Махмуд Анжир Фагневи


Махмуд Анжир Фагнави хазреттери Силсиле-и алиййанын он биринчиси. Маварауннахрдын Тур-и Сина сыяктуу ыйык бир жер болуусуна себепкер болгон, ал жерди нурданткан улуу аалым жана олуялардан болгон Махмуд Анжир Фагнави Бухаранын Фагна деген айылында туулду. 1315-жылы кайтыш болду. Куруучу болуп эмгектенчү.

Хожа Ариф Ривагари хазреттеринин сабактарында жана сухбаттарында жетилип, кемелге келди. Материалдык жана руханий илимдерде доорунун эң улуу аалымдарынан болду. Адамдарга туура болгон бакыт жолун көрсөтүү үчүн устазынан уруксат алды. Көптөгөн аалымдарды жетилдирди. Миңдеген адамдарды жаңылыш жолдон туура жолго жана бактылуулукка жетүүсүнө себепкер болду. Жетилдирген аалымдардын арасында эң улуусу - өзүнөн кийин халифасы болгон Хожа Али Рамитани хазреттери.

Устазы Ариф Ривагариден уруксат алып, адамдарды туура жолго жеткирүү милдети берилгенде, ошол мезгилдерде керек болгон жахри (үн чыгарып, ачык) зикирди баштады. Алгачкы жахри зикир айтуусу устазынын акыркы оорусу учурунда Ривагар дөбөсүнүн үстүндө болгон эле. Устазы Ариф ошондо: "Мына азыр убактысы”, – деген болчу. Бул сөзүн ыраазычылыгына белги деп түшүндү. Хожа Ариф Ривагари кайтыш болгон соң чептин дарбазасынын жанындагы мечитте жахри зикир кылууну улантты. Доорунун улуу аалымдарынан Хожа Мухаммед Парисанын чоң аталарынан Мавлана Хафизуддин аалымдардын устазы Шамс-ул-аимма Хулванинин ишараты менен Бухарада доорунун эң улуу имам жана аалымдарынын алдында Хожа Махмудга: "Сиз кандай ниетте үн чыгарып жахри зикир айтып жатасыз?” – деп суроо узатты. Хожа Махмуд: "Уктап жаткандарды уйкудан, гафилдерди гафилдиктен ойготуу, адамдарды диндин негизги жана туура жолунда жүрүшүнө, акыйкатка үгүттөө, ушинтип адамдарды бардык жакшылыктардын ачкычы, бардык бактылуулуктардын негизи болгон тообого жана улуу бир затка байланууларына себепкер болуу ниетинде”, – деп жооп берди. Мавлана Хафизуддин ага: "Эгер ниетиңиз мына ушундай дурус болсо, мындай жахри зикир кылуу жаиз болот”, – деди.

Махмуд Анжир Фагнави айтты:

"Жахри зикирди, б.а., үн чыгарып, ачык зикирди жалгыгз тили жалган жана ушактан, курсагы харам жана күмөндүү нерселерден таза, жүрөгү рия жана мактануудан узак, сыры Раббинен башка бардык нерсеге таважжухтан муназзах болгон адам гана кыла алат.”

Улуу аалым Али Рамитани айтат:

"Хожа Махмуд Анжир Фагнавинин доорунда дервиштердин бири Хызыр алейхиссаламды көрдү жана андан: "Бул доордо этегинен бекем кармап, артынан ээрчий турган шейх ким болот?” – деп сурады. Хазрети Хызыр: "Хожа Махмуд Анжир Фагнави”, – деди.”

Хазрети Хызыр менен көрүшүп, бул суроону сураган зат Али Рамитанинин өзү экени айтылат. Бир күнү Хожа Али Рамитани Хожа Махмуд Анжир Фагнавинин жакындары менен бирге Рамитан чөлүндө асманда учуп жүргөн чоң ак кушту көрүштү. Ал куш алардын башына жакын келип, анык түрдө: "Эй, Али, кемел адам бол! Сөзүңө бекем бол! Жармашкан этегиңди бекем карма, убадаңды бузба!” – деди. Ал кушту көрүү, айткандарын угуунун натыйжасында жолдошторун ажайып бир абал каптап алды, эсинен танышты. Эсине келишкенде куш жана анын айткандары тууралуу сурашты. Али Рамитани мындай деди: "Ал Хожа Махмуд Анжир Фагнави болчу. Аллаху таала ага ушул кереметти берди. Ушул тапта Хожа Дыхкан ооруп жатат, акыркы демдерин жашап жатат. Аны зыяратка, ал-абалын суроого кетип баратат. Анткени, ал Аллаху тааладан акыркы демде өзүнө жардамчы болушу үчүн олуяларынын бирин жөнөтүүсүн суранган болчу. Хожа хазреттери ушундан улам анын жанына кетип баратат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш