Абул Хасан Харкани


Абул Хасан Харкани - Силсиле-и алиййанын алтынчысы. Улуу Ислам аалымы Баязид Бистами хазреттеринин ыйык рухунан пайдаланып, жогорулаган эле. Доорунун кутбу эле.

Күндөрдүн биринде табып Ибн Сина Шейх Абул Хасан Харкани хазреттерин зыярат кылуу үчүн үйүнө келди. Аялы катаал мүнөздүү эле. Аны кыйнап, токойго отунга жиберген эле. Ибн Сина токойго бара жатканда Шейхтин отун жүктөлгөн бир арстан менен бирге келе жатканын көрөт. "Муну кандай түшүнсө болот?” – деп сураганда: "Үйүмдөгү карышкырдын азап жүгүн көтөргөнүм үчүн бул арстан дагы биздин жүгүбүздү көтөрүүдө”, – деп жооп берди.

Султан Махмуд Газнави бүткүл Азияга өкүмдар болгон учурда Харкан шаарына жакындап калган болчу. Бир канча адамын Харкан шаарынын Шейхине жиберип, аны чакырткан болчу. Шейх хазреттери үзүрүн айтып келбеди. Жагдай Султанга билдирилгенде: "Кана, тургула! Демек, ал биз ойлогон адамдардан эмес. Биз анын жанына барабыз!” – деди. Анан өзүнүн кийимдерин Казы Ийадга кийгизип, өзү болсо курал көтөрүүчү болуп, анын жанында Шейхтин үйүнө киришти. Султан салам бергенде Шейх хазреттери алик алды. Бирок, өйдө турбады. Султан Шейх хазреттерине: "Эмне үчүн өйдө турбадыңыз?”Султан Махмуд: "Мага насаат кылсаңыз!” – деп суранганда Шейх: "Ушул төрт нерседе дыкат бол: Күнөөлөрдөн сактан, намазыңды жамаат менен оку, жоомарт бол! Аллаху тааланын жараткандарына ырайымдуу бол!” – деди. Султан Шейхтин алдына бир кесе алтын койду. Буга жооп катары Шейх Султандын алдына арпа нан койду. Султан нандан бир бөлүк алып жеди. Бирок, жута алган жок. Шейх хазреттери: "Бул нан бөлүгүн жута албай жатасың. Ушул бир кесе алтындын да биздин тамагыбызга тыгылуусун каалайсыңбы? Биз акчага деген байланышыбызды үздүк. Бул алтындарды алдыман ал!” – деди. Султан алтындарды кайтып алууга аргасыз болду. Султан кайтып кетип жатканда Шейх өйдө турду. Султан: "Келгенимде такыр көңүл бурган жоксуз, бирок, эмне себептен эми өйдө турдуңуз?” – деп сурады. Шейх хазреттери: "Бул жерге падышамын деп текебердик кылып келдиң эле. Эми болсо дервиш катары кетүүдөсүң. Сен келгенде текебердик ичинде болчусуң. Ошондуктан, ордуман турбадым. Эми болсо дервиш болгонуң үчүн ордуман туруп узатып жатамын”, – деп жооп берди.

Султан бир согушта жеңилип бараткан. Бир учурда дароо колуна Шейхтин кийимин алып: "Эй, Аллахым! Бул кийимдин ээсинин урматына ушул капырларга каршы бизге жеңиш насип кыла көр!” – деп дуба кылды. Душман тарапта катуу чаң бороон көтөрүлдү. Душмандар чаң-бороондо бири-бирин көрө албай, бири-бирине кылыч уруп өлтүрүштү. Соо калгандар тарап кетишти. Ошол түнү Султан Махмуд түшүндө Шейхти көрдү. Шейх Султанга: "Аллаху тааланын алдында улууларыбыздын урматына жеңишке жеттиң”, – деди.

Баа жеткис сөздөрүнөн:

"Аллаху таала үчүн жасаган нерсеңдин баары бул – ихлас. Эл үчүн кылган нерсеңдин баары болсо – рия.”

"Ушул эки киши чыгарган фитнаны (бүлүктү) жада калса шайтан да чыгара албайт: Дүнүйөгө берилген аалым, илимсиз динчи.”

"Эгер момунду зыярат кыла турган болсоң пайда болгон соопту кабыл болгон жүз напил ажылыктын сообуна теңдебешиң керек. Анткени, бир момунду зыярат кылган үчүн бериле турган сооп кедейлерге берилген жүз миң алтын садаганын сообунан да артык. Бир момун досуңарды зыярат кылганыңарда Аллаху тааланын ырайымына жетесиңер.”

"Бир момун досун таңдан кечке таарынтпаган адам ошол күнү кечке Пайгамбарыбыз алейхиссалам менен бирге жашаган сыяктуу болот. Эгер таарынтса Аллаху таала анын ошол күнкү ибадаттарын кабыл кылбайт.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш