Касым бин Мухаммед


Касым бин Мухаммед хазреттери табеъиндин улууларынан жана Мединада жетилген жана "Фукаха-и сабъа” деп аталган жети улуу аалымдын бири. Силсиле-и алиййа деп аталган улуу аалым жана олуялардын үчүнчүсү.

Атасы Мухаммед Хазрети Абу Бакрдын уулу. Имам Зайналабидин хазреттерине да бөлө болот. Атасы шейит болуп, бала чакта жетим калганда, эжеси (атасынын карындашы) Хазрети Айшанин карамагында чоңойду. Сахабалардан бир канчасын көргөн жана алардан илим үйрөнгөн. Эжеси Хазрети Айша, Абу Хурайра, Ибни Аббас жана Ибни Омар сыяктуу атактуу сахабалардан хадиси шарифтерди накыл кылган. Тасаввуф илиминин адиси эле. Вараъ жана такыбаада теңи жана окшошу жок эле.

Хазрети Расулуллах алейхиссалам тасаввуф илиминин бийик марифаттарынын баарын бул заттын чоң атасы болгон Хазрети Абу Бакрдын жүрөгүнө агызды. Ал рух илимдеринин дагы адиси болду.

Хазрети Абу Бакр Сыддык болсо Расулуллахтан алган бул пейздерди сахабалардан болгон Салман Фарисинин жүрөгүнө өткөздү. Касым бин Мухаммед рухту көтөрүүчү жана азыктандыруучу бул марифаттарга Салман Фарисинин сухбаттарында ээ болду жана рух адиси болуп жетилди.

Силсиле-и алиййа улууларынын төртүнчүсү болгон Имам Жаъфар-ы Садык дагы Касым бин Мухаммеддин сохбетинен пейз алды. Хадис жана фыкх илиминде доорунун эң улуусу эле. Илим жана такыбаада теңдеши жок бийиктикке жеткен эле. Көптөгөн хадиси шарифтерди накыл кылган. Илими бардык адамдар тарабынан кабылданган болчу. Омар бин Абдулазиз: "Эгер бирөөнү ордума халифа кылып шайлоом керек болгондо Касымды тандамакмын!” – деп айткан.

Диний маселелерде өтө аяр мамиле кылчу, жалгыз ачык-айкын болгондор тууралуу гана фатва берчү. Күн сайын таңда Масжид-и Набавиге келип, эки рекет намаз окучу, анан Расулуллахтын кабыры менен минбарынын арасын отуруп, өзүнөн суралган маселелерге фатва берчү. Мазхаб имамдарыбыздан Малик бин Анас хазреттери дагы ал тууралуу: "Касым бул үммөттүн факихтеринен эле”, – деп айткан.

Өзү айткан эле:

"Күндөрдүн биринде эжем Хазрети Айшанын жанына бардым. Ага: "Эже, мени Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ыйык кабырына алып барасызбы!” – дедим. Ал жерге барып, Хужра-и саадатты ачты. Үч кабырды көрдүм. Кабырлар өтө  бийик дагы эмес, өтө  жапыз дагы эмес болчу. Үстү кызыл таштар менен капталган болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ыйык кабыры баарынан алдында эле. Хазрети Сыддыктын башы Фахри каинат хазреттеринин куттуу далыларынын катарында, Хазрети Омардын башы болсо Расулуллахтын ыйык буттарынын катарында эле.”

Касым бин Мухаммед хазреттети Мекке менен Мединанын арасында Кудайд деп аталган жерде 725-жылы кайтыш болду. Кайтыш болоорунан мурда көздөрү көрбөй калды. Ажалынын жакындап калганын сезип уулуна: "Үстүмдө кийип турган ушул кийимдерим кепиним болсун!” – деди. Ошол учурда үстүндө көйнөк, пештамал жана чапан бар эле. Уулу: "Атакем, буга дагы кошсок болбойбу?” – деп сурады. Уулуна жооп катары: "Чоң атам Абу Бакр дагы ушул сыяктуу үч бөлүк кепинге оролгон эле. Биз үчүн өлчөм мына ушул, ушунусу жетет жана тирүүлөрдүн жаңы кийимге болгон муктаждыгы өлүктөрдөн көбүрөөк”, – деди.

Баа жетки сөздөрүнөн бири төмөндөй:

"Бизден мурда жашаган улууларыбыз баштарына келген кыйынчылыктарды кооздук менен тосуп алууну, өздөрүнө берилген ниматтарды да кичи пейилдик менен кабылдап алууну сүйүшчү.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш