Юсуф Хамадани


Юсуф Хамадани хазреттери Силсиле-и алиййанын сегизинчиси. Фыкх аалымы болчу. Хадис илимин дагы үйрөндү. Тасаввуфту Абу Али Фармади хазреттеринен үйрөнүп, анын сухбаттарында кемелге жетти. Жүздөгөн шакирттери бар эле. Абдуллах Барки, Ахмед Яссави жана Абдулхалык Гиждувани сыяктуу улуу олуяларды өстүрдү. Бир жактан туура диний илимдерди үйрөтүүгө аракет кылып, адамдар менен мамиле кылуудан, аларды тарбия кылуу үчүн эмгектенүүдөн тажачу эмес. Экинчи жагынан бейтаптарга жана жаралууларга дары даярдап, баарынын дардына даба табууга аракет кылчу.

Нажибуддин Ширази аттту бир зат айтат:

Бир убакта оолуялардын сөздөрүнөн бир канчасы колума тийди. Окуп чыктым, аябай жакты. "Булар кимдин сөздөрү болду экен? Ал затты таап, пайдалануу керек” деп ойлондум. Күндөрдүн биринде түшүмө айбаттуу, салабаттуу, ак сакалдуу, нурдуу бир заттын үйүмө киргенин көрдүм. Дароо даарат алууга кетти. Үстүнө аппак чапан кийген болчу. Чапандын үстүнө чоң тамгаларда алтын суусу менен Аят-ал курси башынан аягына чейин жазылган болчу. Мен ал заттын артынан бардым. Чапанын чечип, мага берди. Бул чапандын астында андан да жаркырак жашыл чапан бар болуп, анын үстүндө дагы Аят-ал курси жазылган болчу. Аны дагы мага берди. "Мен даарат алып бүткөнчө буларды кармап тургун!” – деди. Даарат алып бүтүп: "Бул эки чапандан кайсы бирин сага берейин?” – деп сурады. "Кайсы бирин берсеңиз да жакшы болмок”, – дедим. Жашыл чапанды мага кийгизди. "Мен сен окуп жактырган сөздөрдүн ээси Юсуф Хамадани болом”, – деди. Уйкудан ойгонуп абдан сүйүндүм, ага карата сүйүүм артты.

Ибни Хажари Мекки айтат:

Абу Саид Абдуллах, Ибн-ус-Сакка жана Сеййид Абдулкадир Гейлани илим үйрөнүү үчүн Багдадга келишти. Юсуф Хамадани хазреттеринин Низамия медресесинде ваазын угушкан болчу. Ибн-ус-Сакка: "Андан бир суроо сурайм, жооп бере албайт”, – деди. Абу Саид Абдуллах: "Мен дагы бир суроо сурайм, көрөбүз, жооп бере алат бекен?” – деди. Эң жашы болушуна карабай адеп үлгүсү болгон Абдулкадир Гейлани болсо: "Аллах сактасын, мен кайсы сыпатым менен ал заттан суроо сурап, аны сынай алайын? Эң жакшысы ал заттын алдында адеп менен туруп, ыйык жүзүн көрүү аброюна жетем жана берекеттенем”, Юсуф Хамадани хазреттери Ибн-ус-Сакканы карап: "Сага өкүнүчтөр болсун! Демек, менден жообун билбей турган суроо сурамакчысың, ушундайбы? Сен сурамакчы болгон сурооң мындай, жообу болсо мындай. Сенден капырдыктын жыты келип турат”, – деди. Анан Абу Саид Абдуллахты карап: "Сен дагы менден бир суроо сурап, кандай жооп беришимди сынап көрмөкчүсүң. Сурамакчы болгон сурооң ушул, жообу болсо мындай. Бирок, сен дагы адепти сактабаганың үчүн өмүрүң кыйынчылык менен өтөт”, – деди. Анан жаш Абдулкадир Гейлани хазреттерин карап: "Эй, Абдулкадир! Адебиңдин көркөмдүгү менен Аллуху тааланы жана Расулуллахты ыраазы кылдың. Мен сени Багдадда бир күрсүдө отурганыңды, жогору билимдерди үйрөтүп жатканыңды, "Менин бутум бардык олуялардын ийининин үстүндө” деп айтууңду, дагы сенин дооруңдагы бардык олуялардын сенин мартабаңдын алдыда баштарын ийип турганын көрүп тургандаймын”, – деди.

Көп жылдардан кийин Абдулкадир Гейлани хазреттери доорундагы олуялардын эң жогорусу, баш таажысы болду. Ал ушундай жогору даражаларга жетти; эл жана улуу заттар келип ыйык сухбаттарынан пайдаланышчу. Күндөрдүн биринде: "Менин бутум бардык олуялардын ийининин үстүндө”, – деп айтты. Ошол учурда жашаган бардык олуялар анын өздөрүнөн канчалык жогору экенин билишчү жана анын мартабасынын алдында баштарын ийип турушчу. Бул окуялардан кийин Юсуф Хамаданинин бир канча жылдар мурда үч жаш жигитке айткан сөздөрүнүн сыры белгилүү болду.

Ибн-ус-Сакка өтө көркөм сүйлөчү. Атагы ошол доордогу султанга жетип барды. Султан аны элчи кылып Византияга жиберди. Христиандар ага чоң сый-урмат көрсөтүштү. Акыры аларга алданып христиан динин тандады.

Абу Саид Абдуллах айтат: "Өмүрүм кайгы-кыйынчылык менен өттү. Юсуф Хамадани хазреттеринин ар бирибизге айткан сөздөрү чын чыкты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш