Салман Фариси


Салман Фариси хазреттери сахабалардын улууларынан жана атактууларынан. Ахли байттан (Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү, туугандарынан) болуп саналат. Адамдарды Хакка чакырган, туура жолду көрсөтүп, бактылуулукка жеткизген "силсиле-и алиййа” деп аталган улуу аалым жана олуялардын экинчиси.

Хандак согушунан баштап, бардык согуштарга катышкан. Бадр жана Ухуд согушунан кийин мусулмандар Мединага үчүнчү жолу кол салмакчы болгон капырларга каршы кантип коргонуу керектигин кеңешип жатышкан. Бардык капырлар биригип кол салмакчы болгон бул согушта Салман Фариси Расулуллахка хандак (окоп, аң) казуу аркылуу коргонууну сунуш кылган. Анын бул сунушу кабыл кылынып, хандак казылды. Ошондуктан, бул согуш Хандак согушу деп аталат. Салман Фариси курамында Амр бин Авф, Хузайфа бин Яман, Нуъман бин Мукаррин менен Ансардан алты киши болгон топто эле. Салман Фариси күчтүү жана бакубат зат эле. Хандак казуу ишинде өтө чебер жана уста эле. Жалгыз өзү он киши каза турган жерди казчу. Жабир бин Абдуллах: "Салмандын өзүнө бөлүнгөн 5 аршын узундук жана беш аршын тереңдиктеги жерди убагында казып бүткөнүн көрдүм”, - деген эле.

Хандак согушундагы көрсөткөн кайрат жана кызматынан улам аны Пайгамбарыбыз алейхиссалам Салман-ул хайр”, б.а., "Кайырлуу Салман” деп атады.

Сахабалар да аны өтө сүйүп, урматташчу. Салман Фариси хазреттери дүнүйөгө эч кызыкчу эмес. Өзүнө тийген бардык мал-мүлктү Аллахтын ыраазычылыгы үчүн таратчу. Өйдө тура албай тургандай даражада түшкө чейин намаз окучу, денеси алдан кеткенче отуруп тили менен зикир чалчу. Тили чарчаганда Аллаху таала жараткан нерселердеги хикматтар (сырлар, маанилер) тууралуу ой жүгүртчү. Анын бул тафаккуру Пайгамбарыбыз алейхиссалам айткандай "Бир саат тафаккур, миң жылдык ибадаттан жакшыраак” деген хадиси шарифке жатат. Бираз дем алгандан кийин: "Эй, напсим! Сен абдан жакшы дем алдың. Эми тур дагы Аллаху таалага ибадат кылгын!”, тилине болсо: "Эй, тилим! Сен дагы Аллаху тааланын зикирин баштагын!” – дечү.

Салман Фариси хазреттери Асхаби Суффа деп аталган жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам илим үйрөнүүнү милдет кылып белгилеген, Пайгамбарыбыздан үйдө да, сапарда да эч качан айрылбаган сахабалардан болчу. Кээде түндөрү Расулуллахтын жанында болуп, сааттап сухбатында болчу.

Мал-мүлк жыйначу эмес. Кинда деген уруудан бир аялга үйлөнгөн болчу. Үйлөнгөн аялын үйүнө киргенде үйдүн дубалында түрдүү зер буюмдарын илингенин көрдү.

Ар түрдүү зыйнаттуу, зергерлик жабдуулар бир гана Кааба-и Муаззамага жарашат деп айтып, үйгө кирбей койду. Эшиктин жапкычынан башка бардык жапкычтар алынды. Үйгө киргенде бир канча мал-мүлктүн бар экенин көрдү. "Булар ким үчүн?” – деп сурады. "Сеники жана аялыңдын мал-мүлкү”, - деди. Салман Фариси: "Расулуллах мага муну насаат кылган эмес. Мага бир жолчунун муктаждыгы үчүн керек болгон мал-мүлктөн артык нерсени жыйнабоо керектигин насаат кылган”, - деди. Бираздан кийин бир кызматчыны көрдү. "Бул кызматчы кимдики?” – деп сурады. "Сеники жана үй-бүлөңдүкү”, - дешти. Айтты: "Халилим (саллаллаху алейхи васаллам) мага муну насаат кылган эмес. Үйүңдө никеңдеги аялыңан башка эч ким болбосун деген. Эгер болсо алар аялдар кылышы керек болгон нерселерди (жалган, ушак, тынчсыздык) кылышат деп насаат кылган.” Ушундай деп кызматчы аялды дагы бошотуп жиберди. Анан аялынын алдына кирип: "Сен мага буйрук кылган нерселерде моюн сунасыңбы?” – деп сурады. "Сизге моюн сунуу үчүн сиз менен баш коштум”, - деп жооп берди. "Халилим (саллаллаху алейхи васаллам) мага айтты: Сен үй-бүлөң менен Аллаху тааланын буйруктарын орундоо үчүн чоогу болгун!” Андан кийин намаз окуу үчүн ордунан турду жана аялына намаз окууну буйрук кылды. Көп ибадат кылып, көз жашын төгүп, никесин берекелүү кылуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Салман Фариси хазреттери аялы менен өтө жөнөкөй өмүр сүрчү. Асхаби Суффанын ичинде Расулуллахтын жанында Ислам илимдерин үйрөнчү. Хазрети Салман (радыяллаху анх) көп жылдар кедейлик жана кулчулуктун артынан тарткан азап-кайгыларын вахий булагынын тунук сууларынан ичип кетирчү. Асхаби Суффанын арасында Расулуллахка эң жакын болгону Салман Фариси хазреттери эле. Хазрети Айша энебиз айткан: "Салман Фариси түндөрү узак убакыт Расулуллахтын жанында калчу жана сухбатында болчу. Кайда болсо да Расулуллахтын жанында бизден да көп болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аллаху таала мага сүйгөнүн билдирген жана мага дагы аларды сүйүүмдү буйрук кылган төрт кишинин бири бул – Салман”, - деп айткан.”

Хазрети Абу Бакр доорунда Мединадан жана Хазрети Абу Бакрдын сухбатынан бир мөөнөткө болсо дагы айрылбаган Хазрети Салман Хазрети Омардын доорунда Иранды алууга катышты. Ислам кошууну чоң жеңиштерге жеткен бул сапарда анын чоң эмгеги сиңген. Ирандыктар тууралуу көп маалыматка ээ болчу. Анткени, өзү дагы ирандык эле. Ирандыктарды өздөрүнүн тилдери менен динге чакырчу, Исламды түшүндүрүп берчү. Ирандыктар согуштарда пилдерди колдончу. Мусулмандар ага чейин эч качан пил көрбөгөндүктөн эмне кылууну билбей калышты. Хазрети Салман пилдерден кантип коргонуу жана аларды кантип өлтүрүү керектигин мусулман аскерлерге көрсөтүп берди. Ирандын Мадайин шаары алынганда Хазрети Омар аны шаарга аким кылып дайындады. Илими, көрөгөчтүгү, милдетин аткаруудагы адилеттүүлүгү жана жумшактыгы Мадайын элинин чоң сый-урматына татыктуу болду. Ошентип ал жерде Ислам дини тез жайылды. Салман Фариси хазреттери Хазрети Омар доорунда Мадайын шаарынын акими болуп турганда отуз миң кишиге хутба окуганда, үстүндө болгону эки бөлүктөн турган чапаны гана бар эле. Чапанынын бир бөлүгүн жерге төшөп, үстүндө намаз окучу, экинчи бөлүгүн кийчү. Андан башка бир да кийими жок болчу. Аким болгондуктан айлык берилчү. Айлык алган күнү акчаны бир да нерсеге жумшабай, баарын кедей-бечараларга таратып берчү. Кол эмгеги менен оокат кылчу. Ылайдан идиш-аяк жасап, үч дирхамга сатчу. Анын бир дирхамына дагы идиш-аяк жасоо үчүн керектүү нерселерди сатып алчу, бир дирхамын садага кылып берчү,  бир дирхамына болсо үйүнө керектүү нерселерди сатып алчу.

Мадайын шаарына аким болуп турганда Шамдан бир киши келди. Жанында бир себет анжир бар эле. Салман Фариси хазреттерин жалгыз бир чапанда жүргөнүн көрүп, аны жумушчу деп ойлоду. "Бери келчи, мына буну көтөр!” – деди. Ал унчукпай себетти көтөрүп, баса баштады. Муну көргөндөр жанагы кишиге: "Сен эмне кылып жатасың, бул киши аким го!” – дешти. Ошондо ал киши: "Мени кечирип коюңуз, сизди тааныбай калыптырмын, себетти жерге коюңуз”, - деди. Хазрети Салман: "Жок, койбойм. Ниет кылып койдум, бара турган жериңе чейин көтөрүп барам!” – деп, ал кишинин үйүнө чейин көтөрүп барды.

Өтө жөнөкөй өмүр сүргөн Салман Фариси хазреттери Хазрети Осмон доорунда ооруп калды. Ошондо ал-абалын сурап келген Саъд бин Аби Ваккаска дүнүйөдөн кете турган убагынын жакындап калганын жана болгон байлыгынын бир кесе, бир илеген, бир килем жана бир палас экенин айтты. Зыярат кылып келген сахабалар насаат кылуусун сурашса ооруп жатканына карабастан аларга тынбай насаат кылчу. Ошол оорунун натыйжасында Мадайында кайтыш болду.

Илим үйрөтүүнү өтө жакшы көрчү. Көптөгөн аалымдарды окутуп жетилдирди. Абу Саид ал-Худри, Ибни Аббас, Авс бин Маликтер анын шакирттеринин арасында эле. Табеъиндин улууларынан жана ошол доордо Мединада Фукаха-и Сабъа деп аталган жети чоң аалымдардын бири болгон Касым бин Мухаммед дагы Салман Фарисинин шакирттеринен болчу. Анын сабактары жана сухбаттарында кемел даражага жеткен эле. Салман Фариси хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын алдында жана сухбатында кемелге жетти. Захир (сырткы) жана батын (ички) илимдеринде өтө үлкөн даражаларга жетти. Сахабалардын баары дагы ушундай эле. Бирок, Расулуллахтан ар ким өзүнүн жөндөмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүгүнө жараша пейз алчу. Хазрети Абу Бакр кол жеткизген даражаларга эч бир сахаба кол жеткизе албады. Салман Фариси хазреттери Расулуллахтан кийин Хазрети Абу Бакрдын сухбатына катышып, ага кызмат кылып, андан дагы пейз алды.

Аялы мындай деп айткан эле:

"Кайтыш болооруна жакын мага: "Үйдө бираз миск бар эле, ошону сууга сал дагы, баш жагыма сеп, адам жана жин эместер (периштелер) жаныма келишет”, - деди. Айткандай кылдым. Сыртка чыктым. Бөлмөдөн "Ассаламу алейка, эй Аллахтын олуясы жана Расулуллахтын досу” деген бир добушту уктум, ичкери кирсем рухун тапшырган экен. Төшөгүндө уктап жаткандай эле.”

Саид бин Мусаййаб Абдуллах бин Саламдан накыл кылып айтат:

"Салман Фариси мага: "Эй бир тууганым! Экөөбүздөн кимибиз алгач кайтыш болсок кайтыш болгон артта калганга өзүн көрсөтсүн”, - деди. Мен: "Бул мүмкүнбү?” – деп сурадым. "Ооба, мүмкүн, анткени, момундун руху денеден чыккан кезде каалаган жерине бара алат. Капырдын руху Сижжинде камалган болот”, - деп жооп берди. Салман кайтыш болду. Бир күнү кайлулада жатканымда Салмандын келгенин көрдүм. Салам берди. Саламына жооп бердим. "Барган жериң кандай?” – деп сурадым. "Жакшы. Тобокел кыл. Тобокел – кандай жакшы нерсе!” – деди жана үч жолу кайталады.

Салман Фариси хазреттеринин илими менен касиеттери өтө көп болчу. Ар бир илимде аалым эле. Хазрети Али: "Салман Фариси мурдагылардын жана жана кийинкилердин илимин үйрөнгөн, өтө терең бир деңиз”, - деп айткан эле. Расулуллахка деген жакындыгы жана махабатынан улам тандалган сахабалардын арасына Расулуллах тарабынан кошулду. Мухажирлер менен ансардын арасында Салман мухажирби же ансарбы деген маселеде келишпестик чыкканда, Пйгамбарыбыз: "Салман бизден, ал ахли байттан”, - деди.

Салман Фариси хазреттеринин баалуу насаттарынан айрымдары төмөндөгүдөй:

"Момун, дарыгердин жанында болгон бейтапка окшош. Дарыгер ага эмнени жегенге боло турганын, эмнени жегенге болбой турганын билет. Бейтап өзүнө зыяндуу болгон бир нерсени сураса, дарыгер тоскоол болуп, жесең өлөсүң деп эскертет. Момундун жагдайы да дал ушундай. Ал көптөгөн нерселерди каалайт, бирок, Аллаху таала тоскоол болот, өлө турган күнүнө чейин. Анан Бейишке кирет.”

"Дүнүйөгө ач көздүк менен жармашкан кишиге таң каламын. Бирок, өлүм анын артынан келүүдө. Өзү унуткан, бирок, унутулган эмес. Күлөт, бирок, Аллаху таала андан ыраазыбы же жокпу билбейт.”

"Үч нерсе мени таң калтырат. Ал үч нерсе: Өлүм аны кууп жаткан болсо да, дүнүйөлүк нерселердин артынан чуркап жүргөн адамдын жагдайы. Өзү унуткан болсо да, унутулбаган болуп, эсепке тартыла турган адамдар жана Раббиси өзүнөн ыраазы же ыраазы эместигин билбесе да оозун толтуруп күлгөн адамдардын жагдайы.”

"Илим көп, бирок, өмүр кыска. Андай болсо, алгач динде зарыл болгон илимдерди үйрөн!”

"Жүрөк менен дененин абалы сокур менен бутсуз адамдын абалына окшош. Сокур адам бир бактын астына барат, бирок, андагы мөмөлөрдү көрө албайт. Бутсуз адам бактагы мөмөлөрдү көрөт, бирок, ала албайт. Аллахтан келген ниматтарды жүрөк билиши, ишениши керек. Дене болсо, аны каалоосу керек. Ошентип акыретте түбөлүк ниматтарга жетишкен болсун.”

"Силер мүмкүн болушунча базарга эң эрте баруучу жана эң кеч кайтуучу киши болбогула. Анткени, бул эки убакыт шайтандардын согуша турган убактысы.”

"Бир адам Аллаху таалага ачык күнөө кыла турган болсо тообосу ачык, жашыруун күнөө кылса тообосу жашыруун болсун. Тообо кылгандан кийин: "Эй, Аллахым! Тообо менен күнөөмдү кечире көр!” – деп дуба кылсын.”

"Бир бай менен дос болсоң анын жанында даражаңды түшүргүң келбесе андан эч нерсе сураба. Анткени, суроо адам баласынын бетиндеги кара дак. Берилген нерсени албаган адам бере жаткан адамдын көзүндө бийик көрүнөт жана анын жанында деңгээлин коргогон болот.”

"Фарздарды толук орундабай туруп нафилдер менен даражасын көтөрүүгө аракет кылган адамдын жагдайы, капиталын жоготуп алганына (банкрот болгонуна) карабастан, кирешенин артынан чуркап жүргөн соодагердин жагдайына окшош.”

"Момундун өлүм учурундагы маңдайынын тердеши, көздөрүнөн жаш агып, мурдунун тешиктеринин кеңейиши Аллаху тааланын ырайымына жеткенинин белгиси.”

"Намаз бир өлчөө куралы. Кимде-ким аны толугу менен өлчөп, анын акысын берип окуса, чоң сооп жана сыйлыгын алат. Кимде-ким аз өлчөсө (адептерине ылайык окубаса), Аллаху таала айткан Вайлды (Тозокту) эстесин.”

Абу Ваил айтат:

Бир досум менен Салманды зыярат кылууга бардым. Бизге бираз арпа нан менен туз алып келди. Досум: "Мына бул туздун жанында бираз сатер (тимьян) да болгондо кана!” - деди. Ошондо Салман суу идишти ижарага берип, ошол чөптөн алып келди. Тамактанып бүткөндөн кийин досум: "Бизге берилген ниматка канаат кылдык, Аллаху таалага шүгүр кылабыз”, - деди. Салман: "Эгер канаат кылганыңда суу идиш ижарага берилмек эмес”, - деди.

Өтө аз жечү. Күндөрдүн биринде конокто көбүрөөк жешке үндөшкөндөргө Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын "Адамдардын акыретте катуу ачкалык азабын тарта тургандары – дүнүйөдө тоюп жей тургандары” деп айтканын билдирди. Өтө берешен болгон Хазрети Салман күндөлүк кирешесинин көбүн таратчу жана кол эмгеги менен оокат кылчу. Дайым кедейлерди тойгузуп, тамакты алар менен бирге жечү. Өтө картайып калган кезинде дагы өз ишин өзү кылчу. Бир нерсени көтөргөндө колдору титиречү. Адамдар тегерегинде жыйналып: "Оокаттарыңызды биз көтөрөлү”, - дешсе да: "Жок, өзүм көтөрөмүн”, - деп жооп берчү. Кол астында болсо миңдеген киши бар эле.

Айтты:

"Дүнүйөдө Аллах үчүн тавадуъ (кичи пейилдик) кылгыла! Дүнүйөдө тавадуъ кылган адамдарды Аллаху таала Кыяматта көтөрөт.”

"Колунда жок болсо да колунда бар сыяктуу ниматтарга шүгүр кылып, ыраазы болгон адам, ошол ниматтарга жеткен адамдын өкүмүндө болот.”

"Тозоктун караңгылыгы менен азабы – дүнүйөдө адамдардын өздөрүнө жана башкаларга кылган зулумдуктары.”

"Аллаху таала момундун оорусун ага каффарат (кечирим) кылат жана күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Фасыктын (ачык күнөө кылуучу адамдын) оорусу болсо ээси тарабынан байланган төө сыяктуу. Кийин бошотуп жиберилгенде эмне үчүн байланганын жана эмне үчүн бошотуп жиберилгенин билбейт.”

"Расулуллах өзүбүздө болбогон нерсени конок үчүн алуу аркылуу убара болбоону жана колдо бар нерсеге канаат кылууну буйрук кылган.”

Салман Фариси хазреттери өлүм төшөгүндө жаткан кезде ыйлады. Себебин сурагандарга: "Дүнүйөдөн кетип жатканыма ыйлаган жокмун. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Дүнүйөдөн кетип жатканда жүгүңөр бир жолчунун жүгүнөн артык болбосун!” – деди эле. Мына ошондуктан ыйлап жатамын”, - деди. Ал эми кайтыш болгондо калтырган мал-мүлкүнүн куну он дирхамдын тегерегинде эле.

Күндөрдүн биринде жанында коногу менен Мадайын шаарынан чыгып, бир жерге бара жатышкан. Жолдо курсактары ачты. Жегенге бир да нерсе жок эле. Ал жерде куштар менен кийиктер бар эле. Салман Фариси бир кийик менен бир кушту жанына чакырды. Экөө тең жанына келди. Аларга: "Бул киши менин коногум болот. Силерди ага тамак кылып бергим келет. Кийик менен куш эч каршылык көрсөткөн жок. Аларды союп жешти. Жанындагы киши өтө таң калып: "Мырзам, кийик менен кушту чакырдыңыз, качып кетпей, жаныңызга келди. Мен буга өтө таң калдым”, - деди. Хазрети Салман: "Мында таң кала турган эч нерсе жок. Бир адам Аллаху таалага моюн сунса жана күнөө кылбаса, бардык нерсе ага моюн сунат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш