Мухаммед Баба Саммаси


Мухаммед Баба Саммаси хазреттери Хожа Али Рамитани хазреттери жетилдирген улуу олуялардан. Силсиле-и алиййанын он үчүнчүсү. Бухарага караштуу Саммас айылында туулган.

Тасаввуф илимин улуу аалым Али Рамитани хазреттеринен үйрөнгөн. Анын сабактарында жана сухбаттарында жетилип, тасаввуфта жогору даражаларга жетти. Устазы өзүнөн кийин ордуна Мухаммед Баба Саммасини өкүл кылып калтырды. Башка шакирттерине дагы ага моюн сунууну осуят кылды.

Устазы кайтыш болгон соң анын ордуна өткөн Мухаммед Баба Саммаси көптөгөн шакирттерди жетилдирди жана араларынан бир бөлүгүн тасаввуфта жогору мартабаларга жеткизди. Бул шакирттеринин эң башында, өзүнөн кийин ордуна отурган жана илим дарыясында себеп болгон Сеййид Амир Кулал хазреттери турат. Дагы бир шакирти Бахауддин Бухари хазреттери. Ал туула электе устазы Мухаммед Баба Саммаси ал туула турган жерден өтүп баратып: "Бул жерден бир улуу заттын жыты келүүдө. Жакында бул жер Касри арифан (арифтер кан сарайы) болот”, – деген болчу.

Бир күнү дагы ошол жерден өтүп баратып: "Эми ошол сонун жыт көбүрөөк келүүдө. Ошол улуу зат дүнүйөгө келди деп үмүт кыламын”, – деди. Бул сөздү айткан кезде Бахауддин Бухари хазреттери туулганына үч күн болгон эле. Атасы бөбөктүн көкүрөгүнө белек коюп, Мухаммед Баба Саммасиге алып келгенде: "Бул биздин уулубуз болот. Биз аны кабыл алдык”, – деди. Анан шакирттерине: "Баягы жыпар жыттар мына ушул бөбөктөн келип жаткан эле. Өз доорунун теңдешсизи жана жол башчысы болот”, – деди. Анан халифасы болгон Сеййид Амир Кулалга ага жакшы илим жана тарбия берип, жетилдирүүсүн дайындады.

Бахауддин Бухари хазреттери айткан болчу:

"Үйлөнмөкчү болгон кезимде атам мени Мухаммед Баба Саммаси хазреттерине жиберди. Ага бара турган күндүн түнүндө көңүлүмдө көз жаш агызып, дуба кылуу каалоосу артты. Анын мечитине кирип, эки рекет намаз окудум жана Аллаху таалага мындай деп дуба кылдым: "Эй, Аллахым, мага балээлерге чыдай алышым үчүн күч-кубат бере көр!”

Таң заарда устазымдын алдына барганда: "Эми дуба кылып жатканыңда: "Эй, Аллахым, сенин ыраазычылыгың кайда болсо, мени ошол жерде кыла көр!” – деп айт. Эгер Аллах досуна балээ жиберсе, дагы инаяты менен ал балээге каршы сабырдуулук менен чыдамкайлыкты да берет. Бирок, Аллахтан эмне келишин билбей туруп, атайын балээ сурагандай дуба кылуу туура эмес”, – деди. Бир түн мурунку абалымды табуудагы кереметин түшүндүм жана ал затка толук байландым.”

Жетилдирген жана тасаввуфта жогору даражаларга жетүүлөрүнө весиле (ортомчу, себепкер) болгон жүздөгөн олуялардан төртүн өзүнө халифа кылып дайындады. Булардан биринчиси Хожа Суфи Сухари, экинчиси өзүнүн уулу Хожа Мухаммед Саммаси, үчүнчүсү Мавлана Данишменд Али, төртүнчүсү болсо Сеййид Амир Кулал хазреттери.

Бахауддин Бухари хазреттери айтат:

"Устазым Мухаммед Баба Саммаси менен тамактанып отурган болчубуз. Тамак бүткөн соң мага бир нан берип: "Муну ал, сактап койгун! Балким керек болуп калаар”, – деди. Тамактанып тойгонубузга карабастан мага бул нанды берүүсүнүн сыры тууралуу ойлонуп тургам. "Пайдасыз ойлордон жүрөктү коргош керек”, – деди. Анан сапарга чыктык жана бир таанышымдын үйүндө конок болуп калдык. Конок болуп калган үйдүн ээсинин кыйын абалда экендиги көрүнүп турчу. Устазым андан эмнеге кайгыланып турганын сурады. Ал: "Болгону бир чыны сүтүм бар эле. Бирок, сүт менен бирге жей турган наным жок. Ошондуктан, ыңгайсызданып болуп тургам”, – деди. Устазым мени карап: "Баягы нанды эмне кылабыз деп ойлонуп турган элең. Кана, нанды ээсине берчи!” – деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш