Жаъфар-ы Садык


Жаъфар Садык хазреттери Ахли бейттен болуп, он эки имамдын алтынчысы, Силсиле-и алиййанын төртүнчүсү. Атасы Мухаммед Бакыр, чоң атасынын чоң атасы Хазрети Али.

Илим жана пазилетте доорунун теңи жана окшошу жок эле. Диний илимдерде болгону сыяктуу өз доорунун дүнүйөлүк илимдеринде дагы сөздөрү далил эле. Жетилдирген шакирттери алгебра жана химия илимдеринде түрдүү ачылыштарды жасап, бул илимдердин негизги системасын түптөшкөн. Физика жана химия илимдеринин темасын түптөгөн заттар жана алар тууралуу илими өтө терең болчу. Химиянын атасы делген Жабир дагы Жаъфар Садык хазреттеринин шакирти эле.

Имам Жаъфардын эң атактуу шакирттеринен болгон Имам Азам Абу Ханифа бул заттын сухбаттарына эки жыл каттап, сырткы жана ички марифат булагынан илим жана олуялык жолунда көп пайдаланды. Имам Азам бул заттын алдында ээ болгон мартабаларды билдирүү үчүн: "Мына ушул эки жыл болбогондо Нуъман куруган болчу!” - деп айткан.

Чыныгы Ислам аалымдары динибизди бир дагы өзгөртпөй, бүгүнкү күнгө чейин жеткизишкен. Бул аалымдардан ыйман билимдерин үйрөткөндөр "Мутакаллимин”, ибадаттар тууралуу сабак бергендери "Фукаха”, жүрөк аркылуу аткарылуучу жана сакталуучу иштерди үйрөтүүчү илим "Тасаввуф”, бул илимдин аалымдары "Мутасаввифин” деп аталат. Жаъфар-ы Садык хазреттери бул үчүнчү илимди үйрөткөн.

Доорунун өкүмдары түндөрдүн биринде вазирине мындай деди: "Дароо барып Жаъфарды алып кел. Аны өлтүрмөкчүмүн!” Вазир өкүмдарды ниетинен кайтаруу үчүн канча аракет кылса дагы ал ниетинен кайткан жок. Вазир айла жоктон имамды чакырып келүүгө кетти. Өкүмдар болсо желдеттерге буйрук берди: "Имам Жаъфар ичкери киргенде мени карап тургула, качан башыман баш кийимимди чечсем, ошол замат башын кесип салгыла!” Бираз убакыт өткөн соң Имам Жаъфар-ы Садык хазреттери ичкери кирди. Өкүмдар ордунан дароо турду. Чоң сый-урмат менен хазретти тосуп алды. Өзүнүн ордуна отургузду жана өзү адеп менен анын маңдайына тизе бүгүп отурду. Желдеттер таң калышты. Өкүмдар имамга: "Устаз, менден эмне каалооңуз болсо айтыңыз, дароо орундаймын!” – деди. Имам Жаъфар өкүмдарга: "Андай болсо мени башка чакырбай, ибадаттан калтырбаңыз!” – деди да, кетүү үчүн ордунан турду. Өкүмдар изаат жана урмат менен аны узатты. Ал кеткен соң өкүмдар титиреп, эсинен таңды. Эсине келгенде вазири: "Сизге эмне болду өкүмдарым?” – деп сурады. Өкүмдар: "Ал ичкери киргенде жанында чоң бир арстанды көрдүм. Арстан мага: "Аны таарынтсаң сени бырчалап саламын!” деген сыяктуу карап турду. Эмне кылууну билбей калдым!” – деди.

Жаъфар Садык хазреттеринин насааттарынын айрымдары:

"Төмөндөгү адамдар менен бирге болуудан сактангыла:

1) Жалганчы менен.

2) Сараң менен.

3) Акмак менен. Анткени, эң керектүү учурда сени таштап кетет.

4) Фасык, б.а., күнөө кылуудан уялбай турган адам менен!”

"Кандайдыр бир ката кетирип койсоңор, дароо истигфар кылгыла! Катада өжөрлүк кылып, катадан тыйылбоо балээге себеп болот. Оокат, тиричилик кылуусу кыйындаган адам истигфар (Астагфируллах) окууну улантсын!”

"Дарт-балээге шүгүр кылбаган адам ниматка дагы шүгүр кыла албайт.”

"Садака берүү аркылуу ырыскыңарды көбөйткүлө! Зекет берүү аркылуу мал-мүлкүңөрдү коргогула! Сарамжал болгон адам кыйынчылык көрбөйт. Этияттуу, иреттүү жашоо тиричиликтин жартысы. Адамдар менен жакшы мамиледе болуу акылдын жартысы. Кыйынчылыкта сабыр кылбай тизесин чапкан адам сообунан куру калат.”

"Ушул төрт нерсенин азы дагы көп: От, душман, жакырчылык, ооруу.”

"Ушул үч нерсе мусулманга аброй берет: "Сага зулумдук кылган адамды кечирип жиберүү, ниматты сенден аяганга жакшы мамиледе болуу жана сени издебегенди издеп суроо.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш