Ариф Ривагари


Ариф Ривагари хазреттери Силсиле-и алиййанын онунчусу. Бухарадан отуз чакырым алыстагы Ривагар айылында туулган.

Бала чагында эле илим үйрөнө баштады. Зээнинин жана түшүнүгүнүн курчтугунан улам кыска убакытта кемелге келди. Аңгыча илим жана хикмет ээси, ибадаттын шарттарын толук аткаруучу, адамдарга туура жолду көрсөтүүдө доорунун кутбу болгон Абдулхалык Гиждувани хазреттери менен таанышты жана бүткүл дүнүйөсү өзгөрдү. Алгачкы күндөн баштап эле башына түбөлүк бактылуулук таажы конгонун сезди. Дароо ага байланып, өмүрүнүн аягына чейин айрылган жок.

Устазы алгачкы сухбатында ага мындай деди:

"Хак жолундагы шакирт убактысынын кунун мыкты билиши керек. Убакыт өткөн сайын өзүнүн кандай абалда экенин сезүүгө аракет кылышы керек. Эгер өткөн бир кыска убакытта өзүн көңүлдүү сезген болсо муну жакшы абал деп билүү керек. "Аллахыма шүгүрлөр болсун!” – деп айтуу зарыл. Эгер гафилдик (ыкылассыздык, ынтасыздык, этиятсыздык) менен өткөн болсо, дароо анын ордун толтуруу жолун таап, Улуу Жаратканга үзүрүн билгизип, Андан кечирим тилеп, астагфируллах деш керек.”

Ариф Ривагари устазы Абдулхалык Гиждувани хазреттерине кызмат кылуу менен атактуу болуп, көп пейз жана берекеттерине ээ болду. Устазы кайтыш болгон соң ордуна Пайгамбарыбыз жана сахабалардын жолун адамдарга үйрөтүү ишине жоопкер болду. Аракетин, инаятын жана кайратын Аллахты издегендерге жумшады.

Көптөгөн адамдардын туура жолго жана олуялыктын жогору даражаларына жетишишине себепкер болду. Доорунун теңи жок инсаны эле. Бардык адамдар менен өтө жакшы жана жумшак мамиледе болчу, эч кимдин көңүлүн оорутчу эмес. Написинин каалоолорун эч качан орундачу эмес, каалабагандарын орундап, рухун көтөрүү үчүн катуу аракет кылчу. Харамдардан өтө сактанчу, жада калса, харамга түшүп калуу кообу менен мубахтардын көбүнөн да сактанчу. Түндөрү убактысынын көбүн таат-ибадат менен, күндүзгү убактысын шакирттерине сабак берүү менен өткөрчү жана сүннөт болгондуктан түштөн мурда бираз уктап алчу. Бул "кайлула” деп аталат. Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүн өтө жакшы билчү жана унутулуп кетпеши үчүн көп аракет кылчу.

Сухбаттарын төмөнкүдөй баштачу:

"Аллаху таала баарыбызды дүнүйө жана акыреттин Мырзасы, бардык адамдардын ар тараптан эң жогорусу жана эң жакшысы болгон Расулуллахка моюн сунуу бакытына жеткирсин! Анткени, Аллаху таала Ага моюн сунууну, Аны ээрчүүнү өтө жактырат. Аны ээрчүүнүн кымындай бөлүгү бардык дүнүйөлүк лазаттардан жана бардык акыреттик ниматтардан артык. Чыныгы улуулук Анын сүннөтү санийясына баш ийүү.”

Ариф Ривагари хазреттери узун өмүр сүрдү. Кабырын зыярат кылгандар анын пейз жана берекетине жетишүүдө. Ал затты себепкер кылып, Аллаху таалага дуба кылгандардын дубалары кабыл болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш