Али Рамитани


Али Рамитани хазреттери Силсиле-и алиййанын он экинчиси. Бухарага жакын Рамитан айылында туулган.

Баарына туура жолду көрсөткөн, жүрөгүнөн нур чачкан Махмуд Анжир Фагнави хазреттеринен көп пайдаланды. Олуялык мартабаларына жетти. Дүнүйөлүк илимдерде дагы жогорулады. Ибадат жана сабактардан сырткары адал оокат кылуу үчүн тигүүчүлүк менен алектенчү. Ушул себептен аны тигүүчүлөрдүн пири (устазы) деген маанини билдирген "Пир-и Нассаж” дешчү.

Бир шакирти ага бир тамак алып келген болчу. Ага: "Сен алып келген бул тамак конок келип, эмне берүүмдү билбей кыжалат болуп турган тапта жардам берди. Эми бизден кандай тилегиң болсо сура! Анткени, азыр кажет эшиги ачык турат”, – деди. Ал шакирт: "Илимде жана олуялыкта сизге окшоодон башка тилегим жок!” – деди. Ал да: "Абдан кыйын жана оор жүктүү бир нерсени тиледиң. Мунун жүгүн көтөрө албайсың”, – деди. Шакирти: "Дүнүйөдө жалгыз тилегим так сиздей болуу. Бирок, албетте, бардык буйругуңузга ыраазымын!” – деди. Ал шакиртине таважжух кылды. Ал жигит көп өтпөй захир жана батында Аллаху тааланын уруксаты менен устазынын даражаларына жетти. Бирок, Кудайга ашыктыкта мас болуп, эсинен танып калды. Натыйжада кырк күндөн соң көз жумду. Ага бир заматта өзүнүн даражаларын берип, өзү сыяктуу кылганы үчүн эки азиз (урматтуу, ыйык) маанисинде устазынын аты да "Азизан” болуп калды.

Али Рамитани хазреттери өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Бухарадан Харезмге барды. Чептин дарбазасына жакын бир жерге жайгашты жана ал жердин падышасына эки шакиртин жиберип: "Султандын алдына баргыла. "Жакыр бир тигүүчү шаарыңызга келди эле, уруксат берсеңиз ушул жерде калмакчы, уруксат бербесеңиз артка кайтып кетет” деп айткыла! Уруксат берсе, султандын колунан мөөр басылган уруксат кагаз алгыла!” – деди. Шакирттери барып, султанга арыздарын айтышты. Султан мындай нерсени биринчи жолу угуп тургандыктан күлкүлүү сезилсе да, колдоруна мөөр басылган уруксат кагаз берди. Ал кагазды шакирттери алып келишти. Азизан хазреттери шаардын четиндеги ачык бир жерге жайгашты.

Күндө жумушчулар чогула турган базарга барып, алардын бир канчасын жалдап алчу. Алардан жумуш акысын сурап билгенден кийин: "Эми даарат алып, аср намазына чейин сухбатыбызга катышкыла. Асрдан кийин акыңарды алып, үйүңөргө кайткыла!” –деди. Жумушчулар бир да иш кылбай отуруп, ибадаттарын орундоо менен бирге өмүрүндө укпаган нерселерди үйрөнүшчү. Шамга жуук акыларын алышчу. Сухбаттарына бир жолу катышкан адам анын лаззатына тоё албай, ал жерде айрылып кете алчу эмес. Бул жагдай шаардын бүт жерине жайылды. Шаардын эли ага шакирт болуу үчүн бардык нерсеге даяр болчу. Күндө үйү адамдар менен толуп ташчу. Дубасын алуу үчүн калайык калк бири-бири менен жарышчу. Акыры айрымдар султанга жагдайды минтип түшүндүрдү:

"Шаарда бир дервиш пайда болду, элдин баары дарыя болуп агууда. Анан эмне десе, баары заматта аткарат. Ар бир айткан сөзүн чоң буйруктай орундоого бири-бири менен жарышууда. Мындай боло берсе, эл аны өздөрүнө султан кылып көтөрүшөт жана сиз таажыңыздан айрылып каласыз го!”

Султан болсо анын шаардан чыгып кетүүсү үчүн буйрук жаздырып, адамдарын жиберди. Али Рамитани хазреттери келген адамдарга: "Биздин шаарда жашай алышыбыз үчүн кол коюлган жана мөөр басылган буйрук бар. Эгер султан өз колунан ,мөөрүнөн, уруксатынан тана турган болсо, анда биз дагы шаардан чыгып кетүүгө макулбуз!” – деп жооп берди. Жоопту султанга жеткизишти. Султан өзү берген уруксатты кайта алып өзүн төмөнтсүнткөн жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш