Баязид Бистами


Баязид Бистами хазреттери Силсиле-и алиййанын бешинчиси. Арифтер султаны деген наам менен таанылган. Аты Тайфур. Увайси эле. Өзүнөн кырк жыл мурда кайтыш болгон Имам Жаъфар Садык хазреттеринин рухунан пайдаланды. 113 аалымдан илим үйрөндү. Чоң аалым, фазыл жана адип киши эле.

Энесинин боюндагы кезинде эле кереметтери көрүлө баштады. Энеси ага боюнда болгондо күмөндүү бир нерсени оозуна салса аны чыгарып салмайынча курсагын сокчу. Бала чагында күндөрдүн биринде мечиттин короосунда ойноп жүргөн. Шакик Балхи хазреттери: "Бул бала чоңойгондо доорунун эң чоң олуясы болот”, – деди. Хадис аалымдарынын бири аны көрүп өтө жактырып калды: "Эй, бала! Намаз окуганды билесиңби?” – деп сурады. Баязид Бистами: "Ооба, Аллах кааласа окуй аламын!” – деди. Аалым: "Кантип?” – деп сурады. Бистами: "Буюр эй Рабби! Буйругуңду аткаруу үчүн такбир аламын, Курани каримди даана-даана кылып окуймун, урмат менен баш ийип рукуга барамын, тавадуъ менен сажда кыламын, коштошуп салам беремин”, – дегенде жанагы аалым таң калып: "Эй, акылдуу бала! Сенде ушунча пазилет жана терең илим болуп туруп эмнеге абамдардын башыңды сылоосуна уруксат берип жатасың?” – деди. Баязид: "Алар мени эмес, Аллаху таала мени зыйнаттаган ушул көркөмдүктү сылап жатышат. Мага таандык болбогон бир нерсеге тоскоол болушум туурабы?” – деди.

Энесине кызмат

Бала чагынан эле окууну үйрөнө баштады. Сабактарга өтө көңүл буруп катышчу. Күндөрдүн биринде окуган бир аяттан (Лукман сүрөсү, 14) таасирленип, үйүнө барды. Энеси кабатыр болуп эмнеге кайтып келгенин сураганда ал минтип жооп берди: "Мен үйрөнгөн бир аятта Аллаху таала өзүнө жана сизге моюн сунуумду буюруп жатат. Же сизге кызмат кылайын, же мени коё бериңиз. Бир гана Аллаху таалага ибадат менен алек болоюн!” – деди. Энеси: "Мени тим эле койгун, Аллаху таалага ибадат кылгын!” – деди. Андан соң өзүн Аллаху таалага багыштады, буйруктарынын бирин да калтырбады, бирок, энесине дагы кызмат кылууну таштап койгон жок. Энесинин кичинекей бир калоосун да чоң буйрук катары көрүп, ар кандай жагдайда дагы аткарууга аракет кылды. Анткени, Аллаху тааланын буйругу да ушундай болчу.

Суук кыш күндөрүнүн бири эле. Энеси ойгонуп, суу ичкиси келди. Ал дароо суу алып келүү үчүн ордунан турду. Бирок, челекте суу жок болчу. Булактын башына барып, челекти сууга толтурду. Үйүнө кайтып келип караса энеси уктап калган экен. Ойготуп жибергиси келбеди. Челекти көтөрүп, күтүп турду. Бир топ убакыттан кийин ойгонуп: "Балам, эмнеге челекти көтөрүп турасың?” – деп сурады. Баязид: "Сиз ойгонгондо дароо суу берүү үчүн челекти көтөрүп алдым”, – деди. Энеси: "Эй, Раббим, мен уулуман ыраазымын! Сен дагы ыраазы боло көр!” – деп дуба кылды. Балким энесинин мына ушул дубасынан улам Аллаху таала ага олуялыктын бийик мартабаларына жетүүнү насип кылган.

Ибадаттын даамы

Жаш кезинде кээ бир ибадаттардын даамын сезе алчу эмес. Бул жагдай тууралуу энесине да кайрылды. Чоңойуусунда, тарбыясында бир ката болгонбу дегендей сурады. "Ичимде мени Раббимен ажыратып турган бир нерсени сеземин. Бирок, себебин билбеймин”, – деди. Энеси бир топ ойлонуп туруп: "Балам, бир гана нерсени эле эстеймин. Сен өтө кичинекей элең. Кошунага чыккан болчумун. Кучагымда ыйлай баштадың. Такыр сени токтото албадым. Токтотуу үчүн очокто кайнап жаткан сорпого сурабай манжамды батырып, оозуңа салган элем”, – деди. Муну уккан соң энесине кошунасына барып, аны менен халалдашууну суранды. Энеси халалдашкан соң ибадаттардын даамын сезе баштады. Түндөрдүн биринде таңда "Аллах” деди. Анан эсинен танып жыгылып калды. Эсине келген соң эмнеге эсинен таанып жыгылганын сурашты. "Сен ким болуптурсуң, менин ысымымды оозуңал ала турган?” – деген бир үн угулат деп өтө корктум жана ушундан улам эсимен танып калыптырмын”, – деди.

Бир киши: "Бул даражаларга кантип жеттиңиз?” – деп сурады. Ага: "Бүт жерде Аллаху тааланын көрүп, билип турганын ойлоп, адепти сактоо аркылуу”, – деп жооп берди.

Түндөрдүн биринде буттарын узаткан эле. "Султандын жанында отурганда адепти сакташ керек!” – деген бир добушту угуп, дароо буттарын жыйнап алды.

Айтты:

"Аллаху тааланы эсте, тилиңди башка нерселер менен алек болушунан сакта. Напсини суракка тарт. Илимге жармаш жана адепти сакта. Ырайымдуу жана жумшак бол. Аллаху тааланы унуттура турчу бардык нерселерден узак бол. Бир адамдын Аллаху таалага болгон махаббатынын чыныгы экенинин белгиси - ал адамда деңиз сыяктуу жоомарттык, күн сыяктуу мээрим жана топурак сыяктуу кичи пейилдик сыяктуу үч касиеттин болушу.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш