Абу Али Фармади


Абу Али Фармади хазреттери Силсиле-и алиййанын жетинчиси. Доорунун жалгызы эле. Захири (сырткы) диний илимдерди Абул Касым Кушейриден жана башка аалымдардан үйрөндү. Насааттары өтө таасирлүү эле. Низам-ул-мүлк жана доорунун мамлекет башчылары аны абдан урматташчу. Тасаввуф илиминин адиси эле. Имам Газали жана Юсуф Хамадани хазреттеринин устазы эле.

Өзү айтып берген болчу:

"Жаш кезимде Нишапурда илим үйрөнчүмүн. Күндөрдүн биринде Шейх Абу Саид Абулхайр хазреттеринин Нишапурга келип жатканынан кабардар болдук. Кереметтери белгилүү болчу. Нишапурдун эли, аалымдар жана доордун көзгө көрүнгөн таанымал инсандарынын баары анын улуулугун билишчү жана өтө урматташчу. Көпчүлүк болуп аны тосуп алууга чыктык. Менин дагы аны көргүм келип жүрчү. Аны көрөр замат ага жана тасаввуф илимине болгон сүйүүм артты. Ошол күнү сухбатын берилип тыңдадым. Сухбаттарына үзбөй каттай баштадым. Күндөрдүн биринде аны аябай көргүм келди. Бирок, ал күнү сухбат болбой турган күн эле. Сабыр кылуу керек дедим. Чыдай албай сыртка чыктым. Тегерегиме көз салдым. Абу Саид хазреттери бир нече адам менен бир жерге кетип жатышкан экен. Алардын артынан ээрчип бардым. Бир жерге конокко бара жатышкан экен. Чакырылган үйгө киришти. Артынан мен дагы кирип, бир бурчка отурдум. Мени али көрө элек болушчу. Бир убакытта шейхти ушундай бир абал курчап алды; эсинен танып, үстүндөгү чапанын жыртып, бөлүк-бөлүккө айырып салды. Кийин чапанды чечип, жерге таштады. Сухбатта отургандар айрылган кийимди бөлүктөргө бөлүп, таратуусу үчүн Шейхтин алдына коюшту. Бул бөлүктөрдөн жеңин алып: "Абу Али кайдасың?” – деди. Мен өзүмө-өзүм: "Мени тааныбайт го, шакирттеринин арасында дагы Абу Али деген бирөө бар окшойт”, – деген ойдо жооп бербедим. Экинчи жолу чакырганда ал жердегилер мага: "Шейхибиз сени чакырып жатат”, – дешти. Ордуман туруп, алдына бардым. Ал бөлүктү мага берип: "Сен бизге ушул бир бөлүк сыяктуу жакынсың”, – деди.

Абул-Касым Кушейринин жанында болгон кезимде менде пайда болгон абалдар тууралуу ал затка айтып бердим. "Балам, илим үйрөнүү менен алек бол!” – деди. Дагы 2-3 жыл илим үйрөндүм. Күндөрдүн биринде калемимди сыя идишке батырып чыгарсам аппак болуп чыкты. Үч жолу кайталадым. Баарында сыя ак чыкты. Бул абалды устазыма билдирдим. Ал зат болсо: "Эгер калем сенин колуңан качып жаткан болсо сен аны таштагын!” – деди. Мен медреседен чыгып, даргахга өттүм.

Күндөрдүн биринде мага бир нерсе болуп, эсимен танып калдым. Бир муршидге, жол башчыга муктаждыгым бар деп ойлодум. Абул-Касым Гурганинин ысымын уккан элем. Тус шаарына бардым. Ал зат шакирттери менен мечитте отурушчу. Мен дагы алдына барып тизе бүгүп отурдум. Шейхтин башы алдыга ийилген болчу. Башын көтөрүп: "Кел, Абу Али!” – деди. Жанына бардым. Абалым тууралуу айтып бердим. Ал зат: "Башталышы маарек болсун! Тарбия көрсөң бийик даражаларга жетесиң”, – деди. Жүрөгүмдө шыктануу жана махабат арта түштү. Бул каалоомдун артканынан улам Абул Хасан Харкани хазреттеринин сухбаттарына, чексиз пейздерине жеттим.

Күндөрдүн биринде устазым Абул-Касым Кушейри ичкериде мончодо гусул алып жаткан болчу. Мен сыртта: "Балким суу түгөнүп, керек болуп калаар”, – деп, кудуктан бир челек суу чыгарып, мончонун суу куюла турган жерине куйдум. Ошол учурда чындыгында суу түгөнүп калып, шейхим кыйын абалда калган экен. Устаз мончодон чыкканда: "Эй, Абу Али, Абул-Касымдын жетимиш жылда тапкан даражасын сен бир челек суу менен таптың”, – деди.

Бир жолу сапарда тоонун жанынан өтүп баратканбыз. Алдыбыздан чоң жылан чыгып калды. Баарыбыз коркуп качтык. Абу Саид хазреттери дагы ошол жерде эле. Атынан түшүп, жыланга жакын барды. Мен Шейхтин жанында элем. Жылан ал заттын алдында башын жерге сүртүп, урмат көрсөттү. Шейх хазреттери жыланга: "Убара болдуң”, – деди. Анан жылан тоону карай кетти. Шейх: "Бул тоодо биз бир нече жыл ушул жылан менен кошуна болуп жашаганбыз. Бизди бул жерден өтүп баратканыбызды билип, учурашканы келип, достук мамилесин жаңылады. Убаданын кооздугу – ыймандан. Көркөм ахлактуу болгон адамга бардык нерсе көркөм ахлак менен мамиле кылат. Хазрети Ибрахим пайгамбар дагы көркөм ахлактуу болчу. Ошондукта,н от дагы ага көркөм мамиледе болду. Аны күйгүзгөн жок.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш