Абдулхалык Гиждувани


Абдулхалык Гиждувани хазреттери Силсиле-и алиййанын тогузунчусу. Атасы Абдулжамил Рум өлкөсүндөгү Малатия шаарынан болчу. Хызыр алейхиссалам атасына: "Эй, Абдулжамил! Сен бир уулдуу болосуң, атын Абдулхалык койгун!” – деп буюрган.

Анан Абдулжамил Бухаранын Гиждуван деген жерине көчүп барды. Көп убакыт өтпөй уулдуу болду. Атын Абдулхалык койду. Абдулхалык беш жашка толгондо илим үйрөнүү үчүн Бухарага жөнөтүлдү. Улуу аалым Хожа Садриддин хазреттеринен Курани карим менен тафсирин үйрөнө баштады. Бир күнү сабакта: "Раббиңерге жашыруун дуба кылгыла!” деген мазмундагы аятты окуганда устазынан: "Бул жердеги жашыруун сөзү кандай маанини билдирет? Эгер зикир менен дуба ачык, үн чыгарып окулса риядан куркулат. Эгер жүрөк менен болсо, тамырларда жүргөн шайтан угат. Эмне кылуум керек?” – деп сурады. Устазы Садриддин хазреттери бул жаштагы бир баланын мындай суроосуна таң калып: "Бул жүрөк илимдерине таандык маселе. Кудай кааласа сен бул илимдерди үйрөтө ала турган устазга жетесиң. Бул сурооңо ошентип жооп табарсың!” – деди. Ал эми ошол затты күтө баштады. Бир күнү Хызыр алейхиссалам анын жанына келди. Ага Аллаху тааланын жашыруун жана ачык зикир кылуунун жолдорун үйрөтүп: "Жүрөгүңөн Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах келимесин ушундай айт!” – деп түшүндүрүп берди.

Юсуф Хамадани хазреттери Бухарага келгенде Абдулхалык Гиждувани анын кызматына кирди жана кызматын бир канча убакыт улантты. Бул кызматы тууралуу мындай дейт:

12 жашта элем. Хызыр алейхиссалам мага Юсуф Хамаданиден илим үйрөнүүмдүү сунуштады. Анын Бухарага келгенин угуп, дароо жанына бардым. Андан өтө көп пайда көрдүм.

Сабак берип жатканда жаш бир жигит ичкери кирди. Бираздан кийин уруксат сурап, "Момундун парасатынан корккула. Анткени, ал Аллахтын нуру менен карайт” деген хадиси шарифтин сыры эмнеде деп сурады. Устазым ал жаш жигитти айбат менен карап: Алгач белиңдеги зуннарды (христиандар тага турган бел боо) кыркып сал жана мусулман бол!” – деди. Жигит кабатырланып: "Мен мусулманмын, зуннарым жок”, – деди. Ошондо бир шакиртине жигиттин чапанын чечүүсүн буйрук кылды. Шакирт ал жигиттин үстүндөгү чапанды чечкенде белинде христиандарга таандык зуннар делген бел боо көрүндү. Жигит өтө уялып калды. Устазга карата жүрөгүндө сүйүү сезимин туя баштады. Мына ушул жол менен олуялардын Аллахтын нуру менен көрүүсүнүн эмне экенин жакшы түшүнүп алды. Калима-и шахадат келтирип, мусулман болуу аброюна ээ болду. Анан устаз шакирттерине: "Бул жигит белинен материалдык зуннарды алып салды. Биз дагы жүрөктөрүбүздөгү зуннарды алып салалы! Бул текебердик менен өзүн өзү жактыруу сезими”, – деди.

Бир күнү бир киши келип: "Акыркы демде ыйман менен кетүүбүз үчүн бизге дуба кылсаңыз!” – деп суранды. Ал конокко кайрылып: "Фарздарды аткаргандан кийин дуба кылган момундун дубасы кабыл болот. Сен фарздарды аткаргандан кийин дуба кылып жатканыңда бизди эстесең, биз дагы сени эстейбиз. Бул жагдай сен үчүн да, биз үчүн да дубанын кабыл болуусуна себеп болот”, – деди.

Шии ишениминде болгон Сафави баскынчылары Гиждуван шаарын курчоого алганда капыстан чептин ичинен аларга каршы чабуулга чыккан аскерлердин башында айбаттуу бир заттын эки учтуу кылыч менен чабуулга бара жатканын көрүштү. Көпчүлүгү өлүп, калгандары артына качышты. Устаздын кайтыш болоорунан мурда төмөндөгү сөздөрү анын 332 жыл өтүп орун ала турган кереметтери эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш