерегине караганда, ошол үн дагы кайталанды жана кийин заматта айлана-тегеректи жарыкка бөлөгөн бир нурду көрдү. Нурдун артынан Жабраил алейхиссалам бет-маңдайында пайда болду жана Ага "Оку!” деди. Пайгамбарыбыз болсо "Мен окуй албайм”деген жообун берди. Ошондо периште Пайгамбарыбызды катуу кучактады да, дагы "Оку!” деди. Пайгамбарыбыз кайра "Мен окуй албайм”, - деп жооп берди. Дагы бир жолу Аны кучактады, дагы "Оку!” деди. Пайгамбарыбыз "Мен окуганды билбейм”, - деп жооп бергенде, Аны үчүнчү жолу кучактап кысты. Андан кийин Аны коё берип "(Эй Мухаммед!) Жараткан Аллахтын ысымы менен оку! Ал инсанды уюган кандан жаратты! Оку, Аллах эң улук Зат! Ал (инсанга) калемди(жазууну) үйрөттү, Ал зат инсанга билбегендерин үйрөтөт” деген маанидеги Алак сүрөсүнүн алгачкы беш аятын келтирди. Мухаммед алейхиссалам дагы аны менен бирге кайталады (окуду). Алгачкы вахий мына ушинтип келди жана ааламга жарык чачкан Ислам нуру ушинтип пайда болду.

Жабраил алейхиссалам вахий алып келгенде кээде адам кебетесинде келчү. Көбүнесе сахабалардан Дихя-и Калбинин келбетинде келчү. Кээде болсо Пайгамбарыбыздын жүрөгүнө илхам менен салчу, түшүндүрүп берчү. Расулуллах алейхиссалам аны көрчү эмес. Ал кээде түштө, кээде катуу коркуу салган үн менен келчү. Вахийдин мына ушундай түрдө келиши Пайгамбарыбызга өтө оор, кыйын сезилчү. Мындай кездерде өтө суук болуп турган болсо да Анын ыйык чекесинен тер ага берчү, төөнүн үстүндө болсо вахийдин оордугунан улам төө жерге чөгүп калчу. Анын жанында болгон сахабалар дагы вахийдин оордугун денесинде сезишчү. Жабраил алейхиссалам бир канча жолу Пайгамбарыбыздын келбетинде дагы келген.

Аллаху таала кээде периштесиз жана пардасыз, б.а., эч кандай ортомчусуз дагы Пайгамбарыбызга вахий жиберген. Мындай көрүнүш Мираж түнү орун алган.

Биринчи вахийдин келиши менен пайгамбардык милдетин аткара баштаган Мухаммед Мустафанын (саллаллаху алейхи васаллам) Исламды үгүттөөсү жыйырма үч жыл уланды. Бул убакыттын он үч жылын Меккеде, он жылын Мединада өткөрдү.

Мухаммед алейхиссалам умми эле, б.а., китеп окубаган, бир нерсе жазбаган жана эч кимден сабак албаган киши болчу. Меккеде туулуп, ошол жерде, белгилүү кишилердин арасында чоңойду. Ушундай болушуна карабастан Тоорат жана Инжилде, Грек жана Рим доорлорунда жазылган китептерде болгон билимдерден, маалыматтардан, окуялардан кабар берчү. Ислам дининен кабардар кылуу максатында хижраттын алтынчы жылы Рим, Иран жана Хабаш башчыларына жана башка араб падышаларына каттарды жиберди. Ага алтымыштан ашуун элчилер келди. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын окуу-жазууну билбегени тууралуу Анкебут сүрөсүнүн 48-чи аятында: "Сен бул Курани карим келгенге чейин эч бир китепти окуган эмессиң. Бир да жазуу жазган эмессиң. Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң анда кара ниеттер албетте шектенип калышмак”  деген мааниде билдирилген.

Хадиси шарифте: "Мен умми пайгамбар Мухаммедмин... Менден кийин пайгамбар жок”, - деп айтылды. Дагы Курани каримде: "Ал (Мухаммед алейхиссалам) өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөп жаткан жок. Анын сүйлөп жаткандары Ага вахий аркылуу билдирилүүдө, үйрөтүлүүдө” (Нажм сүрөсү, 3, 4 аяттар) деген мааниде билдирилет.

Аллаху таала Жабраил "алейхиссалам” аттуу периште аркылуу Мухаммед алейхиссаламга "Курани каримди” жиберди. Курани карим, 22 жыл, 2 ай, 22 күндө вахий кылынып бүттү.

Адамдарга дүнүйөдө жана акыретте керектүү, пайдалуу боло турган нерселерди буйрук кылды. Зыяндуу боло турган нерселерге болсо тыюу салды. Ошол буйрук менен тыюулардын баары Ислам дини же Исламият деп аталат.

Мухаммед алейхиссаламдын айткан ар бир сөзү туура, баалуу жана пайдалуу. Мына ушундай ишенген адамга момун же мусулман делет. Мухаммед алейхиссаламдын сөздөрүнүн бирөөнө болсо да ишенбеген, жактырбаган адам капыр деп аталат. Аллаху таала момун болгон кулдарын сүйөт. Аны түбөлүккө Тозокко таштабайт. Аны Тозокко эч качан таштабайт, же күнөөсү үчүн Тозокко киргизсе да белгилүү убакыттан кийин ал жерден чыгарат. Капыр адам болсо Бейишке такыр кире албайт. Түз Тозокко барат жана ал жерден түбөлүккө чыга албайт. Ошондуктан, Ага ишенүү, Аны сүйүү бардык бактылуулуктардын, бейпилдиктин, ырахатыктын  жана жакшылыктардын башаты. Анын пайгамбар экенине ишенбестик бардык бакытсыздыктардын, балакеттердин, азап-кыйынчылыктардын жана жамандыктардын башталышы.

Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам”дын илим, ирфан, фахм, якийн, акыл, закават, жоомарттык, тавазу, хилм (жумшактык), боорукердик, сабыр, кайрат, хамийят, садакат, аманат, шажаат, кайбат, марттык, балагат, фасахат, фатанат, малахат (сулуулук), вара, иффат, керемет, ынсап, хайа, зухд жана такыбаасы башка бардык пайгамбарлардан артык болчу. Дос жана душмандарынан кандайдыр жамандык көрсө дароо кечирип жиберчү. Эч бирине жамандык менен жооп берчү эмес эле, б.а., өч алууну ойлочу эмес эле. Ухуд согушунда капырлар ыйык гүлдөй бетин канатып, тиштерин сындырган кезде алар үчүн "Йа, Раббим! Аларды кечире көр! Бул кылмыштарын алардын сабатсыздыктарына жоё көр!” – деп дуба кылган болчу.

Мухаммед алейхиссаламдын көркөм кулк-мүнөзү жана касиеттери өтө көп болуп, ар бир мусулман бул ахлакты үйрөнүшү жана өз кулк-мүнөзүн да ушунун негизинде оңдоосу керек. Дүнүйө жана акыретте балакеттерден, азап-кыйынчылыктардан кутулуу жана ошол эки дүнүйө Мырзасынын "саллаллаху алейхи ва саллам” шапаатына ээ болуу, жалгыз ушул жол менен гана насип болушу мүмкүн. Анткени, хадиси шарифте: "Аллаху тааланын ахлакы менен ахлактангыла!” – деп буйрук кылынды.

Хижраттын он биринчи жылы болчу. Жабраил алейхиссалам, ошол жылы келгенде Сүйүктүү Пайгамбарыбызга Курани каримди эки жолу башынан аягына чейин окуп көрсөттү. Мурдагы жылдарда келгенде бир жолу окуп берчү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Жабраил алейхиссаламдын эң акыркы алып келген: "Аллаху тааланын жардамы жана жеңиши келсе жана адамдардын Аллаху тааланын динине (Исламга) топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң Раббиңе хамд (мактоо) айткын жана тасбих кылгын! Андан кечирим тилегин! Анткени Ал, тооболорду дайым кабыл кылуучу!” деген маанидеги Наср сүрөсүнүн уккан соң: "Оо Жабраил! Көңүлүмдө өлүмдүн жакындап калганын сезип турам”, - деп айтты. Ага жооп катары Жабраил алейхиссалам мааниси: "Акырет сен үчүн дүнүйөдөн жакшыраак. Раббиң сага жакында (ушундай ниматтарды) берет. Анан сен ыраазы болосуң.” (Зухаа сүрөсү, 4-5) деген аятты окуду.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ошол күнү Мединада болгон сахабалардын баарын бешим намазына мечитке жыйналуусун буйрук кылды. Эки дүнүйө Мырзасы намаздан кийин бир хутба окуду. Бул хутба ушундай бир хутба эле; аны тыңдаган жүрөктөрдүн баары сыздап, көздөрдөн жаштар куюлуп аккан болчу. Сөзүнүн аягында: "Эй, адамдар! Пайгамбарыңар катары мени кандай деп билесиңер?” - деп сурады. Сахабалар: "Йа, Расулуллах! Аллаху таала Сизди мол жакшылыктар менен сыйласын жана ырайым кылсын. Сиз бизге өтө мээрман ата, дайым насаат кылуучу боорукер ага катары мамиле кылдыңыз. Аллаху таала сизге ыйгарган пайгамбардык милдетин орундуу орундадыңыз. Вахий кылынгандарды бизге жеткиздиңиз. Раббиңиздин жолунда Исламга хикматтар, көркөм, таттуу насааттар менен чакырдыңыз. Аллаху таала сизге эң сонун жана эң жогору сыйлыгын берсин!” - деп жооп беришти.

Сапар айынын соңку күндөрү эле. Ааламдардын Мырзасы (саллаллаху алейхи ва саллам) түндүктөгү Византия империясы мусулмандар үчүн чоң коопко айлана электе аларды дагы бир жолу Исламга чакыруу, бул чакырууну четке кагышса аларга каршы согуш ачуу жана Ислам мамлекетинин өкүмүнө киргизүүнү каалоочу. Ошондуктан, Византиялыктар менен согушуу үчүн сахабаларды даярдык көрүүгө буйрук кылды. Сахабалар бул буйрукту орундоо үчүн даярдана башташты. Расулуллах мечитке кирип, минбарга чыгып: "Эй, сахабаларым! Усаманын атасы Зайд  колбашчылыкка кандай татыктуу болуп, мен үчүн кандай сүйүктүү болгон болсо, андан кийин анын уулу Усама дагы колбашчылыкка ошондой татыктуу. Усама мен үчүн адамдардын эң сүйкүмдүусү”, - деп айтты.

Усаманын колбашчылыгы астында согушка бара жаткандардын арасында Хазрети Абу Бакр, Хазрети Умар, Хазрети Абу Убайда бин Жаррах, Хазрети Саъд бин Абий Ваккас сыяктуу сахабалардын абройлуулары дагы бар эле.

Бирок, эртеси күнү, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын капыстан ооруп калышынан улам кошуундун жолго чыгышы кечиктирилип, сапар Пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин гана ишке ашырылды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз катуу температурага чалдыккан эле. Денесинин ысыгы көтөрүлгөн сайын оорусу убакыт өтүп күчөп жатты.

Пайгамбарыбыздын оорусу күчөп жатты. Ыйык жубайлары Хазрети Аиша энебиздин үйүндө калуусуна макул болушуп, өздөрүнүн акыларын ага багыштоону абзел көрүштү. Ошондо Расулуллах алейхиссалам кадырлуу жубайларынын мындай кең пейилдиктерине, мээримдерине  кубанып, алардын баарына дуба кылды жана өмүрүнүн акыркы күндөрүн Аиша энебиздин үйүндө өткөрө баштады.

Расули акрам (саллаллаху алейхи ва саллам) хазреттеринин денесинин ысыгы барган сайын көтөрүлүп жаткан эле. Денеси абдан ысыгандыктан төшөгүндө эки жагына кезеги менен оодарылып жатууга мажбур болду. Ушундай оор убакытында дагы сахабалар Ал затты зыярат кылышчу. Оорудан улам сыздап жатканын көрүп, сахабалар катуу кайгыга батып жатты.

Ооруу күндөн күнгө күчөп жатты. Сахабалар болсо бул абалдан өтө кайгырып, үйлөрүндө чыдап отура алышпады. Мындан улам дайым мечитте жыйналып, Пайгамбарыбызды зыярвт кылышчу же абалынан кабардар болуу үчүн Хазрети Алини Анын алдына жиберишчү.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз кайтыш болооруна үч күн калганда оорусу дагы күчөдү. Мечитке чыгып жамаатка намаз окута алгыдай абалда эмес болчу. Жамаатка чыгып имамдык кыла албаган алгачкы намазы куптан намазы болчу. Хазрети Билал ар дайым болгондой бул жолкусунда да Расулуллахтын эшигине келип: "Ас-салат, йа Расулаллах”, - деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мечитке чыга алчу чамасы жок эле. Ушул себептен: "Абу Бакрга айткыла! Сахабаларыма намаз окутсун!” - деп буюрду. Хазрети Аиша энебиз: "Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах! Атамдын көңүлү өтө назик адам жана өтө кайгылуу. Улуу затыңызды өз ордунда туруп, ал жерде сизди көрө албаса ыйлап намаз окута албаса керек деп ойлоймун. Имамдыкка Умардын өтүүсүн буюрасызбы?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз кайрадан: "Абу Бакрга айткыла! Сахабаларыма имам болуп, намаздарын окутсун!” - деп буюрду. Хазрети Билал Абу Бакрга жагдайды түшүндүрдү. Хазрети Абу Бакр дайым михрабда көрүүгө үйрөнгөн Расулуллахты көрө албай жүрөгү эзиле баштады, эстен тана жаздады. Ыйлады!... Ыйлады!... Сахабалар дагы аны менен бирге ыйлай башташты. Мечиттен келип жаткан бул ый үнүн уккан мээрман Пайгамбарыбыз ал жерде эмне болуп жатканын сураганда хазрети Фатима энебиз: "Жаным сизге курман болсун йа Расулаллах! Сахабаларыңыз сиздин жоктугуңузга чыдай албай ыйлап жатышат!...” - деп жооп берди.

Ырайым дарыясы болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул абалдан өтө таасирленди. Сахабаларын бираз болсо да көңүлдөрүн жибитүү ниетинде катуу ооруп турганына карабастан ордунан туруп, Хазрети Али менен Хазрети Аббаска сүйөнүп мечитке кирди жана намаз окулуп бүткөн соң: "Эй, Сахабаларым! Силер Аллаху тааланын коргоосундасыңар жана силерди Аллаху таалага аманат кылдым! Такыбаа болгула. Аллаху тааладан корккула. Аллаху тааланын буйругун орундагыла. Ага баш ийгиле. Мен эми бул дүнүйөдөн кетүүдөмүн”, - деп айтты.

Хазрети Абу Бакр сахабаларга он жети жолу намаз окутту. Бир жолу бешим намазын окутуп жаткан. Ошол маалда Пайгамбарыбыз дагы өзүн бираз жеңил сезип, Хазрети Али менен Хазрети Аббасга сүйөнүп мечитке намазга чыккан эле. Имамдын ордунда турган Абу Бакр Сыддык сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мечитке киргенин сезип, бир четке жылмакчы болду. Пайгамбарыбыз болсо: "Ордуңда туруп уланта бер!” деп ишара кылды жана Хазрети Абу Бакрдын сол жагына туруп, сахабаларына акыркы жолу намаз окуткан болду. Пайгамбарыбыз кайтыш болоордон үч күн мурда Жабраил алейхиссалам зыярат кылууга келип: "Йа, Расулаллах! Аллаху тааланын сизге саламы бар. Жагдайыңыздан кабардар болсо дагы ал-акыбалыңыз тууралуу сурап жатат”, – деди. Ааламдардын Мырзасы болсо: "Кайгылуумун”, -   деди.

Жабраил алейхиссалам Жекшемби күнү да келип ошол айткандарын кайталады. Пайгамбарыбыз дагы да ошол жоопту берди. Ооруй электе бир нече алтынды кедейлерге, бир нечесин Хазрети Айшага берген эле. Жекшемби күнү Пайгамбарыбыздын ооруусу катуулады. Жанына келген аскер кол башчысы Хазрети Усамага эч нерсе айтпады. Бирок, колун көтөрүп, анын үстүн сылады. Ага дуба кылгандыгы түшүнүлдү.

Пайгамбарыбыздын бул дүнүйөдөн кетип, акыретке көчө турган күнү Дүйшөмбү болчу. Ооруганына он үч күн болгон эле. Пайгамбарыбыз сахабалар мечитте Абу Бакр Сыддыктын аркасында багымдат намазын окуп турганда мечитке кирди. Үммөтүнүн сап-сап болуп тизилип намаз окуп турганын көрдү. Кубанып, күлүмсүрөдү. Өзү дагы Абу Бакрга уюп, намаз окуду. Сахабалар Пайгамбарыбыздын намазга келгенин көргөндө ооруудан айыкты деп ойлоп кубанышты.

Намаздан кийин төшөгүнө бираз жаткандан кийин жанына Хазрети Алини чакыртты. Башын анын кучагына койду. Маңдайы тердеп, өңү өзгөргөн эле.

Сыртта убайым  менен  күтүп турган  сахабалар Пайгамбарыбыздын  жагдайынын начарлаганын  угуп жүрөктөрү сыздады. Көздөрүнөн жаш шорголоду. Акыркы жолу Пайгамбрыбыздын дидарын көрүү үчүн: "Эшикти ачкыла! Пайгамбарыбыздын дидарын акыркы жолу көрөлү”, - деп эшиктин алдында жалынып турушту. Ааламдарга ырайым кылып жиберилген Аллаху тааланын Сүйүктүүсү сахабаларынын минтип турушканын угуп: "Эшикти ачкыла”, - деди. Сахабалардын абройлуулары жана аксакалдары ичке киришти.

Пайгамбарыбыз аларды сабырга чакырып: "Эй, сахабаларым! Силер адамдардын эң  кадырлууларысыңар. Силерден кийин ким келсе дагы силер баарынан мурда Бейишке киресиңер. Динди сактап калууда бекем болгула жана Куранды жол көрсөтүүчү кылып алгыла. Диндин өкүмдөрүнөн гафил болбогула”, - деди. Андан кийин: "Эй, Раббим! Таблиг(жеткизүү) кылдымбы?” – деп ыйык көздөрүн жумду. Ыйык жүзү тердеди. Хазрети Али сахабаларга чыгууларын билдиргендей ишара кылды.

Алар кеткенден кийин Хазрети Айша келип насыят сурады. Пайгамбарыбыз: "Эй, Айша! Үйүңдө отуруп өзүңдү корго”, - деп көзүнөн жаш шорголоду. Пайгамбарыбыз ыйлаган эле. Ошол жердегилердин көңүлдөрү жабыркап, ичтери эзилди. Хазрети Үммү Салама энебиз: "Жаным сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Эмнеге ыйлап жатасыз?” - деп сураганда: "Үммөтүмө мээримдүүлүк кылынуусу үчүн ыйлаймын”, - деди.

Пайгамбарыбыз эми соңку демдерин алып жаткан эле. Убакыт жакындаган болчу... Аллаху таала Азраил алейхиссаламга: "Сүйүктүүмө эң жакшы келбетте бар. Эгер уруксат берсе рухун эң жумшак жана жеңил түрдө ал. Уруксат бербесе артка кайт”, - деп вахий берди.

Негизи өзү дагы милдетин орундоо үчүн бара жаткан Заттын урматына жаратылган Азраил алейхиссалам ааламдардын Мырзасына кирип барды. Уруксат берилди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жанында турган идиштеги сууга колдорун батырып, суу колу менен ыйык жүзүн сүртүп: "Ла илаха иллаллах! Эй, Аллахым! Рафик-ул-аъла!...” деди. Азраил алейхиссалам Пайгамбарыбыздын рухун ала баштады. Пайгамбарыбыздын жүзү бир кызарып, бир саргайды. Азраил алейхиссаламга: "Үммөтүмдүн жанын да ушундай кыйнап, кыйынчылык менен аласыңбы?” - дегенде ал: "Йа, Расулаллах! Эч кимдин жанын мындай оңой алган эмесмин”, - деди. Акыркы маалында да үммөтүн эсинен чыгарбаган Расулуллах: "Эй, Азраил! Үммөтүмө кыла турчу катаалдыгыңды мага кыл! Анткени, алар алсыз, чыдай албайт...”, - деди. Кийин кайра: "Ла илаха иллаллах! Рафик-ул-аъла!...” деди. Анын мубарек руху алынып, ала-и иллиинге жеткизилди...

Расулуллах хижраттын он биринчи жылы (м.632) Рабиул-аввал айынын 12-синде Дүйшөмбү күнү түшкө жуук акыретке көчтү. Шейшембиден шаршембиге өтөр кечеси ыйык рухун тапшырган бөлмөсүндө казылган кабырына коюлду. Ал кезде камари жыл саноосу боюнча 63, шамси жыл саноосу боюнча 61 жашта болчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш